“Азаттыктын” Бишкектеги кабарчысы. 2011-жылы Мамлекеттик Ардак грамота менен сыйланган. Кыргыз улуттук университетинин филология факультетин аяктаган.
19-апрелде оппозициянын митинги күч менен куулуп таратылгандан кийин, митингдин уюштуруучулары жана кээ бир катышуучулары күч органдарына сурак берип жатышат. Укук коргоочулар милициянын убактылуу камоочу жайларында 150гө жакын киши кармалып жатканын айтышууда. Ал эми айрым саясатчылар саясий кризистен репрессия жолу менен эмес, сүйлөшүү жана келишүү жолу менен чыгууну сунушташат.
Бүгүн Улуттук коопсуздук боюнча мамлекеттик комитет Бириккен фронттун, “Ар Намыс”, “Ата Мекен” партияларынын кеңселерин тинтүүгө алып, фронттун бир нече мүчөлөрүн суракка алды. Кечээ түн ичинде “Агым”, “Апта” жана “Кыргыз руху” гезиттерин басууга Башкы прокуратура тыюу салган. Ал эми милиция тарабынан кармалып, камакка алынган 100 чакты митингчинин дайыны белгисиз болууда. Өлкөдөгү бул акыбалга байланыштуу Кыргызстандагы укук коргоочулар тынчсызданууларын билдирип жатышат.
Мурдагы кабарларда кечээ кечки саат тогузга жакын милиция менен митингчилердин ортосунда кагылышуу болгонун кабарлаган элек. Митингчилердин бир тобун Алатоо аянтына чейин сүрүп келген милиция андан кийин топтолгон элди “Эркиндик” гүлбагына, Токтогул, Байтик жана Панфилов көчөлөрүнө чейин сүрүп кууп чыкты. Ошол эле убакта милиция көздөн жаш агызуучу жана катуу үн чыгаруучу гранаталарды колдонду. Бир саат убакыттан кийин аянттагы бозүйлөр менен чатырларды күч кызматкерлери чечип кетишти.
“Бириккен фронт” уюштурган саясий ачкачылыктын катышуучусу Бектемир Акуновдун өлүмүнүн себептерин изилдеген көз карандысыз комиссия өзүнүн жыйынтыгын жарыя кылды. Алар Бектемир Акуновго тирүү кезинде күч колдонулган, ал эми анын өлүмү муунуудан улам болгон деген тыянак чыгарышты. Бул боюнча көз карандысыз комиссиянын мүчөсү, “Элет” партиясынын жетекчиси, кесиби боюнча дарыгер Накен Касиевди кепке тарттык.
Алатоо аянтында кечки саат төрттөн өткөндө Бириккен фронттун жактоочуларынын митинг акциясы кайрадан жанданды. Митингде айрым маалымат каражаттарынын иши боюнча билдирүү кабыл алынды. Билдирүүдө УТРК өлкөдөгү саясий окуяларды бурмалап көрсөтүп жатат деп айыпталып, анын жетекчисин кызматтан алуу талабы коюлду. Ошондой эле “5 - каналдын” ээси президенттин уулу Максим Бакиев деп аталып, ошондуктан ал маалыматты бир жактуу берип жатат деп белгиленди. «Биз Максим Бакиевдин өз мүлкү боюнча декларация беришин талап кылабыз», - деп айтылат билдирүүдө. Митингчилер алдына Ө.Текебаев, Т.Сариев, М.Эшимканов, Ө.Абдырахманов, З.Эсенаманов, С.Урманаев, Э.Алымбеков, Ч.Жакупова чыгып турушат. Байкоочулар бүгүн митингге келген элдин саны кечээки караганда азайып калгандыгын айтышууда.
Кыргызстандын түндүгүндөгү айрым аймактарда президент Курманбек Бакиевдин отставкасын талап кылган нааразылык митингдери уланууда. Бишкек шаардык кеңеши бийлик менен оппозицияны сүйлөшүүгө чакырган билдирүү кабыл алды. Президент Курманбек Бакиев жалпы элге кайрылуу жасап, баш-аламандыктар болуп кетсе, митингди уюштурган тарап жоопкер болорун билдирди. Оппозиция бул кайрылуусу менен жоопкерчиликтен качып жатат деп президентти сынга алды.
