"Азаттыктын" Прагадагы кеңсесинин кызматкери, журналист, саясат жана экономика тармактары боюнча адис. Кыргыз улуттук университетинин журналистика факультетин аяктаган.
Румынияда парламенттин президентти кызматтан четтетүү аракети ишке ашкан жок. Расмий маалыматтарга караганда, кечээги референдумада добуш бергендердин 75%га жакыны президент Траян Басеску бийликте калышын колдоду. Референдумдун баштапкы тыянагы белгилүү болгон соң румын президенти сот тармагын реформалоо, коррупцияга каршы күрөш жана мурдагы коммунисттик режимдин жогорку даражалуу өкүлдөрүнө карата люстрация жөнүндөгү мыйзамды өткөрүү аракеттерин улантарын билдирди.
Жакында Грузияда өлкөнүн футбол федерациясынын президентин шайлоо төрт күндүн ичинде эки ирээт өткөрүлдү. Шайлоонун кайталанышы, эки ирээт эки башка адамдын жеңип чыгышы Европанын футбол ассоциациясы - УЕФАнын көңүлүп буруп, шайлоого саясатчылар кийлигишти деген жоромолдорду жаратпай койгон жок.
Казакстанда Конституция өзгөртүлүүдө.Тиешелүү мыйзам долбоорун президент Нурсултан Назарбаев парламенттин кош палатасына сунуш кылды жана ал биринчи окуудан кабыл алынды. Сунуш кылынган өзгөртүүлөрдүн бири президенттин бийлик мөөнөтүн азыркы 7 жылдан 5 жылга түшүрүүнү карайт. Бул жобо толук жактырылса, 2012-жылы Нурсултан Назарбаевдин бийликтеги мөөнөтү аяктаганда күчүнө кирмекчи.
Ислам конференциясы уюмуна кирген өлкөлөрдүн тышкы иштер министрлеринин үч күндүк жыйыны 15-майда Исламабадда башталды. Жыйынга уюмга мүчө 57 өлкөнүн өкүлдөрү, анын ичинде тышкы иштер министрлери, жалпысынан 600дөй делегат катышууда.
Ооганстанда Талибандын белгилүү кол башчысы жок кылынды. Аталган операцияны ишке ашырган НАТО уюму бул окуяны ооган согушкерлеринин олуттуу жоготууга учурашы катары баалады. Ал эми коопсуздук чөйрөсүнө адистешкен айрым аналитиктер жок кылынган талиб колбашчысынын ордун басчылар тез эле табыларын айтып жатышат.
АКШ менен Иран Ирак боюнча түз сүйлөшүү өткөрүүгө даярданууда. Бул маалыматты эки тарап тең ырастады. Азырынча так мөөнөтү белгисиз жыйын алдыдагы апталарда Багдадда болот. АКШ менен Ирактын тышкы иштер министрлеринин Ирак боюнча жакында Египеттеги эл аралык конференцияда көптөн күтүлгөн жолугушуусу ишке ашпай калган эле.
Түркия өлкө президентин тикелей шайлоону көздөй кадам таштоодо. Ушул дүйшөмбүдө парламент өлкө Конституциясына өзгөртүү киргизүүнү караган мыйзам долбоорун биринчи окуудан жактырды. Бирок бул өзгөрүүлөрдүн толук ишке ашуусунан азырынча күмөн санагандар да бар.
Кемин шайлоо чөлкөмүндөгү депутаттык орун үчүн 29-апрелде болгон добуш берүүнүн жүрүшүндө көп сандаган одоно мыйзам бузуулар болгонун байкоочулар белгилешүүдө. Алар төрт участок боюнча добуш берүүнү жараксыз деп таап, жаңы добуш берүүнү талап кылып сотко жана БШКга да кайрылган жатат. Бул жөнүндө “Азатыкка” Бейөкмөт жана коммерциялык эмес уюмдар ассоциациясынын төрайымы Токтайым Үмөталиева билдирди.
Иракта шийиттердин радикал динаятчысы Муктада ал-Садрдын саясий кыймылы өз министрлерине өкмөттөн чыгууну буюруду. Мындай кадамы аркылуу Садрдын саясий кыймылы өлкө премьер- министри Нури ал-Малики америкалык аскерлер өлкөдөн кетүүсүнүн мөөнөтүн белгилөөсү үчүн ага кысым көрсөтүүгө аракеттенүүдө. Ирак өкмөт башчысы болсо ал-Садрдын кыймылындагы министрлерден өкмөттөн кетип жатышын кубаттап, бошогон кызматтар иш билген министрлерге берилээрин билдирди.
