"Азаттык" үналгысынын редактору, журналист.
Кечээ жана бүгүн түндө өкмөттүк күчтөр менен жикчилдердин ортосундагы атышуулардан Украина чыгышында онго жакын адам набыт болгону кабарланууда.
12-августта Армениянын Гүмри шаарындагы орус аскер базасынын аймагында 19 жаштагы орусиялык жоокер Валерий Пермяковдун иши каралууда.
8-августта сабалган азербайжандык журналист Расим Алиев ооруканада көз жумду. Аны жергиликтүү футболчу жөнүндө Фейсбукка жазган пикири үчүн сабап кетишкен.
Дем алыш күндөрү Донбасста согуш аракеттери күч алганын украин аскер күчтөрү билдирүүдө. Ал эми Донецкте болсо жекшембиге оогон түнү ЕККУнун унаалары өрттөлдү.
Футбол боюнча дүйнөлүк чемпионатты өткөрөрүнө үч жыл калганда Орусия өзү ички чемпионаттагы оюндар учурунда катталган расизм үчүн эл аралык коомчулуктун сынына кабылды.
Өзбекстан ислам кыймылы “Ислам мамлекети” террорчул уюмунун катарына өткөнүн ырастаган өзбек тилиндеги тасма таратты.
Бүгүн эртең менен туура саат 8:15те Хиросимада “тынчтык коңгуроосу” кагылды. Мындан туура 70 жыл илгери ушул мүнөттө Хиросима шаарында адамзат тарыхындагы биринчи атом бомбасы жарылган.
Түркия 24-июлда Сириядагы “Ислам мамлекети” чаарбаш уюмунун позицияларына абадан сокку урууну баштады. Ушул эле күнү Түркиянын аскер учактары Ирактын түндүгүндөгү Күртстан жумушчу партиясынын турумдарын да абадан аткылады.
Кыргызстан 2010-жылы парламенттик системага өткөндө шайланган Жогорку Кеңештин мөөнөтү акырына чыгууда. Жогорку Кеңеш кандай иштеди, парламенттик система өзүн актадыбы? АКШнын Юта университетинин окутуучусу, илим доктору Бакыт Абдрисаев "Азаттыктын" суроолоруна жооп берди.
Украинанын мурдагы өкмөт башчысы Николай Азаров Украинаны сактоо комитети түзүлгөнүн жарыялады. Мындай демилгесин ал 3-августта Москвадагы басма сөз жыйынында кабарлады.
Украин бийликтери француз кино жылдызы Жерара Депардьенин беш жылга өлкөгө кирүүсүнө тыюу салды. Буга актердун антиукраиналык билдирүүлөрү себеп болгон.
Ирактагы күрт автономиясынын президенти Масуд Барзани Күрдистан жумушчу партиясынын согушкерлерин Ирактын түндүгүнөн чыгып кетүүгө чакырды.
Орусия бийликтери Крым татарларынын Мажлисинин мүчөлөрүнө жана жактоочуларына өлкөдөн чыгууга тоскоолдук кылууда.
Ооганстанда кечээ талибдер Кундуз провинциясынын дагы бир аймагын басып алды. Ошондой эле Сарипул провинциясынын дагы бир району талиптердин колуна өттү.
АКШ менен Түркия Сириянын Түркия менен чек арасында коопсуз аймак түзүүнү караштырууда. Бул алды менен “Ислам мамлекетинин” согушкерлеринин жолун жабуу жана качкындардын мекенине кайтуусуна шарт түзүү үчүн жасалмакчы.
Беларустагы кытай жумушчулары ушул айда нааразылык акциясына чыгып, милиция менен тирешти.
Түркиянын премьер-министри Сириядагы жана Ирактагы согушкерлерге каршы жүргүзүлгөн аба чабуулдары аймактагы "оюнду өзгөртүшү" мүмкүн деп айтты.
Антикоррупциялык Global Witness уюмунун изилдөөсүндө Рахат Алиев Шерлок Холмс "турган үйдүн" ээси болушу мүмкүн экени айтылат.
Тажикстанда ташкындаган дарыялар жана сел алып келген кырсыктардан алты адам өлүп, беш адам дайынсыз болууда.
Өзбекстандын улуттук коопсуздук кызматынын мурдагы орун басары Хает Шарифкожоев камакка алынды. Ал эми анын иниси, атайын кызматтын полковниги Жавдат Шарифкожоевдин абактагы жаза мөөнөтү узартылган.
Дагы жүктөңүз