"Азаттыктын" Прагадагы кеңсесинин кызматкери, журналист, саясат жана экономика тармактары боюнча адис. Кыргыз улуттук университетинин журналистика факультетин аяктаган.
Израил Газа секторунун түштүгүндөгү Рафах качкындар лагеринде бир аптага созулган аскерий операциясын аяктады. Бирок командачылыктын билдиргенине караганда, аскерлер бул аймакка кайра кайтып келиши мүмкүн. Израил тарап палестин террорчуларына каршы багытталды деп мүнөздөгөн бул операцияны эл аралык коомчулук кескин айыптаган эле.
Араб лидерлери Тунистеги саммиттин соңундагы биргелешкен билдирүүсүндө Палестин аймактарындагы Израилдин соңку аскерий операцияларын айыпташты. Ошондой эле аталган жыйында араб дүйнөсүндө жүргүзүлүүчү саясий–экономикалык жана социалдык реформалардын планы да кабыл алынды.
Араб лидерлери Тунистеги саммиттин соңундагы биргелешкен билдирүүсүндө Израилдин палестин аймактарындагы соңку аскерий операцияларын айыпташты. Ошондой эле аталган жыйында араб дүйнөсүндө жүргүзүлүүчү саясий –экономикалык жана социалдык реформалардын планы да кабыл алынды.
Учурда Арменияда бийликтеги коалиция менен оппозициячыл күчтөрдүн сүйлөшүүлөрү жүрүп жатат. Анын максаты - өлкөдө акыркы бир айдын аралыгында күчөп кеткен саясий кризисти жөнгө салуу. Бирок байкоочулардын пикиринде, мунаса табыларына үмүт аз. Өткөн айдын башынан бери Армениянын оппозициячыл партиялары президент Роберт Кочаряндын отставкасын талап кылып, Ереванда бир нече жолу ири демонстрацияларды өткөргөн болчу.
АКШнын Ирактагы аскерлери жергиликтүү шийиттердин радикал дин ишмери Моктада ас-Садрды кысымга алууну күчөтүүдө. Анын Багдаддагы кеңсеси талкаланды. Маалыматтарга караганда, шийиттердин башка таанымал дин ишмерлери ас-Садрды саясий изоляцияда калтырууну көздөп жаткандай. Дүйшөмбүдө Нажафтагы демонстранциянын катышуучулары да ас-Садрдын согушкерлерин шаардан чыгып кетүүгө чакырды.
Кечээ АКШ армиясынын жетекчилиги Иракта укук бузууларга барган жоокерлердин алгачкысынын иши келерки аптада аскерий сотто каралаарын жарыялады. Учурда АКШнын бийликтери Ирактагы америкалык аскерлердин абактагыларга катаал мамиле кылганын көргөзгөн сүрөттөрдүн улам жаңысы басма сөздө чыгып жаткандыктан катуу сынга кабылууда. Ал эми британ аскерлеринин Ирактын түрмөлөрүндөгү укук бузуулары жөнүндөгү ырастоолорго байланыштуу бүгүн Британиянын парламентине өлкөнүн коргоо министри Жефф Хун чакыртылды.
Грециянын күч органдары шаршембиде эртең менен Афинадагы полиция бекеттеринин биринде болгон жардыруулардын чоо-жайын иликтөөдө. Полициянын маалыматына караганда, жарылуудан улам имаратка олуттуу зыян келгени менен эч ким жабыр тарткан жок. Бул окуя Афинада жайкы Олимпиада өтөөрүнө туура жүз күн калганда болуп олтурат.
Ажариянын бийликтери шейшембиде башкалаа Батумидеги демонстрациянын катышуучуларын күч менен таратты. Мунун алдында автономиянын башчысы Аслан Абашидзе грузин президенти Михаил Саакашвилинин ультиматумун аткаруу мүмкүн эмес экенин билдирген эле. Ал кырдаалдын чыңалуусу ири жаңжалга алып бараарын эскертти. Шейшембиден тартып Ажариянын аймагында өзгөчө абал режими күчөтүлүп, мектептер, жогорку окуу жайлар эки аптага жабылды.
Грузиянын президенти Ажар автономиясынын бийликтеринин алдына ультиматум койду. Расмий Тбилисинин шартына ылайык, Ажария он күндүн аралыгында Грузиянын Конституциясына баш ийиши, жергиликтүү топторду куралсыздандырууну башташы керек. Эгер жогорудагы талап аткарылбаса, Ажариянын азыркы бийлиги таратылып, автономияда кезексиз шайлоо жарыяланат.
Израилде бүгүн ички партиялык референдум өтүп жатат. Башкаруучу "Ликуд" партиясынын мүчөлөрү премьер-министр Ариэль Шарондун тынчтык планына карата өз мамилесин билдирүүдө. Шарондун ырастоосунда, план ишке ашырылса Израилдин чек араларын коргоону жакшыртат, палестиндер менен кагылышууларды азайтат. Израил өкмөт башчысынын бул бир тараптуу планын АКШ колдогон, ал Евросоюз, Палестин автономиясы сынга алган болчу.
