"Азаттыктын" Прагадагы кеңсесинин кызматкери, журналист, саясат жана экономика тармактары боюнча адис. Кыргыз улуттук университетинин журналистика факультетин аяктаган.
Дүйнөлүк саламаттыкты сактоо уюмунун пикиринде, өнөгөсүз өпкө оорусунун, - же адистердин тили менен кыскача айтканда - "САРС" дартынын, - мындан аркы жайылуусун алдын алууда Кытайдын аракети өтө маанилүү. Саламаттыкты сактоо уюму расмий Пекинди эпидемия чыкканын убагында айтпаганы, илдетке чалдыккандардын санын жашырганы үчүн айыптады. Жүргүзүлгөн иликтөөлөрдүн соңку жыйынтыктарына караганда, "САРС" вирусунун чоо-жайы аныкталды.
Үстүбүздөгү аптада БУУнун Коопсуздук Кеңеши Түндүк Кореянын өзөктүк куралдар программасына байланышкан маселелерди талкуулаганы менен Пхеньянды айыптаган резолюция кабыл алган жок. Коопсуздук Кеңешине мүчө өлкөлөр Түндүк Кореянын аракеттерине камтамачылык гана билдиришти.
Коалициялык аскерлер Багдаддан кийин эми Саддам Хусейндин кичи мекени - Тикрит шаарын алууну көздөөдө. Тикрит Ирак режиминин соңку таянычы болушу мүмкүн. Багдаддын өзүндө да маал-маалы менен атышуулар жүрүп жатат. Бейшемби күнү түндүктөгү Киркук шаары коалициянын колуна өттү. Америкалык тарап алдыда да оор салгылашуулар бар деп эсептейт.
Ирактын экинчи ири шаары - Басраны ээлеген британ аскерлерин жергиликтүү калк негизинен жылуу кабыл алды. Бирок, алар эми аскерлердин тартипти жана коопсуздукту тезирээк орнотуусун күтүүдө. Кабарчыбыз Чарльз Рекнагел бүгүн Басрадан буларды билдирди:
Согуштан кийинки Иракты калыбына келтирүү жараянын ким жетектейт деген маселе эл аралык коомчулукта кайчы пикирлерди жаратууда. Алсак, согушка каршы болгон өлкөлөрдүн бири - Германия Иракты калыбына келтирип, башкаруу органдарын түзүүдө жетектөөчү роль АКШга эмес, Улуттар Уюмуна ыйгарылышы керек деп эсептейт. Расмий Берлин, ошондой эле, НАТО уюму Иракта кандайдыр бир бейпилдик миссиясын аткараарынан күмөнсүнөт.
Дүйшөмбүдө Багдаддын борбордук бөлүгүнө кирген АКШнын аскердик техникасы менен жоокерлери президенттик сарайлардын экөөсүн ээлеп, өкмөттүк имараттардын айрымдарын кыска убакытка курчоого алды. Америкалык командачылыктын түшүндүрмөсүнө караганда, азыркы окуялар - аскердик техниканын кезектеги рейди жана Саддам Хусейндин режими өлкөнүн ири шаарларын көзөмөлдөй албай калганынын далили. Анткен менен Багдад үчүн басташуулардын негизгилери али алдыда.
Бейшемби күнү Брюсселде өткөн сүйлөшүүлөрдө АКШнын Мамлекеттик катчысы Колин Пауэлл Европа Биримдигине жана НАТОго кирген өлкөлөрдүн тышкы иштер министрлери менен Ирактын келечегине тиешелүү маселерди талкуулады.Атап айтканда согуштан кийинки доордо Ирак кантип калыбына келтириле тургандыгы, ким кандай роль ойноору жөнүндө сөз болду.
Жекшембиде эл аралык коопсуздук күчтөрүнүн Кабулдагы кеңсесине атылган ракеталар соңку күндөрү Ооганстанда чет элдик аскерлер менен эл аралык гуманитардык уюмдардын кызматчыларына удама-удаа жасалган кол салуулардын азырынча акыркысы болду. Ооганстандын жана эл аралык коопсуздук күчтөрүнүн өкүлдөрү жогорудагы окуялардын Ирактагы согуш менен байланышы жок экенин айтышууда.
Коалициялык күчтөр Багдадды көздөй чабуулун улантууда. Ал эми согуш аракеттеринин жүрүшүн каршылашкан тараптардын ар кимиси өз пайдасына чегерип жатат. Ирак бийликтеринин ырастоосунда, президент Саддам Хусейн өлкөдөгү кырдаалды толук көзөмөлдөөдө. Америкалык жана британиялык жетекчиликтин эсебинде, согуш Саддам Хусейндин режимин кулатуу менен аяктаары айныксыз.
