"Азаттыктын" Прагадагы кеңсесинин кызматкери, журналист, саясат жана экономика тармактары боюнча адис. Кыргыз улуттук университетинин журналистика факультетин аяктаган.
Түркмөнстанда 19-февраль, жекшембиде Желек күнү белгиленди. Бирок түркмөн жарандары үчүн мындан да маанилүүсү, 19-февраль - президент Сапармурад Ниязов жарык дүйнөгө келген күн экендиги. Бийликте акыркы жыйырма жыл ашуун убакыттан бери турган, мамлекетти түбөлүк башкарууга укук алган Түркмөнбашы бул күнү алтымыш алтыга чыкты. Кош майрамдын урматына Ашхабадда аскерий парад өткөрүлдү.
Палестин аймагында 18-февралда жаңы парламент ишке киришти. Парламентте бул ирээт согушчан Хамас уюмунун өкүлдөрү үстөмдүк кылат. Палестин лидери Махмуд Аббас Хамастан жаңы өкмөттү курууну суранды. Ал эми Махмуд Аббастын Израил менен буга чейин кол коюлган тынчтык келишимдерин таануу жөнүндөгү талабы хамасчылар тарабынан дароо эле четке кагылды.
Кошмо Штаттар террорчу деп шектелген чет өлкөлүк жарандар үчүн Кубанын Гуантанамо аралында уюштурган түрмөгө байланыштуу Вашингтон менен Улуттар уюмунун кайым айтышуусу күчөөдө. БУУнун башкатчысы Кофи Аннан ал түрмөнү жакын арада жабуу керек деп эсептейт. Ал эми Кошмо штаттар БУУнун Гуантанамо боюнча жаңы жарыяланган докладын эски кептерди эле кайра эске салгандык катары баалап, аны жабуу жөнүндөгү чакырыктарды четке какты.
Израилдин премьер – министри Ариэль Шаронго ишембиде чукул операция жасалды. Мунун алдында дарыгерлер анын саламаттыгы кескин начарлап кеткенин, өмүрүнө коркунуч бар экенин маалымдашкан эле. Төрт саатка созулган операциядан соң Ариэль Шарондун абалы оор, бирок стабилдүү, өмүрүнө ушу тапта коркунуч жок деп айтылды.
Келечекте АКШнын эң башкы аскерий атаандашына Кытай айланышы мүмкүн. Бул тууралуу Пентагондун жаңы жарыяланган иликтөөсүндө айтылган. Бирок Пекин америкалык тараптын баасына макул эмес. Ал эми Кытайдын экономикалык гана эмес аскерий кубаты өсүп жатышынын жакынкы коңшуларга таасири кандай?
Ооганстанда, НАТОнун аскерлери жаңы эрежелердин негизинде аракеттене баштады. НАТО тарабынан жакында жактырылган эрежелер аскерлерге, эгер коркунуч туулса, өзүн коргоо үчүн алдын ала чара көрүүгө уруксат берет. Жаңы эреже Мухаммед пайгамбарга тартылган карикатураларга байланышкан жаңжаал Ооганстанда да уланып жаткан учурда сынактан өткөндөй болду.
Дүйшөмбү күнү, АКШда Сенат террорчулар менен алакасы бар шектелген адамдарга көзөмөл жүргүзүү боюнча өкмөттүк программанын мыйзамдуулугун териштирди. Бирок Кошмо Штаттардын 1978-жылы эле кабыл алынган мыйзамы өлкөнүн ичинде соттун уруксатысыз тыңчылык кылууга тыюу салат. Ал эми АКШнын президенти Жорж Буш мамлекет башчысынын Конституцияда каралган ыйгарым укуктары жана Сенаттын 2001-жылдагы терракттардан кийин Ооганстанда "ал-Каидага" каршы согуш ачууга жол ачкан резолюциясы ага ошол мыйзамды айланып өтүүгө мүмкүндүк берерин айтып келе жатат.
Британ башкааласы Лондондо өткөн аптада болгон эл аралык конференцияда Ооганстанда алдыдагы беш жылдын аралыгында ишке ашырылуучу милдет – максаттарды белгилеген документ кабыл алынды. Жыйында ошондой эле ал милдеттерди ишке ашыруу үчүн Ооганстанга эл аралык коомчулуктун ири каржылык жардамы убада кылынды. Бирок эксперттердин пикиринде, маселен, коопсуздук чөйрөсүндө мерчемделген милдеттердин ошол мөөнөттө ишке ашуусу боюнча али күмөн санаткан жагдайлар бар.
Мухаммед пайгамбарга тартылып, ислам дүйнөсүндө кыжырдануу жараткан карикатуралар ушул аптада Франция, Германия, Италия, Испаниянын басылмаларында да жарыяланды. Мунун алдында эле бир катар араб өлкөлөрүндө нааразылык демонстрациялары өткөн эле. Албууттанып көчөгө чыккан адамдар скандинавиялык гезиттерде Мухаммед пайгамбарга тартылган сүрөттөрдүн басылышын аны келекелегендик катары баалашкан. Карикатураны эң биринчи болуп басып, чыракка май тамгызган даниялык гезит акыр аягында жарым –жартылай кечирим сурады. Бул окуя ошол эле кезекте Европадагы сөз эркиндиги боюнча талкууларды да жаратууда.
