2006-жылдын 8-сентябрында Москванын коммерциялык Дисконт банкына каршы кылмыш иши козголгон болчу. Ички иштер министрлигинин Экономикалык коопсуздук башкармалыгы жүргүзгөн тергөө - бийик кызматтагы мартабалуу ырасмий адамдар Кремль контролдогон мунай компанияларын арам акчаларды адалдаштыруу үчүн пайдаланганын аныктаган.
Тактап айтканда, 2006-жылдын 29-августунда Москванын 29 банкы кеп болуп жаткан Дисконт банктын Россиянын Борбордук банкындагы эсебине 60 миллион доллар которушкан. Борбордук банк 60 миллион долларды Дисконт банктын өтүнүчү боюнча анын кызматкерлери түзгөн эки компаниянын эсебине жөнөткөн. Андан ары акча Австриянын Raiffeisen банкына которулуп, ал жактан 60 миллион доллар башка 12 банкка жөнөтүлүп, кийин колго берилген.
Бул татаал схема ишке ашырылгандан эки күндөн кийин, 31- августа Борбордук банк Дисконт банктын лицензиясын чакыртып алат. Бирок, акчаларды адалдаштыруу схемасына катыштыгы бар бир да адам жазаланбайт.
Кызыгы, Дисконт банктын лицензиясы токтотулгандан кийин да ал өзүнүн чет өлкөлөрдөгү корреспонденттик эсептерине акча которууну токтоткон эмес.
Ошол эле 2006-жылдын сентябрында Россиянын Борбордук банкынын орун басары Андрей Козловду белгисиз бирөөлөр атып кетет. Козлов банкта арам акчаларды мыйзамдаштырууга каршы күрөшүүгө жооптуу эле. Козлов кеп болуп жаткан Диконт банк менен VIP банкты жапкандан кийин өлтүрүлдү.
Жалпысынан алганда 2005- жылдан бери Россияда мыйзамсыз операцияларды жүргүзгөнү үчүн 100 дөн ашуун майда банктар жабылды. Анын алдында АКШда россиялык банктарга тийешеси бар 300гө жакын эсеп жабылган. Ошон үчүн азыр АКШнын банктарында ири орус банктарынын гана эсеби бар.
Россиянын ички иштер министрлигин Экономикалык коопсуздук башкармасынын маалымдашынча, 2004-06- жылдар арасында россиялык сегиз банк 8 миллиард доллардан ашуун арам акчаны мыйзамсыз жолдор менен адалдаштырган. Россиянын финансылык мониторинг кызматынын эсебинде жылына Россияда адалдаштырылган арам акчанын суммасы 9- 11 миллиард долларды түзөт.
Ал эми АКШнын Мамлекеттик департаментинин билдиришинче, 2006- жылы Россияда мыйзамсыз жолдор менен табылган 7 миллиард доллар адалдаштырылган. Ушундан улам кээ бир серепчилер Россия Финансылык кирешелерди жаап- жашырууга каршы күрөшүү боюнча эларалык комиссиянын “кара тизмесинен” туура эмес чыгарылган эмеспи дешип суроо коюшат.