"Азаттыктын" Прагадагы кеңсесинин кызматкери, журналист, саясат жана экономика тармактары боюнча адис. Кыргыз улуттук университетинин журналистика факультетин аяктаган.
Палестин бийлиги менен жетишилген макулдашууга ылайык, Израил Газа секторунун түндүк бөлүгүнөн өз аскерлерин чыгарып кетти. Эми бул аймактардагы коопсуздук үчүн палестин тарап жоопкер болот. Мунун алдында палестиналык согушчан топтордун үчөөсү: "Хамас", "Фатх " жана "Исламчыл Жихад" Израил менен убактысынча элдешерин жарыялашкан эле.
Мурда күтүлгөндөй палестиндердин "Хамас", "Исламчыл жихад" жана "Фатх" уюмдары Израил менен убактысынча элдешерин жарыялашты. Аталган эки уюмдун биргелешкен билдирүүсүнө караганда, эми алардын активисттери жөөттөргө каршы куралдуу аракеттерди үч айга токтотот. Бул окуянын алдында АКШнын Улуттук коопсуздук боюнча кеңешчиси Кондолиза Райс Израилдин жана Палестинанын өкмөт башчылары менен сүйлөшүүлөрдү өткөрүп, "Жол картасы" деп аталган тынчтык планын ишке ашырууга байланышкан маселелерди талкуулаган эле. Израил Газа секторунан аскерлерин алып кетүүгө макул болгон.
Иракта Саддам Хусейнден кийинки жаңы коомду куруу аракеттери көрүлүп жатканы менен андагы согуштун башкы күнөөкөрүнүн тагдыры али белгисиз. Ирактын мурдагы жолбашчысына жакын адамдардын биринин өткөн аптада камакка алынышы да ал аскерий операциялардан аман калганын ырастагандай болду. Эксперттер америкалык аскерий учактардын өткөн аптадагы аба жапырыктары учурунда курман болгондор ким экенин аныктоонун үстүндө иштөөдө. Себеби айрым такталбаган маалыматтар боюнча анда бутага алынган автокербенде Саддам Хусейн же анын уулдары бара жаткан.
Араб дүйнөсүндө алкоголдук ичимдиктерди пайдалангандарга карата мамиле катаал экени белгилүү. Бирок араб өлкөсү катары эсептелген Иракта пиво менен арак - шараптын түр-түркүнү сатылат, башкалаа Багдадда эле бул чөйрөгө адистешкен 2 миңдей дүкөн бар. Жакында алардын бир нечесине жасалган чабуулдардан кийин калк арасында бул исламчыл шийиттердин колунан келген иш болушу мүмкүн деген кеп тарады.
Ирактын утурумдук өкмөтүн түзүү планындагы өзгөрүүлөр жөнүндөгү маалыматтарга улай америкалык администрациянын башчысы Пол Бремер азыр башкы көңүл өлкөнүн экономикалык маселелерине бурулганын билдирди. Америкалык администрациянын приоритеттери эмне себептен өзгөргөнү, алар ирактыктар менен бийликти качан жана кантип бөлүшө турганы азырынча түшүнүксүз.
Кытайдын президенти Ху Цзиньтао бул күндөрү иш сапары менен Казакстанда жүрөт. Айрым баяндамачылар белгилешкендей, Кытайдын жаңы лидеринин Борбор Азиядагы алгачкы визитинин максаты - Пекиндин чөлкөмдөгү кызыкчылыктарын дагы бир сыйра бекемдөө.
