"Азаттыктын" Прагадагы кеңсесинин кызматкери, журналист, саясат жана экономика тармактары боюнча адис. Кыргыз улуттук университетинин журналистика факультетин аяктаган.
Орусия Грузиянын батыш бөлүгүндөгү беш аскерий бекетин жойду. Муну ишембиде эки тараптын тең расмий өкүлдөрү ырасташты. Түштүк Осетиядан улам өткөн айда Орусия менен Грузия ортосунда орун алган согуш аскерий фронтто эле эмес, маданий чөйрөдө да жүргөн эле. Грузияда өлкөнүн маданий элитасын түзгөн ырчылар менен аткаруучулар тобу, алардын айтымында, улуттук духту көтөрүүгө багытталган ырлар менен программаларды чыгаруу үчүн бириге алышкан. Бирок бул көрүнүштүн сынчылары андай аракеттер жөнөкөй мекенчилдиктен ксенофобияга алып барат деп эсептешет.
Орусиянын газ гиганты - Газпром дүйнөдөгү эң ири компаниялардын бири жана Еврошаркеттин көгүлтүр от менен эң башкы камсыздоочусу. Орусия менен Грузия ортосундагы жакынкы согуштан соң Европада орус өкмөтү жарымынан көбүнө ээлик кылган бул ишкананы тышкы саясий максатта колдонууну күчөтпөйбү деген жаңы кооптонуулар айтылууда. Бирок Газпромдун өзүндө да ички көйгөйлөрү жок эмес.
Европанын өзөктүк изилдөөлөр боюнча уюмунун Швейцарияда жайгашкан изилдөө борборунда дүйнөдө буга чейин болуп көрбөгөн илимий тажрыйба башталды. Окумуштуулар бөлүкчөлөрдү тездетүүчү эң ири жабдууну – адрон коллайдерин ишке киргизди. Бул жаңы илимий тажрыйба ааламдын жаралышын жакшыраак түшүнүүгө жардам берет деген үмүт бар.
Азербайжанда президенттикке талапкер болууну көздөгөндөрдүн саны жыйырма бирден онго түштү. Анткен менен көпчүлүк бийликти атасынан өткөрүп алган азыркы президент Ильхам Алиев кайра шайланарынан дээрлик шек санашпайт. Азербайжанда шайлоо 15-октябрга белгиленген.
Пакистан аймагына жасалган аскерий жортуулду ачуулануу менен айыптады. Алардын ырастоосунда, өлкөнүн уруулар турган аймагына АКШ баштаган аскерлер кирип, рейд учурунда тик учактар пайдаланылган. Андан кеминде он беш киши каза тапты. Кошмо Штаттардын бул окуяга карата азырынча ак же көк дебегени, балким, чабуул учурунда "ал-Каиданын" аттуу-баштуу адамы бутага алынганбы деген жоромолдорду да жаратпай койгон жок.
Соңку он жылдын аралыгында, анын ичинде 1994-96-жылдары Чеченстандагы биринчи согуш учурунда чечендердин куралдуу козголоңчулары Түндүк Кавказдын башка чөлкөмдөрүнө да тараган эле. Бул аймакта куралдуу каршылыгын токтотпой жаткан согушкерлер эми Азербайжандын аймагына да баш бакканы маалым болду.
Өзбекстандын Улуттук коопсуздук кызматынын мурдагы офицери Анжиян окуясы учурунда адамдарды кырууга жеке өзү буйрук бергени үчүн президент Ислам Каримовду айыптоодо. Кезинде мамлекет башчысына тикелей отчет жазып турган мурдагы майор Икром Якубов бир нече ай бою четте жашырынып жүргөн соң саясий башпаанек суроо үчүн эми Британияга келди. Ал Ташкент менен Бухарада 2004-жылдын жазында болгон бомба жардыруулардын артында өзбек өкмөтү өзү турган, Өзбекстан Ислам кыймылы деген уюм да президент Ислам Каримовдун көрсөтмөсү боюнча түзүлгөн деп эсептейт. Икром Якубов көргөн-билгендери тууралуу "Азаттык жана Эркин Европа" радиосунун кабарчыларына да айтып берген.
