1-октябрь Кытай Элдик Республикасы түптөлгөн күнү өлкөдө “Алтын апта” жумалыгы башталды. Бул күнү ордо шаар Бээжиндин Тянанмен аянтына келген миңдеген адамдар аскерий парадды көрүшүп, улуттук гимн ойногондо кошулуп ырдашты.
“Алтын аптадан” пайдаланып, туулган жеринен алыста иштеген миллиондогон жарандар атажайына келишсе, экинчи бирөөлөр майрамдык оюн-зоокторду көрүү үчүн чоң шаарларга барышат. Албетте, элдин көбү борбор калаа Бээжинге сапар алышат.
Революция күнүндө өлкөнүн жетишкендиктерин даңазалоо- Кытай өкмөтүнүн салты. Быйылкы бүткөрүлгөн чоң иштердин маанилүүсү деп, Тибет темир жолу айтылууда. Береги жигит Бээжинге жаңы курулган темир жол менен келгенине курсан:
-Тибет темир жолу биздин үйдүн жанынан өтөт. Мен Бээжинге ошол жол аркылуу жүргөн поезд менен келдим. Жол мага турмушту билгенге жардамдашты. Эне мекенибиз кубаттуу болсо, биз ага сыймыктанабыз.
Бүгүн Кытай экономикалык кубаты боюнча дүйнөдө төртүнчү орунда турат. Өлкөнүн дүң продукциясы жылына орточо 9 проценттен өсүүдө. Бирок, кирешени жан башына алганда 1 700 АКШ долларына барабар.Бул, ”Boston Globe” гезитинин жазышынча, Кошмо Штаттардын көрсөткүчүнүн жыйырма бештен бирине араң тете.
1990-жылдан бери 400 миллион Кытай жараны жардылыктын туткунунан бошонду. Ошондо да дагы 400 миллион адам күнүнө 2 доллардан аз акчага жан багууга аргасыз. Алардын негизги бөлүгү кыштак жеринде жашашат. Андыктан, базар экономикасына баш байлаган Кытай өкмөтү ынкылаптын кыймылдаткыч күчү болгон дыйкандар менен фермерлердин жашоосуна жетерлик көңүл бурушпайт деп сындагандар да эл ичинде табылат.
Бээжинге “Алтын апта” майрамына келген бул фермер айыл жеринде да чоң өзгөрүүлөр болуп жатканын айтат:
–Борбордук өкмөттүн фермерлерди байытуу саясатынын аркасы менен биздин шаар да жакшырып барат. Мен ага чоң кубанычтамын.
Кытай бийликтери “Алтын апта” маалында 100 миллиондон ашуун адамдын бир мезгилде жолго чыгуусуна өбөлгө түзүп, туризмди да өнүктүрүүнү максат кылган. Баса, бул адамдардын дүйнөдөгү эң улуу көчтөрүнүн бири.