"Азаттыктын" журналисти. Касым Тыныстанов атындагы Ысык-Көл мамлекеттик университетинин журналистика бөлүмүн аяктаган.
Каракол шаарындагы Ысык-Көл облустук акимчилигинин имаратынын алдында 4-октябрдагы парламенттик шайлоонун жыйынтыгын жокко чыгарууну талап кылып 200гө жакын адам чогулду.
Ысык-Көлдө кулагы укпай, сүйлөй албаган эки дос жеке эмерек цехинде иштеп жатат. Алардын колунан жаралган эмгектер көл жээгиндеги мыкты эс алуу жайлары жана ири пансионаттарга коюлат.
Ысык-Көлдө “Касса, финиш” деп аталган акча топтоо системасына алдангандар милицияга арызданууда. Бул финансылык пирамида Ысык-Көлдүн Балыкчы шаарынын тогуз жеринде ачылган. Айрым шаар тургундары акча топтоо системасына мүлкүн сатып кирсе, кээ бири топтогон акчасын толук берген.
Пандемиядан улам быйыл Ысык-Көлгө 3,5 миңге жакын медицина кызматкери келип эс алды. Алардын дээрлик бардыгы кызыл зонага кирип, кыйын күндө коронавирус менен ооругандарды караган дарыгерлер, медайымдар жана техникалык кызматкерлер.
Браконьерлердин торуна толгон Ысык-Көл тазаланды. Ыктыярчы суучулдар бул жолу кыргыз берметинин тескей жээгин таштандыдан арылтып, көл ичинен ташталган торлорду алып чыкты. Бул акция бүткүл дүйнөлүк тазалык күнүнүн алкагында өттү.
Ысык-Көлдүн 30 жаштагы тургуну Айгүл кыз ала качуунун курмандыгы болгон. Аны 16 жашында тааныбаган киши ала качып, алты жыл кордук көргөн экен. Зөөкүр күйөөдөн кеткенине тогуз жыл болгон, бирок ал келинге дагы эле тынчтык бербей жүрөт.
Ысык-Көл районунда кесиптик билимге ыктагандар көбөйүп жатат. Кыска мөөнөттөгү окуу курстарын аяктагандар туристтерди тосуу, ашпозчулук, мейманкана бизнесин өздөштүрүүдө.
Кыргызстанда 4-октябрда өтө турган парламенттик шайлоого даярдык кызыды. Партиялар 20-августка чейин курултай өткөрүп, талапкерлердин тизмесин тактады. Шайлоо, партиялар жана алардын талапкерлери тууралуу карапайым элдин ою кандай? «Азаттыктын» кабарчылары аймактардын тургундарына микрофон сунушту.
Туристтер көп каттаган Бостери айылындагы базар быйыл ээн. Андагы 900 сатуучуга ылайыкташкан орунда азыркы тапта болгону 400гө жетпеген соодагер отурат. Алардын 60 пайызын Чүй облусунан жана Бишкек шаарынан келгендер түзөт.
Ысык-Көлдө жылына жай мезгилинде окуучулардын да жаны тынбайт. Алар туристтик сезондо тапкан акчасын кем-карчына жумшайт. Азирет Азатбеков беш жылдан бери Кара-Ой айылында иштейт. Ал эс алуучуларга күндөн коргоочу чатырды орнотуп берет.
Бишкекте коронавирус боюнча кырдаал бир аз жеңилдегени менен аймактарда абал дагы эле кооптуу.
27-июлда Ысык-Көл районунун башкы реаниматологу Сарбагыш Иманалиев көз жумду. Ал кыргыз медицинасына өмүрүнүн 35 жылын арнаган, райондогу жандандыруу бөлүмүн түзгөн эң алгачкы медик болгон.
Чолпон-Атадагы аймактык оорукананын реанимация бөлүмүнүн башчысы Сарбагыш Иманалиев 35 жылдык өмүрүн медицинага арнаган.
Ысык-Көл районунда эс алуучулардын агымы жылдагыдай эле. Стационарларда иштеген медиктер билдиргендей, учурда СOVID-19га чалдыккандардын 15-20% четтен келген эс алуучулар. 80 миң калкы бар районду азыр болгону 12 дарыгер тейлеп жатат.
Ысык-Көлдө эс алганы келген ички туристтер көбөйүп жатканда, таажы илдетине чалдыккандардын саны өсүп, аймакта абал оорлошуп кетти.
61 жаштагы пенсионер пандемия учурунда күнүнө 40тан ашык бейтапты тейлеп жатат.
Бала кезинде катуу оорудан улам укпай жана сүйлөбөй калган көлдүк Марат элди таң калтырган сүрөттөрдү тартат.
Аймактарда өз алдынча дарылануу, медиктерге орой мамиле кылган көрүнүштөр байкалууда.
Кыргызстанда эпидемиологиялык абал күчөп, башкалаа Бишкекте жана өлкө аймагында дарыканаларга, ооруканаларга жана рентгенге түшүү үчүн кезек күткөндөр көбөйдү.
Пандемия күчөп турган маалда Каракол шаарында эки гана "Тез жардам" унаасы эл кызматында.
Дагы жүктөңүз