"Азаттыктын" Прагадагы кеңсесинин кызматкери, журналист, саясат жана экономика тармактары боюнча адис. Кыргыз улуттук университетинин журналистика факультетин аяктаган.
Улуттар уюмунун Наркозаттар жана кылмыштуулук боюнча мекемеси өзүнүн жаңы отчетун жарыялады. Анда белгиленгендей, Ооганстанда апийим айдалуучу аянттын өлчөмү 21%га азайганы менен жаратылыштын жагымдуу шарты кайра эле түшүмдүн арбын болушуна алып келди. Жалпысынан быйыл Ооганстанда апийим өндүрүшүнүн көлөмү 2%дан ашуунга төмөндөгөнү менен келерки жылга божомолдор кайра эле кооптуу.
Боснияда 90-жылдардын биринчи жарымындагы жарандык согуштун токтошуна алып келген Дейтон келишимине ушул аптада он жыл толду. Аталган келишимдин он жылдыгынын урматына Вашингтондо өткөн сүйлөшүүлөрдө Босния жана Герцеговинанын лидерлери өлкөдө борбордук өкмөттүн ордун чыңдоочу конституциялык реформа баштоону макулдашты. АКШнын мамлекеттик катчысы Кондолиза Райс босниялык лидерлердин чечимин кубаттап, аларды убадасын келерки жылдын март айына карата аткарууга чакырды.
22-ноябрь - Украинадагы саргылт ыңкылаптын бир жылдык мааракеси. Андан бир күндөн соң Грузия роза ыңкылабынын эки жылдыгын белгилейт. Бул өлкөлөрдөгү бийликтин ыңкылап аркылуу, бирок тынч алмашуусуна бир катар факторлор: башкаруучу режимдердин коррупцияланышуусу, экономикалык деградация, адам укуктарынын тебелениши түрткү болгон эле. Андан бери аталган өлкөлөрдүн экономикалык, социалдык турмушунда олуттуу өзгөрүүлөр орун алдыбы?
Ирактын улуттук жарашуусу боюнча эл аралык конференцияны даярдоо максатында ирактык лидерлердин жолугушуусу Каирде өтүп жатат. Өлкөдөгү улуттук, диний тайпалардын негизгилери болгон суннит, күрд жана шийит лидерлери Араб лигасынын демөөрчүлүгү астында жолугушууда.
Иракта кыянатчыл окуялар уланууда. Жума күндөн бери эле кол салуулар жана жардыруулардан 140тан ашуун киши өмүрүнөн айрылды. Ондогондору жаракат алды.
АКШ жана Түштүк Корея президенттери бейшемби күнкү жолугушуусунда Түндүк Кореяда өзөктүк курал болушуна жол берилбей турганын билдиришти. Жорж Буш менен Но Му Хен ошондой эле Түндүк Кореянын өзөктүк курал программасына байланышкан чатак дипломатиялык жол менен чечилиш керектигин белгилешти. АКШ президенти ага катар эки корей мамлекетинин акыр аягында кошулуусуна колдоо билдирди.
16-ноябрда Тунисте информациялык коом боюнча дүйнөлүк саммиттин экинчи этабы башталды. Улуттар Уюму тарабынан өткөрүлүп жаткан кеңешмеге дүйнөнүн 175 өлкөсүнөн расмий бийлик, жеке компаниялардын, бейөкмөт уюмдардын өкүлдөрү катышууда. Эл аралык бейөкмөт уюмдардын бири - "Чек арасыз кабарчылар" жыйынды утурлай "Интернеттин душмандары" деп эсептелген өлкөлөрдүн тизмесин даярдады. Анын көч башында Кытай менен Иран турат. КМШ аймагынан Беларус, Өзбекстан, Түркмөнстан бөлүп көргөзүлгөн.
Казакстандагы президенттик шайлоого бир айдан аз убакыт калды. Казак оппозициясынын жана эл аралык коомчулуктун өкүлдөрү тарабынан шайлоо кампаниясынын жүрүшүндөгү мыйзам бузуулар, куугунтуктоолор жөнүндө айтылып жатканы менен айрым иликтөөлөр Нурсултан Назарбаевди шайлоочулардын төрттөн үч бөлүгү колдоорун көргөзүүдө. Эгер жогорудагыдай жоромолдор чын болсо, Казакстандын азыркы президенти шайлоочуларды кандай программасы менен өзүнө тартып жатат?
Күчтүү жер титирөөгө кабылган Пакистанга дүйнөнүн бир катар өлкөлөрү өз жардамдарын жөнөтүүдө. Кырсык болгон аймакта учурда чет элдик куткаруучулар да иштеп жатат. Пакистан өкмөтү зилзаладан 20 миң адам каза тапканын ырастады. Бирок бул сан 30-40 миңге чыгып кетиши ыктымал. Ал эми үй-жайсыз калгандардын саны 4 миллион адамга жетиши мүмкүндүгү болжолдонууда.
