“Азаттыктын” Бишкектеги кабарчысы. 2011-жылы Мамлекеттик Ардак грамота менен сыйланган. Кыргыз улуттук университетинин филология факультетин аяктаган.
Кыргызстандагы банктар турак-жайга, унаага жана ишкердүүлүктү өнүктүрүү максатында берилүүчү насыя акчалардын үстөк пайызын жогорулатышууда. Алар мунун себебин АКШ долларынын куну түшүп кеткендигине жана Казакстандагы банк кризисине байланыштырып жатышат.
Бүгүн Улуттук телерадиокорпорациясынын жыйырмага чукул кызматкери ачкачылык акциясын башташты. Алар УТРКнын учурдагы жетекчиси Мелис Эшимкановдун кызматтан кетүүсүн талап кылышууда. Акциянын катышуучулары жетекчилик кызматкерлерди жөнсүз себептер менен жумуштан кетирүү жана кызматынан төмөндөтүү аракеттерин жүргүзүп жаткандыгын айтып, күнөөлөп жатышат. Ал эми УТРКнын директорунун милдетин аткаруучу Мелис Эшимканов акцияны телекорпорацияны реформалоо жүрүп жаткандыгына жана жаңылануу жараянынын башталышына байланыштырды.
Апта башында АКШдагы кадыр барктуу изилдөө борбору - Heritage кору менен “Wall Street Journal” гезити дүйнө өлкөлөрүндөгү экономикалык эркиндиктин абалы жөнүндөгү жылдык изилдөөсүн жарыялады. Анда Кыргызстан 157 өлкөнүн ичинен 70-орунга чыгарылып, Борбор Азия өлкөлөрүнө караганда Кыргызстанда экономикалык эркиндик бар, деп айтылган. Ошол эле учурда өлкөдө коррупциянын деңгээли жогору деп көрсөтүлгөн. Эл аралык изилдөөлөрдүн натыйжасына жергиликтүү ишкерлер да кошулушат. Алар Кыргызстанда ишкердиктин өнүгүүсүнө бут тоскон негизги себеп –коррупция, болгондо да жогорку бийлик бутактарынын коррупцияга аралашуусу, деп эсептешет.
Кыргызстандын жүк ташуучу поездинен табылган уулуу заттын чыры басыла элек. Кечээ Кыргызстандагы Иран элчилиги бул маалымат атайын саясий боек сүртүлүп таратылып жатат деген билдирүү таратты. Улуттук коопсуздук боюнча мамлекеттик комитети бул иш боюнча иликтөө жүрүп жаткандыгын билдирүүдө. Буга чейин цезий-137 уу заты момтемир катары Кыргызстандан Иранга жиберилгендиги, жүк кыргыз мамлекеттик “Темир” ишканасына тиешелүү экендиги айтылган.
Бүгүн бийликке каршы жана калыс күчтөрдүн “Акыйкат үчүн” кыймылы референдумдун жана парламенттик шайлоонун жыйынтыгына баа берген саясий форум өткөрдү. Ага саясий партиялардын, коомдук уюмдардын жетекчилери, коомчулук өкүлдөрү катышты. Форумдун аягында 16-декабрда шайланып келген парламентти легитимсиз деп таануу, коомдук парламент түзүү жана элдик курултай чакыруу боюнча чечимдер кабыл алынды.
Жаңы жылдан тарта жаратылыш газынын баасы 45% кымбаттады. Эми көгүлтүр отун колдонгону үчүн жеке керектөөчүлөр 1 кубометр газга 7 сом 20 тыйындан төлөй башташат. Адистер көгүлтүр оттун кымбатташы тамак-аштын, тейлөө кызматтарынын жана коммуналдык кызмат көрсөтүү акысынын жогорулашына алып келерин айтышууда.
Жаңы шайланып келген парламенттин 27 депутаты борбор калаада турак-жайы жоктугу тууралуу ЖК төрагасына арыз жолдогон. Бул тууралуу Жогорку Кеңештин төрагасы Адахман Мадумаров сессияда маалымдап, аларды убактылуу үй-жай менен камсыз кылуу үчүн ай сайын 400 доллардан каражат бөлүнөрүн билдирген. Кээ бир депутаттар парламентке тиешелүү турак-жайлардын көпчүлүгү мурдагы депутаттардын ээлигинде болуп, кийинкилерге бошотулбай жаткандыгын белгилешет.
