"Азаттыктын" Прагадагы кеңсесинин кызматкери, журналист, саясат жана экономика тармактары боюнча адис. Кыргыз улуттук университетинин журналистика факультетин аяктаган.
Бүгүн (жекшембиде) Кениянын башкалаасы Найробиде Судандын өкмөтү менен өлкөнүн түштүгүндөгү козголоңчулар көп тараптуу тынчтык келишимине кол коюшту. Ага ылайык Африкада эң узакка созулган граждандык согуш токтошу керек. Бирок бул келишим Судандын Дарфур чөлкөмүндөгү башка бир жаңжалды камтыбайт.
Түштүк-чыгыш Азияда жана Африкада өткөн жекшембидеги жер титирөөнүн жана Инди океанынын зилзаладан улам чыккан кубаттуу ташкынынын айынан курман болгондордун саны сексен миңден ашты. Нечен миңдеген адамдардын, анын ичинде чет элдик туристтердин дайыны белгисиз. Алааматка кабылган аймактарда куткаруу иштери кызуу жүрүп жатат. Дүйнөлүк Саламаттыкты сактоо уюму эпидемия таралышына жол бербөө зарылдыгын эскертүүдө.
Европанын "Гюгенс" деп аталган космос иликтөөчү аппараты учурда Сатурн планетасынын Титан спутнигин көздөй жол алды. Мунун алдында ал америкалык "Кассини" кемесинен ийгиликтүү ажыраган эле. Эгер баары пландалгандай жүрсө "Гюгенс" Титандын атмосферасына келерки айдын орто ченинде кирет жана бул Сатурун планетасынын спутнигинде алгачы изилдөө болмокчу.
Иракта сунниттердин ири партиясынын келерки айдын соңунда өтүүчү парламенттик шайлоого катышпоосу бул саясий өнөктүктүн келечегине көлөкө түшүрүүдө. Ирак ислам партиясы жарыштан чыгышын өлкөдөгү кырдаал шайлоо өткөрүүгө жол бербестиги менен түшүндүрдү.
Европанын "Гюгенс" деп аталган космос иликтөөчү аппараты учурда Сатурн планетасынын Титан спутнигин көздөй бара жатат. Мунун алдында ал америкалык "Кассини" кемесинен ийгиликтүү ажыраган эле. Эгер баары пландалгандай жүрсө "Гюгенс" Титандын атмосферасына келерки айдын орто ченинде кирет жана бул Сатурун планетасынын спутнигинде алгачы изилдөө болмокчу.
Украиналыктар бүгүн президенттик шайлоодо үчүнчү ирээт добуш беришти. Анын алгачкы жыйынтыктары дүйшөмбү күнү таң эрте маалым болмокчу.
АКШ армиясы Ирактын Мосул шаарындагы шейшемби күнкү жардыруунун чоо-жайын иликтөөдө. Кеминде 22 адамдын, анын ичинде 18 америкалыктын өмүрүн алган бул кол салуу - АКШ армиясы үчүн эң кандуу окуялардын бири болду. Президент Жорж Буш каза тапкан жоокерлердин үй-бүлөлөрүнө көңүл айтып, Иракта эркиндик үчүн күрөш токтобосун билдирди.
Дүйшөмбү жана шейшемби күндөрү Германияда орус президенти Владимир Путин менен немец канцлери Герхард Шрөдөрдүн сүйлөшүүлөрү өттү. Өлкөнүн түндүгүндөгү Шлезвиг шаарында болгон сүйлөшүүлөрдүн соңунан эки өлкө ортосунда бир нече келишимдер кабыл алынды. Путин Чеченстан менен байланышкан проблемаларды чечүү үчүн Евробиримдик, анын ичинде Германия менен иштешүүгө даяр экенин билдирди.
Грузиянын өкмөтүндө өткөн аптада бир катар кайра түзүүлөр жүргүзүлдү. Күч мекемелеринин жетекчилери алмаштырылды. Ал эми президент Михаил Саакашвили өз билдирүүлөрүнүн биринде Грузиянын жикчил чөлкөмдөрүнүн үстүнөн көзөмөл орнотуу үчүн күч колдонууга барышы мүмкүн экенин ишара кылса, экинчисинде аймактык бүтүндүк тынч жол менен гана калыбына келтирлээри жөнүндөгү мурдагы сөздөрүн кайра кайталады.
