"Азаттыктын" Прагадагы кеңсесинин кызматкери, журналист, саясат жана экономика тармактары боюнча адис. Кыргыз улуттук университетинин журналистика факультетин аяктаган.
Жакында Би-Би-Си телеканалы өзүнүн таанымал алып баруучуларынын бири Роберт Килрой Силктин программасын обого чыгарууну убактысынча токтотту. Буга тележурналисттин британ гезиттеринин биринде арабдардын дарегине айткан сөздөрү өлкөнүн мусулман жамааты, укук коргоочулар арасында толкундоолорду жаратканы себеп болду.
Пакистандын премьер-министри Зафарулла Хан Жамали менен ооган президенти Хамид Карзайдын Кабулдагы дүйшөмбү күнкү сүйлөшүүлөрү учурунда коопсуздукка, атап айтканда Талибан менен "ал-Каиданын" пакистан–ооган чек арасында жашырынып жүргөн согушкерлерин издөөгө байланышкан маселелер талкууланды. Пакистан өкмөт башчысы чек арада коопсуздук чаралары жана террорчулукка каршы күрөштө Ооганстан менен кызматташтык күчөтүүлөрүн убада кылды.
АКШ Грузиянын жаңы бийлигине жардам көргөзөөрүн кайрадан ырастады. Ушундай эле ниети бар экенин Европа Биримдиги да билдирүүдө. Европа Биримдиги өзгөчө Грузиянын шайланган президенти Михаил Саакашвилинин коррупцияга каршы күрөшүү жөнүндөгү жарыясын кубаттады. Вашингтон Тбилисиге тышкы карыздарды жеңилдетүү ишинде да колдоо көргөзүүгө даяр. Бирок бул үчүн Грузия Эл аралык валюта корунун чыгымдарды кыскартууну караган программасын кабыл алышы керек.
Бейшембинин таңында Ирактын башкалаасы Багададда дагы бир нече жарылуу болду. Козголоңчулар бул ирээт бутага алган обьектилерин минемоттон жана ракеталар менен аткылашты. Бирок оор жаракат алгандар менен каза тапкандар болгон жок.
Кытайда өлкө Конституциясына атуулдардын жеке менчик укугун кепилдеген өзгөртүү киргизилген жатат. Мындай кадам өлкөдө коммунисттик түзүлүш орногондон бери алгачкы ирээт жасалууда. Ал эми ушул аптада коммунисттик Кытайды негиздеген Мао Цзедундун 110 жылдык юбилейи белгиленмекчи.
Кабулдан түшкөн соңку маалыматтарга караганда, оогандардын жалпы улуттук жыйыны – Лоя Жырганын делегаттарынын бысымдуу бөлүгү Ооганстан президенттик башкаруудагы өлкө болушун жактоодо. Алар өлкө Конституциясынын долбоорун талкуулоону аяктоо алдында турат, документ ушул апта ичинде добушка салынышы мүмкүн.
Литванын парламентинде өлкө президенти Роландас Паксаска каршы импичмент жараяны башталды. Паксасты жана анын айланасындагы адамдарды эл аралык кылмыш топтору менен байланышта турганы үчүн айыптаган отчетту парламент мындан бир нече апта мурда жактырып, президент Литванын улуттук коопсуздугуна коркунуч келтирүүдө деп тапкан.
Кошмо Штаттардын президенти Жорж Буш Ирактын экс –диктатору Саддам Хусейн "эң жогорку жазаны" алууга татыктуу деп эсептейт. Америкалык телеканалдардын бирине берген маегинде Буш өлүм жазасы жөнүндө ачык айтпаганы менен эгер Ирактын соту Саддамга карата мындай өкүм чыгарса, каршы болбосун ишара кылды. Ал эми экс-диктатордун үй-бүлө мүчөлөрү анын иши эл аралык сотто каралышын каалашат.
