"Азаттыктын" кабарчысы. 2009-жылы Нарын мамлекеттик университетин аяктаган.
Быйыл Нарын облусунун жайыт жерлеринде чегиртке көп. Эрте чара көрүлбөсө, эгин менен тоюттан куржалак калабыз деп дыйкандар коңгуроо кага баштады.
Дүйшөмбүдө FINCA банкынын мурдагы он чакты кызматкери банктын Нарын шаарындагы филиалынын имаратынын алдына нааразылык митингге чыгышты. Алар бул акция менен банк мурда иштеген кызматкерлерге бийик тоолуу аймак үчүн төлөнүүчү кошумча төлөмдөрдү өз убагында бербей келгенин билдиришти.
Нарын районунун Достук айылынын тургуну Жамбы Карыбекова өзүнүн айылындагы уздардын башын кошуп кол өнөрчүлөрдүн кооперативин 1995-жылы түзгөн. Андан бери Карыбекованын коореративи бир нече эл аралык көрсөтмөлөрдө катышып продукциялары бир катар чет өлкөлөргө чейин сатылган. Карыбекова бул эмгегинин
Тартип сакчылары жоопко тартылган мындай учур Нарында биринчи ирет катталды.
Акыркы убакта Нарында аары багып, асел тарткан балчылар көбөйдү. Эспарцет чөбү жыш өскөн аймакка бал челектерин кырка тизип алып, күнү бою аарылар менен алпурушкан балчылардын түйшүгү кеч күздө гана токтоп, аарыларын кышкы уйкуга узатат. Ага чейин нарындык балчелекчилердин тарткан түйшүгү түмөн, ата
Чехиялык Liglass Trading CZ SRO компаниясы Жогорку Нарын ГЭСтер каскадын курууга 500 миллион доллардай инвестиция салууга даяр. Бул тууралуу Нарын облусундагы курулушу токтоп турган каскадда өткөн брифинг учурунда компаниянын өкүлү Йиржи Войтеховски журналисттерге билдирди.
Ат-Башыда шаршемби, 28-июнда эл аралык шырдак фестивалы өттү. Ушуну менен жетинчи ирет өтүп жаткан эл аралык шырдак фестивалына бул жолу чет өлкөлүк бир нече турист катышып күбө болду. Бирок шырдактарын көтөрүп көргөзмөгө келген жергиликтүү уздардын соодасы кызыган жок.
Байыркы шаардын изине түшүп, ал аркылуу археология илимине салым кошуп келаткан ыктыярчы-археолог Кайырбек Коңурбаев. Анын ынтызарлыгы, дымагынын арты менен Кочкор районундагы Кум-Дөбө айылынын аймагында археологиялык казуу иштери башталды.
Ушундан улам бир ай мурун оор жүк ташыган машиналардын өтүүсүнө тыюу салынган.
Мындан бир нече жыл мурун башталган жайлоодогу бала бакчалардын саны Нарын облусунда сегизге жетип, жыл өткөн сайын сапаты да жакшырып бара жаткандай. Мурда жалгыз боз үйдү айланчыктап жүргөн балдар азыр китепканасы, ашканасы, ал гана эмес жуунучу жайы бар бакчаларга бара баштады.
Ак-Талаа районунун Ак-Кыя айылындагы орто мектебинин бүтүрүүчүлөрү учурда экзамендерин чатырда берип жатышат. Анткени алар окуган мектеп кулап калуу коркунучунда турат. Мындан улам Өзгөчө кырдаалдар министрлиги өткөн айда мектептин имаратына кирүүгө болбойт деп, эшигин бекитип коюшкан.
Бул маселеге өкмөт башчы да көңүл буруп, зарыл чараларды көрүү тапшырмасын берди.
Акыркы жылдары Нарында туризмди өнүктүрүүгө ышкыбоз ишкерлердин тобу калыптанып калгандай. Алар туристтерге ыңгайлуу шарт түзүп, кызмат көрсөтүп, киреше алуу аракетинде.
Нарында бээ байлагандар көбөйүп, кайсы жерде болбосун желеде кулундар туйлайт. Айрыкча бээнин сүтүнүн дарылык касиетин билгендер саамалды үркөр чыккыча, башкача айтканда кымыз күчүнө кире электе ичкен пайдалуу экенин айтышат.
Нарында акыркы эки жылдан бери мектепти аяктагандарына 10, 20, 30 жыл болгондор өз айылдарындагы жардамга муктажтарга үй салып берүүнү салтка айландырып жатат. Маараке ээлери ортого чогулткан акчаны шаан - шөкөттөн көрө коомго пайдалуу ишке жумшап, үлгү бололу деген чечимге келишкен.
Бүгүн классташтардын мааракелик салттуу жолугушуулары бардык айылдарда өтүп жатат.
Быйылкы үйдөй үйүлүп жааган кар менен нөшөрлөгөн жаан Ат-Башы районундагы айыл тургундарын абдан жүдөттү. Абанын нымдуулугунан жер астындагы суулар да көтөрүлүп, айрыкча Ат-Башы айылындагы жүзгө жакын турак үйдүн тамдары жарылып, ичи көк тартып кетти.
Жумгал районундагы Баш-Кууганды айылында курулушу СССР доорунда башталып, эмдигиче бүтпөй турган мектептин балдары жаңы имаратта окусак деп кыялданат.
Өкмөт башчы Сооронбай Жээнбеков 18-майда Нарын облусуна барды. Өкмөттүн басма сөз кызматы бул сапар премьер-министрдин күн тартибине эки апта мурун киргизилген деп билдирди.
Кыштай жааган кар эрип, суу кирген сайын Ат-Башы районунун Казыбек айылынын эли көпүрөөнүн каарын тартып жатышат. Мал-жанга коркунуч келип, балдар мектепке бара албай, тиричилигибиз өтпөй калды деген жүздөй тургун былтыр суу алып кеткен көпүрөнү калыбына келтирип берүүнү сурап айыл өкмөтүнө барышты.
Дагы жүктөңүз