"Азаттыктын" Прагадагы кеңсесинин кызматкери, журналист, саясат жана экономика тармактары боюнча адис. Кыргыз улуттук университетинин журналистика факультетин аяктаган.
Иракта Саддам Хусеиндин режими кулагандан бери козголоңчулар тарабынан алгачкы жолу жергиликтүү христиандарга олуттуу сокку урулду. Кечээ кечинде христиандардын беш чиркөөсүнүн сыртында бир учурда жасалган жардыруулардан кеминде он адам каза тапканы ырасталды, бир канчасы жаракат алды. Расмий адамдардын пикиринде, кол салуу ирактык христиандар менен мусулмандарды кайраштыруу максатын көздөгөндөй.
Бостондо АКШнын Демократиялык партиясынын жалпы улуттук курултайы уланууда. Курултайдын бүгүнкү соңку иш күнүндө сенатор Жон Керри сөз сүйлөйт жана ал Деморократиялык партиядан президенттикке талапкер болуп расмий түрдө бекитилмекчи. Курултайда шаршембиде сөз алган ораторлор сенатор Керри жаш кезинде Вьетнам согушуна катышканына басып жасашып, антитеррордук согуштун шарттарында ал өлкөнү азыркы президент Жорж Бушка караганда мыкты башкараарын белгилешти.
Өзбекстанда быйыл март айынын соңунда, апрелдин башында орун алган жардырууларга, кол салууларга катышы бардыгы үчүн айыпталган 15 адамдын үстүнөн ушул дүйшөмбүдө сот башталды. Анын башталышы көргөзгөндөй, бул сот да ашынган исламчылар катары айтыпталгандардын иштери каралган буга чейинки сот жараяндарынын үлгүсүндө жүрүүдө. Мындай сот жараяндары адатта Өзбекстанда бийликтин диний экстремизмди басуу саясатын актоо үчүн кызмат кылып келген.
АКШнын Бостон шаарында оппозициядагы Демократиялык партиянын курултайы өтүп жатат. Анын соңунда, бейшемби күнү сенатор Жон Керри президенттикке талапкер болуп расмий түрдө бекитилмекчи. Курултайдын алгачкы иш күнүндө Демократиялык партиянын көрүнүктүү ишмерлери: мурдагы президенттер Жимми Картер жана Билл Клинтон, мурдагы вице-президент Ал Гор чыгып сүйлөштү. Алар өз сөздөрүндө америкалыктарды республикачыл Жорж Бушту Ак үйдөн кетирүүгө чакырышты.
АКШда бүгүн бийликтеги республикачылардын саясий атаандашы - демократтардын жалпы улуттук курултайы башталат. Төрт күнгө созулуучу курултайдын соңунда сенатор Жон Керри Демократиялык партиядан президенттикке расмий түрдө талапкер болуп бекитилмекчи. Жыйындын ишине 5 миңдей делегат, 15 миңдей журналист жана конок ирээтинде дагы 15 миңдей адам катышканы жатат. Коопсуздук чаралары жерден, абадан, деңизден да күчөтүлдү. АКШнын мурдагы президенти Билл Клинтон жана анын жубайы Хиллари курултайдын алгачкы иш күнүндө башкы ораторлордон болот.
АКШ Сенатынын айрым мүчөлөрү президент Жорж Буштун администрациясын Жакынкы Чыгыштагы тынчтык жараянына жигердүүрөөк катышууга чакырды. Алардын пикиринде, эгер администрация палестин лидери Ясир Арафатты саясатын өзгөртүүгө ынандырса, ал тынчтык жараянында оң роль ойной алмак. Ал эми Мамлекеттик департаменттин жогорку даражалуу өкүлү Сенаттын тышкы байланыштар комитетиндеги угууда Ясир Арафат бийликтен кетмейинче, палестиндер мамлектүүлүккө жетише аларынан күмөнсүнөөрүн билдирди. Мунун аралыгында БУУнун Башкы ассамблеясы Израилден Эл аралык соттун чечимин аткарууну талап кылган резолюцияны көпчүлүк добуш менен кабыл алды.
