"Азаттыктын" Прагадагы кеңсесинин кызматкери, журналист, саясат жана экономика тармактары боюнча адис. Кыргыз улуттук университетинин журналистика факультетин аяктаган.
Израил эл аралык коомчулукту Палестинанын жаңы өкмөтүн да бойкоттоону улантууга чакырды. Бул тууралуу өкмөттүн жекшембидеги жыйынында премьер- министр Эхуд Ольмерт айтты. Мунун алдында АКШ менен Евробиримдик да Палестинанын жаңы өкмөтүн эл аралык ортомчулар аныктаган принциптерди карманууга үндөгөн эле.
Улуттар уюмунда Ирак боюнча өткөн эл аралык конференцияга 90дой өлкөнүн өкүлү катышты. Жыйын катышуучуларын Ирактын өкмөтү өлкөнү стабилдештирүүнүн экономикалык планы менен тааныштырды. Беш жылга эсептелген бул жаңы план ишке 30-апрелден кеч эмес киргизилиши керек.
Румыния быйыл жаңы жылдан тарта Евробиримдикке кошулгандан бери өлкөнүн коңшу Молдовадагы консулдугунда туристтик виза алууну көздөп, күнүнө кезекке тургандардын саны жүздөп саналат. Мындан сырткары акыркы айларда жүз миңдеген молдовандар румын паспортун алууга арыз берген экен. Бул көрүнүш батыш маалымат каражаттарында молдовандар арзан жумушчу күч катары Европаны каптап кетеби деген чоочулоолорду жаратты. Анткен менен мындай жагдайдан Евробиримдик менен Румынияга караганда Молдова өзү көбүрөөк кооптонот.
Кошмо Штаттардын президенти Жорж Буш соңку бир аптада жакынкы коңшуларды, Түштүк Американын беш өлкөсүн кыдырды. Буштун администрациясы көңүлдү көбүнесе коопсуздук маселелерине буруп, жакынкы коңшулар менен алаканы унутта калтырганы үчүн сынга алынган эле. Өз визитин утурлай, АКШ президенти регионго бир нече миллион доллардык жардам көргөзүү программасын жарыялаган. АКШ президетинин иш сапары ийгиликтүү болдубу?
Иранда, жергиликтүү баяндамачылардын байкоосунда, акыркы айларда өлкөнүн саясий күчтөрүндө орун которуштуруулар орун алып, азыркы президент Ахмадинеджаддын өкмөтүнүн дарегине сын утур-утур айтыла баштады. Бул окуялар өлкөнүн азыркы президентине ыктаган радикалдарга каршы борборчулдар же прагматиктер деп мүнөздөлүп жүргөн күчтөрдү камтыган оппозициянын жаралышына алып келиши мүмкүн.
Орусия, өлкөнүн расмий өкүлдөрүнүн билдиргенине караганда, Иранга өзөктүк отунду, мурда белгиленгендей, ушул айда жөнөтпөйт. Бул алардын ырастоосунда, Тегеран курулушун Орусия жүргүзүп жаткан Бушер атомдук электростанциясы (АЭС) боюнча төлөмдөрдү өз убагында жүргүзбөгөнүнө байланыштуу. Орус маалымат каражаттары ошондой эле Москва Иран уран байытууну токтотуу жөнүндөгү эл аралык талапты моюндабаганына капа экенин кабарлоодо. Анткен менен бул жерде Орусиянын чечиминен башка нерселер да болушу мүмкүнбү?
Орусия президенти Владимир Путин 13-мартта Италияда башталып жаткан визити учурунда Ватиканга да барып, Рим-католик чиркөөсүнүн башчысы Папа Бенедикт XVI менен кездешет. Орус – провослав жана Рим-католик чиркөөсүнүн ортосунда узактан берки талаш-тартыштар бар. Андыктан бул жолугушуу эки чиркөөнүн мамилеси жылый баштагандыгынын белгиси ирээтинде каралууда.