Президент Курманбек Бакиев кечээ өкмөткө жана Жогорку Кеңешке жасаган кайрылуусунда министрлер өкмөт башчынын уруксатысыз маалымат каражаттарына билдирүү жасоого, маалымат жыйынын өткөрбөөсү керек, деп белгиледи. Президенттин бул сөзү коомчулук тарабынан катуу сынга алынып, бийлик авторитардык режимди киргизүүгө кадам таштап жатат деген пикирлер айтыла баштады. Мындай пикир ээлери өкмөт аткарып жаткан иштери туурасында элге айтып турууга тийиш деп эсептешет.
Байкоочулар автоматташтырылган “Шайлоо” маалымат системасы 16-декабрда өткөрүлгөн парламенттик шайлоодо озуйпасын аткарган жок деп белгилешүүдө. БШК система шайлоонун жыйынтыгын чыгаруу мезгили келгенде иштебей калгандыгын билдирген. Ал эми шайлоого катышкан саясий партия өкүлдөрү автоматташтырылган маалыматтык система шайлоонун жыйынтыгын бурмалоо максатында атайын иштетилбегендигин айтышат.
Бир катар коомдук уюмдар Бишкек шаардык кеңешинин митингдерди чектеген токтомун район аралык сотко берди. Алар шаардык кеңештин митингдерди чектеген чечими Конституцияга каршы келип, демократиянын өнүгүүсүнө бөгөт болорун белгилешүүдө. Укук коргоочулар бул токтомдун долбоорун даярдаган Бишкек шаардык бийлигине кылмыш иши козголууга тийиш деп эсептешет. Мындан бир ай мурун Бишкек шаар кеңеши митинг, пикеттерди М.Горькийдин эстелигинин жанында, эски аянтта, “Жаштык” паркында өткөрүүгө жана жергиликтүү бийликке 10 күн мурда кабарландыруучу кат жолдоого милдеттендирген чечим чыгарган эле.
Бүгүнтөн тарта “Ата Мекен” партиясынын активист мүчөлөрү: Нуржамал Байболова, Асия Сасыкбаева, Бактыгүл Жээнбаева, Татьяна Пономарева жана башка–он чакты аял мөөнөтсүз ачкачылык жарыялашты. Алар 16-декабрда болуп өткөн парламенттик шайлоонун жыйынтыгын тааныбай тургандыгын айтышып, кайра баштан шайлоо болуусун, же добуштардын кайрадан саналышын талап кылышууда.
Бүгүнкү жүрүп жаткан парламенттик шайлоодо добуш берүүчүлөрдүн тизмесине катталбай калган миңдеген шайлоочулар добуш берүүгө киргизилген жок. Алар аймактык соттордо добуш берүү укугун калыбына келтирүү үчүн бир нече саат бою сот чечимин күтүүгө, андан кийин гана барып, добуш берүүгө аргасыз болушту. Айрымдары жөн гана кол шилтеп басып кетишти. Кээ бир саясатчылар бул көрүнүш бийликтин партиясын колдобой турган адамдар үчүн атайылап бут тосуу болду деген пикирлерин билдиришүүдө.
Орусияда болуп өткөн шайлоо тууралуу Кыргызстандык жарандардын пикирлери ар түрдүү. Айрым саясатчылар орус бийлиги өзүнө караштуу партияны өткөрүү үчүн административдик ресурстарды колдонууга барды деген ойлорун түрдүү жоромолдор менен бекемдешүүдө. Ошол эле учурда Орусия коомчулугу Путиндин саясатын колдойт, ошондуктан “Бирдиктүү Орусия” партиясынын жеңиши акыйкат болду деп талашкандар да жок эмес.
Европадагы эки ишкана Өзбекстандан пахта импорттоодон баш тартты. Алар пахта жыйноо үчүн жаш балдардын күчү эксплуатациялангандыгын белгилешүүдө. Өзбекстандык укук коргоочулар пахта терим учурунда 450 миңге жакын жаш балдар талаада иштегендигин айтып чыгышкан. Ал эми Лондондогу өзбек элчилиги пахта талааларында балдар эмгеги колдонулгандыгын танууда.