Европа Биримдигинин Брюсселдеги саммити натыйжасыз аяктады. Уюмга мүчө болгон жана ага келээрки жылы кирүүчү өлкөлөр Европанын алгачкы Конституциясынын долбоору боюнча мунасага жете алган жок. Пикир келишпестиктердин негизгиси Европа Биримдигинде чечим кабыл алуунун механизмине байланышкан. Кийинки талкуу эми бир нече айдан кийин гана өтөт. Европалык лидерлер келечекте мунаса табылаарына ишеним билдиришип, уюм кризиске кабылбаганын айтышууда.
Ирактагы соңку уруштарда 50дөн ашык согушкер жок кылынды. Америкалык өкүлдөрдүн маалыматына караганда, согушкерлер ири өлчөмдө акча алып бара жаткан аскерлердин кербенине кол салган жана алардын көпчүлүгү Саддам Хусейндин федаиндери деп аталган аскерий топтун кийими менен жүрүшкөн. Бул окуялардын алдында, Иракта АКШнын коалиция боюнча өнөктөштөрүнүн атуулдары да киши колдуу болгон эле. Испания менен Жапония өз жарандарын жоготконуна карабай, Иракты калыбына келтирүү ишине катыша берээрин ырасташты.
Грузин оппозициясынын миңдеген жактоочулары Тбилисинин борбордук көчөлөрүндө кала берүүдө. Алар кечээ парламенттин имаратын жана президенттин кеңсеси жайгашкан Мамлекеттик канцелярияны ээлөө менен өлкөдө "жибек революциясы" ишке ашты деп жарыялашкан. Президент Эдуард Шеварднадзе ишембидеги окуяларды "мамлекеттик төңкөрүш" катары баалады жана өлкөдө өзгөчө абал киргизди. Армия азырынча ишке аралаша элек. Тирешүүнү тынчтык жолу менен чечүүгө үндөгөн чакырыктар грузин өкмөтү менен оппозициясынын дарегине дүйнө өлкөлөрүнөн жана эл аралык уюмдардан айтылып жатат.
Иракта кол салуулар дээрлик күн сайын кайталанууда. Жардыруулардан бул жердеги коалициянын өкүлдөрү гана эмес ирактыктардын өздөрү, анын ичинде бейкүнөө адамдар да мерт болуп жатышат. Ирактагы кырдаал кечээ БУУнун Коопсуздук кеңешинде талкууланып, өлкөдөгү саясий жана экономикалык реформалардын келечегин аныктоо үчүн учурунда Ооганстан боюнча өткөрүлгөндөй эл аралык конференция чакыруу сунуштары айтылды.
АКШ Атом энергетикасы боюнча эл аралык агенттик – МАГАТЭнин Иран боюнча даярдалган отчетун сынга алууда. Мамлекеттик катчынын орун басары Жон Болтондун айтымында, андагы ырастоолорго "ишенүү мүмкүн эмес". МАГАТЭнин айрым ырастоолорун Иран да макул көргөн жок. Тегерандын өзөктүк программасына байланышкан маселелер келерки аптада МАГАТЭнин Директорлор кеңешинин жыйынында талкууланмакчы.
Атом энергетикасы боюнча эл аралык агенттик - МАГАТЭ уюму Иран өзөктүк курал жасап жатканын күбөлөгөн далилдерди азырынча таба алган жок. Бул тууралуу аталган уюмдун жашыруун докладында айтылган. Анткен менен МАГАТЭ Ирандын өзөктүк программалары толугу менен тынчтык максатты гана көздөөрүнө кепил боло албайт. Тегеран узак убакыт бою өзөктүк программаларына тийиштүү маалыматтарды жашырып келгендиктен, анын чын-бышыгына жетүү үчүн дагы убакыт талап кылынмакчы.