Америка жана анын союздаштары Иракка каршы аскерий операциясын баштады. Аскерий операция башталганын Кошмо Штаттардын президенти Жорж Буш Ирак президенти Саддам Хусейнге өлкөдөн чыгып кетүүсү үчүн берилген мөөнөт аяктагандан бир жарым саат өткөн соң жарыялады. Дүйнөлүк жамаат согуштун башталышын эки башка маанайда кабыл алууда, айрым өлкөлөр нааразылык демонстрациялары менен тосуп алды.
Сербиянын киши колдуу болгон премьер - министри Зоран Жинжичтин Демократиялык партиясы өлкөнүн өкмөт башчылык кызматына Зоран Живковичти көрсөттү.Кезинде мурдагы Югославиянын ички иштер министри болуп иштеген Живкович - маркум Зоран Жинжичтин жакын санаалаш саясий шакирти. Эми Сербиянын парламентинде премьер-министрди бекитүү маселеси шаршемби күнү каралары күтүлүүдө.
Тажикстанда Адвокаттардын улуттук ассоциациясын түзүү аракеттери жасалууда. Бул өлкөнүн юридикалык системасын чыңдоо жаатындагы маанилүү кадамдардын бири болушу мүмкүн. Бирок, жергиликтүү адвокаттар ассоциация уюштуруу алардын ишине олуттуу деле өзгөрүү алып келбесин айтышат.
Бул күндөрү Пекинде кытай парламенти – Эл Өкүлдөрүнүн Жалпыкытай жыйынынын кезектеги сессиясы өтүүдө. Дүйшөмбү күнү сессиянын катышуучулары кытай өкмөтүнүн структурасын жаңы шарттарга ылайык реформалоону караган чечимдерди бекитти. Ал эми сессиянын соңунда Кытайдын жаңы жетекчилери шайланат. Мамлекет жана өкмөт башына жаңы адамдардын келиши менен Кытайдын коңшу өлкөлөр, анын ичинде Кыргызстанга карата саясатында өзгөрүүлөр болушу мүмкүнбү?
Ирактагы ыктымал согуш дүйнөнүн христиан чиркөөлөрүнүн да нааразылыгын жаратты. Иракка байланышкан чатакты тынчтык жол менен чечүү чакырыктары католиктер, протестанттар тарабынан да айтылып жатат. Рим католик чиркөөсүнүн ордосу катары эсептелген – Ватикан өз тарабынан согушту болтурбоо аракеттерин көрүүдө. Рим папасы Иоанн Павел II ушул шаршембидеги апталык кайрылуусунда да урушка жол бербөө зарылдыгын белгиледи.
Шейшембиде АКШ менен Түштүк Корея бир айга созула турган аскерий машыгууларын баштады. Мунун алдында Түндүк Кореянын аскерий учактары эл аралык аба мейкиндигинде АКШнын чалгынчы учагынын жолун тосуп, аны камалаган. Бул окуяга байланыштуу Вашингтон Пхеньянга расмий түрдө нааразылык билдиргени жатат.
Түркиянын бийликтери Ирактагы ыктымал согушка байланыштуу өлкөдө америкалык аскерлерди жайгаштыруу жөнүндөгү өкмөттүн өтүнүчүн парламент четке каккандан кийин түзүлгөн кырдаалдан чыгуунун жолдорун талкуулап жатат. Баяндамачылардын пикиринде, түрк өкмөтү, бийликтеги "Адилеттүүлүк жана Өнүгүү" партиясы кыйын абалга кептелди. Ал эми Вашингтон Ирактагы ыктымал аскерий операцияга байланышкан пландарын кайра карап көрүүгө мажбур болушу мүмкүн.
"Ал-Кайида" террордук уюмундагы жетекчилердин бири Халид Шейх Мохаммед Пакистанда камакка алынды. Аны колго түшүрүү операциясын Пакистандын жана АКШнын атайын кызматтары биргелешип жүргүзгөн. 2001-жылдын 11-сентябрындагы террордук чабуулдарды уюштургандардын бири деп эсептелген Халид Шейх Мохаммеддин камакка алынышын америкалык расмий өкүлдөр "ал-Кайидага " каршы күрөштөгү ири жетишкендик катары баалашууда.
Наркозаттарды көзөмөлдөө боюнча эл аралык кеңеш жакында жарыяланган жылдык отчетунда Борбор Азия өлкөлөрүн апийим өндүргөндөрдүн тизмесине киргизген жок. Бирок,документте Борбор Азия Ооганстанда өндүрүлгөн наркозаттарды Европага ташуудагы кан жол экени белгиленген.
Дагы жүктөңүз