"Азаттыктын" журналисти. Касым Тыныстанов атындагы Ысык-Көл мамлекеттик университетинин журналистика бөлүмүн аяктаган.
Ысык-Көлдүн Чок-Тал айылында тикмечи келиндер тобу аскер формаларын тигип, Орусияга экспорттоп жатышат.
Акыркы эки жылдан бери Каракол тоо лыжа базасына келген эс алуучулардын 90 пайызын кыргызстандыктар түзүп жатат. Тоо лыжа базасынын башчысы Валерий Буйковдун ырасташынча, мындай көрсөткүчтөр менен үч жылдан кийин Каракол тыштан келген эс алуучуларга көз каранды болбой калат.
22-январда Ысык-Көл облусуна караштуу Түп районунда саясатчы Садыр Жапаровдун тарапкерлери акция өткөрүштү.
22-январда Ысык-Көл облусуна караштуу Түп районунда саясатчы Садыр Жапаровдун тарапкерлери акция өткөрүштү. Митингге чыккандар Садыр Жапаровдун камактан чыгарылышын талап кылып, "Кумтөр алтын кени Кыргызстандын пайдасына иштеши керек" деп билдирүү жасашты.
Ак-Суу райондук ооруканасында 10- январь күнү чарчап калган наристенин чоң энеси милицияга арыз менен кайрылды. Буга баланын көкүрөгүндөгү жана далысындагы көгала тактар негиз болгон. Дарыгерлер бала ооруканага өтө оор акыбалда жеткирилгенин билдиришти. Наристени баккан тарап кыздын жүрөк кемтиги ме
Ак-Суу райондук ооруканасында 10-январь күнү чарчап калган наристенин чоң энеси милицияга арыз менен кайрылды. Жабырлануучу бул кадамга секелектин көкүрөгүндөгү жана далысындагы көгала тактарды көргөндөн кийин барган.
Бензинге күйүп, оор абалда ооруканага түшкөн 33 жаштагы келин Каракол шаарында облустук бириктирилген ооруканада дарыланып жатат. Ага бензин чачып өрт койду деп шек саналган жарандык никедеги күйөөсү эки айга камакка алынды.
Каракол шаарында күйөөсү өрт койгон Сатина аттуу келин учурда ооруканада жатат.
"Азаттык" аймактар жашаган тургундардан "2019-жыл эмне менен эсиңизде калды жана жаңы жылга кандай тилегиңиз бар?" деген сурамжылоо жүргүздү.
Ысык-Көлдө мал багып жүрөт деген 9 жаштагы Илья үй-бүлөлүк типтеги балдар үйүнө которулуп, сабакка бара баштады. Келечекте президент болом деген жигиттин окуудагы жетишкендиктери жакшы. Ал жаңы үй-бүлөсүнө көнүп да калганын айтууда.
Ысык-Көлдүн Чок-Тал айылында тикмечи келиндер тобу аскер формаларын тигип, Орусияга экспорттоп жатышат. ФАПтын имаратында ачылган чакан тигүү цехинде азыр 15 аял эмгектенет. Цехтин ээси буюртма көбөйө турган болсо, айылдык кыз-келиндерге көбүрөөк жумуш ордун түзүүнү пландап жатат.
Ысык-Көлдө беш балалуу үй-бүлө тилсиз жоонун айынан үй-жайсыз калды. Үй-жайдан, тиричиликке керектүү бардык мүлкүнөн кол жууган бул үй-бүлө азыр кошунасынын бир бөлмөсүндө күн кечирип жатат.
Дүйнөлүк стандарт боюнча 4-орунда турган «Каракол» тоо лыжа базасында кышкы туристтик сезон расмий түрдө ачылды. Кар аз жаагандыктан лыжа тебүү мезгили өткөн жылга салыштырмалуу быйыл 10-15 күнгө кеч башталды. Ошентсе да лыжа базага келгендердин саны көп.
«Зомбулукка каршы 16 күн» деп аталган жылдык салттуу акцияга кыргыз коомчулугу 26-ноябрда кошулду. Кыргыз өкмөтү үй-бүлөдөгү зомбулук кыргыз коомунда да олуттуу көйгөй экенин белгиледи. «Азаттыктын» кабарчылары бул көйгөйдү каармандар аркылуу ачып бергенге аракет кылышат.
25-ноябрда Бишкектеги Ала-Тоо аянтында «#REакция» жарандык акциясы өттү.
Кыргызстандагы хоккей спорту кыздардын жалгыз командасы быйыл да мелдештерге катышпай калганы турат.
Караколдун 60 жаштагы тургуну Татьяна Попова беш жылдан бери машыгуу залына барат. Ал фитнестин жардамы менен бут жана кол оорусунан арылып, өзүн жеңил сезип калганын айтат. Попованын спортко болгон кызыгуусун жолдошу да колдойт.
Караколдогу 1887-жылы салынган татар мечитинин имамдары менен бул мечиттин короосунда жайгашкан мушкерлер залынын машыктыруучулары соттошуп жатат.
Ысык-Көлдө жашы жете элек үч бир тууган кыз оор абалда жашап жатышат. Алардын энеси аракка берилип кеткенине карабастан кош бойлуу. Кыздардын бири буга чейин өгөй атасынын зомбулугуна туш болгон. Бул үй-бүлө азыр айылдыктардын кайрымдуулугу менен гана күн кечирип жатышат.
Чолпон-Атада милициянын 12 ардагери үйсүз калышы мүмкүн. Мындан 24 жыл мурда милиция кызматкерлерине берилген бала бакчанын мурдагы имаратын мамлекет кайра өзүнө кайтарып алууну көздөөдө. Эки жолу соттук отурум болуп, анда имарат жергиликтүү бийликтин эсебине кайтарылсын деген чечим чыккан.
Дагы жүктөңүз