Кошмо Штаттардын вице-президенти Дик Чейни бүгүн иш сапары менен Азербайжанга келди. Орусия өткөн айда Грузиянын аймагына аскер киргизгенин кескин сынга алган Чейни эртең Тбилисиге, андан соң Киевге барат. Кабарларга караганда, бүгүн Кошмо Штаттар Орусия менен жакындагы согуштан жабыр тарткан чарбасын кайра куруу үчүн Грузияга бир миллиард доллардык жардам берилерин жарыялары күтүлүүдө.
Орусия Грузия менен ок атышууну токтотуу жөнүндөгү эл аралык чакырыктарды четке какты. Орусиянын БУУдагы элчиси Виталий Чуркиндин Коопсуздук Кеңешинде билдиргенине караганда, орус аскерлери Түштүк Осетияда кала берет. Мунун алдында Грузиянын президенти Михаил Саакашвили Орусияны ок атышууну токтотууга, эл аралык ортомчуларды Москвага таасир көргөзүүгө чакырган. Ал эми Орусиянын президенти Дмитрий Медведев америкалык кесиптеши Жорж Буш менен телефон сүйлөшүүсүндө учурдагы жаңжаалды жөнгө салуунун жалгыз жолу катары Грузиянын Түштүк Осетиядан толук чыгып кетүүсүн, эки тарап күч колдонбоо жөнүндө укуктук жактан милдеттендирген келишимге кол коюусун атаган. Тынчтык орнотууга кол кабыш кылыш үчүн Грузияга АКШ, Еврошаркет, ЕККУнун чабармандарынан турган биргелешкен делегация келери күтүлүүдө. Ал эми уруштар азырынча уланып жатат.
Грузиянын аскерлери ал өзүнүн жикчил аймагы катары эсептеген Түштүк Осетиянын борбору Цхинвалини курчоого алды. Бул тууралуу грузин расмий өкүлдөрү билдирди. Мунун алдында, өткөн түнү грузин күчтөрү Цхинвалиге чабуул баштаган эле. Грузин тарап өз аракетин "Түштүк Осетияда конституциялык тартипти орнотууга" багытталган операция катары мүнөздөдү.
Бээжинде жайкы Олимпиада оюндары башталарына саналуу эле күн калды. Аны утурлай кытай бийликтери --> http://rfe.azattyk.org/rubrics/free_speech/ky/2008/05/BCC705BF-B299-47F7-BE45-41D94090CAA9.asp интернетти цензуралоону Олимпиада жүрүп жаткан кезде да улантарын ырасташты. Мурдараак алар мындайга барбоону убада кылышкан эле. Бул аралыкта АКШ Конгрессинин эл өкүлдөр палатасы Кытайды Олимпиада алдында адам укуктарын бузууну токтотууга чакырган резолюция кабыл алды.
Иранда кезектеги президенттик шайлоо 2009-жылы өтүшү керек. Эгер мурдагы президент, реформачыл маанайдагы саясатчы Мохаммед Хатами бул жолку шайлоого катышууну көздөсө, өлкөнүн Көзөмөл кеңеши анын талапкерлигин четке кагат. Бул тууралуу Тегеранда чыгуучу "Кейхан" гезити жазып чыкты.
Босниялык сербдердин мурдагы жолбашчысы Радован Каражич бүгүн Эл аралык соттун алдына биринчи ирээт чыгаары күтүлүүдө. Гаага шаарына ал кечээ эртең менен жеткирилген болчу. Каражич трибуналга жөнөтүлөөрдөн бир нече саат мурда Белградда анын камалышына каршылык билдирген серб улутчулдарынын демонстрациясы өткөн эле. Бирок чогулгандардын саны күтүлгөндөгүдөн кыйла аз болду. Сербиянын юстиция министрлиги Радован Каражичти мурдагы Югославия боюнча Эл аралык кылмыш трибуналына өткөрүп берүүдө мыйзам талап кылган бардык шарттар сакталганын билдирди.
