"Азаттыктын" Прагадагы кеңсесинин кызматкери, журналист, саясат жана экономика тармактары боюнча адис. Кыргыз улуттук университетинин журналистика факультетин аяктаган.
Улуттар уюму Ооганстанда мурдагы согушкерлерди куралсыздандырууга багытталган программасын ушул аптада ишке киргизген жатат. Эгер көптөн бери күтүлгөн бул жараян ийгиликтүү жүрө баштаса, анда 100 миңдей адам куралсызданмакчы.
Таиланддын башкалаасы Бангкокто Азия-Тынч океан экономикалык кызматташтык уюмунун саммити өтүп жатат.Террорчулукка каршы глобалдык согуш, өзөктүк куралды жайылтпоо жана экономикалык маселелер жогорку деңгээлдеги жыйындын күн тартибиндеги негизги темалардан болоору күтүлүүдө. Түндүк Кореянын өзөктүк курал программасы да анын күн тартибиндеги маселелердин бирине айланчыдай. АКШ президенти Жорж Буштун Бангкоктон саммиттин алдында жасаган билдирүүлөрү Вашингтон Түндүк Корея боюнча турумун жумшартканынын ишараасы ирээтинде каралууда.
БУУнун Коопсуздук Кеңеши НАТО жетектеген эл аралык бейпилдик күчтөрүн Ооганстандын башкалаасы Кабулдан башка аймактарга да жиберүүгө уруксат берген резолюцияны бир добуштан кабыл алды. Ооган өкмөтү көптөн бери күтүлгөн бул чечимди кубаттады.Бирок айрым эксперттердин айтымында, резолюция кандай шарттарда аткарылары боюнча азырынча түшүнүксүз жагдайлар жок эмес.
Жекшембиде Ирактын башкалаасы Багдаддын борбору дагы бир күчтүү жардырууга кабылды. Башкалаадагы "Багдад" мейманканасынан 70 метр аралыкта болгон жарылуудан кеминде алты адам өлүп, ондогон киши жаракат алды. Аталган мейманканда АКШ баштаган коалициянын өкүлдөрү, Ирактын Башкаруу кеңешинин мүчөлөрү туруучу. Бул ирээт да жардыруу үчүн жанкечти айдаган автоунаа пайдаланылды. Ирактагы кырдаал Ислам конференциясы уюмунун кечээ Малазиянын Путуражайа шаарында башталган кезектеги жыйынынын башкы маселелеринин бирине айланчудай. Мунун аралыгында АКШ БУУнун Коопсуздук Кеңешинде Ирак боюнча жаңы резолюциянын кабыл алынышы үчүн аракеттенүүдө.
Иракта кан төгүү уланууда. Акыркы эки күндүн аралыгындагы түрдүү кол салуулардан жергиликтүү жана чет элдик ондон ашуун адам мерт болуп, бир нечеси жаракат алды. Ал эми америкалык расмий өкүлдөрдүн билдиргенине караганда, жогорудагыдай көрүнүштөр АКШ Ирактагы вазийпасын аягына чыгаруусуна тоскоол боло албайт.
Израиль жаңы терракттардан чоочулап, Иордандын Батыш жээги менен Газа секторуна кошумча аскерлерди жиберүүдө. Өлкөнүн коргоо министринин буйругу боюнча коргонуу тосмолору бекемделип, палестиндердин эки жакка каттоосун чектөө күчөтүлдү. Израиль "Жол картасы" тынчтык планына ылайык, террорчулук токтотулбаса, Палестин мамлекети түзүлбөстүгүн эскертүүдө. Мунун аралыгында бүгүн дагы бир палестин жанкечтиси өзүн жөөт аскерлеринин көзөмөл бекетинде жардырып жиберди.
Индиянын Бомбей шаарынын оң миңдеген тургундары шаршембиде мындан эки күн мурдагы терракттарга нааразылык билдирген жүрүшкө чыгышты. Кара кийинген адамдар шаардын борбордук көчөлөрү аркылуу жардыруулардын бири жасалган жерден өкмөттүк имараттар жайгашкан аймакка чейин жөө басып өтүштү. Бомбейдеги жардыруулар үчүн азырынча эч ким жоопкер боло элек. Бирок Индиянын бийликтери бул үчүн Пакистан менен байланышы бар исламчыларды айыпташууда.