Кыргызстанда мөөнөтсүз митингдер башталды. Бийлик митингдерден пайдаланып, ар кандай күчтөрдүн баш-алмандык түзүп жиберүүсүнүн алдын алып, өлкөдө кырдаалды стабилдүү кармоого аракет жасамакчы. Бул жагдайда президенттин маалымат катчысы Нурлан Шакиев “Азаттыктын” суроолоруна жооп берди.
Бүгүн президент Курманбек Бакиевдин отставкасын жана мөөнөтүнөн мурда президенттик шайлоо өткөрүүнү талап кылган митингдер Нарын, Ысыккөл, Талас жана Чүй облустарынын бир нече шаарларында башталды. Бишкекте ачкачылык акциясы уланууда. Ошол эле учурда бийлик менен оппозицияны элдешүүгө, маселени сүйлөшүү жолу менен чечүүгө чакырган жыйындар да болуп жатат.
Бишкектеги эски аянтта “Бириккен фронттун” мүчөлөрү саясий ачкачылыгын улантышууда. Алар менен түштө өкмөт башчы Алмазбек Атамбаев, кечке жуук Бириккен фронттун жетекчиси Феликс Кулов келип жолугушту. Саясий ачкачылык жарыялагандардын абалы медицина кызматкерлери тарабынан текшерилип жатат.
Кечээ Бишкекте мөөнөтүнөн мурда президенттик шайлоо өткөрүү талабы менен саясий ачкачылык акциясы башталды. Ошол эле күнү бир нече коомдук уюмдардын өкүлдөрүнүн уюштуруусунда тынчтык жүрүшү болду. Жүрүштүн катышуучулары эски аянттагы саясий ачкачылыкта отургандарга келип, ортодо кайым айтышуу болуп кетти. Байкоочулар мындай антимитингдер кырдаалдын ого бетер курчушуна гана алып келет деп эскертип жатышат.
Үстүбүздөгү жылдын март айында эле Кыргызстанда үч журналист сабалды. Укук коргоочулар жана журналисттер менен иш алып барган коомдук уюмдар муну чектен ашкан көрүнүш катары баалап, журналисттердин укугун коргоого бийлик тарабынан чаралар көрүлүүгө тийиш деген талаптарын коюшууда. Байкоочулар Кыргызстанда журналисттер өкмөтчүл жана оппозициячыл деген эки жээкке бөлүнүп калгандыгын белгилеп, бул журналисттердин өз укугун коргоого чогуу аракет жасоосуна кедерги тийгизерин айтып жатышат.
Бүгүн “Реформа үчүн” кыймылы Бириккен фронт менен бирдикте билдирүү таратышты. Анда оппозициялык эки кыймыл Алмаз Атамбаев жетектеген коалициялык өкмөттү түзүүгө катышпоо, жаңы Конституциянын долбоорун чогуу даярдоо, 11-апрелде боло турган митингди чогуу уюштуруу жана андан ары биргелешип иш-аракеттерди көрүү, бийлик менен болуучу түрдүү сүйлөшүүлөрдү “Реформа үчүн” кыймылы менен Бириккен фронттун чогуу кеңешүүсү менен жүргүзүү тууралуу чечим кабыл алышкан.
Кыргыз өкмөтүндөгү бүгүнкү чукул өзгөрүүлөр боюнча коомчулукта түрдүү пикирлер жаралууда. Бир топ байкоочулар кызматтан кеткен Азим Исабековдун ордуна оппозиция лидерлеринин бири – Алмаз Атамбаевдин өкмөт башчынын милдетин аткаруучу болуп дайындалуусу өлкөдө саясий туруктуулукту камсыз кылат деп эсептешет. Ал эми айрым пикир ээлери президент оор абалдан чыгуу максатында Атамбаевди убактылуу гана пайдаланып жатат деп билдиришүүдө.
