"Азаттыктын" Прагадагы кеңсесинин кызматкери, журналист, саясат жана экономика тармактары боюнча адис. Кыргыз улуттук университетинин журналистика факультетин аяктаган.
Иран эгер анын өзөктүк программасына байланышкан маселе БУУнун Коопсуздук кеңешине берилсе, Атом энергетикасы боюнча эл аралык агенттик – МАГАТЭ менен кызматташуусун токтоторун билдирди. Мунун алдында Евробиримдиктин үч өлкөсү: Германия, Франция, Британия Тегеран санкцияга кабылышы мүмкүн экенин эскерткен эле. АКШ Мамлекеттик катчысы Кондолиза Райс Ирандагы акыркы окуяларды "коркунучтуу" деп атап, европалык үч өлкөнүн соңку кадамдарын колдоду. Апта башында Иран эки жылдан бери тоңдурулуп турган өзөктүк изилдөөлөрүн кайра жандандырууга киришкен болчу.
Иран соңку эки жыл бою токтоп турган турган өзөктүк изилдөөлөрүн кайра жандандыруусу Кошмо Штаттар менен Европанын тынчын алууда. Алар Тегерен тынчтык максатта делген программасына жамынып алып, өзөктүк курал жасоодо деп кооптонушат. Дегеле Ирандын өзөктүк курал чыгаруу мүмкүнчүлгү канчалык? "Азаттык" жана "Эркин Европа" радиосунун Вашингтондогу кабарчысы Роберт Макмахондун ушул багыттагы суроолоруна өзөктүк куралды жайылтпоо багытында иш жүргүзгөн америкалык мурдагы жогорку даражалуу расмий өкүл, азыр Карнеги фондунун Москвадагы кеңсесинин директору Розе Готтемюллер жооп берди.
Мунай менен газдын баасы улам өсүп жаткан шартта, дүйнө мамлекеттери кайрадан өзөктүк энергия өндүрүү мүмкүнчүлүгүнө кайрылууда. Өнөр жайлуу өлкөлөр ошондой эле өзөктүк энергиясыз алар абага булганыч газдарды бөлүп чыгарууну азайтуу боюнча милдеттемелерин да орундата албасын аңдап биле баштады.
Жаңы башталган 2006–жылы Улуттар уюму үчүн Адам укуктары боюнча комиссиясын реформалоо артыкчылык берилген иштердин бири болмокчу. Мунун жүйөөсү эмнеде?
Орусия жана Украина эки ортодогу газ чатагын чечүүгө багытталган сүйлөшүүлөрүн улантууда, бирок тараптар мунасага келе элек. Орусиянын келерки жылга газ баасын дээрлик төрт эсе ашуун көтөрүүсү украин президенти Виктор Ющенко үчүн ал мамлекет башчысынын кызматына киришкенден берки эң чоң проблема болгонсуду. Газ баасынын кымбаттоосунун Украинага тийүүчү ыктымал саясий жана экономикалык кесепеттери кайсылар?
Жаңы жылга үч эле күн калганы менен Орусия жана Украина келерки жылга көгүлтүр оттун баасын макулдаша элек. Украин өкмөт башчысы Юрий Ехануровдун шаршемби күнү билдирүүсүнө караганда, Орусиянын баа боюнча соңку сунушу кабыл алынгыс жана муну Украинага экономикалык кысым көргөзүү катары баалоого болот. Украин өкмөт башчысы ошондой эле газ чатагы акыр барып эл аралык сотто аякташы мүмкүн экенин белгиледи.
Өзбекстандын Андижан шаарында быйыл май айында орун алган кандуу окуяларга катышы бар деп айыпталгандардын арасынан азырынча 150дөн ашуун адам соттолду. Өлкөнүн Башкы прокуратурасы сот жараяндары адилет өттү жана эл аралык коомчулуктун сыны негизсиз деп эсептейт. Бул тууралуу Улуттар уюмунун Адам укуктары комиссиясы соттун акыйкаттуулугуна күмөнсүнүү билдирген соң айтылды.
