Россия Британияга Андрей Луговойду бербей койуусу эки өлкө ортосундагы мамилени начарлатты. Демократия, адам укугу жана мыйзамды камсуздоо жаатындагы Россия менен Батыштын кызматташуусуна жарака салды. Айрым талдоочулар эки ортодо берегидей келишпестиктердин болуусун табигый көрүнүш дешет. Ал эми “Financial Times” гезитинин серепчиси Филип Стефенстин оюнча, Батыш Россия менен саясый- экономикалык мамиле куруп, ошол эле учурда өз баалуулуктары үчүн бекем туруш керек.
Pricewaterhouse Coopers аудитордук компаниясынын эсебинче, 2010- жылы газ базарында сатылган көгүлтүр отундун үчтөн бири суюк газ болот. 2010- жылы суюк газдын эл аралык базардагы үлүшү 60 проценттен ашат. Болочокто суюк газды керектөөнүн өсүшү дүйнөлүк мунай өндүрүшүндөгү жагдайга байланыштуу. Серепчилердин болжомунда, азыркы таскагында кетсе, чукул арада бир баррель кара майдын баасы 80 долларга чыгат. Мындай шартта Россиянын “Газпрому” суюк газдын базарындагы ири оюнчу болууга камданууда.
Британия өкмөтү Россия Андрей Луговойду бербегенден улам өлкөдөн россиялык төрт дипломат чыгарылаарын кечээ 16-июлда билдирди. Лондон Россиянын федералдык чалгындоо кызматы- ФСБнын мурдакы кызматкери Луговойду Александр Литвиненконун өлүмү үчүн күнөөлүү деп эсептейт. ФСБнын мурдакы кызматкери Литвиненко өткөн ноябрда Лондондо полонийге ууланып көз жумган. Литвиненко уулунган күнү Луговой менен кездешкен. Россия Лондондун кадамын “провокация” деп, тийиштүү жооп бериле турганын эскертти.
Президент Буш Кошмо Штаттары Иракта ийгиликке жетет деп ишенет. Америкалык аскерлерди Ирактан шашылыш чыгарып кетүү АКШнын, ошондой эле Жакынкы Чыгыштагы кырдаалдын осолдошуна алып барат. Буш мындай билдирүүнү бейшемби күнү Ирак боюнча докладды тааныштыруу аземинде жасады. Докладда Иракта “канааттандырарлык айрым оң жылыштар бар экени, ошол эле учурда башка бир тармактар олуттуу аракетти талап кылганы белгиленет.
Пакистан армиясы шаршемби күнү Исламабаддагы Кызыл мечит комплекси согушчандардан бошотту. Армиянын өкүлү генерал- майор Вахид Аршаддын сөзүнчө, ошентип мечиттин аймагын согушчандардан тазалоонун биринчи айлампасы аягына чыкты. Сегиз күнгө созулган тирешүүдө сексенден ашуун адамдын каны төгүлгөнү ырасмий маалымдалган. Алардын көбү согушчандар.
Косовонун статусу тез такталбаса, провинцияга эгемендик берүү боюнча Евробримдиктин ичинде келишпестиктер башталат. Ошон үчүн Косовонун тагдырын чечүү ЕБнын жетекчилиги үчүн “абдан маанилүү” деп билдирди БУУнун башкатчысы Пан Ги Мун 10-июлда. Косового эларалык башкаруу астында күнкорсуздук берүү сунушун ЕБ ырасмий түрдө колдогон. Бирок, уюмдун айрым мүчөлөрү Косово күнкорсуздук алса, башка улуттук азчылыктар үчүн жаман жышаан болот деп чочушат.
Акыркы жумаларда Түркия Чыгыш чекарасына 100 миңден ашуун аскер жайгаштырды. Жарыша эле генералдар менен саясатчылар Түндүк Ирактагы күрт козголоңчуларынынбазаларына сокуу уруу зарылдыгын кеп кылышууда. Мындай жагдай Ирак жетекчилигин кооптондурууда. Тынчы кеткен Вашингтон үстүбүздөгү аптада жасаган билдирүүсүндө Ирактын эгемендиги сыйланууга тийиш экенин эскертти.
Өткөн жумада Исламабаддагы Кызыл мечитти башпаанек кылган козголоңчулардын ана башы Абдул Азиз аялдын кийимин кийип качып баратып колго түшкөн эле. Агасынын ордун мечиттин орун басар имамы- Абдул Рашид Гази ээледи. Ал бийликтер менен элдешүүдөн баш тартып, “өлсөк каныбыз ынкылапка түрткү болот” деп кайрылды өз тарапкерлеринe.
Лондондо чыгуучу “Guardian” гезитинин соңку сандарынын биринде “1938-жылдын көйгөйү кайталанбайт” деген макала басылды. Макаланын автору Ян Буруманын пикиринче, либералдар 1930-жылдары Адольф Гитлерге “хуп” деп моюн сунгандай эле ислам террорчуларына кол куушуруп жатышат деген ырастоолор куру сөз. Анткени, азыр фашизмге жөлөк болгондой нацистик Германия сыяктуу чоң держава жок.
Америкалык окумуштуу аял Хале Эсфандиарини Ирандын чалгындоо министрлиги “мамлекеттин коопсуздугуна каршы аракеттенди” деп эсептейт. Иран бийликтери төрт ай бою Эсфандиари айымды ар кандай жүйөөлөр менен өлкөдөн чыгарбай, 8- майда Тегеранда камакка алган. Хале Эсфандиари камакка алынганын Ирак бийликтери беш күндөн кийин гана жараян кылган болчу. Маалыматтарга караганда, илимпоз- айым акыркы айларда Ирандан чыгарылбай камакка алынган Ирандык- америкалык үчүнчү жаран.
