"Азаттык" үналгысынын редактору, журналист.
Казакстанда мектептердеги окуу китептеринде Крымдын “Орусия территориясы” деп жазылып калганына украин элчилиги нааразылык билдирип, казак бийлигин аталган китептерди мектептерден чогултуп алууга чакырды.
Беш күндөн бери Украина аймагынан Крымга барчу жолдор азык-түлүк ташыган унаалар үчүн жабык турат.
Сириянын Идлиб провинциясына караштуу Фуа шаарында өзбек жанкечтиси душмандын аймагында БТРди жардырып, өзү да жан таслим болгон деген видео тасма тарады.
17-сентябрда швециялык TeliaSonera телеком компаниясы КМШда өз ишмердүүлүгүн токтотконун жарыялады.
Украин бийликтери жарыялаган жаңы санкциялык тизмеге 100дөн ашык юридикалык мекеме, 400гө жакын адам киргизилди. Муну алар Донбасстагы "элдик республикалардын" шайлоо өткөрүү тууралуу билдирүүсүнөн кийин жарыялады.
Пахта терими башталганы Өзбекстандын Самарканд облусунун бийлиги тойканаларда жана кафе-ресторандарда той өткөрүүгө тыюу салды.
Ирак жана Сириядагы “Ислам мамлекети” тобунун катарында согушуп жүргөн тажикстандык балдардын ата-энелерине уулдары урушта өлгөнү тууралуу кабарлар келүүдө.
Молдовада митингчилер 13-сентябрда “эл ишениминдеги өкмөт түзүү жана бүткүл өлкө боюнча демонстрацияларды баштоо” тууралуу резолюция кабыл алды.
Нурсултан Назарбаев Казакстанды “Улуу талаалардын өлкөсү” деп атоону сунуш кылды.
Болгария менен Греция Сирияга бараткан Орусиянын учактарына өз аймактарынан учуп өтүүсүнө уруксат берүүнү токтотконун жарыялады.
Украинада Одессанын губернатору, Грузиянын экс-президенти Михаил Саакашвили менен украин премьер-министри Арсений Яценюктун ортосундагы карама-каршылык бир тынчып, бир күч алып келүүдө.
Германияга ушул дем алыш күндөрү эле 20 миңге жакын качкын келди. Ошол эле кезде Перс булуңундагы байгер араб мамлекеттери качкындар боюнча үн катпаганын социалдык тармактарда сындашууда.
Тажикстан өкмөтү "Ходжа Халим" катары белгилүү Абдухалим Назарзода жана анын шериктерине кайрылып, кан төгүүсүз багынып берүүсүн талап кылганы туурасында "Азаттыктын" тажик кызматы күч структурасындагы булактарына таянып жазып чыкты.
Бээжиндин Тяньаньмэнь аянтында Экинчи Дүйнөлүк согуштун аякташынын 70 жылдыгына арналып уюштурулган парад Кытайдын жаңы тарыхындагы эң ири окуя.
Билим берүү министрлигинин буйругуна ылайык, ушул жылдан тарта Өзбекстандын жогорку окуу жайларында саясат таануу сабагы окутулбайт.
Кечээ Будапешттеги темир жол вокзалында жүздөгөн мигранттар Австрия менен Германияга кетчү поезддерди басып алууга аракет кылды.
Белгилүү жана белдүү орус оппозиционери Борис Немцов Москванын борборунда киши колдуу болуп өлгөнүнө 27-августта алты ай болду. Бирок аны өлүмү боюнча кылмыш ишин тергөө ордунан жылбай турат.
Орусияда Эстониянын коопсуздук кызматкери 15 жылга соттолду. Ага орус бийликтери тыңчылык кылган, аткезчилик жана чек арадан курал менен мыйзамсыз өткөн деген айыптарды коюуда.
Президент Владимир Путин Крым татарлары Орусия былтыр каратып алган Крымда өзгөчө макам алууга аракет кылбашы керектигин эскертти. Татарлар Крым калкынын 12% жакынын түзөт.
Жаңы окуу жылы жакындаганы хижаб маселеси кайрадан талаш жаратууда. Мектептерде мамлекеттин укук тартибин сактоо жана диний ишеним эркиндиги ортосундагы тең салмактуулукту кантип сактоо керек?
Дагы жүктөңүз