Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
17-Сентябрь, 2025-жыл, шаршемби, Бишкек убактысы 23:23

ОРУСИЯДА КАЛК САНЫ КЫСКАРУУДА


Орусияда калк санынын кыскаруусу - өлкө туш болуп жаткан негизги проблемалардын бири. Расмий маалыматтар боюнча азыр өлкөдө элдин саны 143 миллион деп эсептелет жана жылына 700 миңге азайууда. Айрым эксперттердин болжолунда, эгер ушундай ыргак сакталса, 2050-жылга карата Орусия калкынын саны 120 миллионду эле түзүп калуусу мүмкүн. Жакында ушул маселе Мамлекеттик думада талкууланды.

Демографиялык кризистин Орусия үчүн экономикалык гана эмес, геосаясий да мааниси да бар экени айныксыз. Аймагы Евразиянын 30%ын ээлеген Орусия, кокус эл азайса, ал аймакты жөн эле көзөмөлдөй албай калышы мүмкүн. Жакында өлкөнүн Саламаттыкты сактоо министри Михаил Зурабов Мамлекеттик думада ушул маселе талкууланган учурда Орусияда калк 1990-жылдардан бери кыскарып жатканын белгиледи. Министрдин айтымында, 1993-2005-жылдардын аралыгында элдин саны 4%га же 5,8 миллионго азайган. 2005-жылдын өзүндө эле төмөндөө 735 500дү түздү.

Калк санынын кыскаруусуна салым кошкон негизги факторлор - балдардын төрөлүү көрсөткүчүнүн аздыгы, тескерисинче өлүмдүн жогорулугу, орточо өмүр жаштын кыскалыгы жана табихый эмес себептерден улам өмүр менен кош айтышкан адамдардын көптүгү. Орусияны жылына орто эсеп менен ар бир 1000 адамдын 15и өмүрүнөн айрылат. Салыштырып карасак, Европада бул көрсөткүч 5ти, АКШда 6,5, ал эми Жапонияны 3,4тү түзөт.

Саламаттыкты сактоо министринин билдиргенине караганда, Орусияда эркектердин орточо жаш курагы 58, аялдардыкы 72. Михаил Зурабов белгилегендей, орусиялыктардын 30%ы, өзгөчө эркектер, пенсия курагына жете бербейт.

Айтор, ушундай шартта Орусия калк санынын төмөндөсүн канткенде токтото алуусу мүмкүн? Кырдаал өзүнөн- өзү эле жөнгө салынып кетпешин баары: бийлик өкүлдөр да, эксперттер да моюнга алышат. Айрымдар мисалы демографиялык крзисити чечүүгө миграциялык саясаттын либералдаштырылышы жардам берээрин сунуш кылган эле. Москва айткандай эле мурдагы советтик республикалардын жарандары Орусиянын атуулдугун жеңилдетилген жол менен алуусун караган айрым чечимдерди кабыл алды. Бирок саламаттыкты сактоо министри Михаил Зурабовдун пикиринде жагдайды миграция аркылуу жөнгө салуу да реалдуу эмес. Маселен, былтыр расмий эсеп боюнча мигранттардын эсебинен элдин саны 107 миңге эле көбөйгөн. Анткен менен Орусияда мыйзамсыз жүргөн мигранттардын саны 5 –10 миллион деп саналат.

Орусия Илимдер академиясындагы социалдык- экономикалык проблемалар институтунун эксперти Елена Тюрюканова өкмөттө азыр калк санын көбөйтүүгө жардам бергидей ачык –айкын миграциялык саясат жок экенин айтат:

-Бир жагынан алар эшикти ачып, атуулдукту жеңилирээк алгыдай кылуудан кооптонушууда, экинчи жагынан өтө катаал чара көрүүгө да болбойт. Себеби саясат мигранттарды кабыл алууга багытталган. Азырынча мамлекетте концепция жок. Андыктан утурумдук гана чаралар көрүлүүдө.

Саламаттыкты сактоо министри Михаил Зурабовдун Мамлекеттик думадагы талкуу учурунда айтканына караганда, алдыда Орусиянын демографиялык өнүгүү концепциясы даярдалмачы. Анда адамдардын орточо жашоо курагын, балдардын төрөлүү көрсөткүчүн жогорулатуу боюнча улуттук максаттар белгиленет. Ириде балдардын көбрөөк төрөлүшүнө стимул бере турган шарттарды түзүү керек.

Өлүм санынын көптүгү, тескерисинче төрөлүү көрсөткүчүнүн төмөндүгүнүн себеби катары айрым депуттар калктын басымдуу бөлүгүнүн жашоо шарттынын начардыгын аташты. Думанын Саламаттыкты сактоо комитетинин төрайымы Татьяна Яковлеванын айтымында, эгер Орусия кардиологиялык жана онкологиялык илдеттерден көз жумгандардын саны евопалык деңгээлге түшүрө алса, өлкөдө адам өмүрүнүн орточо узактыгы алты жылдан кийин жогоруламак.
  • 16x9 Image

    Улан Алымкул уулу Эшматов

    "Азаттыктын" Прагадагы кеңсесинин кызматкери, журналист, саясат жана экономика тармактары боюнча адис. Кыргыз улуттук университетинин журналистика факультетин аяктаган.

XS
SM
MD
LG