“Азаттыктын” Бишкектеги кабарчысы. 2011-жылы Мамлекеттик Ардак грамота менен сыйланган. Кыргыз улуттук университетинин филология факультетин аяктаган.
Үрүмчүдөгү болуп өткөн баш-аламандык, Москвадагы Черкизов базарынын жабылышы Кыргызстандын тышкы соода жүгүртүүсүнүн басаңдашына алып келет. Ошондой эле мындан өлкөдөгү тигүү өнөр жайы жабыркап жатканы айтылууда.
Президенттикке талапкер Алмазбек Атамбаевдин Бишкектеги жаңы конуштардын биринде өтүп жаткан жыйынына топ аялдар жарып кирип, сөз бузуп, жолугушууну үзгүлтүккө учуратууга аракет жасашты.
Конституциялык Сот бүгүн ЖК депутаты Б. Бешимовдун арызын карап, Баш мыйзамдын 45-беренесине түшүндүрмө берди. Ага ылайык, өлкө башчысы президенттик шайлоо күнү жарыяланганга чейин партиялык ишин токтотууга тийиш.
Москвадагы эң ири Черкизов базарынын жабылышынан Кыргызстандын тигүү өнөр жайы жана кыргызстандык соодагерлер да чоң жабыркоого туш болгону айтылууда. Бул маселе боюнча кыргызстандык мигранттардын “Замандаш” ассоциациясынын Москвадагы өкүлү Эдилбек Кудайбергенов менен түз ободо байланыштык.
Үрүмчүдөгү тополоңдон кийин Борбор Азия өлкөлөрүн эми Кытай бийлигинин кысымынан качкан уйгур сепаратисттери каптабайбы, деген маселе тынчсыздандырууда. Бул маселе боюнча Коопсуздук кеңешинин мурунку катчысы Исмаил Исаковду түз ободо кепке тарттык.
АКШ президентинин Москвага жасаган расмий сапары, Орусия-АКШ алакалары тууралуу “Азаттыктын” түз ободогу суроолоруна саясат тануучу Марс Сариев жооп берди.
ЖК депутаты, Коммунисттер фракциясынын мүчөсү Гүлжамал Султаналиева кыргыз-кытай чегиндеги Торугарт көзөмөл бекетинин жылышы жана Ат-Башы районундагы Ак-Сай, Арпа жайлоолорунун тагдыры тууралуу “Азаттыктын” түз ободогу суроолоруна жооп берди.
Президенттикке талапкер, “Ак шумкар” саясий партиясынын төрагасына жана анын тобуна кечээ түн ортосунда Таш-Көмүр шаарында жергиликтүү бийлик тарабынан кысым болуп, алар түн ичинде шаарды таштап чыгып кетүүгө аргасыз болгон. Бул тууралуу талапкердин ишенимдүү өкүлү Уланбек Карыпов “Азаттыктын” таңкы түз обосунда кеп салып берди.
Кытайдын Кыргызстанга жакын жайгашкан Үрүмчү шаарында улуттар аралык кагылышуу болуп, натыйжада 140 киши каза тапты. Ушул тапта дүйнө эли бул окуяны кызуу талкууга алып жаткан учур. “Азаттыкттын” бул окуяга байланыштуу тү ободогу суроолоруна Азия таануучу, тарых илимдеринин доктору Олжобай Каратаев жооп берди.
АКШ президенти Барак Обама жана Орусиянын мамлекет башчысы Дмитрий Медведевдин бүгүн боло турган жолугушуусу кызуу талкууга алынууда. Буга байланыштуу Нью-Йорк университетинин изилдөөчүсү, саясат талдоочу Аскарбек Мамбеталиевди “Азаттыктын” таңкы түз обосунда кепке тарттык.
Бүгүн Ат-Башы районунун үч айылынын тургундары Бишкек-Торугарт жолун тоскону жатат. Мындай нааразылыкка кыргыз-кытай чегиндеги Торугарт бажысынын ичкери көздөй 50 чакырымга жылдырылышы себеп болууда. Жергиликтүү эл муну менен кошо Кытайдын чек арасы да бери көздөй жылышы ыктымал деп шектенүүдө. Бул маселенин тегерегинде “Ак шумкар” партиясынын Нарындагы координатору Урмат Акунов “Азаттыктын” түз ободогу суроолоруна жооп берди.
