Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
18-Сентябрь, 2025-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 01:32

ПОЛЬШАДА ЧАТЫР УРАП, АЛТЫМЫШТАН АШУУН АДАМ АЖАЛ ТАПТЫ


Польшада ондогон адамдардын өлүмүн алып келген кырсыкка байланыштуу бүгүн үч күнгө аза күтүү күнү жарыяланды. Катовица деген шаарда ишембинин кечинде көргөзмө борбордун чатырынын урап түшүүсүнөн каза тапкандардын саны алтымыш алтыга жетти, дагы 141 киши жаракат алган. Курмандыктардын саны өсүшү мүмкүн, анткени урандылардын алдында дагы адамдар бар деп эсептелүүдө. Кырсыкка имараты долбоорлоо учурунда кетирилген катачылыктар же кардын калыңдыгы себеп болгону азырынча белгисиз.

Польшанын борбору Варшавадан 350 чакырымдай түштүк- батышта жайгашкан Катовица шаарында, чатыры урап түшкөн көргөзмө борборго куткаруучулар тез эле жетип келишти. Адамдарды издөөдө жарык бергичтерди эле эмес, мобилдик телефондорду пайдаланып жатышты. Куткаруу иштерине полицей, өрт өчүргүчтөр, жергиликтүү шахтынын кызматкерлери, баары болуп 1000дей адам тартылды. Өрт өчүргүчтөр, маселен, урандылардын алдына жаткандар тоңуп калбаш үчүн ысык аба берүүгө аракеттеништи.

Кырсык болгон кезде, көлөмү футболдук стадиондой келген көргөзмө борбордун ичинде жүздөгөн адамдар жыйналган эле. Көгүчкөндөрдүн жарышын көрүү максатында чогулгандардын арасында поляктар гана эмес, Бельгия, Голландия, Германия, Украинадан келген ышкыбоздор бар болчу. Чатыр урай баштаган кезде качып чыгууга үлгүргөн адамдардын бири мындай дейт:

-Чатыр бир нече секунддун аралыгында эле урады. Дүрбөлөңгө түшүүгө эч кимде убакыт болгон жок. Мен жардам сураган кыйкырыктарды гана уктум. Баары кыйкырып жатышты. Адамдар колдон келишинче бири –бирине жардам берүгө аракеттеништи. Мен өзүмдү гана алып чыктым, бирок эч кимге жардам бере албадым.


Польшанын премьер-министри Казимеж Марцинкевич өткөн түнү кырсык болгон жерге келип, окуяны улуттук трагедия деп атады:

-Бул - трагедия. Мен жабыр тарткандардын үй-бүлөлөрүнө көңүл айтам. Аларга баардык, анын ичинде каржылык жардам да көргөзүлөт.

Польша да быйыл соңку ондогон жылдардан берки эң катаал кышты баштан кечирүүдө. Европанын башка аймактарындай эле күндүн сууктугу 30 градуска чейин жеткен учурлар болду. Андан улам суука тоңуп, 200дөн ашуун адам каза тапкан. Калкты коомдук унаа жана газ менен камсыздоо жаатында да проблемалар орун алды.

Ушул айдын башында Германияда кардын калыңдыгынан улам муз тебүүчү жайдын чатыры урап, 15 адам мерт болгон. Чехияда да ири дүкөндүн чатыры сынып, бактыга жараша кырсык эл аз кезде болгондуктан, бир адам жаракат алган.
  • 16x9 Image

    Улан Алымкул уулу Эшматов

    "Азаттыктын" Прагадагы кеңсесинин кызматкери, журналист, саясат жана экономика тармактары боюнча адис. Кыргыз улуттук университетинин журналистика факультетин аяктаган.

XS
SM
MD
LG