Иран өкмөтү Ирактагы жаатташып согушкан тараптарды курал жабык менен камсыздоону токтотпосо, кедергиси өзүнө тийиши мүмкүн. Мындай мазмундагы эскертүүнү АКШ президенти Буш бейшемби күнү жасады. Ал Ирак парламенти АКШ өкмөтү жана Конгресс койгон талаптарды аткарбай жатканын белгиледи. Анын себебин “ондогон жылдар диктатордук бийлик астында болгон өлкө демократияны эми гана үйрөнө баштаганы” менен түшүндүрдү.
Шаршемби күнү Ирандын Европадагы жана Австралиядагы элчиканаларынын алдында демонстрациялар өттү. Акцияны Транспорт жумушчуларынын эларалык федерациясы уюштурду. Демонстрация катышуучулары тегерандык автобус айдоочулар кошуунунун лидери Мансур Осанлу менен навайчылардын кесиптик кошуунунун мүчөсү Махмуд Салехке эркиндик берүүнү талап кылышты.
1999-жылдын 9-августунда Орусиянын ошо кездеги президенти Борис Ельцин көпчүлүккө белгисиз Владимир Путинди мураскери катары тандап, эларалык коомчулукту таң калтырган. Келерки жылы март айында Орусияда кезектеги президенттик шайлоо болот. Владимир Путиндин мураскери деп ким аталышы мүмкүн? Талдоочулар кимди мураскер болот деп боолгошууда?
9-августта Кытайдын Цинзянь-уйгур автономиялуу провинциясында Шанхай кызматташуу уюмунун террорчулукка каршы күрөшүү боюнча ири машыгуусу башталат. “Тынчтык миссиясы-2007” деп аталган бул машыгуу 17-августта Орусиянын Челябинск облусунда аяктайт. ШКУ өзү орток машыгуу кайсы бир үчүнчү өлкөгө же уюмга каршы багытталбайт деп дембе-дем ырастоодо. Бирок, Батыштык айрым адистер машыгуу ШКУга мүчө өлкөлөрдө 2005-жылы Кыргыз президенти Акаевди омкоруп түшкөндөй ыңкылапты болтурбоону көздөйт дешет.
Санкт-Петербуг шаардык соту студент-антифашист Тимур Качараваны өлтүрүүгө байланыштуу жети өсүпүрүмдү эки жылдан 12 жылга чейин эркинен ажыратты. Бирок, укук коргоочулар кол салуунун уюштуруучулары жоопко тартылбаганын айтышып, соттун өкүмүн адилет деп эсептешпейт. Ошол эле учурда өкүм бийликтердин жек көрүүчүлүктүн коркунучун аңдай баштаганын чагылдырат деген көзкараштар айтылды.
Орусиялык эки аскерий учак Грузиянын аба мейкиндигине кирип, алардын бири Грузиянын территориясына ракета атты. Бул окуя дүйшөмбү күнү кечинде болгонун маалымдаган ырасмий Тбилиси аны Орусиянын “агрессиясы” деп атады. Орусия айыптоону четке какты. Анткен менен, бул калаба Тбилиси- Москва арасындагы салкын мамилени дагы осолдотот сыяктанат. Грузия мурда да орусиялык учактарды өлкөнүн чек ара мейкиндигин бузду деп, Москваны бир нече ирет күнөөлөгөн.
Дүйшөмбү күнү президент Сезер Түркиянын жаңы өкмөтүн түзүүнү премьер-министр Эрдоганга тапшырды. Эрдоган башындагы Адилеттик жана өнүгүү партиясы (АКП) 22-июлдагы парламенттик шайлоодо ишенимдүү жеңген. Азыр Түркия үчүн өкмөттөн да келерки президент ким болот деген суроо маанилүү. Анткени, исламчыл АКПнын өкүлү президент шайланса, Анкарадагы президенттик сарайдын каада- салттары бир кыйла өзгөрөөрү калетсиз дешет серепчилер.
Дүйшөмбү күнү Ооган президенти Хамид Карзай жана АКШ президенти Жорж Буш Вашингтондо кабарчылар менен кездешти. Эки лидер бири-биринен жылуу сөздөрүн аяшкан жок жана терроризмге, апийимчиликке каршы согушка, Ооганстанда демократияны орнотууда бирдей пикирде экенин ырасташты. Буш бирок Иран маселесинде Карзайды колдобосо да, анын сөзүн четке какпады.
Ооган президенти Хамид Карзай алдыдагы жекшемби- дүйшөмбү күндөрү президент Жорж Буш менен кездешет. Кездешүү АКШ президентинин Кэмпд Девиддеги конокжайында өтөт. АКШнын Мамкатчысынын Түштүк жана Борбор Азия боюнча орун басары Ричард Баучердин билдиришинче, жолугушууда Карзайдын өлкөнү контролдоону күчөтүү стратегиясы, талибдерди кысмакка алуунун жолдору сыяктуу Ооганстан үчүн маанилүү маселелер талкууланат.
Бүгүн Украинада ырасмий түрдө шайлоо өнөктүгү башталат. Өлкө президентинин жарлыгына ылайык, Жогорку Радага кезексиз шайлоо 30-сентябрда өтөт. Премьер-министр Янукович жетектеген өкмөт менен болгон тирешүүдөн улам соңку алты айда президент Ющенко бир да мыйзамга кол койбоду. Июнда оппозициячыл 169 депутаттын парламентти таштап кетүүсү - президенттин парламенттик шайлоону мөөнөтүнөн мурда жарыялоосуна негиз болду.
