Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
18-Сентябрь, 2025-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 01:30

ООГАНСТАНДА НАТО АСКЕРЛЕРИ ЖАҢЫ ЭРЕЖЕЛЕРДИН НЕГИЗИНДЕ АРАКЕТТЕНЕ БАШТАДЫ


Ооганстанда, НАТОнун аскерлери жаңы эрежелердин негизинде аракеттене баштады. НАТО тарабынан жакында жактырылган эрежелер аскерлерге, эгер коркунуч туулса, өзүн коргоо үчүн алдын ала чара көрүүгө уруксат берет. Жаңы эреже Мухаммед пайгамбарга тартылган карикатураларга байланышкан жаңжаал Ооганстанда да уланып жаткан учурда сынактан өткөндөй болду.

Мухаммед пайгамбарга тартылган азил- сүрөттөргө жаалданган жүздөгөн оогандардын тобу ушул шейшемби күнү Ооганганстандын түндүк-батышындагы Меймена деген шаарда Норвегиянын аскерий базасына чабуул коюшкан эле. Себеби адегенде даниялык гезитте чыккан карикатураларды кийинчерээк норвегиялык басылмалар да көчүрүп басышкан болчу. Окуя учурунда төрт адам каза тапты. Бирок ага ким жоопкер экендиги боюнча бири экинчисине кайчы келген маалыматтар түштү. Жергиликтүү бийлик өкүлдөрүнүн айтымында, норвегиялык аскерлер, демонстранттар ок чыгарган соң жооп беришкен. Бирок ошол эле учурда айрым маалымат агенттикттеринин кабарчылары кагылышуу демонстранттар менен ооган полицейлери ортосунда орун алганын билдиришти.

Норвегиянын коргоо министрлигин өкүлдөрү болсо алардын аскерлери демонстранттарга каршы көздөн жаш агызуучу газ жана желим окторду колдонгонун, жардамга даниялык аскерий учак чакырытылып, ал адамдардын үстүнөн айланып учуп, эскертүү ирээтинде эки ирээт ок чыгарганын ырастады.

Аскерий аналитиктер норвегиялык жоокерлер ок атуу менен аракеттенүү эржесин бузбаганын белгилешүүдө. Иш жүзүндө эреже аларга демонстранттар курал колдоно баштаганга чейин эле ушундай кадамга баарууга уруксат бермек. Коргонуу тармагына адистешкен британиялык аналитик Иан Кемптин пикиринде, ал эрежелер ошондой эле жоокерлерге көзөмөл бекетте аларды көздөй токтобостон катуу ылдамдыкта келе жаткан автоунааны атууга да жол берет деп чечмелөөгө болот:

-НАТОнун күчтөрүнө алар кол салууга кабыларын сезген учурда ок чыгаруусуна уруксат берилүүдө. Жалпылап айтканда, чабуул жасоочулардын колунда кандайдыр бир куралы:мылтыгы, гранаталары бар экени аныкталган учурда. Албетте, көзөмөл бекетте аскерлерди көздөй катуу ылдамдыкта келе жаткан автоунаа көп учурларда алардын өмүрүнө коркунуч туудургандай сезилет. Мындай учурда да аскерлер ал автоунааны токтотуу үчүн ок чыгара алмак.

Ал эми НАТО уюмунун басма сөз катчысы Жеймс Аппатерайдын "Азаттык жана Эркин Европа" радиосунун кабарчысына билдиргенине караганда, жаңы эреже Ооганстанды Талибан жана "ал-Каида" согушкерлери менен уруш уланып жаткан түштүк аймагына жиберилүүчү жоокерлерге гана эмес, Улуттар уюмунун мандаты астында жайгаштырылган эл аралык коопсуздук күчтөрүнө да тиешелүү:

Бул жаңыланган жана кеңейтилген эрежелер эл аралык коопсуздук күчтөрү алар коопсуздугуна жана ишине коркунуч жаралган кезде эмне кыла аларын ачыктап берет. Эл аралык коопсуздук күчтөрү ишке бир кол артына таңылып жиберилбеши айныксыз. Бул - эгер алар дөңсөдө жашырынып тургандарда байкаса, качан кол салынып, жоготууга учураганча күтүп олтура бербестен, өзүлөрүн коргоо үчүн зарыл болсо алдын –ала чара көрө алат дегендик.

Ооган президенти Хамид Карзай, АКШ баштаган антитеррордук колациянын, НАТО баштаган эл аралык коопсуздук күчтөрүн командачылыгын да ооган өкмөтүнүн уруксатын албастан туруп, карапайым тургундардын үйүн тинтүү практикасын токтотууга чакырган эле. Аскерлери антитеррордук күрөшкө тартылган АКШ мындай сунушту кабыл алган жок. Ал эми НАТОнун өкүлүнүн айтымында, алар мындай операцияны өзгөчө бир шарттарда гана жүргүзөт:

НАТО баштаган эл аралык коопсуздук күчтөрү террорчулардын жолбашчыларын издеп, жок кылуу ишине тартылбайт. Бул - Ооганстанда "Майтарылбас эркиндик" операцисын жүргүзүп, террорчулар менен алардын жолбашчыларын издеп жаткандардын иши. Алардын өз эрежеси бар, ыйгарым укуктары бир топ кеңири. Эл аралык коопсуздук күчтөрү козголоңчулар алардын ишине тоскоолдук кылган учурда чара көрүшү мүмкүн.

НАТОнун өкүлү белгилегендей, быйыл Ооганстанга кошумча жиберилүүчү алты миң аскердин көбү өлкөнүн түштүгүнө жайгаштырылат. Алар Ооганстандын аймактарында калыбына келтирүү боюнча долбоорлорду ишке ашырып жаткандардын коопсуздугун камсыз кылмакчы.
  • 16x9 Image

    Улан Алымкул уулу Эшматов

    "Азаттыктын" Прагадагы кеңсесинин кызматкери, журналист, саясат жана экономика тармактары боюнча адис. Кыргыз улуттук университетинин журналистика факультетин аяктаган.

XS
SM
MD
LG