"Азаттыктын" Прагадагы кеңсесинин кызматкери, журналист, саясат жана экономика тармактары боюнча адис. Кыргыз улуттук университетинин журналистика факультетин аяктаган.
Өзбекстанда акыркы үч күндүн ичиндеги жардыруулар менен кол салуулардан 40тан ашуун адамдын өмүрү кыйылды. Маселен, кечээ Ташкендин чет жакасында шектүү согушкерлер менен милиция кызматкерлеринин бир нече саатка созулган атышуусу учурунда 20дай адам каза тапкан. Кошмо Штаттар ырасмий Ташкенге бул окуяларды иликтөө үчүн өз жардамын сунуш кылды. Ал эми жардыруулар менен кол салуулардын артында кимдер турганы жана эмне максатты көздөгөнү жөнүндө азырынча жоромолдорду гана айтууга болот.
Өзбекстанда соңку күндөрү орун алган окуялардан улам Борбор Азия өлкөлөрү чегара көзөмөлүн күчөттү. Ырасмий Ташкендин дарегине көңүл айтуу телеграммалары жөнөтүлүүдө. АКШ, Кытай жана КМШнын айрым мамлекеттери бул жерде орун алган террордук кыянатты айыпташты. Ал эми ырасмий Ташкендин террорду "Хизб ут-Тахрир" жасады деген ырастоосун бул уюм төгүндөп жатат.
Кошмо Штаттар Иракта өлкөнүн жаңы элчилигин уюштуруунун үстүндө иштөөдө. Ал кызматкерлеринин саны 4 миң адамга жеткендиктен, АКШнын дүйнөдөгү эң ири дипломатиялык өкүлчүлүгү болот. Мындай үлкөн элчиликтин түзүлүп жатышы Вашингтондун Ирактагы келечек мүдөөлөрүнө байланышкан суроолорду да жаратууда.
Адаттагыдай эле быйыл да 8-мартта дүйнө өлкөлөрүндө аялдардын коомдогу абалына дагы бир жолу баа берилди. Айрым мамлекеттерде анын ичинде Ооганстанда өлкөнүн жыл башында кабыл алынган жаңы Конституциясы аялдардын укуктарын кепилдегени менен алардын жагдайы азырынча оор.
Адам укуктарын коргоочу "Хьюман Райтс Вотч" уюму өзүнүн жаңы докладында АКШ армиясынын Ооганстандагы аракеттерин сынга алды. Аталган уюмдун пикиринде, америкалык аскерлер тарабынан адамдарды камакка алганда жана аларды абак жайларда кармоодо олуттуу укук бузуулар орун алып жатат. Ал эми америкалык аскерий өкүлдөр укук коргоочулар Ооганстандагы жагдайды жакшы билбесин айтып, жогордагыдай дооматтарды четке кагууда.
Учурда АКШнын кинотеатрларында Голливуддун белгилүү режиссеру Мел Гибсондун "Исанын кыйналуусу" деп аталган көркөм фильми көргөзүлүүдө. Иса пайгамбардын жашоосунун акыркы 12 сааты чагылдырылган, көрүүчүлөр көптөн бери күткөн бул фильм дүйнөнүн христиан жана жөөт жааматы арасында кайчы пикирлерди жаратты. Айрымдар авторду дүйнөдө антисемитизмдин күчөшүнө шыкакчы болгону үчүн сындап жатышат.
Кошмо Штаттар "ал-Каида" террордук түйүнү акыркы жылдарда алдан тайыды, бирок ал азыр деле кол салууга жарамдуу деп эсептейт. Бул тууралуу шейшембиде Сенаттын комитеттеринин биринде сүйлөгөн учурунда АКШнын Борбордук чалгын кызматынын башчысы Жорж Тенет билдирди. Ага катар АКШ өкмөтү "ал-Каиданын" башчысы Усама бин Ладендин жардамчылары деп шектелген эки адамдын иши аскерий сотто каралаарын жарыялады. Ал эми Пакистанда Ооганстанга чектеш аймактардан "ал-Каида" менен Талибандын согушкери деп шектелген 25 адам кармалды.
Бүгүн Пакистан аскерлери Талибан менен " ал-Каида" уюмунун Ооганстанга чектеш райондордо жашырынып жүрөт делген согушкерлерин издөө боюнча жаңы операция баштады. Пакистандын маалымат министри азыркы аскерий операцияны "чет элдик террорчуларга" каршы багытталган иш чара катары мүнөздөдү.
Дүйшөмбү күнү Гаагадагы Эл аралык сот Израил Иордандын Батыш жээгинде коопсуздук дубалын курушунун мыйзамдуулугун териштирүүнү баштады. Жогорудагыдай өтүнүч менен сотко БУУнун Башкы ассамблеясы кайрылган эле. Бирок Израил сот жараянын бойкоттоодо. Жөөт бийликтеринин пикиринде, Эл аралык соттун мындай маселени кароого укугу жок.
