29- мартта АКШ Сенаты Ирактагы согушту токтотууну прездентке сунуш кылган мыйзам долбоорун кабыл алды. Долбоорго ылайык, Ирактагы америкалык аскерлер келерки жылдын 21- мартына чейин гана каржыланат жана мыйзам кабыл алынгандан 120 күндөн кийин аскерлерди Ирактан чыгарып кетүүнү президенттен талап кылат. Жорж Буш аскерий операцияларга чектөө койгон ар кандай мыйзамга вето жарыялай турганын эскертип жүргөн.
Украина парламенти Жогорку Рада таркатылышы мүмкүн. Мындай эскертүүнү өлкө президенти Виктор Ющенко бейшемби күнү жасады. Ющенконун айтымында, премьер-министр Виктор Януковичтин коалициялык өкмөттү парламенттик фракциялардын негизинде эмес, жеке инсандарга таянып түзүп, конституцияны бузууда. Янукович болсо парламентти таркатууга Конститциялык сот жол бербейт деген ишенимин билдирди.
Британиялык 15 деңизчини 23-мартта ирандык аскерлер Перс деңизинде камакка алгандан бери Тегеран менен Лондон арасындагы абал курчуду. Бирок, деңизчилер Ирандын суу мейкиндигинде кармалды деп ырастап жаткан Тегеран шаршемби күнү абалды жеңилдетүү багытында биринчи кадамды жасады: чек араны бузуу кокустук болушу ыктымал экенин жана бир аял бошотулат деп билдирди.
Дүйнөнүн эң чоң өлкөсү менен эң элдүү өлкөсү ортосундагы саясый кызматташуу миллиардаган долларлык экономикалык келишим аркылуу бекемделди. Шейшемби күнү россиялык жана кытайлык ишканалар ортосунда 4, 3 миллиард долларлык келишимге кол коюшту. Россия жана Кытай лидерлери Москвадагы кездешүүдө Шанхай кызматташуу уюмун колдоону токтотпойбуз деп убада беришти.
Шейшемби күнү Россиянын Борборшайлоокомунун мүчөлөрү Владимир Чуровду мекеменин төрагасы кылып шайлашты. Президент Путиндин мурдакы коллегасы Чуровдун алдында декбарда парламенттик шайлоону, келерки жылы президенттик шайлоону өткөрүү милдети турат. Анүчүн, Кремль саясатта дасыккан жана өзүм билги Вешняковдун ордуна ийкемдүү инсанды отургузду деп боолгошот талдоочулар.
Британиялык 15 деңизчинин Ирандын “чек арасын” бузду деген күнөө менен кармалышы дипломаттык чатакка айланып кетиши ыктымал. Британ тарап ырасмий Тегерандын билдирүүсүн четке кагып, деңизчилер Ирактын сууларында аткезчиликти текшерип келатканда камакка алынганын айтууда. Ошондой эле 15 деңизчини Британ консулу менен тезинен жолуктурууну өтүндү.
Дүйшөмбү күнү Кытайдын президенти Ху Цзинтао үч күндүк визит менен Москвага келди. Сапар учурунда эки өлкө ортосунда 4 миллиард долларлык соода-экономикалык келишимге кол коюлат деп болжолдонууда. Ошондой эле Москвада түрдүү маданий иш чараларды камтыган “Кытай жылы” башталат.
АКШнын глобалдык террорчулукка каршы согушуна катышкан миңдеген жоокерлер үйүнө майып болуп кайтышууда. Оор жарадар болгондор айыгышат. Бирок, эч бир жанды аябаган согушта мээсине доо кеткендер узак дарыяланууга жана кароого муктаж. Ошондой согуш майыптарынын бири- Стивен щульс Ирактан келгенден кийин кандай кыйынчылыктарды баштан кечирди?
Бүгүн Прагада чехословакиялык диссиденттердин манифести - Хартия 77нин 30 жылдыгына арналган үч күндүк эл аралык конференция аяктайт. Түрдүү кесиптеги адамдар кол койгон хартия ошол кездеги Чехословакиянын коммунисттик өкмөтүн адам укуктарын бузууда деп сындап, мамлекеттик конституцияны эл аралык келишимдерге ылайык келтирүүгө чакырган.
Өткөн жылы Ооганстандын алты провинциясы “апийимден эркин” деп жарыяланган. Июнга чейин дагы өлкөнүн ортолугундагы жана түндүгүндөгү 10дой провинцияда апийим өстүрүү токтотулат. Бирок, БУУнун Маң заттары жана кылмыштуулук боюнча кеңсесинин башчысы Антонио Марио Коста шаршемби күнү Нью-Йоркто билдиргенге караганда, Түштүк Ооганстанда апийим өндүрүү “көзөмөлдөн чыгып кеткен”.
Ричард Холбрук- АКШнын Бириккен Улуттар Уюмундагы мурдакы элчиси жана Босния согушуна акыркы чекитти койгон Дейтон тынчтык келишиминин архитектору. Кошмо Штаттардын тышкы саясаты боюнча дасыккан талдоочу үстүбүздөгү аптада “Азаттык” радиосуна Грузия-россиялык мамилелер жана Косовонун келечеги жөнүндө интервью берген.
