Ислам жыл эсеби боюнча 23-сентябрда Рамадан айы башталды. Бул айда момун мусулмандар орозо тутуп, мусулмандык бир парзын аткарышат жана күндүзгү убакытты жумушка, намазга, Куранга, такыбалык ой жүгүртүүлөргө арнашы шарт. Бирок, дүйнөнүн айрым бөлүктөрүндө, анын ичинде Иракта, Ооганстандын түштүгүндө куралдуу калабалар токтобой, мусулмандар жапа чегүүдө.