Бүгүн Бишкектеги райондор аралык соту “Ак жол” партиясынын арызын канааттандырган жок. Партия БШКнын Шайлоо кодексинин 77-беренесинин 2-пунктуна берген 19-ноябрдагы түшүндүрмөсүн жокко чыгаруу өтүнүчү менен сотко кайрылган эле. Ошондой эле бүгүн Биринчи май райондук сотунда БШКнын партиялардын тизмесин каттабоо тууралуу чечимине каршы бир нече саясий партиянын доо арызы каралып, айрым партиялардын өтүнүчү канааттандырылган жок.
БШК 12 саясий партиянын талапкерлерин каттады. Калган 10 партия катталган жок. Алардын ичинен “Жаңы мезгил” саясий партиясы шайлоого катышуудан өзү баш тартты. Каттоодон өтпөй калган айрым партиялардын лидерлери БШК чечимин жокко чыгаруу өтүнүчү менен бүгүн сотко кайрылышты. Алар партиялык тизмелерди каттоо жараянында БШК өзү мыйзам бузууга барып, калыстык кылган жок деп айыпташууда. Ошол эле учурда БШКнын айрым мүчөлөрү булардын дооматын мойнуна алышууда.
БШК 24-ноябрдагы отурумунда дагы үч партиянын талапкерлерин каттады. “Эркиндик”, “Асаба” жана Социал-демократтар партияcы шайлоого катышууга укук алышты. Ал эми “Жашылдар” партиясы тизмеде шайлоо кодексине туура келбеген мүчүлүштүктөрү болгондуктан, каттоодон өткөн жок. Бир нече партиялардын шайлоо фондунун түзүлгөндүгү тууралуу маалыматтар БШКга келип түшпөгөндүгүнө байланыштуу аларды каттоо маселеси эртеңкиге калтырылды.
Мурдагы министр Равшан Жээнбековго мамлекеттик мүлктү башкаруу жана инвестицияларды тартуу боюнча мамлекеттик комитетти жетектеп турган убагында кызмат абалынан кыянаттык менен пайдаланган деген айып тагылып, кылмыш иши козголгон. Жакынкы күндөрдө эле каржы полициясы Равшан Жээнбековго издөө салгандыгы тууралуу маалыматтар айтылууда. Ал “Ата мекен” партиясынын атынан парламенттик шайлоого баруучу талапкер катары катталып, кол тийбестик укугуна ээ. Ушул тапта АКШнын Масачусетс уриверситетинде окуп жаткан Равшан Жээнбеков “Азаттыкка” шайлоого карата Кыргызстанга келе жатканын, өзүнүн күнөөсү жок экенин айтып, ага карата козголгон кылмыш иши – "саясий шантаж" деген пикирин билдирди. Равшан Жээнбеков менен кабарчыбыз Замира Кожобаева маектешкен.
Шайлоо кодекси боюнча парламенттик шайлоого катышуучу партияларга өткөн чиновниктер кызматын тапшырууга тийиш. Кечээ мамлекеттик катчы Адахан Мадумаров башкаларга үлгү катары биринчилерден болуп, кызматын тапшырганын жарыялаган. Ошол эле учурда парламенттик шайлоого баруучу партиялык тизменин катарындагы айрым талапкерлер кызматын тапшырууга шашылбай жаткандыгы айтылууда.
Бүгүн Кыргызстандын мамлекеттик катчысы Адахан Мадумаров кызматынан чегинди. Мунун себебин ал жакындап келе жаткан парламенттик шайлоого байланыштырды. Адахан Мадумаров журналистттердин суроолоруна жооп берип жатып, шайлоо калыс жана адилет өтөрүнө ишенерин билдирди. Ошол эле учурда 0,5 жана 5 пайыздык босого тууралуу жобого нааразы болгон саясий партия өкүлдөрү шайлоо адилет өтпөйт, мунун арты элдин нааразылыгына жана масштабдуу чыр-чатакка алып келет деген божомолдорун айтып чыгышты.
Дагы жүктөңүз