Түркияда канаттуунун сасык тумоосу илдети боюнча биринчи учур катталды, өлкө бийликтери кырдаал көзөмөлдө деп ырастоодо. Ал эми мунун аралыгында, Румынияда жүздөгөн үй канаттуулары жок кылынып, андан соң өрттөлө баштады. Румын кыштактарынын биринен жума күнү канаттуунун сасык тумоосу боюнча жаңы учурлар табылган эле.
Күчү Рихтер таякчасы менен 7,6 баллды түзгөн жер титирөөнүн очогу Пакистандын борбору Исламабаддан 100 чакырымдай түндүк-чыгышта орун алган. Бул - Пакистан менен Индия ортосунда талашка түшүп келе жаткан Кашмир чөлкөмүнүн аймагы. Зилзалага кабылган чөлкөм сейсмикалык жактан активдүү экени мурдатан эле белгилүү болчу. Расмий өкүлдөр 8- октябрдагы жер тититөө соңку кездегилердин эң күчтүүсү экенин айтышууда.
НАТО уюму Ооганстанда өз командачылыгы астындагы эл аралык коопсуздук күчтөрүнүн санын көбөйтүүгө ниеттенүүдө. Бирок уюмдун айрым европалык мүчөлөрү НАТО Ооганстанда коопсуздукту сактоо боюнча өз миссиясын гана аткарышын жана ал жердеги согушкерлерге каршы операцияларга тартылган аскерлерге командачылык кылуусун каалабайт. Ал эми НАТОнун башкатчысы Яап де Хооп Схеффер бүгүн Кабулда болгон учурунда Ооганстандагы чет элдик эки аскерий контингентин ортосунда тыгыз карым-катнаш зарыл экенин белгиледи.
Түркиянын Европа Биримдигине мүчөлүгү боюнча сүйлөшүүлөр расмий башталды. Буга арналган кыска салтанат дүйшөмбүдөн шейшембиге караган түнү Люксембургда өттү. Анын алдында тараптар өз ара пикир-келишпестиктерин четтете алган макулдашууга жетишкен эле.
Дүйнөлүк Экономикалык форум уюму дүйнө мамлекеттеринин экономикадагы атаандаштык мүмкүнчүлгү боюнча соңку иликтөөсүнүн жыйынтыгын жарыялады. Тизмеде Кыргызстанга акырынан экинчи орун ыйгарылган.
Европарламент кечээ кызуу талаш-тартыштардан кийин Түркия менен Евробиримдик ортосундагы Бажы союзу жөнүндөгү келишимди ратификациялоону кийинки калтырды. Жогорудагыдай чечимди 311 депутат колдоп, 285и каршы болду.
Германиядагы жакынкы парламенттик шайлоодо бир да партия өз алдынча өкмөт түзүү укугуна ээ болгон жок. Өлкөнүн эң ири эки партиясы: Христиан-демократтар менен Социал-демократтардын өкүлдөрү өкмөттү биргелешип курууга багытталган сүйлөшүүлөрдү өткөрөт.
АКШнын түштүк-чыгыш жээктерине жакындап келе жаткан "Рита" ураганына коркунучтун эң жогорку - бешинчи категориясы ыйгарылды. Шамалдын ылдамдыгы урагандын очогунда саатына 280 чакырымдан ашат. Бороон АКШнын жээктерине ишемби күнү эртең менен жетери күтүлүүдө. Техас жана Луизиана штаттарынан бир миллиондон ашуун адам көчүрүлүп жатат.
Жапониянын "Хаябуса" деп аталган космос аппараты бул күндөрү Жер менен Марстын ортосундагы астероиддердин биринин айланасында, 20 чакырым аралыкта учуп жүрөт. Алдыдагы апталарда астериодди иликтеп, андан соң биринчи жолу анын үстүңкү кыртышынын үлгүсүн алмакчы. Ал эми чогултулган минералдар Жерге эки жылдан соң гана түшүрүлөт.
Ооганстанда шейшембиден тарта парламенттик шайлоонун добуштарын саноо башталышы керек. Өлкө бийликтери жекшембидеги шайлоону демократияга өтүүдөгү тарыхый кадам катары баалашты. Добуш бергендердин саны былтыр күздөгү президенттик шайлоодон бир топ төмөн болду. Талибдердин шайлоону үзгүлтүккө учуратары жөнүндөгү коркутуусуна карабай, расмий өкүлдөрдүн айтымында, добуш берүү тынч маанайда өттү. Шайлоонун баштапкы жыйынтыктары эми келерки айда гана белгилүү болот.
Өткөн айда Орусияда чет элдик инвестициянын өсүшү менен баалуу кагаздар рыногунун көрсөткүчтөрү бир топко жогорулады. Бирок тескерисинче, орус өкмөтү жарыялаган маалыматтарга караганда, экономикага карата ички ишеним төмөндөөдө. Капиталдын четке агылуусу тездеп жатат. Мындай жагдайда Орусияда экономикалык ишеним калыбына келе баштады деп айтууга болобу?
Дагы жүктөңүз