"Азаттыктын" Прагадагы кеңсесинин кызматкери, журналист, саясат жана экономика тармактары боюнча адис. Кыргыз улуттук университетинин журналистика факультетин аяктаган.
Соңку маалыматтарга караганда, Кошмо Штаттар Ирактын учурда изделип жаткан экс-диктаторун жоопко тартуу үчүн атайын трибунал түзүүгө ниеттенүүдө. Бул тууралуу "Нью-Йорк Таймс" гезити жазып чыкты. Мунун аралыгында АКШнын мамлекеттик департаменти Саддам Хусейндин уулдарынын дарегин билгизген адамга 30 миллион доллардык сыйлык төлөнүп берилерин жарыялады. АКШнын расмий өкүлдөрү Иракта массалык кыргын салуучу куралдарды издөө жагынан да жылыштар бардыгын, өлкөдө жалпы элдик шайлоо бир жылдын аралыгында өткөрүлүшү мүмкүн экенин билдиришүүдө.
Израилдин премьер–министри Ариэль Шарон менен АКШнын президенти Жорж Буштун Вашингтондогу жолугушуусунда жөөт-палестин чатагын жөнгө салууну караган "Жол картасы" тынчтык планын аткарууга байланышкан маселелер талкууланды. Ушул эле максат менен өткөн аптада АКШда палестин өкмөт башчысы Махмуд Аббас болгон эле. Вашингтон жөөт өкмөтү көрүп жаткан аракеттерди, анын ичинде 500дөн ашуун палестинди бошотуу жөнүндөгү чечимин кубаттады. Мындай чечим премьер-министр Шарондун АКШдагы визитин утурлай кабыл алынган.
Иракта коалициянын аскерлерине каршы жасалган кол салуулар токтобой жатат. Саддам Хусейндин уулдары Удай менен Кусай өлтүрүлгөндөн бери эле бул жерде америкалык аскерлердин ону курман болду, бир нечеси жаракат алды.
Иран "aл-Kаида" террорчул уюмунун айрым жогорку даражалуу өкүлдөрү камакта отурганын биринчи ирет моюнга алды. Тегеран камактагылардын ысымдарын атаган жок. Ирандык расмий өкүлдөрдүн билдиргенине караганда, алардын айрымдары Иранда сот жообуна тартылышы мүмкүн, айрымдары өз мекенине өткөрүлүп берилет. Ал эми Тегеранды террорчуларга башпаанек бергени үчүн айыптап жүргөн АКШнын пикиринде, бул жаңылык Иранда аль-каидачылар арбын экенин айгинелегенсиди. Бирок, Вашингтон Тегерандын маалыматынын чын-төгүнүн ырастай албайсын билдирди.
Иракта Саддам Хусейндин уулдары Удай менен Кусайдын өлтүрүлүшүн АКШ жана анын өнөктөштөрү кубаттады. Алардын өлүмү өлкөдөгү кырдаалды өзгөртөт, коалициянын аскерлерине каршы жасалып жаткан кол салуулардын кыскарышына өбөлгө берет деген пикирлер да айтылууда. Бирок ошол эле учурда аталган окуядан соң эле каршылык көргөзүү аракеттеринин басаңдашы күмөндүү дегендер да бар.
Британияда премьер-министр Тони Блэр менен катар башкаруучу Лейбористтик партиянын калк арасындагы бедели төмөндөдү. Буга себеп берген жагдайлар катары Ирак согушуна байланыштуу тутанган жаңжал жана анын учурунда британ өкмөтүнүн Ирак боюнча экспертинин өлүмү бир ооздон аталууда. Көпчүлүк баяндамачылардын пикиринде, Британиянын башкаруучу саясий чөйрөсү азыр өтө оор кризиске кабылды.