Дүйнө коомчулугу Сауд Аравиясындагы терракты кескин айыптоо менен террорчулукка каршы күрөштө өз жардамдарын сунуш кылышты. Саудия бийликтери террорчулар өлкөнү дестабилдештире албасын билдирип жатат. Алар менен катар АКШнын администрациясы да ишембиден жекшембиге караган түнү жасалган терракт ал-каидачылардын колунан келген иш деп эсептейт. Мамлекеттик катчынын орун басары Ричард Армитеждин айтымында, "ал-Каида" Саудия падышасынын үй-бүлөсүн бийликтен четтетүүнү көздөөдө.
Европалыктардын басымдуу бөлүгү Израилди дүйнөдөгү стабилдүүлүккө эң көп коркунуч туудурган өлкө деп эсептейт. Жакында Европа Биримдигинин калкы арасында жүргүзүлгөн сурамжылоо ушундай жыйынтык берди. Израилдин бийликтери сурамжылоонун жыйынтыктарын кыжырдануу менен кабыл алганын жашырган жок. Евробиримдиктин жетекчилиги да бул уюмдун көз карашы эмес экенин билдирүүдө. Ал эми АКШнын аталган сурамжылоодо Түндүк Корея менен Иранга теңештирилишин эксперттер Вашингтондун Ирак саясатына байланыштырышууда.
Орусия президентинин администрация башчысынын алмашышы жана "ЮКОС" мунай компаниясынын айланасындагы окуялар – аяктаган апта ичинде өлкөнүн саясий чөйрөлөрүндө, маалымат каражаттарында талкууланган негизги маселелерден болду. Москвадагы соңку окуялар жөнүндө Батышта да арбын сөз жүрүүдө. Орусиянын чет элдик жана жергиликтүү инвесторлорун "ЮКОС" компаниясына караштуу акциялардын камакка алынышы өзгөчө чоочутту. Муну мүлктү улутташтыруунун ишарасы катары карагандар да жок эмес.
Иракта партизандык согуштун көрүнүштөрү сакталууда. Ишембиде өлкөнүн түндүгүндөгү Мосул шаарында орун алган жарылуудан дагы эки америкалык жоокер мерт болду, Тикрит шаарынын жанындагы мунай кууру өрттөлгөн. Ирактагы коалициянын командачылыгы алдыдагы күндөрү терракттар дагы кайталынышы ыктымал экенин эскертти. Кечээ белгисиз топтор баракча таратып, ишемби, жекшембиде ирактыктарды өлкөдөгү оккупацияга "каршылык көргөзүү" күнүн өткөрүүгө чакырышкан эле. Мунун аралыгында АКШнын президенти Жорж Буш америкалык аскерлер Ирактан мөөнөтүнөн мурда кетпесин айтса, Багдаддагы америкалык администрациянын башчысы Пол Бремер бийликти ирактыктардын өзүнө өткөрүп берүү жараяны тездетилээрин билдирди.
Өзбекстан жакында өлкөнүн улуттук валютасы - сум конвертацияланганын же аны башка чет элдик валюталарга алмашууда коюлган чектөөлөрдүн бир бөлүгү жоюлганын жарыялаган эле. Анткен менен бир катар эксперттер өзбек өкмөтү өз милдеттемелерин чындап аткарып, соода жаатындагы чектөөлөрүн жойбосо мындан көп деле натыйжа болбосун белгилешүүдө. Алардын пикиринде, өзбек өкмөтү сумдун алмашуу курсун соода үчүн эркин койо бергенин билүүгө убакыт талап кылынат.
Ирандын өзүнүн өзөктүк программалары тынчтык максатты гана көздөөрүн далилдөө боюнча берген убадалары этияттык менен кубаттоого алынууда. Иран кечээ Атом энергетикасы боюнча эл аралык агенттик - МАГАТЭ уюмунун талаптарын аткарып, Өзөктүк куралдарды жайылтпоо жөнүндөгү келишимдин кошумча протоколуна кол коюуга макул болду. Тегеран ошондой эле уранды байытуу иштери убактысынча токтотулаарын жарыялады. Бирок МАГАТЭнин пикиринде, али жооп алына турган суроолор көп.
Дагы жүктөңүз