Соңку маалыматтарга караганда, Ирактын АКШ жетектеген администрациясы келерки айда өлкөнүн утурумдук өкмөтүн түзүү боюнча жалпы улуттук конференция өткөрүү жөнүндөгү планынан баш тартып, анын ордуна жергиликтүү топтордун өкүлдөрүнөн турган убактылуу саясий кеңеш түзүшү мүмкүн. Курамы 25-30 адамдан турган ал саясий кеңешке Ирактын утурумдук бийлиги катары өлкөнү башкарууда АКШ жетектеген администрацияга жардам көргөзүү милдети жүктөлөт. Ал эми Саддам Хусейндин режими бийликтен кулатылганына жети аптадан ашса да өлкөдөн массалык кыргын салуучу куралдардын изи табыла элек. Буга байланыштуу америкалык саясатчылардын айрымдары согуштун туура экенин көргөзгөн башка далилдер деле арбын экенин, экинчилери Ирактан массалык кыргын салуучу куралдар табылбаса эл аралык коомчулуктун АКШга болгон ишенимине доо кетерин айтышууда.
АКШнын жана Орусиянын президенттери жекшемби күнү Санкт-Петербургда болгон бейрасмий жолугушуусунда өзөктүк куралдарды кыскартуу жөнүндөгү келишимдин ратификациялык грамоталарына кол коюшту. Эки тараптуу кызматташтыкка жана эл аралык коопсуздукка байланышкан маселелер талкууланган жолугушуудан соң, АКШ менен Орусиянын стратегиялык өнөктөштүгү чыңдалып жатканы, Ирак кризиси эки өлкөнүн мамилесин солгундатпастан, кайра бекемдегени тууралуу айтылды.
АКШнын президенти Жорж Буш келерки аптада Жакынкы Чыгышка келет. Ал адегенде Египетте араб өлкөлөрүнүн лидерлери, андан соң Иорданияда жөөт жана палестин өкмөт башчылары менен жолугары күтүлүүдө. Жакынкы Чыгыштагы бул саммитти утурлай Ариэль Шарон менен Махмуд Аббас эки тараптуу сүйлөшүү өткөргөн жатат. Палестин өкмөт башчысы бейшемби күнү жөөт гезиттеринин биринде жарыяланган маегинде исламчыл "Хамас" тобу менен израилдиктерге каршы террордук чабуулдарды толук токтотуу боюнча мунасага жетерине ишеним билдирди.
АКШнын президенти, жөөт жана палестин өкмөт башчылары катышкан жыйын келерки аптада Иорданияда өтүшү мүмкүн. Бул үч тараптуу сүйлөшүүлөрдө Жакынкы Чыгыштагы жаңжаалды жөнгө салуу боюнча "Жол картасы" деп аталган тынчтык планын аткарууга байланышкан маселелерди талкуулоо белгиленген. Мунун алдында жөөт жана палестин өкмөт башчылары өз алдынча да сүйлөшүү өткөрөрү күтүлүүдө.
Алжирдеги жер титирөөдөн жүздөгөн адамдар каза тапты, 5 миңдей киши жарадар болду. Учурда куткаруу - издөө иштери улантылууда. Өлкө бийликтери жер титирөөнүн курмандыктары дагы өсүшү мүмкүн экенин жокко чыгарбайт.
Кошмо Штаттарда террор коркунучу жогорку деңгээлге чыкканы жарыяланып, коопсуздук чаралары күчөтүлдү. АКШ менен катар Британия жана Германия Сауд Аравиядагы дипломатиялык өкүлчүлүктөрүн убактысынча жабышты. Вашингтон жогорудагы аракеттерин АКШга кастарын тиккен террордук уюмдар соңку кездери активдешип, алардын өз ара байланыштары арбыганы менен түшүндүрүп жатат.
20-майда Чыгыш Тимор көз карандысыздыкка жеткенинин бир жылдыгын белгиледи. Бирок өлкө калкы азырынча саясий мүдөөсү орундалганына гана канааттана алат. Чыгыш тиморлуктардын басымдуу бөлүгү жакырчылык менен жокчулуктун чеңгээлинде жашоодо.