Жаңы жылга саналуу эле күн калганы менен Орусия жана Украина келерки жыл үчүн көгүлтүр оттун баасын макулдаша элек. "Газпромдун" өкүлүнүн жума күнкү билдирүүсүнө караганда, алар 31 –декабрдан кийин Украинага газ берүүнү токтотууга даяр жана 23-декабрда бул максатта атайын машыгуу иш чарасы өткөрүлдү. Мурдарак украин өкмөт башчысы Юрий Ехануров тараптар эгер мунаса таба албаса, Киев эл аралык арбитраждык сотко кайрылышы мүмкүн экенин ишара кылган болчу. Москва азырынча буга жооп бере элек.
Индонезияда канаттуунун сасык тумоосу илдетинен дагы эки адам көз жумганы ырасталды. Мунун аралыгында дүйнө өлкөлөрүнүн өкмөттөрү канаттуунун сасык тумоосу илдетинин вирусуна каршы эң эффективдүү дары катары эсептелген "Тамифлунун" корун топтоо үчүн миллиарддаган доллар коротууну пландоодо.Бирок "Жаңы Англиянын медициналык журналы" ( New England Journal of Medicine) деп аталган кадыр- барктуу илимий басылмада жарыяланган иликтөөгө караганда, канаттуунун сасык тумоосу илдетинин вирусу аталган дарыга деле моюн бербеген учурлар бар экен.
Иракта өткөн аптада болгон парламенттик шайлоонун добуштарын саноо уланууда. Анын толук эмес жыйынтыктарына караганда, шийиттердин Бириккен Ирак альянсы деп аталган коалициясы башкалаа Багдадда жана түштүк провинцияларда көч башында келе жатат. Ал эми сунниттердин негизги коалициясы шайлоонун баштапкы жыйынтыктарын сындап, добуш берүүнү кайрадан өткөрүү чакырыгы менен чыкты. Суннит коалициясынын пикиринде, добуштар бурмаланган. Бирок өлкөнүн Борбордук шайлоо комиссиясынын төрагасы буга эч кандай олуттуу жүйөө жок деп эсептейт.
Европа парламентиндеги саясий топтордун лидерлери Европанын аймагында АКШнын Борбордук чалгын кызматынын жашыруун түрмөлөрү болушу мүмкүн деген маалыматтар боюнча атайын иликтөө жүргүзүүнү макулдашты. Европарламенттеги негизги саясий фракциялардын баары террорчулукта шектелген адамдарды уурдап кетүүнү, мыйзамсыз кармоону же кыйноого алууну айыпташып, эгер жогорудагы маалыматтар ырасталса, Евробиримдик чара көрүшү керек деп эсептешет.
Гонконгдо Бүткүл дүйнөлүк соода уюмунун бир апталык жыйыны башталды. Уюмга мүчө 149 өлкөнүн өкүлдөрү глобалдык соодадагы тоскоолдуктарды жоюп, аны либералдаштыруунун жолдорун талкуулоодо. Буга чейинки жолугушуулардай эле уюмдун азыркы жыйыны да антиглобалисттердин нааразылык акциясы менен коштолуп жатат.
Иракта 15-декабрга белгиленген парламенттик шайлоо үчүн күн мурунтан добуш берүү башталды. Бүгүн ооруканда жаткандар, түрмөдөгүлөр, коопсуздук кызматкерлери добуш беришти. Шейшембиде болсо чет өлкөлөрдө жашаган ирактыктар добуш берет. Алар үчүн 15 өлкөдө шайлоо бекеттери ачылган. Ошентип, Саддам Хусеиндин режими кулагандан бери ирактыктар алгачкы ирээт мыйзамда көргөзүлгөн мөөнөткө иштөөчү толук кандуу парламентти ушул бейшембиде шайламакчы. Шайлоону утурлай коопсуздук чаралары күчөтүлдү. Шайлоонун ирактык күрддөр үчүн мааниси канчалык ?