АКШнын расмий адамдары Ооганстанда "ал-Каида" менен мурдагы Талибан режиминин калдыктарына каршы күрөш натыйжалуу жүрүп жатат деп эсептешет. АКШнын Ооганстандагы аскерлеринин командачысы Пакистандын аскерлеринин ал-каидачылар менен талибдерге каршы чек ара райондорунда жүргүзүп жаткан аракеттерин кубаттого алды. Бирок америкалык айрым эксперттердин пикиринде, Ооганстандагы жалпы жагдай мактанаарлык эмес.
Ооганстанга бүгүн Европа Биримдигинин жогорку даражалуу делегациясы келди. Кабулдагы сүйлөшүүлөрдүн негизги маселелеринин бири – Ооганстанда быйыл июнь айына белгиленген шайлоо. Соңку кездери шайлоонун мөөнөтү кийинкиге жылдырылышы ыктымал экени айтылып жатат.
Дүйшөмбү күнү Исламабадда Индия менен Пакистан дипломаттарынын сүйлөшүүлөрү башталды. Мындай мүнөздөгү жолугушуу акыркы үч жылга жакын убакыттан бери алгачкы жолу өтүп олтурат. Дипломаттар бул ирээт Кашмир чатагы, ошондой эле эки өлкөнүн ортосундагы жана башка олуттуу маселелер боюнча болочок сүйлөшүүлөрдү уюштуруунун жол–жоболорун талкууламакчы.
Демократиялык партиядан АКШ президенттигине талапкерлердин бири Жон Керри дагы эки жерде жеңишке жетишти. Муну менен сенатор Керринин быйыл ноябрда өтүүчү шайлоодо Кошмо Штаттардын азыркы президенти Жорж Бушка атаандаш болуу мүмкүнчүлүгү жогорулоодо.
Ушул ишемби күнү Крымда жергиликтүү татарлардын жыйыны өткөн жатат. Анда бул жердеги улут аралык тирешти жоюуга байланышкан маселелер талкууланмакчы. Ушул айдын башында жергиликтүү милиция татар улутундагы демонстранттарды токтотуу үчүн алардын төбөсүнөн ашыра ок атканга чейин барган эле.
Формула-1 деп аталган айтылуу автожарыш быйыл апрель айында Бахрейнде өткөрүлгөн жатат. Дүйнөлүк мелдештердин эң кумарлуусу жана кымбаты катары эсептелген бул оюндун мекени - Европа. Бирок соңку жылдары ал Азия өлкөлөрүнө да өтө баштады. Мунун себептери эмнеде?
Кошмо Штаттардын президенти Жорж Буш Жакынкы Чыгышта эркиндик менен демократиянын жеңиши орнооруна ишенет. Ал бул тууралуу шаршембиде Конгресстин китепканасында чогулгандардын алдында сүйлөгөн учурунда айтты. Буштун билдиргенине караганда, демократиянын жанданышына көмөктөшүү максатында америкалык жаңы телеканал Жакынкы Чыгыштын калкына багытталган берүүлөрүн келээрки аптадан тарта обого чыгара баштамакчы.
Бүгүн Сауд Арабияда ажылык зыярат жыйынтыкталууда. Быйыл ага катышкан эки миллиондой мусулмандын арасында миңдеген аялдар да болду. Айрым чектөөлөрдү гана эске албаганда, ажылык зыяраттын жөрөлгөлөрүн аялдар эркектер менен бирдей шартта аткарышат.
Ирактын күрттөр жашаган жарым автономдуу аймагында үч күнгө аза күтүү күнү жарыяланды. Алардын эки партиясынын кеңсесинде жекшембиде жасалган жардыруулар өлкөнүн таасирлүү саясий уюмдарына каршы тикелей багытталган алгачкы олуттуу сокку жана буга чейин салыштырмалуу тынч деп эсептелген күрд чөлкөмүндөгү алгачкы чоң кырсык болду. Окуя үчүн эч ким жоопкерчилик ала элек. Ирактын айрым расмий өкүлдөрү күрттөрдүн "Ансар ал-Ислам "деп аталган согушчан уюмун айыптады. Ал эми аналитиктер жанкечтилердин аракетинен улам күрттөрдүн саясий биримдиги чыңдалышы мүмкүн экенин айтышууда.
Грузиянын жаңы президенти Михаил Саакашвили бүгүн кызматына расмий түрдө киришти. Тбилисиде болгон ант берүү салтанатынан соң ал мамлекет башчысы катары Грузиянын мамлекеттик жаңы желеги жөнүндөгү документке кол койду. Грузиянын жаңы мамлекет башчысынын инаугурациясына байланыштуу аскерий парад Поти шаарында жана Ажар автономиясынын башкалаасы, Батумиде да өткөрүлдү. М.Саакашвили Грузияны бирдиктүү жана күчтүү мамлекетке айландырууга убада кылууда.
Иранда февралдын соңунда өтүүчү парламенттик шайлоонун алдында реформачыл күчтөрдү колдогон интернет–баракчаларды же сайттарды чектөө аракеттери көрүлүүдө. Маселен жакында эле Ирандын динчилдер көзөмөлдөгөн соту өлкөдөгү белгилүү интернет-сайттардын бирин чыпкалоону караган чечим чыгарды.
Дагы жүктөңүз