Жакынкы Чыгышта акыркы үч күндүн ичинде беш теракт жасалды. Соңку жардыруулардан улам жөөт өкмөтү палестиндердин Израилге кирип-чыгуусуна тыюу салып, Йордандын Батыш жээги менен Газа секторундагы чек араларды толугу менен жапты. Жөөт өкмөтүнүн чечимине ылайык, алар эми палестин лидери Ясир Арафат менен жолуккан чет элдик дипломаттар менен саясатчыларды да кабыл албайт. Израил менен Палестинанын акыркы эки жарым жылдан ашуун мезгилден берки жогорку деңгээлдеги алгачкы сүйлөшүүлөрүн улай жасалган террордук чабуулдардан кийин жөөт өкмөт башчысы АКШга белгиленген иш сапарын да токтоткон эле.
Израилдин премьер-министри Ариэль Шарон палестин жанкечтилеринин соңку террордук чабуулдарына байланыштуу АКШга белгиленген иш сапарын токтотту. Мунун алдында эле Израил жана Палестин жетекчилеринин акыркы эки жарым жылдан ашуун убакыттан берки алгачкы сүйлөшүүлөрү өткөн эле. Анда А.Шарон жөөт өкмөтү "Жол картасы" планын азыркы түрүндө колдобосун билдирген.
Мындан үч айча мурун КМШнын төрт өлкөсү: Орусия, Украина, Беларусия жана Казакстандын президенттери өзүнчө жаңы экономикалык биримдик түзгөнүн жарыялашкан эле. Британдык "Жейнс" изилдөө борбору мындай аракеттердин артында Орусиянын стратегиялык кызыкчылыктары жатканына көңүл бурат. КМШнын аймагындагы соода-экономикалык кызматташтыктын буга чейинки тажрыйбасын эске алганда, жаңы биримдиктин көздөгөн максатына жетери көп күмөн саноолорду жараткан маселе.
Азербайжандын президенти Гейдар Алиев 10-майда сексенге чыгат. Учурда ал Түркияда медициналык кароодон өтүүдө. Мурдараак Г. Алиев быйыл күздө болуучу президенттик шайлоого катышаарын жарыялаган эле. Бирок жашы улгайып калган Г.Алиевдин ден-соолугуна байланышкан күмөн саноолор соңку кездери кайрадан күчөдү. Президенттин жеке көйгөйүнүн өлкөдөгү саясий кырдаалга кандай таасири тийиши мүмкүн?
Ирактын америкалык убактылуу администрациясынын башчысы Жей Гарнер өлкөнүн болочок өкмөтүн түзүү аракеттерин улантууда. Дүйшөмбү күнү ал Багдадда Ирактын саясий, коомдук жана диний ишмерлеринин жоон тобу менен кайрадан жыйын өткөрдү. Бирок азырынча сүйлөшүүлөрдүн алгачкы айлампалары гана өтүп жатат. Тараптар өкмөт түзүү жаатында кандайдыр бир конкреттүү макулдашууларга жетише элек.
Ооганстанда талиптер менен “аль-каидачыларга” каршы жүргүзүлүп келген аскерий операциялар аяктаганы жөнүндө жакынкы аралыкта расмий түрдө жарыяланышы мүмкүн. АКШнын коргоо министри Доналд Рамсфелд жекшембиге күнгө белгиленген визити учурунда ооган бийликтери менен ушул маселени талкууламак. Бирок Вашингтондон Ооганстан жана Перси булуңундагы өлкөлөр боюнча иш сапарга аттанган АКШнын коргоо министри учагы Ирландиянын аба майданына конгондо байкалган техникалык проблемалардан улам Кабулга белгиленген иш сапарын кийинкиге калтырды.
Франциянын Иракка каршы киргизилген экономикалык санкцияларды тезинен токтотуу жөнүндөгү сунушу БУУнун Коопсуздук Кеңешине мүчө өлкөлөр арасында аталган маселе боюнча мунаса пайда боло баштаганын белгиси катары каралууда. Ал эми согуштан соң Иракта массалык кыргын салуучу куралдар бар же жок экенинин чын-төгүнүнө ким жетет деген маселе боюнча Коопсуздук Кеңешинде мурдагыдай эле кайчы пикирлер айтылып жатат.
Дагы жүктөңүз