"Азаттыктын" Прагадагы кеңсесинин кызматкери, журналист, саясат жана экономика тармактары боюнча адис. Кыргыз улуттук университетинин журналистика факультетин аяктаган.
Беларусияда өткөн жекшембидеги референдумдун жана парламенттик шайлоонун жыйынтыгына нааразылык билдирип көчөгө чыккандардын айырымдары, анын ичинде оппозиция лидерлери соттолууда. Башкалаа Минскиде нааразылык акциясы дүйшөмбүдө башталган эле. Шейшембинин кечинде болсо укук коргоо органдары демонстранттарга каршы күч колдонду. Мунун аралыгында Евробиримдик Беларусиядагы кырдаалга тынчыздануу билдирди.
Келерки айда Кениянын борбору Найробиде жер миналарына тыюу салуу маселесине арналган дүйнөлүк жыйын өтөт. Ал эми Жер миналарына тыюу салуу боюнча эларалык кампания деп аталган бейөкмөт уюм өзүнүн келерки айда жарыялануучу жылдык отчётунда тынчызданууну жараткан өлкө катары - Орусияны бөлүп көрсөтүүнү белгилөөдө. Себеби аталган уюм согушкерлер менен кагылышуулар уланып жаткан Чеченстанды дүйнөнүн минадан айырыкча жабыр чеккен чөлкөмү деп эсептейт.
АКШдагы президенттик шайлоого эки аптадай убакыт калды. АКШнын салттуу өнөктөштөрү катары эсептелген он өлкөдө шайлоо алдында жүргүзүлгөн сурамжылоолор алардын сегизинде калктын басымдуу бөлүгү сенатор Жон Керри азыркы президент Жорж Бушту жеңип чыгышын кааларын көргөздү. Эксперттер муну Жорж Буштун АКШ президенти катары тышкы саясаттагы бир тараптуулугу менен түшүндүрүшүүдө.
АКШнын авиациясы менен танктары Ирактын Фаллужа шаарында козголоңчулардын турумдарына сокку уруусун улантууда. Козголоңчулар да ок менен жооп берип жатышат. Сунни козголоңчуларынын борборуна айланган бул калаа азыр америкалык, ирактык аскерлердин курчоосунда. Мурдараак Ирактын утурумдук өкмөтү теги иорданиялык согушкер Абу Мусаб ал-Заркави жана анын адамдары түгөл өткөрүлүп берилбесе, Фаллужага ири чабуул жасаларын эскерткен. Өкмөт согушкерлерди кармап берүү чакырыгы менен шаар тургундарына бүгүн да кайрылды.
АКШнын Коргоо министри Дональд Рамсфелд Иракта козголоңчулар ээлеп турган жерлерде көзөмөлдү калыбына келтирүү үчүн ири масштабдагы аскерий операциялар зарыл деп эсептейт. Рамсфелд мунун ийгиликтүү мисалы катары сунниттер басымдуулук кылган Самарра шаары үч күнкү чабуулдун натыйжасында козголоңчулардан кайтарылып алынышын атады. Бирок аналитиктердин пикиринде мындай жерлерде аскерий жеңиштин артынан атуулдук көзөмөл орнотуу маанилүү жана ал татаал болушу мүмкүн.
АКШ аскерлери Самарра шаарында козголоңчуларга каршы операциясын улантып жатат. Маалыматтарга караганда, учурда шаардын 70%ы ирактык жана америкалык күчтөрдүн көзөмөлүндө. Өткөн жума күндөн бери бул жерде 200дөн ашуун согушкер жок кылынган же туткундалган. Ал эми жергиликтүү тургундар менен дарыгерлер карапайым калк арасында жоготуу көп болгонун айтышууда. Гуманитардык уюмдар болсо шаар суусуз, электр жарыгысыз калганына, үй-жайынан безүүгө мажбур болгондордун тагдырына тынчыздануу билдирип жатышат.