Босниялык сербдердин мурдагы жолбашчысы Радован Каражич Гаага шаарына, Улуттар уюмунун трибуналына жеткирилди. Ал эл аралык соттун алдында алгач эртең чыгаары күтүлүүдө. Каражич трибуналга жөнөтүлөрдөн бир нече саат мурда Белградда анын камалышына каршылык билдирген серб улутчулдарынын демонстрациясы өттү. Бирок чогулгандардын саны күтүлгөндөгүдөн аз болду. Сербиянын Юстиция министрлиги Радован Каражичти мурдагы Югославия боюнча эл аралык кылмыш трибуналына өткөрүп берүүдө мыйзам талап кылган баардык шарттар сакталганын билдирди.
Иран Ирактан оболу Пакистандын уруулар турган аймактарын көздөй ооп, акыр аягында Ооганстандагы экстремисттерге кошулуп жаткан согушкерлер үчүн негизги транзиттик жолго айланууда. Бул тууралуу Ооганстандын өкмөттүк гезиттеринин бири жазып чыкты.
Сербиянын бийлиги Радован Каражичтин адвокаттарынын мыйзамда көргөзүлгөн мөөнөттүн акыркы мүнөттөрүндө берилген арызына карата мамилесин билдирүүсү керек. Өлкөнүн согуш кылмыштары боюнча сотунун босниялык сербдердин мурдагы жолбашчысын Гаагадагы трибуналга өткөрүп берүү жөнүндөгү чечимине каршы аппеляциялык арыз өткөн жума күнү кечинде почта аркылуу жөнөтүлгөн. Серб бийликтери болсо Каражичтин артынан согуш кылмыштары үчүн айыпталгандардын башкалары да камаларын, аталган окуя алардын эл аралык укукту урматтоо ниетинин далили экенин айтышууда. Бул аралыкта бүгүн Белградда ашынган улутчулдардын Каражичти колдогон демонстрациясы өтөөрү күтүлүп жатат.
Ушул апта башында босниялык сербдердин согуш учурундагы жолбашчысы, он үч жыл бою качып жүргөн Радован Каражич камалган учурда Белградда ашынган улутчулдардын бир нече жүзү гана нааразылык билдирип чыгышты. Бир кездеги эң улутчул саясатчынын камалышына карата мындай үстүрт мамиле Сербияда улутчулдук басаңдай баштаганынын белгисиби?. Мына ушул маселенин айланасында "Азаттык жана Эркин Европа" үналгысынын Белграддагы бюросунун кабарчысы, кесиптешибиз Бранка Тривич ой бөлүшөт.
Босниялык сербдердин мурдагы жол башчысы Радован Каражич БУУнун согуш кылмыштары боюнча трибуналында өзүн-өзү коргомокчу. Бул тууралуу анын адвокаты билдирди. Дээрлик он үч жыл бою качып жүргөн Каражич ушул аптанын башында кармалган эле. Ал айыпталып келген кандуу окуялардын бири - Сараево шаарынын камалоого алынып, аткыланышы. Анда кеминде он миңдей адам, анын ичинде бир миң жети жүздөй жаш бала өмүрүнөн айрылган.
Демократиялык партиянын АКШ президенттигине талапкери, сенатор Барак Обама америкалык армиянын көңүлүн Ирактан эми коопсуздук кырдаалы начарлап бара жаткан Ооганстанга бура турган кез келди деп эсептейт. Ал бул тууралуу Ооганстан жана Иракка жасаган иш сапарынын жыйынтыгын чыгарып жатып, кечээ Иорданиядан билдирди. Кошмо Штаттардын Жакынкы Чыгыштагы жана Европадагы айрым өнөктөштөрүн кыдыруу мамлекет башчылыгына талапкер Барак Обама үчүн америкалык шайлоочуларга эл аралык маселелер боюнча өз жөндөмүн көргөзүүнүн бир мүмкүнчүлүгү.
Дагы жүктөңүз