Иракта Саддам Хусеиндин режими кулап, өлкө борбору Багдад коалициялык күчтөр тарабынан алынганына 9-апрелде туура төрт жыл толду. Бул датаны утурлай Багдадда коопсуздук чаралары күчөтүлүп, жардырууларды алдын алуу үчүн автоунаалардын каттоосуна тыюу салынды. Ал эми шийиттердин ыйык шаары – Наджафта оң миңдеген адамдар бул күндү антиамерикалык демонстрацияга чыгуу менен белгилешти.
Британия менен Иран ортосунда он үч күнгө созулган дипломатиялык тирешүү 15 британ деңизчисинин бошотулушу менен аяктаган эле. Иран бийликтери аларды туткундан 5-апрелде бошотту. Деңизчилер мекенине кайтып келген соң ага чейин Иранда айткандарын төгүндөшүп, ал жакта психологиялык кысымга кабылган билдиришти.
Украинада саясий кризис уланууда. Өлкөдөгү соңку окуялар 2004-жылкы саргылт ыңкылаптын учурундагыдай миңдеген адамдардын Киевде көчөгө чыгуусун шарттады. Анткен менен бул ирээт аянттагылардын көбү президент Виктор Ющенкону эмес, анын саясий атаандашы премьер-министр Виктор Януковичти колдошууда. Бирок, президентти жактоочулардын да ага көчөдө колдоо көргөзүү ниети бар. Шаршембиде президент кеңсесинин алдында атаандаш эки тараптын тең жактоочулары болду.
Украинада терең саясий кризис. Бүгүн өлкө президенти Виктор Ющенконун парламентти таратуу жөнүндөгү жардыгы күчүнө кирди. Бирок парламенттеги көпчүлүк президенттин жардыгын "мамлекеттик төңкөрүштү көздөй кадам" катары баалап, ага баш ийбей турганын билдирүүдө. Азыркы туңгуюк абалдан чыгуу үчүн эч нерсе жасалбаса, украиналыктар көчөгө агылып, өлкө саясий жана социалдык баш-аламандыка кабылышы да ыктымал. АКШ, Евробиримдик, Орусия Украинанын саясий күчтөрүн мунаса табууга чакырды.
Улуттар уюмунун адам укуктары боюнча кеңеши ушул дүйшөмбүдөгү жыйынында Иран менен Өзбекстандагы адам укуктарынын абалын иликтеп турууну токтотуу чечимин кабыл алган. Мындай чечим кээ бир өлкөлөр, атап айтканда Кошмо Штаттар жана адам укугун коргоочу бир катар эл аралык уюмдар тарабынан кескин сынга алынды. Ага катар БУУнун адам укуктары боюнча азыркы мекемеси да мурдагысынан эч айрымаланбай калдыбы деген суроонун чыгышын шарттады.
Ушу тапта 27 өлкөнүн башын бириктирген Евробиримдик өткөн жумада өзүнүн 50 жылдык мааракесин белгилеген эле. Уюмдун эң ири жетишкендиги катары анын кеңейгендиги айтылып жүрөт. Бирок дал ушул маселе шаркеттин келечеги боюнча ага мүчө өлкөлөр арасында терең ажырымды да жаратты.
25-мартта Евробиримдик Берлиндеги салтанатта өзүнүн 50 жылдык мааракесин белгиледи. Мааракенин немец башкалаасында өтүп жатышы, Германия уюмдун учурдагы төрагасы экендигинде. Ал эми азыр 27 өлкөнү баш коштурган уюм Италиянын борбору Римде "жарык дүйнөгө"келген.
Иракта өлкөнүн мурдагы вице- президенти Таха Яссин Рамадан дарга асылды. Бул окуя Иракка АКШ баштаган күчтөр кол салган күндүн төрт жылдыгына туш келди. Ушуну менен Саддам Хусеиндин өзүн кошкондо, Ирактын мурдагы режиминин жогорку даражалуу төртүнчү өкүлү сот чечиминен кийин өлүм жазасына тартылып олтурат.
Азыркы дүйнөнүн жети керемети кайсылар? Бул тизмеге кирүүчү жети кереметти аныктоого сиз да катыша аласыз. Добуш берүү Интернет аркылуу, быйылкы жылдын 7-июлуна чейин жүргүзүлмөкчү.
Дүйнөдөгү жүргүнчү учактардын азырынча эң ириси деп эсептелген А380 Атлантиканы ашып, Европадан АКШга алгачкы каттамын 19-мартта жасады.
Улуттар уюмунун башкы ассамблеясы уюмдун ишин реформалоо боюнча баш катчы Пан Ги Мун тарабынан киргизилген айрым маанилүү сунуштарды өткөн аптада колдоду. БУУнун башкаруу системасын реформалоо аракеттери уюмдун башкы каржылоочусу - АКШнын талабынан жана азык-түлүк үчүн мунай деп аталган программанын айланасында коррупциялык жаңаалдардан улам мурдагы башкатчы Кофи Аннандын кызмат мөөнөтүнүн акыркы эки жылында башталган эле.
Дагы жүктөңүз