Өкмөт башчы Азим Исабеков 28-мартта түш ченде биринчи вице-премьер-министр баштаган беш министрди кызматтан бошотуу тууралуу чечим кабыл алгандыгын жарыялаган. Бирок кечки саат төрттө болгон өкмөттүн жыйынында президент Курманбек Бакиев бир катар өкмөт мүчөлөрүнүн кызматтан кетүү жөнүндө чечимдерин шашылыш кадам деп белгилеп, бир да министрди кызматтан бошотпой тургандыгын билдирди. Мамлекет башчы ага өкмөт курамы боюнча саясий күчтөрдөн конкреттүү сунуштар түшүп, алар талкуулангандан кийин гана өкмөт курамында алмаштыруулар болушу мүмкүн деп белгилеген. Байкоочулар баамында, Баш мыйзам боюнча премьер-министр өкмөт мүчөлөрүн кызматтан кетире албайт, ошондуктан аша чапкан бул кадамы анын кызматтан кетишине алып барышы мүмкүн.
Бүгүн “Реформа үчүн” кыймылы 11-апрелден тарта башталуучу мөөнөтсүз митингди колдой тургандыгын жана өлкөнүн бардык аймактарында нааразылык аракеттерин баштоого даяр экендигин билдирди. Ушул эле күнү “Кыргызстан элдик кыймылы” ыңкылапты коргоого алуу үчүн жер-жерлерде иш-чаралар уюштурула тургандыгын билдирип чыкты. Айрым иликтөөчүлөр апрель айындагы саясий чыңалуунун жана башка курч окуялардын алдын алуу мамлекет башчынын колунда деген пикирлерин айтып жатышат.
Президент Курманбек Бакиев Мамлекеттик телерадиокомпанияны Улуттук телерадиокорпорациясы кылып өзгөрттү. Кечээ кол коюлган жардыкка ылайык УТРКнын жогорку башкаруу органы – Байкоочу Кеңешти түзүү, анын негизинде жобону бекитүү Жогорку Кеңешке тапшырылды. МТРКны коомдук башкарууга өткөрүү - оппозициянын буга чейин президентке коюп келген негизги талаптарынын бири болчу.
Эртең март ыңкылабына эки жыл толот. Айрым саясатчылардын айтуусунда бул аралыкта Кыргызстанда демократиялык өнүгүү болуп, сөз эркиндиги, адам укуктары жакшырды. Ал эми кээ бир буга терс пикирдеги саясатчылар коррупция күчөгөндүгүн, үй-бүлөлүк башкаруу системасы калыбынан жазбаганын, мындан улам жаңы оппозициялык толкун пайда болгонун белгилешүүдө. Ал эми эл аралык эксперттер Башмыйзам мамлекеттик негизги документ болуудан калып, бийлик менен оппозициянын колундагы саясий куралга айланганын айтып чыгышты.
Бүгүн оппозициялык “Келечеги кең Кыргызстан үчүн!” Бириккен фронтунун лидерлери чогулуп, бирикменин иш багыттарын жабык отурумда талкуулашты. Талкууланган маселелердин катарында президент менен жолугушууга, «Реформа үчүн!» оппозициялык кыймылы менен кызматташтыкка байланышкан маселелер болгондугу айтылууда. Буга чейин айрым лидерлер фронт 11-апрелдеги митингге чейин бийлик менен сүйлөшүүгө барбай тургандыгын жарыялашкан. Митингде алар президенттик чукул шайлоо маселесин талап кылышмакчы. «Реформа» кыймылы мындай талапка каршы болууда.
Кыргызстандын ички паспортун Казакстан менен Орусия тааныды. Ал эми Өзбекстан чегарадан кирип-чыгуу жараянын каттоого алуу максатында басылуучу мөөр үчүн ички паспортко кошо тиркеме кагаз талап кылууда. Мындан кыргыз жарандары, өзгөчө Кыргызстандын бир жеринен экинчи жерине Өзбекстандын аймагы аркылуу өтүүгө туура келүүчү атуулдар азап тартып жатышат. Кыргызстандын ИИМ менен ТИМ бул маселени жакын арада чечилерин айтышууда.
Жогорку Кеңештин депутаты Карганбек Самаковдун иш бөлмөсүнөн сейф уурдалды. Ички иштер министрлигинин божомолу боюнча уурдоо 12-марттан 13-мартка оогон түнү болгон. Айрым пикирлер боюнча сейфтин уурдалышына Карганбек Самаковдун парламенттеги буга чейинки жүргүзгөн иштери себеп болушу мүмкүн.
Дагы жүктөңүз