"Азаттыктын" Прагадагы кеңсесинин кызматкери, журналист. Кыргыз улуттук университетин, Коста Рикадагы Улуттар Уюмунун университетин аяктаган.
Юлия Тимошенко Печерск райсотунда камакка алынды. Ал Украинага 190 млн. доллар чыгаша тарттырган деп айыпталууда.
Кандагардын мэри Гулям Хайдар Хамиди жан кечтинин жардыруусунда набыт кетти. Соңку кезде президент Карзайдын бийликтеги ишенимдүү адамдарына кол салуулар болду.
АКШ өкмөтү бюджеттик дефолтко жол бербөө аракетинде. 2-августта өкмөт менен Конгресс чыгымдарды 14,3 трлн. долларга көтөрүүгө макулдашуусу керек.
14-июлда Урунбой Усмонов тышка чыкпоо тууралуу тил кат берип тажик коопсуздук кызматынын абагынан эркиндикке чыкты.
Бүгүн Ахмад Вали Карзайдын сөөгү жерге берилди. Эң таасирдүү саясатчы кандай жагдайда өлтүрүлгөнү тууралуу так маалымат азырынча айтыла элек.
Түркмөн бийлиги Абадандагы жарылууда 15 киши мерт болгонун билдирди. Башка булактарда ондогон киши көз жумганы айтылууда.
Кыргызстанда саясий атаандаштык түзүлдү, мындай системаны сактап калуу өлкө калкы менен саясатчыларынан көз каранды.
Мурдагы премьер-министр Таксин Чиноваттын жактоочуларын бириктирген «Пхыа Тхаи» оппозициялык партиясы шайлоодо алдыга чыкты.
Кытайдын лидери Ху Цзинтао партиянын 90 жылдыгына арналган жыйында коррупция тизгинделбесе компартияга коркунуч түзүлөөрүн эскертти.
ЕККУнун 22 полиция кеңешчиси кыргыз ИИМине кварталдык милиция, адам укуктарынын сакталышы, көп улуттуу коомдо иш алып барууга көмөк көрсөтөт.
Украинанын экс-премьер-министри Орусия менен газ келишимин түзүүдө кызматтык абалынан кыянаттык менен пайдаланган деп айыпталууда.
Чех парламентинде депутаттардын бири-бирине кол көтөргөн учурун коомчулук кандай кабыл алган?
Казакстандын эки атуулу Ш.Уразалин менен А.Игиликов жана Кыргызстандын жараны А.Исманкулов кылмышка шектүүлөр катары сотко тартылууда.
Amnesty International уюму "Кыргызстан: адилетсиздиктин жоктугу жаңы зордук-зомбулукка май чачат" деген аталыштагы баяндамасын чыгарды.
Оштогу этностор аралык кагылышка саналуу күндөн кийин бир жыл толот. Каргаша учурунда жана андан кийин бир топ адамдар четке чыгып кеткен.
Өспүрүм жанкечтилерди жардырууларга колдонуу күчөшүн ооган бийликтери талиптерден көрөт
Грузиядан өзүн бир жактуу «эгемен мамлекет» деп жарыялаган Абхазия жумуриятынын лидери Сергей Багапш 29-майда Москвада катуу оорудан көз жумду.
ЖК депутаты К.Иманалиевдин "К.Килюнен жикчилдерден пара алган" деген доосун фин журналисти Ю.Ниемеляйнен төгүндөдү.
Босниядагы согуш кылмыштары үчүн шектелген Ратко Младич Сербияда кармалды. Ал 16 жылдан ашуун изин жашырып жүргөн.
АКШга Кыргызстандан барган топ коогалаңды иликтеген комиссия баяндамасы жана ага карата кыргыз бийлигинин көз карашын тааныштырууда.
Дагы жүктөңүз