Гордон Браун Британиянын премьер- министри катары биринчи жолу АКШ президенти Жорж Буш менен ырасмий сүйлөшүүлөрдү өткөрдү. Жолугушуу Вашингтондун четиндеги Кэмп Дэвид деген резиденциясында өттү. Эки лидер дүйшөмбү күнкү кездешүүдөн кийин Иракта тынчтыкты орнотууга көмөктөшөбүз деп сөз беришти жана Британия- АКШ ортосундагы кызматташуу бекем бойдон кала бере турганын баса белгилешти.
Малайзияда Азиянын футбол федерациясынын кубогу үчүн болгон мелдеш аягына чыкканы калды. Ушул ишемби жана жекшемби күндөрү финалдык оюндар өтөт. Азиянын кубогун кайсы өлкөнүн футболчулары алчудай болуп турат?
Мусулмандар арасында жанкечтилик кылуу, бейкүнөө адамдардын өмүрүнө зобун келтирүү сыяктуу террордук аракеттерге болгон терс мамиле өсүп барат. Вашингтондо жайгашкан Пью изилдөө борборунун иликтөөсүнө караганда, акыркы беш жылда Осма бин Ладенди колдогон мусулмандардын саны да азайган. Бирок, Палестина автономиясынын калкы арасында жанкечтилик дале популярдуу бойдон калууда.
Финансылык кирешелерди жаап-жашырууга каршы күрөшүү боюнча эларалык комиссия 2003-жылдын январында Россияга ишеним көрсөтүп, арам акчаларды мыйзамдаштырууга даяр эмес өлкөлөрдүн тизмесинен чийип салган эле. Бирок, Москванын “Дисконт” банкындагы былыктар ачылгандан кийин айрым серепчилерде: “Россия финансылык «кара тизмеден” эрте чыгарылбадыбы?” деген суроо туулууда.
Дипломаттар менен аскерлер талиптердин колундагы 23 түштүк кореялыкты сактап калуунун бар аракетин жасашууда. Талиптер Ооганстандан түштүк кореялык аскерлерди жана медициналык кызматкерлерди чыгарып кетүүгө макулдук берүүнү, болбосо барымтадагы 23 адам чекеден мерт кылынат деп шарт койгон. Береги шарттын мөөнөтү жекшемби күнү дагы 24 саатка узартылганы, талиптер корейлерди абактагы 23 экстремистке алмаштырууну сунуш кылганы маалымдалды.
Орусия британиялык төрт дипломатты өлкөдөн чыгарып жиберген жатат. Эми британ дипломаттары он күндүк арасында Орусияны калтырып кетиш керек. Британиянын төрт орус дипломатты мекенине жөнөтүү жөнүндөгү апта башындагы кадамына Москва ушундай жооп берди. Дипломаттык кризиске саясый диссидент Александр Литвиненконун өлүмүнө тийиштиги бар деп шектелген орус ишкерди Москванын Лондонго бербей койуусу негиз болду.
Ирандын Түштүк Батышындагы Күртистан провинциясында теги күрт эки жаран өлүм жазасына тартылды. Өлкөнүн коопсуздугуна коркунуч туудурду деп айыпталган жарандардын бири журналист, экинчиси укук коргоочу. Ирандын өкмөттүк маалымат каражаттары жогорку жазага тартылган эки күрт жигитти тыйуу салынган оппозициялык топтор менен кызматташты деп, жабыла каралап жатты.
Бүгүн эларалык коомчулук тааныбаган Тоолуу Карабахта президенттик шайлоо күнү. Кетип бараткан президент Аркадий Гукасяндын ордуна беш талапкер ат салышат. Шайлоодо мурдакы советтик чекист-Бако Саакян жеңет деп күтүлүүдө. Закарян- өзүн Азербайжандан күнкорсуз эсептеген аймактын Коопсуздук кызматынын мурдакы башчысы. Аны республиканы башкаруучу эки партия колдоодо. Шайлоо талаштуу аймактагы жагдайга кандай таасир этиши мүмкүн?
Исламабаддын Кызыл Мечитинде болгон кандуу кагылышуудан президент Первез Мушараф Пакистандын бир да мечитин жана медресесин террорчулардын пайдалануусуна жол берилбейт деп убада берди. Бирок айрым серепчилер: “Мушараф радикалдуу медреселерди реформалай алабы? Ага эрки жетеби?” дешип, анын сөзүнүн өтөсүнө чыгарына ишенишпейт.
Британия-Россия ортосундагы мамиленин курчушу, көпчүлүк талдоочулардын айтымында, Москва менен Европа арасында өсүп бараткан ажырымды чагылдырат. Европада бул ажырымды жаңы Кансыз Согуш дегендер да бар. Ырас эле, Россия жана Европанын өз ара алакасы качан өзгөрө баштады? Эмне үчүн? Бул жана башка суроолорго Лондон шаарындагы Европадагы реформаны изилдөө борборунун башчысы Катинка Барыш жооп берди.
Дагы жүктөңүз