Орус президенти Владимир Путин Мамлекеттик думага өлкөдө аткаруу бийлигин чыңдоону караган мыйзамды сунуш кылды. Ага ылайык президентке губернаторлорду кызматтан алууга укук берилет. Кремлдин түшүндүрмөсүнө караганда, мыйзам террорго каршы күрөшүү үчүн зарыл, бирок ага каршы болгондордун айтымында, бул Орусиядагы ансыз деле алсыз демократия жок кылынаарын каңкуулап турат.
Ооганстандагы президенттик шайлоого эки апта убакыт калды. Анткен менен өлкөдөгү коопсуздук жагдайы азыр деле тынчсызданууларды жаратууда. Бул тууралуу президенттикке талапкерлер да, Ооганстанда аскери бар мамлекеттердин өкүлдөрү да айтып жатышат. Маселен АКШ баштаган коалициялык аскерлердин Ооганстандагы командачысынын билдиргенине караганда "ал-Каида", талибдер жана алардын өнөктөштөрү шайлоону үзгүлтүккө учуратуу аракеттерин күчөтүшүүдө.
Түндүк Осетиянын Беслан калаасындагы трагедияны Орусиянын, КМШ өлкөлөрүнүн мусулман динаятчылары да кескин айыпташты. Алардын пикиринде, террорчулардын Бесланда кылган иштери ыйык Курандын насааттарына түп тамырынан каршы келет, алардын аракетинин Исламга эч байланышы жок.
Орусия президенти Владимир Путин Бесландагы барымта кризиси жана анын трагедиялуу жыйынтыгы боюнча ачык иликтөө жүргүзүү зарыл эмес деп эсептейт. Ал бул тууралуу чет элдик журналисттерге берген интервьюсунда билдирди. Путиндин айтымында, укук коргоо органдарынын иликтөөсү эле жетиштүү болот. Анткен менен Орусияда Бесландагы кан төгүүгө байланыштуу бийликтин сындаган үндөр көбөйүүдө.
АКШнын Мамлекеттик катчысынын мурдагы орун басары Лорн Кранер тескери пикирлер айтылып жүргөнү менен президент Жорж Буштун администрациясы өз тышкы саясатында адам укуктары маселесине артыкчылык берип жатат деп эсептейт. Анын айтымында, муну маселен Борбор Азия өлкөлөрүнөн Өзбекстанга экономикалык жардамдын токтотулушу, БУУнун Адам укуктары комиссиясында Түркмөнстанды айыптаган резолюциянын кабыл алынышындагы Вашингтондун көмөгү сындуу иш–чаралар көргөзүүдө. Лорн Кранер бул тууралуу "Азаттык жана Эркин Европа" радиосуна берген интерьвюсунда билдирди.
Шейшембиде Гаагада эл аралык трибуналдагы сот жараянында Югославиянын мурдагы президенти Слободан Милошевич өзүн коргоону баштады. Бул окуя узактан бери күтүлгөн эле. Согуш жана адамзатка каршы жасаган кылмыштары үчүн айыпталып жаткан Милошевич эгер сот күнөөлүү деп тапса, өмүр бою түрмөгө кесилиши мүмкүн. Ал өзүн коргоого арналган алгачкы билдирүүсүндө Югославияны талкалоодогу негизги күч катары эл аралык коомчулукту айыптады.
Алдыдагы дүйшөмбүдө АКШда бийликтеги республикачылардын төрт күндүк курултайы башталган жатат. Нью-Йорк шаарында өтүүчү курултайда азыркы президент Жорж Буш расмий түрдө Республикалык партиянын атынан ноябрдагы президенттик шайлоого талапкер болуп бекитилет. Демократиялык партиянын өткөн айдагы курултайы сыяктуу эле республикачылардын жыйынында да тышкы саясат менен улуттук коопсуздукка байланышкан маселелер басымдуулук кылмакчы. Бирок курултай алдында жана ал жүрүп жаткан кезде Нью-Йорктун көчөлөрүндө демонстрациялар өтөөрү күтүлүүдө.
