Ордо шаар Киевдин башмайданы кайрадан президент Ющенконун жана премьер-министр Януковичтин тарапкерлерине толгон. Президент да, премьер да өз айткандарында бекем турушууда. Ющенко 2-апрелдеги жарлыгына ылайык кезексиз шайлоого даярдыкты баштабаса, Янукович жоопко тартылаарын эскертүүдө. Премьер Януковичке бул тууралуу Улуттук Коопсуздук Кеңешинин бейшемби күнү кезексиз өткөн жыйынында түз айтылды. Бул жөнүндө Улуттук Коопсуздук жана Коргонуу кеңешинин катчысы Виталий Гайдук маалымдады:
- Кеңеш Жогорку Раданы мөөнөтүнөн эрте таркатуу жөнүндөгү президенттин 2- апрелдеги жарлыгы саясый кризисти жөндөөгө жана мамлекеттин коопсуздугун камсыздоого багытталганын ырастады. Өкмөт, мүмкүн болушунча тезирээк, айталы, 7- апрелден кечиктирбей улуттук бюджеттин такоолдук бөлүгүнүн эсебинен шайлоо өнөктүгүн каржылай баштоого тиийиш.
Янукович өз кезегинде Конституциялык Сот президенттин жарлыгынын мыйзам ченемдүүлүгүн аныктап бермейинче, шайлоо өнөктүгү бюджеттен каржыланбайт деди. Конституциялык Сотко тийиштүү бүтүмдү чыгарганга азы эки ай керек дейт мартабалуу соттун мурдакы мүчөсү Владимир Шаповал:
-Мен өз тажрыйбаса таянып айтсам, президенттин жарлыгы боюнча сот аныктамасын чыгарганга кеминде эки ай керек боушу ыктымал.
Конституциялык Сот бейшемби күнү билдиргенге караганда, ага президенттин жарлыгы боюнча баштапкы бааны берүү үчүн гана 15 күн зарыл. Мартабасы улук соттун 18 мүчөсү бар. Алардын алтоосун- президент, алтоосун- парламент, калган алтоосун Соттор Кеңеши сунуш кылган. Анткен менен талдоочулар сотко саясый кысым жасалбай койбойт деп кооптонушат. Бул сөздү ырастагандай эле, 4-апрелде Янукович жана парламент төрагасы Александр Мороз соттун төрагасы Иван Домбровскийге кызматыңдан кет деп, кысым жасалды деп чыгышты. Мындай айыптоону президент Ющенко калп деп, четке какты.
Ал эми бейшемби күнү болсо премьер- министр Янукович башындагы өкмөт кызматтан кетирилип, Украинада чукул кырдаал абалы киргизилет экен деген миш- миш сөздөр Киевде жөө тумандай каптады. Бирок, Жогорку Раданын төрагасы Александр Мороз өзгөчө кырдаал абалын жарыялоо үчүн эч кандай жүйө жок экенин билдирди.