Cоңку эки жумада Каспий деңизи өзүнүн Казакстан жак жээгине жүздөгөн тюлендердин өлүгүн сүрүп чыкты. Ансыз да саны азайып бараткан тюлендердин өлүмүнө эмне себеп болгону азырынча беймаалым. Ал эми Казак бийликтери тюлендердин өлүмүн жаздын эрте келүүсү менен түшүндүрүүдө. Адистердин эсебинче, жүз жыл мурда Каспийде 1 миллион тюлень болсо, азыр алардын саны 100 миңдин тегерегинде болот. Же тюлендердин саны 1980- жылдарга салыштырганда төрт эсеге азайган.
Дүйнөлүк банктын президенти Поль Вулфовиц көңүлдөш аялынын маянасын негизсиз көтөрүп, майлуу орунга которууга көмөктөштү деп күнөөлөнүүдө. Банктын көзөмөлдөөчү комитети 15-апрелде өткөн жыйынында эларалык ири банктын “келечеги” үчүн тынчсыздануусун билдирди. 63 жаштагы Вулфовиц өзү болсо банк жетекчилиги кызматынан кетпесин айтты.
Бейшемби күнү Ирак парламентинин кафетерийинде болгон террордук жардыруудан кеминде сегиз адам курман болду. Алардын экөө парламенттин мүчөлөрү. Ирак парламенти Багдаддын мыкты кайтарылган “Жашыл тилкесинде” жайгашкандыктан, террорчулар жардыргыч заттарды кантип алып өтүштү, аларга ким жардамдашты деген суроо туулат.
Украина эки жумадан бери саясый туңгуюкта. Парламент ырасмий түрдө таркатылган эсептелет. Бирок, Жогорку Рада өз ишин улантууда. Президент Ющенко менен премьер-министр Януковичтин жактоочуларынын митинг- жүрүштөрү дале уланууда. Виктор Ющенко өлкөнү кризистен кезексиз парламенттик шайлоо гана алып чыгат деген ишенимде. Батыш өлкөлөрү “Саргылтым ынкылаптын” лидерлеринин тарабын ачык жактабай турат.
Көзкарандысыз мамлекеттер шериктештигине кирген өлкөлөрүнүн экономикасы өткөн 2006- жылы 7, 7 процентке өскөн. Бул көрсөткүч, Эларалык валюта кору же МВФтин маалыматы боюнча, быйыл 7 проценттен кем болбойт. МВФ ошол эле учурда 12 өлкөдөгү инфляциянын деңгээли, экономикалык реформанын жүрүшү жана тышкы инвестициянын көлөмү канааттандырарлык эмес деп эсептейт.
Украинанын Конституциялык Соту президент Ющенконун парламентти мөөнөтүнөн эрте таркатуу жөнүндөгү жарлыгынын мыйзамдуулугу боюнча угааларды 17- апрелде баштайт. Жарлыкты премьер- министр Янукович жана башкаруучу коалиция Башмыйзамды бузуу деп, ага каршы чыккан. Ошентип, талаштуу маселе сотто кезек күтүп турганда, карапайым украинадер сот алдында өз укуктарын коргой аларына ишенишеби?
Президент Жорж Буш Конгресстин Ирактан аскерлерди чыгарып кетүү боюнча талабына макул келбесин 10- апрелде кайра кайталады. Ал конгрессмендерди эмки аптада Акүйдө кездешип, Ирактагы согушту “генералдардын колун байлабай” каржылоо маселесин талкуулоого чакырды. Жорж Буш мындай билдирүүнү Вашингтондун чет жакасында согуш ардагерлери менен болгон кездешүүдө жасады.
Бүгүн Украинанын Конституциялык Соту президент Ющенконун парламентти мөөнөтүнөн мурда таркатуу жөнүндөгү жарлыгынын мыйзамдуулугун карай баштайт. Мындай жооптуу учурда мартабалуу соттун 18 мүчөсүнүн бешөө саясый кысым болууда дешип, ишти кароого катышуудан баш тартышты. Украина саясый кризиске батып турганда Конституциялык сот калыс сөзүн айта алабы? Же саясый кырдаалдын туткуну бойдон калабы?
Украинанын Жогорку Радасы 9-апрелде өткөн шашылыш жыйынында президент Виктор Ющенко менен болгон тирешүүнү жөндөө үчүн Европа мамлекеттерин жардамга чакырды. Раданын кайрылуусунда Ющенконун парламентти таркатуу аракети Конституцияны бузуу катары бааланат. Кезексиз парламенттик шайлоого катар президенттик да шайлоо да өткөрүлсүн, удаа эле Украинаны НАТОго мүчө болуусу боюнча референдум да болсун, деп айтылат кайрылууда.
Кытай жүргүнчүлөрдү ташуучу чоң аба лайнерин курууну мерчемдөөдө. Болочокто Батыштын “Boeing” жана “Airbus” сыяктуу ири компанияларына түздөн- түз чакырык таштаган мындай долбоорду Кытай өкмөтү март айында бекитти. 150 жүргүнчүнү же 100 тоннадан ашуун жүк ташуучу биринчи авиалайнер, "Shanghai Daily" гезитинин жазышынча, 2020-жылы пайдаланууга берилиш керек.
Журналисттер ак сөздүн артынан өмүрүн сайып жүрүшөт. “Эркин Ирак” радиосунун кабарчысы Камаиил Мухсин Калаф айымдын денеси 5- апрелде Багдаддагы үйүнүн жанында табылды. Кыянатчылар 50 жаштагы журналистти башына атып өлтүрүшкөн экен. Ошол эле күнү Багдадда телестанциялардын биринин жанында болгон жардыруу дагы бир журналисттин өмүрүн алды.
