Жаңы мыйзам 1980-жылдары советтерге каршы согушуп, андан кийинки ич ара согушта миңдеген оогандарды өлүмгө айдаган лашкер башчыларга мунапыс берет. Мисалы, 1992-95-жылдары артиллериялык аткылоолордон Кабылдын миңдеген тургундары курман болгону айтылып жүрөт.
Адам укугун коргоочу Хьюман Райтс Уоч уюмунун маалымдашынча, андай кылмышкерлер Карзайдын өкмөтүнүн курамында да бар. Айтсак, вице-президент Карим Халили, Армия штабынын акими, атактуу генерал Абдул Рашид Достум, Отун энергия министри Ысмайыл Хан, Карзайдын Коопсуздук боюнча кеңешчиси Мохаммад Касым Фахим. Экс-президент Бурхануддин Раббанин ысымы да “ашынган кылмышкерлердин” тизмесинде.
Андыктан, жаңы мыйзам – президент Карзай кол койбой жатып, сынга алына баштады. Мулави Мохаммад Муса Нуристан провинциясындагы белгилүү улама. Ал башка диниятчылар сыяктуу эле кылмышкерлерге тегиз мунапыс берүү улуттун элдешүүсүнө тоскоолдук кылат деген ишенимде:
-Менин оюмча, жаңы мыйзамдан өлкөгө пайда болбойт. Ал согуш кылмышкерлери үчүн гана пайдалуу жана башкаларды да ушундай кылмышка түртөт.
Жаңы мыйзамга каршы батыштагы Герат шаарында абакта отурган арестанттар үстүбүздөгү жумада ачкачылык жараянын башташты. Алар менен Адам укугу боюнча улуттук коз карадысыз комиссиясынын Гераттагы кеңсесинин башчысы Гулям Наби Хакак кездешип, талаптарын уккан.
- Арестанттар койгон талапта: парламент кылмыш жасаган адамдарга мунапыс берүүдө. Ал эми кылмышкерлерди жоопкерчиликке тартуу боюнча эч кандай чара көрбөйдү, деп айтылат,-деди Гулям Наби Хакак.
Согуш кылмышкерлерин жазадан кутарууну калагандар да кол куушуруп отурган жок. Февраль айында Мунапыс жөнүндөгү мыйзам долбоорунун парламенттеги демилгечилери Кабылда 20 миңден ашуун адам катышкан жыйын өткөрүштү. Жыйында парламент мүчөсү Абдурасул Саяф да сүйлөгөн. Cаяфтын ысмы- Хьюман Райтс Уоч эл аралык уюму түзгөн “оор кылмыш жасаган” адамдардын тизмесинде бажырайып жазылып турат.