АКШ конгрессмени Эни Фалеомаваега эки күндөн бери Кыргызстанда иш сапары менен жүрөт. Ал бир катар тармактардын жетекчилери менен жолугушуп, эки өлкөнүн мамилелерин бекемдөө жана экономикалык кызматташтык боюнча сүйлөштү.
Президенттикке талапкер Алмазбек Атамбаев 30-июнда билдирүү жасап, бийликке кошомат кылган адамдар тарабынан өзүнө маалыматтык чагым таратылып жатканын билдирди. Ошондой эле бүгүн жарандык коомдун өкүлдөрү маалымат жыйынын өткөрүп, шайлоо алдындагы үгүт иштерин жүргүзүүдө талапкерлердин тең укуктуулугу сакталбай, бардык жерде бийлик азыркы президенттин талапкерлиги үчүн иштеп жаткандыгын маалымдашты. Алардын белгилөөсү боюнча оппозициялык маанайдагы талапкерлердин өкүлдөрүнө бийлик тарабынан түрдүү коркутуп-үркүтүүлөр болуп жатат. БШК болсо мындай маалыматтардан кабарсыз экендигин билдирип, алакан жаюуда.
23-июлда боло турган президенттик шайлоого байланыштуу талапкерлер ортосундагы тирешүү күч алууда. Талапкерлердин бири Нурлан Мотуев дагы бир талапкер Жеңишбек Назаралиевди өзү менен телетаймашка чыгуудан баш тартканы үчүн сынга алды. Экинчи бир талапкер Алмазбек Атамбаев үгүт иштеринин жүргүзүлүшүнө ар бир талапкерге бирдей шарт түзүп бере албаган БШКны жана өзүнүн аброюна доо кетирген айрым маалымат каражаттарын сотко бермекчи.
АКШ баштаган антитеррордук күчтөрдүн аскердик “Манас” аба базасынын ордуна Американын аскердик эмес багыттагы жүктөрдү транзиттөөчү логистикалык борборун түзүү тууралуу АКШ-Кыргызстан өкмөттөрүнүн келишими бүгүн Жогорку Кеңеште көпчүлүк депутаттардын колдоосун тапты. Коммунисттер фракциясы бул келишимге карата добуш берүүгө катышкан жок.
“Манас” аба майданында АКШнын транзиттик борборун ачууга байланышкан маселе коомчулукта кызуу талкууга алынып жатат. Айрым саясатчылар кыргыз бийлиги бул келишимди түзүүгө өз демилгеси менен барбаганын айтышса, дагы бирлери жаңы келишим түзүү менен Кыргызстан чоң утушка ээ болоорун белгилешүүдө.
Социал-демократтар фракциясынын мүчөсү, ЖК депутаты Ж. Жээнбеков убактылуу саясаттан кетүү үчүн партиядан чыгарын жана депутаттык мандатын тапшырарын бүгүн эртең менен билдирген эле. Бирок фракция башчысы Б. Бешимов партиялашы бул чечиминен кайтканын билдирди.
Саясатчылардын байкоосунда президенттик жарышта теңчилик сакталбай, бийликке атаандаш талапкерлердин басмырланып жатышы Кыргызстанда жаңы көрүнүш эмес. “Таза коом” партиясынын лидери Табылды Акеровдин баамында, элдин көңүлү оппозицияга ооп турса да, бийлик баары бир административдик күчүн колдонуп, шайлоо эрежелерин одоно бузуп, каалагандай калчап утуп чыгат.
18-июнда мамлекет башчы Курманбек Бакиев шайлоочулар менен жолугушуу үчүн Таласка барган. Бирок милиция президенттин сөзүн угууну каалаган айрым карапайым адамдарды жолугушууга жолотпой, кайра кармап, кууп-айдап басмырлаган. Алардын көпчүлүгү Алмазбек Атамбаевдин сүрөтү тартылган көйнөктөрдү кийип жүрүшкөн. БЭКтин Таластагы штаб жетекчиси Койсун Курманалиева Таласта болгон ушул көрүнүштөр элдин нааразылыгын туудуруп жатканын “Азаттыкка” билдирди.
Кыргыз өкмөтү “Камбар-Ата-2” ГЭСинин курулушун аягына чыгарууга жетиштүү каражат жок экендигин белгилеп, буга байланыштуу акционердик коом түзүлөрүн билдирүүдө. Белгилүү экономист Айылчы Сарыбаев акционердик коом түзүү аркылуу ГЭСтин курулушуна инвесторлордон каражат тартууга мүмкүн экенин белгилейт.
Дагы жүктөңүз