“Азаттыктын” Бишкектеги кабарчысы. 2011-жылы Мамлекеттик Ардак грамота менен сыйланган. Кыргыз улуттук университетинин филология факультетин аяктаган.
Келе жаткан шайлоолор алдында Кыргызстанда бир катар оппозициялык маанайдагы саясий күчтөр, партиялар кызматташуу максатында бириге башташты. Коомчулукта саясий күчтөрдүн минтип биригүүсү бийлик алмашуусуна же башка саясий өзгөрүүлөргө алып келүүсү мүмкүн деген пикирлер жаралууда.
Бишкекте жаштардын айрым бейөкмөт уюмдары бийлик тарабынан акыркы убактарда студент жаштарга карата жүргүзүлүп жаткан түрдүү кысымдарына каршы билдирүү жасады. Жаштардын укугун коргоо багытында бейөкмөт уюмдардын ишмердүүлүгүн күчөтүү үчүн бир уюм алдына баш кошу максатын билдирүүдө.
16-декабрда Коммерциялык жана өкмөттүк эмес уюмдар ассоциациясынын төрайымы Токтайым Үмөталиева маалымат жыйынын өткөрдү. Анда ал өзүнө прокуратура кызматы тарабынан ителги куштарына байланыштыруу жолу менен саясий кысым жасалып жаткандыгы тууралуу билдирди. Ошол эле маалымат жыйынында адистештирилген прокуратура кызматкерлери тарабынан да кайчы маалыматтар берилди.
Кыргызстандагы адам укугунун канчалык деңгээлде корголуп жаткандыгы тууралуу сөз болгондо айрым эксперттер бул жаатта үстүбүздөгү жылы жылыштар болгондугун айтышат…
БУУ нун маалыматы боюнча, бүгүнкү күндө Кыргызстанда 10 жашка чейинки айылда жашаган балдардын 60%, ал эми шаарда жашагандардын 54% жакырчылыктын чегинде жашашат. Бул маалымат 6-декабрда Бишкекте өткөн «Балдардын жакырчылыгы: аны жоюу боюнча натыйжалуу стратегиялар» деп аталган улуттук конференцияда айтылды. Конференция ЮНИСЕФ, БУУ нун өнүгүү программасы, Британиянын өнүктүрүү агенттиги жана «Мээрим» эл аралык кайрымдуулук фонду тарабынан уюштурулду.
«Рентонгрупптун» 300гө чукул аманатчысы Жогорку Кеңештин алдына жума күнү пикетке чыгышты. Алардын көбү кары-картаңдар, майыптар жана окумуштуулар.
Биринчи май райондук соту тарабынан Коопсуздук кеңешинин мурдагы катчысы, учурда “Адилет шайлоо үчүн” бирикмесинин төрагасы Мисир Ашыркуловго кол салуу фактысы боюнча сот отуруму жүрүп жатат. Бирок соттун жүрүшүнө айыпталуучу катышкан жок. Өткөн отурумда жабырлануучу тарап “айыпталуучунун психикалык жактан саламаттыгы начар” деген соттук-медициналык экспертизанын бүтүмү менен тааныштырылган.
Бүгүн Бишкекте 15 күн дайынсыз жоголуп, кайра табылган укук коргоочу Турсунбек Акундун табылышына байланыштуу маалымат жыйындары өттү. Алгач УККынын төрагасынын орун басары Токон Мамытов, ИИМдин маалымат катчысы Жолдошбек Бусурманкулов, травмотология жана ортопедия институтунун башкы дарыгери Жаныш Сулайманов жана башка күч органдарынын өкүлдөрүнүн катышуусунда өтcө,андан соң Турсунбек Акундун жактоочулары Элдик патриоттук кыймылдын жетекчиси Нурлан Мотуев, адам укугун жана эркиндигин коргоо институтунун жетекчиси Топчубек Тургуналиев маалымат жыйынын өткөрдү.
Акыркы төрт жылдан бери Кыргызстанда СПИД оорусунан 27 адам каза болгон. Бул тууралуу бүгүн СПИДге каршы күрөшүүнүн эл аралык күнүнө карата өткөрүлгөн маалымат жыйынында айтылды. Анда айтылгандай, учурда ВИЧ инфекциясынан жабыркагандардын 82% баңгилер. Ошондой эле ВИЧ инфекциясы менен тубаса төрөлгөн балдардын саны да көбөйүп баратат.
30-ноябрда Бишкекте 14 күндөн бери дайынсыз жок болуп жаткан укук коргоочу Турсунбек Акундун жакындары жана жактоочулары ачкачылык акциясын башташты. Бул тууралуу Турсунбек Акунду издөө жана коргоо комитетинин мүчөлөрү билдиришти. Алардын айтымында, ачкачылык акциясы укук коргоочу табылганга чейин уланмакчы. Ошондой эле укук коргоочунун жакындары Ак үйдүн алдындагы пикетин улантышты.
