Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
17-Сентябрь, 2025-жыл, шаршемби, Бишкек убактысы 09:51

ПОЛЬ ВУЛФОВИЦ КӨҢҮЛДӨШ АЯЛЫНЫН АЙЫНАН ЫҢГАЙСЫЗ АБАЛДА КАЛДЫ


Дүйнөлүк банктын президенти Поль Вулфовиц көңүлдөш аялынын маянасын негизсиз көтөрүп, майлуу орунга которууга көмөктөштү деп күнөөлөнүүдө. Банктын көзөмөлдөөчү комитети 15-апрелде өткөн жыйынында эларалык ири банктын “келечеги” үчүн тынчсыздануусун билдирди. 63 жаштагы Вулфовиц өзү болсо банк жетекчилиги кызматынан кетпесин айтты.

Поль Вулфовицти коллегалары алдында кечирим суроого мажбур кылган Шах Риза учурда АКШнын Мамдепартаментинде иштейт. Жылдык маянасы 193 590 доллар. Бул Мамдепартаменттин башчысы Кондолиза Райстын да айлыгынан да көп. Шах Риза Дүйнөлүк банкта иштеп жүргөндө 132 660 доллар алчу. Поль Вулфовиц жекшемби күнү Банктын көзөмөлдөөчү комитетинде болгон угууда 2005-жылы Дүйнөлүк банкка президент болуп келгенден кийин Шах Риза менен чогуу иштөөсү туура болбосун айтып, Этика комитетине кайрылганын билдирди. Белгилүү болгондой, Этика комитети Шах Ризаны банктан кетиргени менен банктан да акча алып туруусун оң тапкан.

15- апрелдеги жыйында Вулфовиц кызматтан кетпесин да билдирди:

- Бул мекеменин миссиясына ишенем жана өз милдетимди аткара алам деп шек санабайм. Мага көптөгөн колдоолор айтылды.

Көзөмөлдөөчү комитет болсо “банктын кызматкерлеринин өз милдетин ишенимдүү жана натыйжалуу аткаруусуна» кепил өткөн билдирүү жасады. Андан улам талдоочулар Вулфовицтин ишине комитет алдыдагы жумаларда дагы кайрылат деп боолгошууда. Комитетке 47 өлкөнүн финансы министрлери жана башка финансылык мекемелердин башчылары кирет.

Байкоочулар Вулфовиц финансы тармагында ачыктык жок деген жүйө менен Өзбекстанга жана башка өлкөлөргө кредит бердирбей банк жетекчилиги арасында душман арттырган дешет. Андан тышкары АКШнын Коргоо министринин орун басары кезинде Ирак согушунун “архитектору” ирети да көп тааасирлүү адамдарды өзүнө душман кылып алган. Шах Ризанын чатагынан пайдаланып, алар Вулфовицтен өчүн алууда дейт Heritage фондунун эксперти Бретт Шафер:

- Ага каршы нааразылыкты үч багыттан кароо мүмкүн. Банкта дайыма саясый жагдай өтө татаал болгон. Эми ал катачылык кетирип, өз коллегаларына иш таап берди. Анын жеке жүрүм-турумундагы жаңылыштыкты ага демейде каршы болуп жүргөндөр пайдаланууда.

Бретт Шафердин боолгошунча, Вулфовицтин көңүлдөш аялынан чыккан чатак жай аларына барып унуталат. Бирок, ал 2010- жылы экинчи мөөнөткө Дүйнөлүк банкта президенти боулп шайлана албайт.

XS
SM
MD
LG