18-март күнү Казакстандын Алматы облустундагы Маловодное айылында 200 чамалуу адам катышкан уруш болду. Казактар менен чечендер ортосундагы чатакта кеминде үч адам өлдү, бир нече адамдын абалы оор. Ырасмий бийликтер кагылышууну этникалык араздашуу эмес, жаштар арасындагы келишпөөчүлүкттөн улам чыккан чатак деп айтышууда.
Бир нече күн илгери Мажар өкмөтү “Көгүлтүр агым” боросуна кошулууга макулдук берди. Келишим боюнча, Россиянын газы Түркия жана Балканды туташтырган боросу Мажарстанга чейин тартылат. Батыштын кээ бир маалымат каражаттары Мажарстан мындай келишимге кол коюп, “Газпромдун” Ортолук Европадагы кол баласына айланат дешсе, экинчи бирөөлөр- мажар өкмөтү Россияны айланып өтчү долбоорду “бойкот “ кылууда деп болжошот.
20-мартта АКШ башында турган коалициялык күчтөрдүн Иракка согуш ачканына төрт жыл толот. Вашингтон түшүндүргөндөй, Саддам Хусейнди бийликтен кулатуу, анын режиминин кыргын салчу куралдарды жасоо мүмкүндүгүнөн ажыратуу максаты тез ишке ашырылды. Өлкөдө демократиялык шайлоо өттү. Бирок, Иракта тынчтык орной элек: козголоңчулардын чабуулу күн сайын күчөп, жаатташтык согушу да басыла элек. Ал эми дем алыш күндөрү Кошмо Штаттарда аскерлерди Ирактан чыгарууга чакырган демонстрациялар өттү.
БУУнун Коопсуздук Кеңешинин туруктуу беш мүчөсү жана Германия Ирандын уранды байытуу программасына каршы чара колдонуу боюнча резолюциянын долбоорун даярдап бүтүштү. Ырасмий Тегеран программа электр энергиясын тынчтык максатта өндүрүүнү көздөйт деп ырастаганына карабай, Батыш өлкөлөрү Иран ядролук бомба жасоого аракеттенүүдө деп шектенет. Долбоор боюнча добуш берүү Коопсуздук Кеңешинде келерки жумада өтөт.
Бүгүн жума күнү Кытай парламентинин жылдык сессиясы соңуна чыгат. Сессияда делегаттар мыйзам долбоорлорун жапырт колдоп беришти. Бирок бул күндөрү өлкөнүн эки провинциясында өткөн кагылышуулар, курултай тушунда Бээжинди диссидентерди тазалоо боюнча акыркы жылдардагы эң чоң операция өткөрүлгөнү, түрдүү шаарларда ондогон укук коргоочулар үй камагына алынганы- эл арасында коммунисттик бийликке нааразылыктар күчтүү экенин күбөлөйт.
Ооган парламентинин төмөнкү палатасы согуш кылмышкерлерине мунапыс берүү жөнүндөгү мыйзамды бекитти. Жаңы мыйзамга ылайык, жапа тарткан адам өзү арызданбаса, сот органдары өз ыктыяры менен согуш кылмышкерин жоопко тарта албайт. Бирөөлөр- бул мыйзам улутту элдештирүүгө жардамдашат дешсе, экинчи тарап парламентте отурган кылмышкерлер өздөрүн коргоо үчүн алдагыдай мыйзамды иштеп чыгышты деп жатышат.
Пентагондун мартабалуу өкүлү шаршемби күнү Украин жетекчилиги менен Кошмо Штаттардын Чыгыш Европага ракетадан коргонуу системасын жайгаштыруу планы боюнча сүйлөшүүлөрдү өткөрдү. Бул планга ылайык, АКШ коргонуу системасын Польша жана Чехияга жайгаштырмакчы. Коңшу өлкөлөргө мындай аскерий техниканын жайгаштырууга Украин жетекчилиги эки анжы мамиледе.
Бүгүн Улуттар Уюумунун Коопсуздук Кеңешинин он беш мүчөсү Иранды уранды байытуудан баш тарттыруу үчүн жаңы санкция жарыялайт деп күтүлүүдө. Ирандын тышкы иштер министри Манучер Мотакки Тегеран ядролук программасы тынчтык максатты гана көздөгөнүн ырастаган кепилдикти бере алаарын 12-мартта билдирди. Батыштын бакубат өлкөлөрү Иран уранды кыргын салчу курал жасоо үчүн байытууда деп шектенишет.
Россиянын Борбордук шайлоо комиссиясын 1999-жылдан бери жетектеп келген Александр Вешняков кызматынан бошотулду. Президент Путин жаңы дайындаган беш адамдын ичинде 55 жаштагы Вешняков жок. Комиссиянын калган он мүчөсүн Мамлекеттик Дума жана Федерациялар Кеңеши көрсөтөт. Москвалык серепчи Алексей Макариндин пикиринде, Кремль декабарда болчу парламенттик жана келерки жылы өтчү президенттик шайлоолордун алдында БШКнын башчылыгына ийкемдүү бирөөнү койгонду жөндүү көргөн.
Дагы жүктөңүз