Борбор Азия аймагын байырлаган жапайы жаныбарлардын бири – Бухара бугулары тукум курут болуп кетүү коркунучуна кабылган эле. Бирок акыркы жети –сегиз жылдан бери көрүлүп жаткан аракеттер аларды сактоо гана эмес көбөйтүүгө үмүт жаратууда. Ал эми айлана –чөйрөнү коргоочулар бул жаныбар байырлаган жерлер али жакшыраак коргоону талап кыларын эскертип жатышат.
Кыргызстан Борбор Азиянын ортосунда жайгашса, Чехия Европанын ортосунан орун алган. Аянты Кыргызстандыкынан эки эсе аз, калкы эки эсе көп. Ушу тапта кыргыз студенттери гана эмес эмгек мигранттары да жеткен бул өлкөнү чын эле туризмдин мекени деп атоого болот. Туризмди жазган журналисттердин эл аралык федерациясы – ФИЖЕТ (FIJET) уюмунун Чехиянын курорттук Карловы Вары шаарындагы конгрессине катышуу учурунда кабарчыбыз Улан Эшматов бул өлкөнүн туристтик индустриясы менен жакындан таанышуу мүмкүндүгүнө ээ болгон эле жана учурда туризмди өнүктүрүүгө умтулуп жаткан Кыргызстан үчүн Чехиядан алуучу тажрыйбалар да жок эмес.
Мамлекеттик телерадиокомпанияны коомдук телерадиокөрсөтүү кылып кайра уюштуруу жөнүндө парламент кабыл алган мыйзамдолбоорун президент Курманбек Бакиев вето коюп кайтарып бергени коомчулукка ушул жумада белгилүү болду. Мамлекет башчынын кандай негиздерге таянып ушундай чечимге келгени жөнүндө президенттин басма сөз кызматынын жетекчиси Досалы Эсеналиев «Азаттыкка» айтып берди.
Дүйнө католиктери жана батыштык башка чиркөөлөрдүн жолун жолдогондор бул күндөрү Пасха майрамын белгилешүүдө. Майрамга байланыштуу кечээ Ватикандагы Ыйык Петр аянтында чогулган миңдеген сыйынуучулар алдында Рим Папасы Бенедикт XVI кайрылуу жасады жана өз сөзүндө дүйнөдөгү чыр-чатактарды тынч жол менен чечүү зарылдыгын белгиледи.
Атом энергетикасы боюнча эл аралык агенттик- МАГАТЭнин директорлор кеңеши бүгүн Венада башталуучу жыйынында Ирандын талаштуу өзөктүк программасы боюнча эми кандай чечимге келүү керектигин талккулайт. Анын соңунан Ирандын мааселеси БУУнун Коопсуздук кеңешине берилиши ыктымал. Мындай шартта Тегеранга каршы санкция киргизилүүсү мүмкүн. Иран кокус маселе БУУнун Коопсуздук кеңешине берилсе, уранды байытуу ишин кеңири масштабда жүргүзүүгө киришээрин билдирди. Ага катар тегерандык расмий өкүлдөр сүйлөшүүлөрдө бурулуш болушу мүмкүн экенин да жокко чыгарбады.
Орусияда калк санынын кыскаруусу - өлкө туш болуп жаткан негизги проблемалардын бири. Расмий маалыматтар боюнча азыр өлкөдө элдин саны 143 миллион деп эсептелет жана жылына 700 миңге азайууда. Айрым эксперттердин болжолунда, эгер ушундай ыргак сакталса, 2050-жылга карата Орусия калкынын саны 120 миллионду эле түзүп калуусу мүмкүн. Жакында ушул маселе Мамлекеттик думада талкууланды.