Бүгүн АКШнын президенти Жорж Буш жана вице-президент Дик Чейни 2001-жылдын 11–сентябрындагы террактар боюнча иликтөө жүргүзүп жаткан комиссияга көрсөтмө беришүүдө. Алардан ант алынбайт. Ошондой эле, жабыш эшик артындагы сөздөр жаздырылбайт. Президент Жорж Буш алардын көрсөтмөлөрү комиссиянын келечекте террордук коркунучтарды алдын алуу боюнча сунуштарды иштеп чыгышына көмөктөшөөрүнө ишеним билдирди. Бирок айрымдар президент комиссияга баарын ачык айтпашы мүмкүн деп эсептешет.
Ирактагы коалицияга мүчө өлкөлөрдүн ичинен учурда Польша бул жерде өз аскерлерин кармоо маселесинде арабөк абалда тургансыйт. Ирактан аскерлерин чыгарып кетээрин буга дейре үч өлкө жарыялаган эле. Ал эми башка бир катар мамлекеттер өз милдеттемелерин түрдүү деңгээлде аткараарын айтып жатышат. Дегеле Ирак боюнча АКШ баштаган аскерий коалиция канчалык бекем?
Ирактын коалициялык администрациясы Фаллужа шаарында түзүлгөн кырдаалды тынч жол менен жөнгө салуу үчүн сүйлөшүү өткөрүп жаткан тараптар макулдашууга жетишкенин жарыялады. Ага ылайык аталган шаардагы согушкерлердин баары куралсызданышы керек. АКШнын командачылыгы кокус Фаллужадагы согушкерлер куралсызданбаса, шаарга чабуул жасалаарын эскертүүдө.
АКШ бийлик ирактыктарга өткөрүлүп берилүүчү 30-июнга карата өлкө өзүн коргоого даяр болбойт деп эсептейт. Андыктан Ирактын америкалык администрациясынын башчысы Пол Бремердин айтымында, коопсуздукту камсыз кылуу жаатында АКШнын жана башка өлкөлөрдүн аскерлери ирактыктар менен өнөктөштүгүн улантат. Мунун аралыгында АКШнын Ирак боюнча коалициядагы негизги шериктеринин бири - Испания бул жердеги аскерлерин чыгарып кеткен жатат. АКШнын президенти Жорж Буш Мадриддин мындай чечимине өкүнүч билдирди.
Жекшембиде Газа шаарында Хамас уюмунун лидери Абдел Азиз Рантисини акыркы сапарга узатууга 200 миңдей палестин катышты. Ал Израилдин ракеталык соккусунан улам ишембиде мерт болгон эле. Бул окуя үчүн Израил эларалык коомчулуктун сынына кабылды. Анткен менен жөөт өкмөтү террорчуларды жок кылуу саясатын токтотпосун, ал эми Хамас өз жетекчилеринин өлүмү үчүн өч алынаарын эскертүүдө.
БУУнун Башкатчысынын өкүлү Лахдар Брахиминин билдиргенине караганда, Иракта 1-июлга карата бийликти АКШ баштаган коалициялык администрациядан өткөрүп алуучу өкмөт уюшулмакчы. БУУнун Коопсуздук кеңешинин мүчөлөрү, өзгөчө Кошмо Штаттары да ага чейин ирактыктар арасында өлкөнүн саясий келечеги боюнча мунаса табылаарына үмүттөнүшүүдө.
Америкалык аскерлер Ирактын түштүгүндөгү Нажаф шаарына чабуул коюшу мүмкүн. Шаардын чет жакасында азыр эки жарым миңдей жоокер турат. Ал эми жергиликтүү шийиттердин радикал дин ишмери, жактоочулары аталган шаарды көзөмөлдөп турган Моктада аc-Садр араб сыналгы каналдарынын бириндеги маегинде АКШ баштаган аскерлерге багынып берүү ниети жок экенин билдирди. Мунун аралыгында Фаллужа шаарында ок атышууну токтотуу жөнүндөгү макулдашуунун мөөнөтү жума күнгө чейин узартылды.
Ирактын Фаллужа шаарында салыштырмалуу тынчтык өкүм сүрүүдө. Бүгүн эртең мененден тартып бул жерде ок атышууну токтотуу жөнүндөгү макулдашуу сакталып жаткандай. Акыркы бир аптанын аралыгында Ирактын ар кайсы шаарларында шийит жана сунни согушкерлери менен АКШ баштаган коалициянын аскерлери ортосундагы уруштарда жүздөгөн жергиликтүү тургундар, ал эми коалициянын 50дөн ашуун жоокери мерт болду.
Литванын президенти Роландас Паксас жакынкы күндөрү кызматын жоготчудай. Ушул аптада өлкөнүн Конституциялык соту президент Паксас Башмыйзамды бузган деп тапты. Мындай чечим өз кезегинде президентке импичмент жарыялоо жөнүндөгү маселенин парламентте добушка салынышына жол ачууда. Литванын парламенти аталган маселеге алдыдагы аптада кайрылганы жатат.
Өзбекстандын башкалаасы Ташкен атайын көзөмөлдө кала берүүдө. Маалымат агенттиктеринин кабарларына караганда, шаардын чегинен кирип–чыккандар кылдат текшерилип, террорчу деп шектелген адамдарды издөө улантылууда. Коопсуздук жүйөөсүнөн улам мектептердеги жазгы дем алыштын мөөнөтү узартылды. Өзбекстанда өткөн жекшембинин түнүнөн бери орун алган жардыруулар жана куралдуу кагылыштардан ырасмий маалыматтар боюнча кеминде 43 адам мерт болду.
Дагы жүктөңүз