АКШ армиясынын Борбордук командачылыгынын башчысы генерал Жон Абизайддин билдиргенине караганда, алдыдагы айларда Иракта каршылык көргөзүү аракеттери дагы күчөшү күтүлүүдө. Айткандай эле коалициянын аскерлерине каршы жасалган кол салуулар дээрлик күн сайын кайталанууда. Борбордук командачылыкты жетектеген адам катары Ирактагы аскердик операцияларга да жооп берген генерал Абизайд бул жерде "партизандык согуш" жүрүп жатканын өткөн аптада моюнга алган эле. Эми анын айтымында, АКШ коопсуздукту сактоо иштерине америкалык аскерлер менен бирге Ирактын өзүнүн "атуулдук коргонуу күчтөрүн" да тарткан жатат.
Азия өлкөлөрү боюнча иш сапарда жүргөн британ премьери Тони Блэр коргоо министрлигинин кеңешчиси маркум Дэвид Келлинин иши боюнча тергөөдө көрсөтмө берүүгө даяр экенин,өкмөттүн кетирген катачылыктары үчүн жоопкер болорун, бирок аталган окуяга байланыштуу кызматынан чегинбесин билдирди. Баяндамачылар Дэвид Келлинин табышмактуу өлүмү Блэрдин бул иш сапарына көлөкө түшүргөнүн белгилешти. Дэвид Келлинин өлүмүнөн соң британ премьеринин дарегине отставкага кетүү жана Азиядагы визитин кыскартып, мекенине кайтуу чакырыктары айтылган эле. Ал эми Би-Би-Си анын менен британ өкмөтүнүн ортосундагы чатакка өбөлгө берген маалымат маркум Дэвид Келлиден алынганын ачыкка чыгарды.
АКШ армиясынын Борбордук командачылыгынын башчысы генерал Жон Абизайд Иракта партизандык согуш жүрүп жатканын моюнга алды. Америкалык жогорку даражалуу генералдын айтымында, каршылык көргөзүү аракеттери барган сайын уюшкан мүнөзгө ээ болууда, бирок кездешип жаткан кыйынчылыктарга карабай аскерлер бул өлкөдөгү вазийпасын аягына чыгарат.
АКШ Түндүк Кореянын өзөктүк курал жасоо үчүн жетиштүү өлчөмдө плутоний өндүргөнү жөнүндөгү маалыматтар терең тынчызданууларды жаратканын белгилөөдө. Бирок, Кошмо Штаттар, алардын өнөктөштөрү да Пхеньяндын жогорудагыдай билдирүүсүнүн чын–төгүнүн азырынча ырастай албайт. Шаршембиде АКШнын мамлекеттик катчысы менен Кытайдын тышкы иштер министри Түндүк Корея маселесин телефон сүйлөшүүсүндө талкуулады. Мунун алдында Пекиндин өкүлү кытай президентинин катын Пхеньянга жеткирип келген эле.
Расмий Тегеран теги ирандык, бирок бир эле кезекте Канаданын да атуулу болгон фотожурналист Захра Каземи келтек жегендин натыйжасында каза тапканын моюнга алды. Канаданын дипломатиялык кысымы астында иран бийликтери журналисттин өлүмү боюнча иликтөө жүргүзүүгө мажбур болушкан эле. Ал эми баш кеңсеси Парижде жайгашкан "Чек арасыз репортерлор" уюму Иранда эркин журналисттерди камоо көбөйгөнүнө терең тынчыздануу билдирүүдө.
Дүйшөмбү күнү кечинде палестин лидери Ясир Арафат менен жолуккан соң премьер-министр Махмуд Аббас эки ортодогу пикир – келишпестиктер жоюлганын ырастады. Мунун аралыгында Лондондо жүргөн жөөт премьер-министри Ариэл Шарон британ өкмөтүн палестин лидери Ясир Арафат менен алаканы токтотууга чакырып, бирок терс жооп алган.
Баш кеңсеси Парижде жайгашкан "Чек арасыз репортерлор" уюму Иранда эркин журналисттерди камоо көбөйгөнүнө терең тынчыздануу билдирүүдө. Аталган эл аралык уюм ошондой эле теги ирандык, бирок Канаданын атуулу болгон фотожурналист Захра Каземинин абактагы өлүмү боюнча көз карандысыз иликтөө жүргүзүүнү, анын сөөгүүнү Канададагы жакындарына кайтарылып берилишин талап кылып жатат.