Бомбейдеги жардыруулардан кийин Индияда коопсуздук чаралары күчөтүлдү. Эл аралык коомчулук 50дөй адамдын өмүрүн алган терракттарды кескин айыптады. Жардыруулар үчүн эч ким жоопкер болгон жок. Бирок Индиянын коопсуздук кызматтарынын эсебинде, жардырууну коңшу Пакистандагы исламчыл уюмдар менен байланышы бар жергиликтүү экстремисттер жасашы мүмкүн.
Иракта абройлуу дин ишмери аятолла Мохаммед Саид ал-Хакимге жасалган кол салуу, айрым байкоочулардын пикиринде, өлкөдөгү калктын басымдуу бөлүгүн түзгөн шийиттердин ич ара саясий атаандаштыгынын белгиси. Анын кеңсесиндеги жардыруудан үч адам өлүп, тогуз киши жарадар болгон. Аятолланын өзү да жеңил жараат алды. Мунун аралыгында эл аралык Кызыл Чырым коому коопсуздук жүйөсүнөн улам Иракта кызматкерлеринин санын кыскартып жатканын жарыялады.
Израил палестин жетекчилигинин жаңыдан элдешүү жөнүндөгү сунушун четке какты. Расмий Тель-Авив палестин согушчан топторунун таратылышын тынчтык сүйлөшүүлөрүн калыбына келтирүүнүн негизги шарттарынын бири катары эсептейт. Палестин жетекчилиги жаңыдан элдешүү, эгер Израил палестин шаарларынан аскерлерин чыгарып, согушчан топтордун башчыларын жок кылуу тажрыйбасын токтотсо мүмкүн экенин билдирген эле. Израил менен жаңыдан элдешүү мүмкүнчүлүгүн палестиндердин "Хамас" уюмунун жетекчилиги да жокко чыгарды.
БУУнун башкатчысы Кофи Аннан Улуттар Уюмунун Ирактагы ыйгарым укугу кеңейтилиши керек деп эсептейт. Андай болбосо Аннандын айтымында, БУУнун Коопсуздук Кеңеши Иракта эл аралык аскерлердин санын көбөйтүүнү караган резолюцияны кабыл алуусу кыйын. Кошмо Штаттар Иракта эл аралык аскерлердин саны көбөйтүлүшүн көздөөдө.Вашингтон ошол эле учурда Ирактагы иштерге жетекчилик кылууну колдон чыгаргысы келбейт.
Мурдагы СССРдин жетекчилиги астында Варшава келишимине мүчө өлкөлөрдүн аскерлери Чехословакияга басып киргенине быйыл 35 жыл толду. Чехословакиянын ошол кездеги коммунисттик лидери Александр Дубчектин "Прага жазы" деп атыккан реформалары ушундай жол менен токтотулган эле. Мындан 35 жыл илгерки окуядан Чехословакиянын, дегеле Чыгыш Европанын андан кийинки турмушуна кандай таасир болду? Варшава келишимине кирген өлкөлөрдүн Чехословакияга кол салуусу, балким, коммунисттик түзүлүштүн кулашын тездетти деген пикирлер да жок эмес.
Британияда өлкөнүн коргоо министрлигинин кеңешчиси, маркум Девид Келлинин өлүмүнө себеп болгон жагдайларды аныктоо боюнча соттук териштирүү жүрүүдө. Окуя Саддам Хусейндин режимин кулатууга катышкан британ өкмөтүнүн Ирактын массалык кыргын салуучу куралдары жөнүндөгү доклады менен байланышкан. Шейшемби күнү сотто Би-Би-Си корпорациясынын журналисти суралды.