Дүйнөлүк банктын атайын комиссиясы банктын төрагасы Пол Вулфовиц көңүлдөш аялына ашыкча көп маяна коюп берип, өзү жетектеген эл аралык мекеменин жобосун бузган деп тапты. Комиссия Дүйнөлүк банктын директорлор кеңешине жолдогон сунушунда банктын жетекчилиги “жарга камалып калганы”, Вулфовицтин банктын абройуна шек келтиргени белгиленип, анын башчылык дараметин карап көрүү сунуш кылынат. Кеңеш чатактуу маселени бүгүн талкуулайт.
Ооган-Пакистан чек арасындагы кагылышууда дүйшөмбү күнү кеминде бир америкалык жана бир пакистандык жоокер окко учту. Бирок, Ооган жана Пакистан тарап 14- майдагы куралдуу калаба жөнүндө эки башка маалымат берүүдө. Президент Хамид Карзай чек арадагы куралдуу кагылышууну айыптады жана аны иликтөө үчүн атайын комиссияны жөнөттү.
Нино Буржанадзе- Грузиянын көрүнүктүү саясатчыларынын бири. Ал 2001- жылдан бери парламенттин төрайымы. 2003- жылкы «Роза ынкылабынын” үч лидеринин бири болгон. 42 жаштагы Нино Буржанадзе Грузиянын Батыштык саясый институттарга кошулуусунун жан дили менен жактайт жана Грузиянын Россия саясатын аныктоочу фигура саналат. Буржанадзе айымдын “Азаттык» радиосунунун кабарчысы Саломе Асатианиге берген интервьюнун айрым урунттуу жерлерин сунуш кылабыз.
Франциянын жаңы президенти болуп консервативдүү саясатчы, өлкөнүн мурдакы ички иштер министри Николя Саркози шайланды. Алдын ала эсептөөлөргө караганда, Саркозини шайлоочулардын 53 процентке жакыны колдоду. Анын атаандашы, социалисттердин өкүлү Сеголен Руяаль айым 47 процентке жакын добуш алды. Евробиримдиктин жана АКШнын лидерлери Николя Саркозини Франциянын жаңы президенти катары куттукташты.
3-апрелде Мисирде Ирактагы жагдайга арналган эларалык конференция ачылат. Иран Мисирдеги жыйынга катышууга акыр соңунда макулдук берди. Ирактын өзүндө абал татаал. Ишемби күнү шииттердин ыйык шаары Кербалада террордук чабуулдан кеминде 68 кишинин каны төгүлдү, 180ге жакын адам жарадар болду. Бул чабуул шииттер менен сунниттер ортосундагы жаатташууну дагы курчутат деген кооптонуулар айтылууда. Ал эми түштүктөгү Басра шаарында автомобилге коюлган бомбадан 5 киши набыт болуп, 10 киши жараат алды.
Франциянын болочок президенти 6-майда аныкталат. Кечээ 22-апрелде болгон шайлоонун биринчи айлампасынын жыйынытыгы боюнча, оңчул Николас Саркози 30 процентке жакын добушка, ал эми социалист Сеголен Руаяль 26 процент добушка ээ болушуп, экинчи айлампага чыгышты. Добуш берүүгө 44, 5 миллион шайлоочунун 84 процентке чукулу катышты. Бул 1962- жылдан берки эң чоң көрсөткүч.
АКШга саякаттап барган британдыктардын күнү тууду: чөнтөгүндө 50 фунт стерлинги болсо, аны 100 долларга алмаштырып, товарларды аянбай алышчу болушту. Ал эми евро акчалуу Европа үчүн доллар арзандаган сайын, товардын өздүк наркы өсүп, Кошмо Штаттарга товар сатуу кыйындап барат. Ошентип, үстүбүздөгү аптада жарым фунт стерлингдин куну акыркы 26 жылда биринчи жолу 1 долларга чыкты.
Кошмо Штаттардын Адилет министри Алберто Гонзалес федералдык сегиз прокурорду кызматтан саясый негизде бошоттубу? Бул маселе бейшемби күнү Сенаттын юридикалык комитетинде талкууланды. Гонзалестин түшүндүрүшүнчө, прокурорлор жылдык аттестациянын негизинде кызматтан бошотулган. Бирок, айрым сенаторлор Гонзалести Адилет министрлигинен кетиш керек деп санашат.
18-апрель күнү Багдаддын Садрия районундагы базарда болгон террордук чабуулдардан 140ка жакын киши набыт болду. Шаардын башка бөлүктөрүндөгү чабуулдарда дагы 60 чакты адам өлдү. Бул - АКШ башындагы күчтөр февраль айында Багдадда антитеррордук операцияларды баштагандан берки эң чоң кызыл кыргын. Ирактагы курч кырдаал саясый эрегишүү менен да коштолууда. Апта башында радикал диниятчы Моктада Садрдын парламенттеги тарапкерлери өкмөттөгү мүчөлөрүн чакырып алган.
15-апрель Виргиния техникалык университети үчүн кара кийчү күн болду. Куралчан неме 30дан ашуун студентти атып салып, өзү да кошо өлдү. Ондон ашун киши жарадар болду. Маалымат каражаттары бул окуяны «Кошмо Штаттардын тарыхындагы эң жаман кызыл кыргын” деп аташууда. Жанкечтинин аты жөнү жана ал эмне себептен кандуу булоонду уюштурганы азырынча беймаалым.
Дагы жүктөңүз