Соңку маалыматтарга караганда, Ирактын өзүнүн утурумдук бийлиги ушул айдын ичинде түзүлөөрү күтүлүүдө. АКШ баштаган убактылуу администрациянын жетекчилиги учурда бул маселе боюнча жергиликтүү саясатчылар менен сүйлөшүүлөрдү өткөрүп жатат. Багдаддан түшкөн кабарларда айтылгандай, Ирактын башкаруу кеңеши мурда болжолдонгондой кеңеш берүүчү гана орган болбостон, коалициянын администрациясы алар менен чектелген өлчөмдө аткаруу бийлигин да бөлүшүшү ыктымал.
Атом энергетикасы боюнча эл аралык агенттик - МАГАТЭнин директору Мохаммед ал-Барадейи учурда иш сапары менен Иранда жүрөт. Визиттин максаты – иран бийликтерин Өзөктүк куралдарды таратпоо жөнүндөгү эл аралык келишимдин Кошумча протоколуна кол коюуга көндүрүү. Муну менен Ирандагы өзөктүк жайларды МАГАТЭнин эксперттери каалаган учурда, эч тоскоолдуксуз инспекциялоосу үчүн жол ачылышы керек.
Шейшембиде Москвада аза күтүү күнү болду. Тушино аба майданындагы, өткөн ишембидеги террактан курман болгондордун айрымдары акыркы сапарга узатылды. Андагы жардыруудан эки жанкечтиден башка он үч адам каза таап, алтымыштай киши жарадар болгон. Жардыруу үчүн эч ким жоопкерчилик алган жок. Бирок, расмий Москва терракт чечен козголоңчуларынын колунан келген иш экенинен күмөн санабайт.
Баш сөөктөрү жупташып калган ирандык эгиз кыздар хирургиялык операцияны көтөрө алышкан жок. Сингапурлук дарыгерлер эгиздерди ажыратууга жетишти, бирок операция учурунда канды көп жоготуп койгон кыздардын өмүрүн сактап калууга мүмкүн болбоду. Эгер оңунан аяктаганда, бул аракет дүйнөлүк медицинадагы зор жаңылык болмок.
Германияда өкмөттүн планына ылайык, келерки жылдан тартып салык өлчөмдөрү кыскартылышы керек. Бирок ага чейин өкмөттүн сунушу парламентте колдоо табышы абзел. Немец канцлери Герхард Шрөдөрдүн ишениминде, салыктарды азайтуу аркылуу экономиканы жандандырууга болот. Ал эми айрым эксперттер салык өлчөмдөрүнүн төмөндөтүлүшү бюджет тартыштыгын күчөтүп, Германия Европа Биримдиги алдындагы каржылык милдеттемелерин аткара албай калышы да мүмкүн деп эсептешет.
Кошмо Штаттар америкалык атуулдарды Эл аралык Кылмыш Сотуна өткөрүп бербөө жөнүндө эки тараптуу келишим түзбөгөн 35 өлкө үчүн 50 миллион доллардай аскердик жардам токтотулганын жарыялады. Бул тизмедеги өлкөлөрдүн арасында АКШнын союздаштары да бар. Эл аралык кылмыш соту болсо 1-июлдан тартып ишине киришти.
Америкалык аскерлер Ирактын борбордук райондорунда мурдагы режимдин куралдуу жактоочуларын издеп, жок кылуу боюнча кеңири масштабдагы операциясын улантууда. Эксперттердин пикиринде, Саддам Хусейндин куралдуу колдоочулары көргөзүп жаткан каршылык - Ирактагы проблемалардын бири гана. Кошмо Штаттардын коргоо министри Дональд Рамсфелддин билдиргенине караганда, коалициялык аскерлерге каршы кол салуулар тез арада токтой койбойт.
Дагы жүктөңүз