Украинанын Жогорку Радасындагы оппозициячыл блоктогу он чакты парламентарийдин башкаруучу каолицияга өтө качуусуна нааразы болгон президент Ющенко Жогорку Раданы таркатуу жөнүндө жарлык чыгарган эле. Депутаттар Ющенконун кадамын Конституцияны бузуу деп баалашууда, а премьер- министр Янукович кезексиз шайлоону каржылоодон баш тартууда. Демократиялуу Батыш өлкөлөрүндө парламентарийлер өз партиясына байланып калышкан эмес. АКШнын Конгрессинин эки палатасында тең парламентарийлердин берегидей эн баштыгын чектөөчү “шапалак” деп аталган адамдардын тобу да бар дейт Билл Френзль “Азаттыктын” кабарчысы Андрю Туллиге берген интервьюда. Френзль 20 жыл бою АКШ Конгрессинин Өкүлдөр палатасынын мүчөсү болуп жүрүп, эс алууга чыккан.
Украинадагы саясый эрөөл уланууда. Премьер- министр Янукович Конституциялык Соттун өкүмү чыкмайынча, президенттин Жогорку Радасы- парламентти таркатуу жөнүндөгү 2-апрелдеги жарлыгын аткаруудан баш тартууда. Серепчилердин болжолунда, Конституциялык Сотко президент Ющенко чыгарган жарлыктын мыйзамга ылайыктуулугун аныктоо үчүн бир айдан кем эмес убакыт керек болот.
4-апрелде Армениянын премьер- министри дайындалган Серж Саркисянды келерки бир жылда чоң сыноолор күтөт. Биринчиден, ал башындагы Армения Республикалык партиясы 12-майда болчу парламенттик шайлоодо мурдакы ийгилигин кайталай алабы? Экинчиден, келерки жылкы президенттик шайлоого чейин өлкөнүн эң бай ишкери Гагик Сарукян жетектеген “Байдөөлөт Армения” партиясынын колдоосуна жетишеби?
АКШ Конгрессинин Өкүлдөр жыйынынын төрагасы Нэнси Пелози айым шаршемби күнү Дамаскиде президент Башар Асад менен кездешти. Президент Жорж Буш Сирия эларалык террорчулукту каржылайт деп, Пелозинин визитин жактырбай сындаган эле. Пелозинин айтышынча, Сириянын президенти жана башка ырасмий адамдар менен болгон сүйлөшүүлөр Жакынкы Чыгыштагы чатакты жөндөөгө салым кошот.
Серж Саркисян- Армениянын жаңы премьер- министри болуп дайындалды. Мурдакы премьер Андраник Маркарян 25- мартта капылет көз жумган эле. Саркисян шаршемби күнү президенттин жарлыгы менен Коргоо министрлигинин жана Улуттук коопсуздук кеңешинин катчылыгынан бошотулду. Көпчүлүк талдоочулар Серж Саркиясянды президент Роберт Кочаряндын мураскери катары көрүшөт.
Евробримдиктин делегациясы 2-3- апрель күндөрү Ташкенде болду. Делегациянын курамына маанилүү үчилтик же биримдиктин учурдагы төрагасы Германиянын, Еврокомиссиянын жана Министрлер кеңешинин секретариатынын өкүлдөрү кирет. Алар Өзбек жетекчилиги менен өткөрчү сүйлөшүүлөрдө Анжиян калабасынан кийинки адам укугун абалы жөнүндө да кеп козголо турганы маалымдалган эле. Бирок, сүйлөшүүлөрдүн мазмуну жөнүндө Евробиримдик жана Өзбек тарап эч кандай маалымат берген жок.
АКШ президенти Конгресстин Ирак согушун токтотуу аракетине моюн сунбасын билдирди. Жорж Буш 3-апрелде Акүйдө өткөн маалымат жыйынында Куралдуу күчтөрдүн башкы командачысы катары согушту жүргүзүүгө толук укуктуу экенин баса белгиледи. Конгресс аскерий чыгымдарды контролдоого умтулуп, президенттин вазийпасын чектөөгө аракет кылууда деп кошумчалады Жорж Буш.
Иран бийликтери 23-мартта кармалган 15 британ деңизчиси өлкө сууларында мыйзамсыз жүрүшкөнүн мойнуна алды деп кабарлашууда. Мурдараак өкмөттүк сыналгы Ирандын суу мейкиндигине күнөөсүн мойнуна алып жаткан төрт британ аскерин көргөздү. Ырасмий Лондон деңизчилеринин күнөөнү өздөрүнө алуусунан күмөн санап, алар Ирактын ээлигиндеги сууда кармалганын айтууда. Аскерлерди чет элдик бийликтер кармап алганда өздөрүн кандай алып жүрүшү керек? “Азаттыктын” кабарчысы Евген Томиес Лондондогу "Жейнс" маалымат борборунун эксперти Чарльз Химэнге ушундай суроо менен кайрылган.
18-мартта Алматы облусунун Маловодное жана Казатком айылдарын тик тургузган кандуу калабага алиге чекит коюла элек. Эки айыл азыр полиция күчтөрүнүн катуу көзөмөлү астында. Президент Назарбаев эл ичине чок таштап, беш адамдын өмүрүнө зобун болгон кылымышкерлерди жоопко тартууга чакырды. Бул жагдайды Казак парламентарийлери да талкуулашты.
Дагы жүктөңүз