29-ноябрда Бишкекте Глобалдык фонддун СПИД, кургак учук жана безгек ооруларына каршы күрөш жүргүзүү боюнча берген грантын ишке ашыруу программасынын алкагында беш күндүк семинар башталды. Анын башкы максаты - Глобалдык фонд тарабынан бөлүнгөн каражатка дары-дармектерди сатып алуу жана аларды колдонуудагы жана ВИЧ-инфекциясын жуктуруп алган жана СПИД оорулуу адамдарды дарылоодогу айрым өзгөчөлүктөр тууралуу Кыргызстандын медициналык кызматкерлерине маалымат берүү болуп саналат.
Кыргызстандын жаза өтөөчү жайларында жаткандардын укуктары тартип сактоо кызматкерлери тарабынан тебеленип жаткан учурлар көп. Башкы прокуратуранын маалыматы боюнча, жыл башынан бери камакта жаткандарга милиция кызматкерлери тарабынан зордук-зомбулук жасалган 194 факты катталган.
24-ноябрь күнү Кирешелер боюнча комитеттин салык департаменти «Салык тармагындагы коррупциянын алдын алуу» деген темада «тегерек үстөл» өткөрдү. Ага Бишкек шаарынын жана Чүй облусунун салык кызматкерлери, ишкерлер жана эларалык уюмдардын өкүлдөрү катышты.
Укук коргоочу Турсунбек Акун дагы деле дайынсыз болуп жатат. Буга байланыштуу 22-ноябрда ички иштер министрлигинин басма сөз катчысы Жолдошбек Бусурманкулов маалымат жыйынын өткөрдү. Анын айтымында, укук коргоочу Кыргызстандын күч органдары тарабынан кармалган эмес.
Президент Аскар Акаев Германияга иш сапары менен барган мезгилинде «Немис толкуну» үналгысына маек куруп, келерки жылы боло турган президенттик шайлоого барбай турганын билдирген. Саясатчылардын айтымында президент Акаев келерки шайлоого барбасы тууралуу буга чейин да бир нече жолу айткан эле.
Укук коргоочу жана «Кыргызстан патриоттук кыймылынын» жетекчиси Турсунбек Акундун 16-ноябрдан бери дайынсыз жоголушу коомчулукту тынчсыздандырып жатат. Буга байланыштуу 19-ноябрь күнү Бишкектеги «АКИпресс» маалымат агенттигинде «Жарандык коом коррупцияга каршы» коомдук уюму жана Кыргызстан демократиялык кыймылы маалымат жыйынын өткөрдү. Жыйынга укук коргоочунун атасы жана жубайы да катышышты.
18-ноябрь күнү Кыргызстандын башкы прокуратурасы маалымат жыйынын өткөрдү. Анда Кыргыз прокуратурасына 80 жыл толгондугу тууралуу айтылды. Мындан башка үстүбүздөгү жылдын октябрь айында Кант авиабазасынан кармалган шумкарлар, 16-ноябрь күнү Оштогу 5-СИЗОдо болгон жана башка окуялар тууралуу маалыматтар берилди.
«Азаттыктан» мурда кабарлагандай бүгүн « Кыргызстан элдик патриоттук кыймылынын» уюштуруусу менен Бишкектеги Өкмөт үйүнүн алдында президент Аскар Акаевдин мөөнөтүнөн мурда отставкага кетүүсүн талап кылган нааразылык акциясы болуп өттү. Акцияны уюштуруучулардын бири-элдик патриоттук кыймылдын жетекчиси Турсунбек Акун кечээ саат 17:00 бери дайынсыз жок болгондуктан митингге катышкан жок.
15-ноябрь күнү Бишкектеги «Достук» мейманканасында «Борбор Азия өлкөлөрүнүн өкмөттүк эмес уюмдарынын аймактык демилгеси» деп аталган эки күндүк эл аралык конференция башталды. Ага Борбор Азия өлкөлөрүнүн СПИД оорусуна каршы иш алып барган өкмөттүк эмес уюмдарынын, эла аралык уюмдардын өкүлдөрү катышып жатышат.
12-ноябрь - айыл, суу чарба жана кайра иштетүү өнөр жай кызматкерлеринин кесиптик майрамы. Буга карата бүгүн Бишкекте премьер-министр катышкан чоң жыйын болуп, аталган тармактын жүздөн ашуун кызматкерлери белектер менен сыйланышты. Быйыл өткөн жылга караганда түшүм жакшы болгон. Бирок жетишпестиктер да жок эмес.
Дагы жүктөңүз