"Азаттыктын" журналисти. Касым Тыныстанов атындагы Ысык-Көл мамлекеттик университетинин журналистика бөлүмүн аяктаган.
Каракол шаарыннын жолдору дезинфекцияланып жатат.
Социалдык тармактарда Каракол шаарындагы рентген кабинетинин сүрөттөрү кызуу талкууга түштү. Өпкөсү кагынган бейтаптар узун кезектен улам ушул рентген кабинетин колдонууга аргасыз болууда деген сөздөр тараган.
Караколдо эки жерде уюштурулган күндүзгү стационарларга күнүнө 300гө жакын адам кайрылууда. Аларга болгону 15 медицина кызматкери кызмат көрсөтүп жатат. Стационарларга өзгөчө жакынкы айылдардан келгендер көп. Ыктыярчы жаштар медиктерди колдоп, тамак-аш, дары-дармек ташып жүрүшөт.
Коронавирус пандемиясына байланыштуу Ысык-Көлгө эс алганы баргандар дээрлик жок. Мындан улам жергиликтүү такси айдоочулардын жумушу солгундап, тапкан акчасы азайды.
Эксперттер илдет күчөп турган маалда эң алыскы райондорго алдын ала көңүл буруу зарылдыгын эскертип жатышат.
Ысык-Көл облусунда илдетке чалдыккандар көбөйүп жаткандыктан, ооруканалардан тышкары жерлерде да бейтаптар үчүн орундар даярдалууда.
Ысык-Көлдүк уста Баттал Байзаков тоо текенин мүйүзүнөн жаа жасап, аны дүйнөнүн төрт бурчуна сатыкка чыгарып жүрөт. Жаанын баасы миң доллардан 5 миң долларга чейин барат. Эми ал бул эмгегин араб өлкөлөрүнө чыгарам деп турат.
Укук коргоочу Камил Рузиевди УКМК эки берененин негизинде камакка алган.
Беш баланын энеси Дамира Окенова 20 жылдан бери кыш куюп иштейт. Бул иштин аркасы менен там салып, балдарын окуткан айылдык жеңе карантин учурунда да ишин токтоткон эмес. Күнүнө жалгыз өзү 300гө чейин кыш куят. Айылда “Алтын туяк жеңе” каймана аты менен таанылган Дамира Окенованын иши эми кызыды.
УКМК укук коргоочу Камил Рузиевди кармаса, «Шаардагы парктар» ишканасынын жетекчиси Калича Умуралиева сурак берип жатат.
Бир үйдө кайненеси, келини жана неберелери менен жашаган Дамель Исмаилова - айыл активисти. Ал айылдаштарына үй-бүлөнү бекемдөө, кайнене менен келин ортосундагы мамилени чыңдоо жана түшүнүүгө үгүттөгөн иштерди алып барат.
Ысык-Көлдө жашаган Владимир Литвиненко туризмди өнүктүрүүнүн жаңы жолун тапты. Ал пирамидага окшош мейманкананын макетин жасап чыкты.
Ысык-Көлдө жайкы эс алуу мезгилине даярдык быйыл жок. Коронавируска байланыштуу көл жээгиндеги конок үйлөрү жана пансионаттар азыр иштебей турат. Алардын арасында насыя алып, курулуш иштерин жүргүзгөндөрү да бар. Эми насыяны төлөө маселеси күч. Көгүлтүр Ысык-Көлдүн жээгинде ас алууга былтыркы
Улуу Ата Мекендик согуштун ардагери Керимбай Элебесов азыр 96 жашта. Согушка эки жолу барып келген ардагер азыр Тоң районунун Кызыл-Туу айылында турат. Өзү Жети-Өгүз районунун Чычкан айылында туулган карыя биринчи ирээт согушка барганда 17 жашта экенин айтат.
Түп районунун ардактуу атуулу, ардагер Кадырбай Абдыкалыков согуш талаасына Ысык-Көлдүн Каракол шаарындагы педагогикалык окуу жайын бүтүрүү кечеси болуп жаткан күнү аттанган.
Мотоцикл айдаган ветеринар аялды Барскоон айылы эле эмес, коңшу айылдын баары таанышат. Ал күндө айыл кыдырып, короодогу малды эмдеп, оорудан сактап турат. Ветеринар коңшу айылдарга да чакыруу менен барып, иштеп келет. Борбордогу жашоону айылга алмаштырып, 18 жылдан бери бул кесипти аркалап келе жат
Быйыл Ысык-Көлгө келген ак куулар адаттагыдан көп. “Сүйүүнүн символу» саналган канаттуулар көлдү айлана Тоң, Жети-Өгүз, Түп жана Ысык-Көл райондорунун жээктерин байырлашты.
19-апрелде Кыргызстандагы православдар Пасха майрамын белгилеп жатышат. Адатта бул күнү православдар чиркөөгө келип, чокунуп, шам жакса, быйыл карантинден улам бул жөрөлгөлөрүн жасашкан жок. Бирок алардын ар бири үйүндө майрамга өз алдынча даярданып, салтка ылайык тамак-аштарын жасады.
Ысык-Көлдө иштеген медайым Жеңишгүл Эсенаманова күн алыс велосипед менен 10 чакырым жол жүрүп, Балыкчыдагы постко барып жатат. Үч баланын апасы Сары-Камыш айылын кыдырып, элдин саламаттыгына кам көрөт.
Каракол шаарындагы зоопаркта 150дөн ашык жаныбар бар. Пандемияга байланыштуу Каракол шаарында карантин жарыяланып, зоопарк көрүүчүлөргө эшигин жапты. Абалга байланыштуу зоопарктын жашоочулары ачка калуу коркунучунда турат.
Дагы жүктөңүз