БУУнун Ооганстандагы өкүлүнүн бул жерде шайлоо алдында коопсуздукту чыңдоонун бир жолу катары чек ара көзөмөлүн күчөтүү жөнүндөгү чакырыгын Пакистан сынга алды. Өлкөнүн БУУдагы элчисинин кечээ Коопсуздук Кеңештин жыйынында билдиргенине караганда, Ооганстандын коопсуздук проблемаларынын көпчүлүгү ички жагдай менен байланышкан. Эл аралык коомчулук октябрдагы президенттик шайлоого ичтен жасалып жаткан кийлигишүүнү алдын алууга көңүл бурушу керек.
Ирактын Нажаф шаарындагы уруштар токтой элек. Шийиттердин радикал динаятчысы Моктада ас- Садрдын америкалык аскерлер менен кармашып жаткан "Мехди" армиясынын өкүлдөрү Нажафтагы имам Али мечитинде турууну улантууда. Ирактык шийиттер үчүн өтө ыйык жай катары саналган мечитти алардын диний көсөмү аятолла Али Систаниге өткөрүп берүү боюнча сүйлөшүүлөрдөн азырынча натыйжа чыга элек.
Учурда АКШда президенттик шайлоо кампаниясы жүрүүдө. Добуш берүү 2-ноябрда болот. Европадагы Коопсуздук жана Кызматташтык уюму АКШдагы быйылкы президенттик шайлоого байкоо салган жатат. Бирок америкалык аналитиктер ЕККУ миссиясынын маанисин ар түрдүүчө баалашууда.
АКШнын Федералдык тергөө бюросу америкалык Бенжамин Вандерфорд деген жаш жигиттин ишин иликтөөдө. Ал өзүн ирактык согушкерлер өлтүрүп жатканын көргөзгөн жалган видеотасманы Интернет аркылуу жайылтып жиберген эле жана батыштык айрым маалымат агенттиктери менен "Ал-Арабия" телеканалы аны болгон окуя катары кабарлоого үлгүргөн болчу.
БУУнун башкатчысы Кофи Аннандын билдиргенине караганда, азырынча Иракка уюмдун атайын күчтөрүнүн курамында өз аскерлерин жиберүүгө даяр бир да өлкө чыкпады. Андыктан уюм эми Иракта АКШ баштаган коалиция аскерлеринин жардамына муктаж болот. Мунун аралыгында Кошмо Штаттар Иракта адамдарды уурдап кетип жаткан согушкерлердин талаптары аткарылбасын дагы бир жолу кайталады. Мамлекеттик департаменттин билдирүүсүндө айтылгандай, Вашингтондун мындай турумун азыр Ирактагы аскерий коалицияга кирген өлкөлөрдүн баары колдойт.
Пакистанда соңку үч аптанын аралыгында "ал-Каида" террордук уюмунун ишмери деген шек менен кеминде 18 адам камакка алынды. Өлкөнүн ички иштер министринин билдиргенине караганда, кармалган "ал-каидачылардын" биринин башы үчүн кезинде бир нече миллион доллар сыйлык жарыяланган. Бирок министр анын ысымын ачыктоодон баш тартты. Ал эми америкалык расмий өкүлдөрдүн айтымында, Вашингтон менен Нью-Йоркто террор коркунучу деңгээлин жогорулатууга дал ушул Пакистандагы камоолордун учурунда алынган фактылар негиз берген.
АКШнын космос агенттиги – НАСА 3–августа Канаверал тумшугундагы космодромдон Меркурийге "Мессенжер" деп аталган изилдөөчү кемесин учурду. Ал аппарат Меркурийге жеткенге чейин жети жыл өтөт. Андан соң аталган планета биринчи жолу кеңири иликтенмекчи. Бул АКШнын космос агенттигинин Меркурийге акыркы 30 жылдын аралыгында алгачкы ирээт өз кемесин учурушу.
Дагы жүктөңүз