Өзбекстанда оппозициянын дагы бир өкүлү эркинен ажыратылды. Ташкендин соту "Күнөстүү Өзбекстан" деген коалициянын мүчөсү Надира Хидоятованы бир катар экономикалык кылмыштарды жасаган деген айып менен он жылга түрмөгө кести. Бирок Хидоятованын жактоочулары сот ишинин саясий жүйөөсү бар деп эсептейт. Былтыр май айында Андижандагы кандуу окуялардан кийин, "Күнөстүү Өзбекстан" коалициясы өзбек бийлигин кескин сынга алып, президент Ислам Каримовдун кызматтан чегинүүсүн талап кылган эле.
Казакстанда бийлик оппозициянын таанымал лидери Алтынбек Сарсенбаевди өлтүрүүгө көрсөтмө берген адам катары парламенттин жогорку палатасы – Сенаттын кеңсе башчысы Эржан Үтөмбаевди атады. Бул тууралуу расмий түрдө дүйшөмбү күнү жарыяланды. Бирок оппозиция өкүлдөрү, маркум Сарсенбаевдин туугандары менен катар айрым байкоочулар да расмий тергөөнүн жогорудагыдай баштапкы жыйынтыгынан күмөн санашууда.
Евробиримдиктин тышкы иштер министрлери дүйшөмбү күнү Брюсселдеги жыйынында Сербияга эскертүү жасады. Эгер Белград Гаагадагы эл аралык трибуналга Балкандын Ратко Младич өңдүү башкы аскерий кылмышкерин келерки айдын соңуна чейин кармап бербесе, келечекте өлкөнүн Евробиримдикке кирүүсү боюнча баштапкы сүйлөшүүлөр үзгүлтүккө учурашы ыктымал.
Европа менен Азияда дүйнө өкмөттөрү улам бир өлкөдө катталып жаткан канаттуунун сасык тумоосунун вирусу жайылуусун токтотуу аракетин көрүүдө. Анткен менен вирустун тароосу уланып жатат. Дүйнөнүн калкы боюнча эң көп өлкөсү - Кытай жазда, жапайы куштар жер которгон учурда анын жайылуу ыргагы тездеши мүмкүн экенин эскертти.
Орусияда 23-февраль - Мекен коргоочулардын күнү түрдүү майрамдык иш -чаралар, жөө жүрүштөр, митингдер менен белгиленди. Аскер кызматчылары менен согуш ардагерлерине сый-урмат көргөзүлдү. Бирок мындан 62 жыл илгээри дал ушул күндөрү орун алган окуялар федералдык деңгээлдеги расмий өкүлдөр тарабынан эскерилбеди. 1944-жылдын 23-24-февралында Сталиндин буйругу менен дээрлик жарым миллиондой чечен жана ингуш калкы Борбор Азияга, анын ичинде Кыргызстанга депортацияланган болчу.
Палестинада, жаңы өкмөттү жакындагы парламенттик шайлоодо жеңишке жетишкен Хамас уюмунун Газа секторундагы лидери Исмаил Хания жетектей турган болду. Палестин автономиясынын президенти Махмуд Аббас шейшембиде аны расмий түрдө премьер- министрликке дайындап, өкмөттү курууну тапшырды. Көпчүлүк палестиндер улуттук биримдиктин үнү болот деп үмүттөнгөн Исмаил Хания деген ким өзү?.
Иран өзөктүк программасы БУУнун Коопсуздук кеңешинде каралышын алдын алуу үчүн соңку дипломатиялык аракеттерди көрүп жаткандай. Өлкөнүн тышкы иштер министри Манучехр Моттаки дүйшөмбү күнү Брюсселде, Еврокомиссияда болду. Ал эми Тегерандын дагы бир делегациясы соңку эки күндөн бери Москвада Орусиянын уранды анын аймагында байытуу сунушу боюнча сүйлөшүүлөрдү өткөрдү. Орус тышкы иштер министри Сергей Лавровдун айтымында, азырынча сүйлөшүүлөр боюнча бир жаңсыл тыянак чыгаруу эртелик кылат.
Дагы жүктөңүз