АКШнын президенти Жорж Буш Конгресстин кош палатасынын жыйынында өлкөгө жылдык кайрылуу менен чыгып сүйлөдү. Буш өз сөзүндө белгилегендей, Кошмо Штаттар азыркы тышкы саясатынан чегинбейт. Ал эми азыркы багыттан артка кайтуу өзүн -өзү изоляциялагандык дегенди билдирет. Соңку кездери Жорж Буштун калк арасындагы беделинин төмөндөшүнө анын дал ушул тышкы саясаты чоң салым кошкон эле.
Тажикстанда президент Эмомали Рахмонов, соңку күндөрү бийлик тепкичтеринде бир катар кадрдык өзгөртүүлөрдү жасады. Президенттин мындай чечимдеринин артында кандай себептер менен жатышы мүмкүн. Айрымдар муну алдыдагы шайлоо менен да байланыштырууда.
Польшада ондогон адамдардын өлүмүн алып келген кырсыкка байланыштуу бүгүн үч күнгө аза күтүү күнү жарыяланды. Катовица деген шаарда ишембинин кечинде көргөзмө борбордун чатырынын урап түшүүсүнөн каза тапкандардын саны алтымыш алтыга жетти, дагы 141 киши жаракат алган. Курмандыктардын саны өсүшү мүмкүн, анткени урандылардын алдында дагы адамдар бар деп эсептелүүдө. Кырсыкка имараты долбоорлоо учурунда кетирилген катачылыктар же кардын калыңдыгы себеп болгону азырынча белгисиз.
Иракта, мурдагы президент Саддам Хусеиндин үстүнөн жүрүп жаткан сот жараяны алдыдагы жекшембиге чейин токтотулду. Анын себебин соттун өкүлү айрым күбөлөрдүн чет өлкөлөрдө жүргөндүгүнө байланыштуу деп түшүндүрдү.Сот ишинин кайра башталуусу шейшемби күнгө белгиленген болчу. Анткен менен мунун жуп алдында сот жараянында төргалык кылууга жаңы адамдын дайындалышы кайчы пикирлерди жараткан эле.
Казакстанда, экономика мурдагы советтик республикалардын башкаларына салыштырмалуу тез өнүгүүдө. 2005-жылдын экономикалык жыйынтыктары азырынча толук чыгарыла элек, бирок баштапкы эсептөөлөргө караганда, улуттук дүң өндүрүш былтыр 9,2%га жогорулаган. Анткен менен эксперттер Казакстандын экономикалык ийгилиги эл аралык базарда мунай баасынын кыбаттыгына көз каранды болгондуктан, туруктуу эмес экенин белгилешет.
Косоводо провинциянын президенти Ибрагим Ругованын дүйнөдөн өткөндүгүнө байланыштуу 15 күнгө аза күтүү жарыяланды. Ругованын сөөгү учурда элдин коштошуусу үчүн провинциянын борбору Приштинада, парламент имаратына коюлган. Аны акыркы сапарга узатуу жөрөлгөсү 26 –январда болот.
Кабардин – Балкар республикасынын борбору Нальчик шаарына согушкерлердин былтыр октябрда жасаган жортуулунан кийин ага тикелей жана кыйыр катышы бар деген шек менен, расмий маалыматтар боюнча, алтымыштан ашуун адам камалган. Бирок укук коргоочулар камалгандардын саны мындан көптүгүн, алардын басымдуу бөлүгүнүн бул кандуу окуяга тиешеси жоктугун айтышат. Шектелгендердин ичинен дайынсыз жоголгон экөөсүнүн тагдырына ушу тапта туугандары, адвокаттары тынчсызданып, жергиликтүү жана федералдык бийликтерден аларды таап берүүнү талап кылууда.
Кечээ Брюсселде, Европарламенттеги талкууларда Орусиядагы, өзгөчө Чеченстандагы адам укуктары маселеси көтөрүлүп, парламентарийлер Евробиримдиктин аткаруучу органы –Еврокомиссияны Орусияга карата өтө эле дипломатиялык ыкманы карманып жатканы үчүн катуу сынга алышты. Талкуунун жыйынтыгы катары бейшембиде добушка салынуучу резолюцияда евродепутаттар Евробиримдиктин Орусияда адам укуктарынынын бузулушуна карата мамилесин айыптачыдай. Бирок документ милдеттендирген күчкө ээ болбойт.
Кечээ Ирандын борбору Тегеранда өлкө президентинин кеңсесинен алдына чогулган демонстранттар өкмөттөн жакында Иран – Пакистан чек арасынан уурдалып кеткен жоокерлерди тезинен бошотуп берүүнү талап кылышты. Жоокерлердин туугандарынын айтымында, аскерлерди кармап кеткен топ, эгер Иран өкмөтү үч күндүн ичинде алардын төрт өкүлүн абактан чыгарып жана кун төлөбөсө, барымтадагылардын өмүрүн кыярын эскерткен.
Жакында Дүйнөлүк Саламаттыкты сактоо уюмунун Лондондогу лабораториясы Түркияда канаттуунун сасык тумоосунан каза тапкан балдардан алынган вирустун үлгүлөрү ал азырынча адамдан – адамга жугуучу формага өтпөгөнүн ырастаганын билдирди. Көпчүлүккө анча белгисиз бул медициналык мекеме - Сасык тумоонун дүйнөлүк борбору деп аталат. Анын лабораториясы куш ылаңын алып келген вирустун табияттын аныктоодо маанилүү роль ойноодо.
Евробиримдик канаттуунун сасык тумоосунун жайылышын токтотуу үчүн 80 миллон евро же 100 миллион доллар ажыратууну убада кылууда. Бул тууралуу расмий түрдө ушул аптада кытай башкалаасы - Пекинде өтүүчү эл аралык жыйында жарыяланган жатат.
Дагы жүктөңүз