Түркиянын премьер-министри Режеп Тайып Эрдоган бул күндөрү иш сапары менен Францияда жүрөт. Ал Париждеги сүйлөшүүлөрдө өз өлкөсүнүн Евробиримдикке кирүүсү үчүн Франциянын колдоосун алууну көздөөдө.
АКШ президенти Жорж Буштун кечээги билдирүүсүнө караганда Вашингтон Ирандын 11-сентябрдагы террактарга тиешеси бар же жоктугу боюнча иликтөөнү улантат. Мунун алдында АКШнын Борбордук чалгын кызматынын директорунун милдетин аткаруучу Жон Маклафлин 2001-жылдын 11-сентябрында учактарды карактагандардын айрымдары кол салуунун алдында Ирандын аймагы аркылуу өтүүгө жөндөмдүү болгонун айткан эле. Бирок ЦРУ директорунун милдетин аткаруучу Маклафлин Иран ошол террорчулардын аракетине колдоо көргөзгөнүн ишаара кылган кандайдыр бир далил жок экенин белгилеген. Жогорудагыдай жагдай АКШ-Иран алкасын кай жакка өзгөртүшү мүмкүн?
Палестинадагы өкмөттүк кризис сакталууда. Кечээ көчөгө чыккан миңдеген палестиндер автономиянын коопсуздук кызматынын башчылыгына палестин лидери Ясир Арафаттын атаалаш тууганы дайындалганына нааразылык билдиришкен эле. Бүгүн болсо коопсуздук кызматынын жергиликтүү бөлүмдөрүнүн бирине кол салынды. Мунун алдында кечээ палестин бийлиги Газа секторуна өзгөчө абал жарыялап, премьер-министр Ахмед Корейи Ясир Арафатка отставка сурап кайрылган. Бирок Арафат анын отставка жөнүндөгү өтүнүчүн четке кагууда.
Шаршембиден бери Кытайда Түндүк Кореянын өзөктүк программасы боюнча көп тараптуу сүйлөшүүлөрдүн кезектеги айлампасы өтүүдө. Ак үй кечээ АКШ Түндүк Корея өзөктүк куралдан акырындык менен арылуусу үчүн жаңы план сунуш кылынып жатканын ырастады. Вашингтондун айтымында, эгер Пхеньян ага көнсө саясий жана экономикалык камоол жеңилдейт.
Ингушетиядагы куралдуу кагылыштарда 50дөн ашуун адамдын өмүрү кыйылды, ондогондору жаракат алды. Жергиликтүү бийликтердин маалыматына караганда, курман болгондордун көпчүлүгү укук коргоо органдарында иштегендер. Дүйшөмбүдөн шейшембиге караган түнү кеминде 200дөй куралчан адам Ингушетиянын бир катар шааралары менен кыштактарында административдик имараттарга кол салган эле. Бул кандуу окуяга байланыштуу Ингушетияда үч күн аза күтүү күнү жарыяланды.
Грузиянын курамындагы Ажар автономиясында бүгүн кезексиз шайлоо өтүп жатат. Калк автономиянын Жогорку кеңешинин мүчөлөрүн тандоодо. Кезексиз шайлоо өткөрүү зарылчылыгы Ажариянын мурдагы лидери Аслан Абашидзе май айынын башында бийликтен кулатылган соң келип чыккан.
АКШда 2001-жылдын 11- сентябрындагы терракттардын чоо-жайын иликтеп жаткан көз карандысыз комиссия өлкөнүн абадан коргонуу күчтөрү ошол күнкү чабуулдун мизин кайтарууга даяр эмес болгон деп эсептейт. Комиссия бейшембиде өзүнүн коомдук угууларын аяктады. Эми анын корутунду доклады келерки айдын соңунда жарыяланганы жатат.