Пакистан президенти Первез Мушарафтын жаңы жылдан кийин да армия башчысынын кызматын сактап калары жөнүндөгү жарыясы өлкө парламентиндеги оппозициячыл депутаттардын нааразылыгын жаратууда. Мушараф башкы командачылыктан кетүүнү былтыр убада кылып, мунун ордуна оппозиция өлкө Конституциясына президенттин ыйгарым укуктарын кеңейткен өзгөртүүлөрдүн киргизилишин колдогон эле.
Евробиримдиктин үч өлкөсү: Британия, Германия, Франция Иран менен анын өзөктүк программасы жаатында жетишилген макулдашууну ийгилик катары баалады. Дипломаттардын айтымында, Иранды уранды байытуу программасын токтотууга милдеттендирген бул макулдашуу - узак убакытка эсептелген келечек келишимдин башталышы. Анткен менен бул баштапкы макулдашуу эле Тегеран үчүн анын өзөктүк программасына байланыштан кризистен, АКШ көптөн бери көздөп жүргөндөй маселенин БУУнун Коопсуздук кеңешине берилишинен качууга жетиштүү болчудай.
Бүгүн Багдаддын борбордук бөлүгүндө бомбаланган автоунаанын жарылуусунан кеминде он адамдын өмүрү кыйылды. Ал эми Багдаддан алтымыш чакырымча батышта жайгашкан Фаллужа шаарында уруштар уланууда. Америкалык жана ирактык аскерлер шаарды согушкерлерден тазалоо максатын көздөгөн операциянын жыйынтыктоочу баскычын өткөрүп жатышат.
АКШдагы президенттик шайлоого дүйнөнүн азыркыдай кызыгуусу сейрек болгон. Дегеле быйылкы саясий өнөктүк ондогон жылдардан берки өтө маанилүү шайлоо катары эсептелиши мүмкүн. Анын маанилүүлүгү шайлоодо жеңип чыккан адамга эларалык саясат менен экономиканын багытын аныктоодо жетектөөчү орун таандык экендигинде. Ошондой эле террорго каршы АКШ баштаган согуш жүрүп жатканын эске алганда кийинки президент согуш жана тынчтык маселесин да чечет.
АКШда президенттик шайлоонун сааты жакындоодо. Мамлекет башчылыгына талапкерлердин негизги экөөсү тең штаттарды кыдырып, соңку үгүт иштерин жүргүзүп жатат. "Ал-Каиданын" лидери Усама бин –Ладендин жаңы видеотасмасы көргөзүлгөндөн бери атаандаштардын сөздөрүндө коопсуздук жана террор коркунучуна байланышкан маселелер үстөмдүк кылууда.
Адам укуктарын коргоочу Эл аралык Мунапыс уюму өзүнүн жаңы отчетунда АКШ бийликтерин антитеррордук согуштун учурунда туткундалгандарга мамиле жасоодо Кыйноого каршы эл аралык конвенциянын талаптарын бузуп жатканы үчүн сынга алды. Уюмдун пикиринде, президент Жорж Буштун администрациясы адам укуктарын коргоону көздөгөн мыйзамдарды аткаргандын ордуна аларды айланып өтүүнүн жолун табууга көбүрөөк кызыкдар болуп жатат.
Ушул аптанын башында Ашхабадда Түркмөнстандын эң жогорку бийлик органы катары эсептелген – Халк Маслахатынын жыйыны аяктап, анда делегаттар президент Сапармурад Ниязовдун 2008-2009-жылдары шайлоо өткөрүү жөнүндөгү сунушун четке какты. Эксперттерден айтымында, мындай чечимдин өлкөдөгү саясий кырдаалга эч таасири тийбейт.
Америкалык "Вашингтон Пост" гезитинин жазганына караганда, учурда Ооганстанда жана ага коңшу Пакистанда АКШ менен анын өнөктөштөрүнүн аскерлерине каршы күрөшүп жаткан согушкерлердин арасында Гуантанамодогу түрмөдөн бошотулгандардын кеминде ону бар. Ошондой согушкерлердин экөөсү жакында Ооганстандын Кандагар шаарынан чет жакасынан кармалган.
Ооганстандын учурдагы лидери Хамид Карзай өлкөдө алгачкы ирээт өткөрүлгөн демократиялык шайлоонун биринчи айлампасынын жыйынтыгы менен эле айныксыз жеңишке жетишет сыяктуу. Добуштардын 95пайыздайы саналгандан кийинки маалыматтар ооганстандыктардын басымдуу бөлүгү Карзайды колдогонун көргөзүүдө. Анын негизги атаандашы Юнус Кануни шайлоодо утулганын моюнга алды.
Дагы жүктөңүз