"Азаттыктын" журналисти. Касым Тыныстанов атындагы Ысык-Көл мамлекеттик университетинин журналистика бөлүмүн аяктаган.
Ысык-Көлдө карантин убагында айрым окуучулар аралыктан окуу курстарын өтүп жатат. Аларга Голландияда жашаган тууганы Бакыт Тилебердиев сабак өтүүдө. Бакыт Европада дагы карантин режиминде жашап аткандыктан, убактысын балдарга арноону чечкен.
Кыргызстанда акыркы апталарда өз жанын кыйган балдардын саны өстү. Ушу тапта милиция он чакты окуяны иликтөөгө алды.
1-апрелде Түп районундагы Ысык-Көл айылынын тургундары Жамангул Тойгонбаев атындагы лицейдин жатаканасын обсервациялык жай кылууга каршы митингге чыгышты. Ал эми түнкүсүн аталган имараттын терезелерин белгисиз адамдар талкалап кеткен. Ысык-Көл облустук милициясы окуя боюнча сотко чейинки териштирүү
Түп районундагы Ысык-Көл айылынын тургундары коронавируска шек саналгандарды жаткырчу обсервацияны жабууну талап кылышты.
Ысык-Көл районундагы Бает айылынын тургуну Толгонай Алмазбекова футбол боюнча Кыргызстандын курама командасында ойнойт. 17 жаштагы өспүрүм келечекте машыктыруучу болуп, эки сиңдисин да футболго тарткысы келет.
Ысык-Көлдө айылдан айылга каттоого чектөө киргизилди. Мындай чечимди облуста түзүлгөн атайын штаб кабыл алган. Ар бир айылдын кире беришине бүгүнтөн тарта пост уюштурулду. Ага ылайык эми бул аймактагы тургундардын ар бири өз айылынан чыга албайт. Жергилктүү калктын коопсуздугу үчүн түзүлүп жаткан ша
Балыкчы шаардык “Ак кеме” экологиялык постунда бүгүнкү күндөн тарта санитардык- эпидемиологиялык топ иштеп баштады. Эми Ысык-Көлдүн аймагына кирген ар бир жарандын ден соолугу текшерилип, тек-жайы тууралуу маалымат атайы бланкка жазылып жатат. 23-марттан тарта аталган облустун аймагына кирүү да, анд
Караколдо жергиликтүү калк беткап жана керектүү дарыларды таппай убара тартууда. Шаарда зордук-зомбулуктан жабыркаган жана майып аялдар иштеген эки цех беткап тиге баштады. Күнүнө 2,5 миңдей беткап саламаттыкты сактоо мекемелерине жөнөтүлгөнү менен муктаждыкты жаба албай жатат.
COVID-19 аталышындагы коронавирус жайылып кеткенине байланыштуу өлкөдө өзгөчө кырдаал жарыяланды. Бул илдетке байланыштуу бардык маданий иш-чаралар токтотулуп, Кыргызстан жылдагыдай Ноорузду майрамдабай калды.
Коронавируска байланыштуу Ысык-Көлдө компьютердик клуб, кафе-ресторандарда рейд жүрдү. Текшерүүнүн жүрушүндө айрым жарандар карантинге карабастан кафеде эс алуусун улантып, кээ бири кыз узатуу тойлорун да берип жатканы аныкталды. Укук коргоо органдарынын кызмакерлери алар менен сүйлөшүп, той-аштарды
16-марттан баштап Кыргызстанда бардык мектептер жана жогорку окуу жайлары үч жумага карантинге жабылат. Мындай чечим Коопсуздук кеңешинин 14-марттагы жыйынында кабыл алынды.
Караколдун негизги жолдору оңдолбой, кейиштүү абалда турганын айткан жаш активисттер акцияга чыга баштады. Шаар тургундары жана айдоочулар да жол маселеси 15 жылдан бери чечилбей келатканын белгилешет.
Каракол шаардык кеңешинин депутаты, «Табылга» партиясынын мүчөсү Азамат Айтбаев кызматташы, КСДПнын шаардык кеңештеги мүчөсү Тууганбек Чолпонбаев сабаганын айтып, УКМКга арыз жазды.
Көлдүк Бахтияр Кимузаев төрт жылдан бери шал менен ооруган балдарга жардам берип келатат. Майыптыгына карабастан ал кыймыл-аракет менен дарылоо курстарын окуп, андан тышкары Бишкектеги медициналык коллежди да бүтүргөн.
Ысык-Көлдүн Ак-Суу районунун Теплоключенка айылында 1800 үй-бүлө жеке турак жай курууга жер алыш үчүн кезекте турат.
Миграцияда жүргөн энелердин саламаттыгы коркунучта. Дарыгерлер өзгөчө кош бойлуу аялдардын абалына тынчсызданып жатышат. Айы-күнү жеткиче өзүн карабай иштеп жүргөн аялдар өнөкөт ооруларга кабылып, анын таасири балдарына тийүүдө.
Кумтөр алтын кенинде акыркы айларда эле кырсыктан үч адамдын өмүрү кыйылды.
Ысык-Көлдүн алыскы Жыргалаң айылында мектеп окуучулары чет тилин өздөштүрүп, туристтерди тейлөөгө өттү. Жергиликтүү мектептин окуучулары акыркы эки жылдан бери англис тилин тереңдетип, атайын программа менен окушкан.
Акыркы эки күндүн ичинде эле Каракол шаардык паспорттук стол 300дөн ашуун жаранды каттоого тургузду. Бул Каракол шаарында апрелде өтө турган жергиликтүү кеңешке шайлоого байланыштуу экени айтылды.
Балыкчы шаарындагы Лев Толстой атындагы №1 мектеп-гимназиясы өз бүтүрүүчүсүнөн 56 миллион сомдук жардам алды. Акчалай жардамды азыр Британияда жашаган, Орусиядагы эң бай 200 ишкердин бири Юрий Шефлер берди.
Дагы жүктөңүз