АКШ Мамлекеттик катчысы Кондолиза Райс кечээ Брюсселде НАТО уюмуна кирген өлкөлөрдүн тышкы иштер министрлери менен сүйлөшүүлөрдү өткөрдү. Жолугушууда башка маселелердин катарында АКШнын Борбордук чалгын кызматынын террорчулукта шектелген адамдарды кармоо үчүн Европада жашыруун түрмөлөрү бар жана камактагылардын укуктары бузулган деген маалыматтардын айланасында да сөз жүрдү. Жыйындан кийин айтылгандай, европалык министрлер АКШ Мамлекеттик катчысынын түшүндүрмөсүнө канаатанды.
АКШнын Мамлекеттик катчысы Кондолиза Райс кечээ Киевде болуп президент Виктор Юшенко баштаган украин бийликтери менен сүйлөшүү өткөрдү. Өз сөзүндө Кондолиза Райс Вашингтон Украинанын келечектеги саясий –экономикалык реформаларына колдоо көргөзөрүн билдирди.
"Хьюман Райтс Уочт" уюму Орусия курамындагы Кабардин –Балкар республикасынын коопсуздук күчтөрүн быйыл октябрь айында согушкерлердин Нальчик шаарына жасаган кол салуусуна катышы бар деген шек менен камалгандардан оң көрсөтмө чыгаруу максатында күч колдонулганы үчүн айыптады. Камактагылардын адвокаттары да алардын кардарлары абактан кыйноого алынганы боюнча далилдер бар экенин билдиришүүдө.
Кошмо Штаттарда Сенаттын аскердик маселелер боюнча комитетинин төрагасы Жон Уорнер АКШнын Ирактагы беделин жакшыртуу максатында Пентагон менен келишими бар жеке фирма тарабынан ирактык журналисттер менен гезиттерге акча төлөнгөн деген маалыматтар боюнча иликтөө жүргүзүүдө. Ал эми АКШнын коргоо министри Дональд Рамсфелд маалымат каражаттары Ирак боюнча терс жаңылыктарга гана көбүрөөк басым жасап, кырдаалды иш жүзүндөгүдөн да жаман кылып көргөзүүдө деп эсептейт.
Казакстандын шайлоо бекеттеринде жүргүзүлгөн сурамжылоонун жыйынтыктары, азыркы президент Нурсултан Назарбаев атаандаштарынан чоң ажырым менен алдыга чыгып, президенттикке кайра шайланганын көргөзүүдө. Ал эми оппозициячыл талапкерлер шайлоодо мыйзам бузуулар кеңири орун алганын билдиришти. Шайлоо кечээ, 4- декабрда өттү.
Украина, Грузия, Балтика жана Чыгыш Европанын башка өлкөлөрүнүн Киевдеги жыйынынын соңунан жума күнү “Демократиялык тандоо коому” деп аталган жаңы чөлкөмдүк уюм түзүлөөрү күтүлүүдө. Айрым саясий эксперттер жаңы бирикемени Көз арандысыз мамлекеттер шериктештигине атаандаш ирээтинде карашат. Бирок жаңы бирикменин турмушка жарамдуулугу али күмөн туудурган маселе.
Чехиянын башкалаасы Прагада 28-30-ноябрь күндөрү Чыгыш Европа жана мурдагы Советтер Союзуна кирген өлкөлөрдүн Омбудсмен жана адам укуктары боюнча улуттук институттарынын өкүлдөрүнүн конференциясы болду. Улуттар уюмунун өнүктүрүү программасы демөөрчүлүк кылган жыйында Омбудсмендер адатта өз милдетин аркалоодо туш болгон проблемалар да талкууланды.
Дагы жүктөңүз