Ливан БУУнун Коопсуздук Кеңешинин туруктуу беш мүчөсүн өзүнө каршы Израил тараптан жасалышы ыктымал болгон аба чабуулдарын алдын алууга чакырды. Мунун алдында Израил "Хезболла" уюму түндүктөгү чек арасын артиллериядан аткыланганы үчүн жоопкерчиликти коңшу Ливан менен Сирияга жүктөгөн эле. Жекшембидеги аткылоого жооп кылып, Израилдин аскерий учактары хезболлачылардын Ливандын түштүгүндөгү өңүттөрүнө сокку урган. Дүйшөмбүнүн таңында болсо Израилдин аскерий учактары Ливандын башкалаасы Бейруттун үстүнөн ылдыйлап учуп өтүштү. Расмий Тель-Авив Сирия менен Ливанга, эгер "Хезболлага" каршы чара көрүлбөсө, коргонууга мажбур экенин эскертүүдө.
Учурда Түндүк Кореянын өзөктүк куралдар программасы боюнча көп тараптуу сүйлөшүүгө даярдык көрүлүүдө. Бул багытта ага катышуучу өлкөлөр: АКШ, Жапония, Кытай, Орусия жана Түштүк жана Түндүк Корея ич ара эки тараптуу сүйлөшүүлөрдү өткөрүп жатышат. Мындай жолугушуулардын башкы максаты - позицияларды дагы бир сыйра тактап, талаш маселе боюнча мунасага жетүүнүн жолдорун издөө.
Адистердин эсебинде, быйыл Европада дегеле дүйнөдө аба – ырайы өзгөчө ысык. Алсак азыркыдай ысык Европа континентинин өлкөлөрүндө буга чейин өтө эле сейрек катталган экен. Былтыр жайда Чыгыш жана Борбордук Европа жаан-чачындын көптүгүнөн улам суу ташкынга кабылса мындай көрүнүш быйыл адатта ысыктан жабыр тарткан Азия субконтинентинде байкалып жатат. Айрым экологдор жаратылыштын жогорудагыдай кубулуштарында адамзаттын да салымы бар экенин айтышууда.
Бейшемби күнү Индонезиянын соту былтыр өлкөнүн Бали аралында жасалган терракт боюнча алгачкы өкүмүн чыгарып, башкы күнөөкөрдү өлүм жазасына кести. Эки жүздөй адамдын өмүрүн алган андагы жардыруунун артында турганы үчүн "Жемаа исламия" деген жергиликтүү уюм айыпталган эле. Сот өкүмү чыгаардан эки күн мурда өлкөнүн башкалаасы Жакартада да жарылуу болду. Бул окуя үчүн да "Жемаа исламия" жоопкер деп шектелүүдө.
Иракта жакындан бери жергиликтүү шийит мусулмандардын арасынан Муктада ас–Садыр атуу жаш дин ишмери чыгууда. Ал жума намаздарда сүйлөгөн сөздөрүндө Ирактын утурмдук бийлик органы – Башкаруу кеңешин сынга алып, өлкөдөн америкалык аскерлердин чыгышын талап кылып жүрөт. Атүгүл коопсуздукту сактоо үчүн өзүнүн диний армиясын да түзөөрүн жарыялаган. Бирок айрым аналитиктердин пикиринде, Муктада ас–Садыр Ирактын шийит жамаатында кеңири колдоого ээ экени күмөндүү.
Индонезияда башкалаа Жакартанын "Марриот" мейманканасында болгон жарылуунун чоо-жайы иликтенип жатат. Өлкө бийликтеринин пикиринде, бул - кезектеги террордук чабуул. Жарылуу былтыр күздө Индонезиянын Бали аралында 200 адамдын өмүрүн алган террактты уюштурганы үчүн айыпталып жаткандардын үстүнөн алгачкы сот өкүмү чыгаар алдында болду.
Либерияга ушул дүйшөмбүдөн тартып эл аралык бейпилдик аскерлеринин алгачкы бөлүктөрү келе баштады. Аскерлерди азырынча коңшу өлкөлөр жиберүүдө. Ал эми 1-октябрдан кечиктирилбей Либерияда БУУнун көп улуттуу аскерлери жайгаштырылышы керек. Бейпилдик күчтөрүнүн келиши менен бул жердеги кан төгүү токтойбу деген үмүт бар.
Дагы жүктөңүз