Акыркы кездери Сауд Аравияда исламчыл согушкерлердин кол салуулары көбөйдү. Маселен өткөн аптанын ичинде эле бул жерден Батыштын үч тургунун атып кетишти. Бир катар эксперттер Саудиядагы азыркы кырдаалды Иранда 1979-жылкы Ислам революциясынын алдында түзүлгөн жагдай менен салыштырышууда. Бирок айрым аналитиктер бул жерде Ирандагыдай окуя орун албайт жана Саудиядагы падышалык үй –бүлө бийликтен кулоо коркунучунан кутулуу үчүн диний консерваторлор менен либералдарды тең канаатандырган реформаларга барышы керек деп эсептешет.
Ирактын утурумдук өкмөтүнө Саддам Хусеиндин жакын арада өткөрүлүп берилиши тууралуу пландан АКШнын Коргоо министрлигинин жана Мамлекеттик департаменттин расмий өкүлдөрү кабарсыз. Бул тууралуу Американын аталган мекемелеринин кызматкерлери маалымдашканы айтылууда. Эки аптадан соң - Ирактын суверенитети кайра орногондон кийин АКШ Саддамды баш кылып, камактагылардын баарын өткөрүп берээрин дүйшөмбүдө утурумдук өкмөттүн башчысы Ияд Аллави жарыялаган эле. Ирактын экс-диктаторун сот жообуна тартуу аракеттери алдыга жыла баштаганы менен, али көп суроолордун башы ачыла элек.
Евробиримдиктин тышкы иштер министрлери дүйшөмбүдө Люксембургда башталган кеңешмесинде уюмдун ушул аптада өтүүчү саммитине жана Конституциясына байланышкан маселелерди карамакчы. Кеңешмеде ошондой эле, Евробиримдиктин Ирак боюнча жаңы стратегиясы, Иран менен алакасынын келечеги, Ооганстанда өтүүчү шайлоого байкоо жүргүзүү тууралуу да сөз болот.
Мунай экспорттоочулардын ОПЕК уюму Бейруттагы кезексиз кеңешмесинде өндүрүштүн көлөмүн көбөйтүүнү макулдашышты. Соңку кездерде кара майдын эл аралык базардагы баасы бир топко кымбаттап кеткен эле. ОПЕКтин чечими бааны арзандатуу максатын көздөгөнү менен, анын таасирин азайтуучу жагдайлар да бар.
Америкалык "Wall Street Journal" гезитинин жазганына караганда, узакка созулган тыныгуудан соң Жапонияда экономиканын кайрадан күчтөнө башташын Азиянын ири жаңылыгы катары эсептөөгө болот. Басылманын пикиринде, Жапониянын мурдагы кемелине келе башташы жана АКШдагы экономикалык жандануу дүйнөлүк экономиканын келечегинен жагымдуу кабар бере алат.
Ирактын Башкаруу кеңеши өлкөнүн жаңы президенти дайындалуучу жыйынын шейшембиге калтырды. Мурдараак жыйын дүйшөмбүдө өтөөрү кабарланган эле. Ирактын утурумдук бийлигин куруу жараянына тартылгандар мамлекет башчысынын кызматына ким келээрин макулдаша албай жатышат. Президенттин кызматын ээлөөчү адамдын аныкталбашы өз кезегинде Ирактын утурумдук өкмөтүнүн курамын жарыялоону кечеңдетиши мүмкүн.
Саудиянын коопсуздук күчтөрүнүн жекшембидеги операциясынын натыйжасында өлкөнүн Хубар шаарында барымтага алынган 50дөй чет элдиктин көпчүлүгү куткарылды. Кечээ куралчан согушкерлер бул жерден чет элдик мунай компаниялардын кеңселери жайгашкан имаратты ээлеп алган эле. Кол салуу үчүн "ал-Каида" уюму жоопкер болду.
Дагы жүктөңүз