"Азаттыктын" Прагадагы кеңсесинин кызматкери, журналист, саясат жана экономика тармактары боюнча адис. Кыргыз улуттук университетинин журналистика факультетин аяктаган.
Кошмо Штаттардын Мамлекеттик катчысы Кондолиза Райс дүйшөмбү күнү Пекинде Кытайдын төрагасы Ху Цзиньтао, премьер- министри Вэнь Цзябао менен жолугат. АКШнын тышкы саясий мекемесинин башчысы Кытайга жекшембиде келип, адегенде зилзаладан жапа чеккен Сычуань провинциясындагы калыбына келтирүү иштери менен таанышты жана көрүлүп жаткан чаралар үчүн кытай тарапты мактады. Ал эми Пекиндеги сүйлөшүүлөрдө негизги көңүл Түндүк Кореянын өзөктүк программасына бурулары күтүлүп жатканын маалымдады.
Африканын Зимбабве өлкөсүндө бүгүн президенттик шайлоонун экинчи айлампасы өтөт. Президент Роберт Мугабе добуш берүүнү токтото туруу жөнүндөгү эл аралык чакырыктарга моюн сунбады. Дүйнө лидерлери шайлоо оппозиция талапкери Морган Цвангирай жарыштан чыгып кеткендигинен улам маанисин жоготорун эскертишкен эле. Оппозиция лидери өз чечимин жактоочуларынын өмүрү коркунучка кабылгандыгына байланыштырган. Эл аралык коомчулук эмне үчүн Мугабени кепке келтиргендей чара көрө алган жок?
Өткөн аптада Беларуста Ватикандын Мамлекеттик катчысы, кардинал Таркисио Бертоне беш күндүк визит менен болду. Ватикандын экинчи адамын Минскиде президент Александр Лукашенко өзү кабыл алып, Рим папасы Бенендикт XVIны Беларуска өзү үчүн "оңтойлуу учурда" келип кетүүгө чакырды. Кардинал Таркисио Бертоне да беларус бийликтеринин дарегине жылуу сөздөрүн аяган жок. Бул чын эле эки ортодогу нукура достуктун белгисиби?
АКШ менен Ирак америкалык аскерлердин Иракта туруусунун шарттары боюнча соңку айларда татаал сүйлөшүүлөрдү өткөрүп келген эле. Маалыматтарга караганда, АКШ азыр айрым маселелер боюнча мунасага барды. Ирак кабыл алгыдай макулдашууга жетүү ишинде жылыш бар экенин эки өлкөнүн президенттери Жорж Буш менен Жалал Талабани кечээ Ак үйдөгү жолугушуусунда ишара кылышты.
Израил палестиндердин Газа секторун көзөмөлдөгөн Хамас уюму менен жарашуу жөнүндө убактылуу келишимге жетишкен эле. Бирок андан бир апта өтүп -өтпөй эле ошол келишимдин сакталышына коркунуч туудурган көрүнүштөр орун алууда. Газа секторунан Израилди көздөй кайрадан ракета атылып, жөөт армиясы бул аймактагы өткөөл бекеттердин үчөөсүн жаап салды.
Еврошаркет Иранга каршы жаңы санкцияларды киргизет. Тегеранга каршы көрүлүүчү чаралар шаркетке мүчө жыйырма жети өлкөнүн тышкы иштер министрлеринин Люксембургда ушул дүйшөмбүдө өткөн жыйынында жактырылган эле. Ирандын тышкы иштер министрлиги болсо Еврошаркеттин чечимин сынга алып, андан өлкөнүн экономикасына таасир тийбей турганын билдирди. Акыркы бир жарым жылда Иранга каршы БУУнун Коопсуздук кеңеши да үч ирээт санкция киргизген.
Кошмо Штаттардын Мамлекеттик катчысы Кондолиза Райс төрт өлкө боюнча иш сапарын баштап, оболу Германияга келди. Жакынкы Чыгыштагы тынчтык жараяны, Чоң сегиздин тобундагы өлкөлөрдүн келерки айдагы саммитине даярдык -иш сапардын күн тартибиндеги маселелердин айрымдары. Анткен менен мунай баасынын улам кымбаттап жатышына карата кандай чара көрүү керектиги учурдун кийинкиге калтырылгыс маселеси болуп тургандай.
Эл аралык "Freedom House" уюму эски совет аймагынын кара майга бай өлкөлөрүн бул чөлкөмдөгү демократиялык жараяндарды артка тартып жатканы үчүн айыптады. Мындай айыптоо уюмдун жаңы жарыяланган жылдык докладында айтылат. Докладда өзгөчө Орусия, Азербайжан, Казакстан бөлүп көргөзүлгөн.
Беларуста көз карандысыз журналисттердин ишиндеги кыйынчылыктар --> /rubrics/free_speech/ky/2008/03/AE1607C6-D903-4E28-BF3D-A670A246187F.asp эми буга чейинкиден да көбөйүшү мүмкүн. Анткени өлкөдө массалык маалымат каражаттарынын ишин жөнгө салуу боюнча жаңы мыйзам кабыл алынууда. Жаңы мыйзамдын жоболору бул авторитардык өлкөдө тескелбеген маалыматты жана идеяны эркин алмашуунун акыркы таянычы катары эсептелген Интернетти да чектөөнү көздөйт.
Расизм дүйнө үчүн жаңы көрүнүш эмес. Бирок буга байкоо салган уюмдардын статистикасына караганда, соңку жылдары Орусияда расизм күчөөнүн гана үстүндө. Борбор азиялыктар орус улутчулдарынын --> /rubrics/society/ky/2008/06/4510231A-DA9E-4A26-BF0E-9075D5544CA8.ASP негизги курмандыктарынын бирине айланууда.
Еврошаркет уюмду реформалоону караган Лиссабон келишими Ирландиядагы жалпы элдик референдумда четке кагылгандан кийинки абалды талкуулап жатат. Дүйшөмбү күнү шаркетке мүчө өлкөлөрдүн тышкы иштер министрлери Люксембургда чогулду. Учурдагы эреже боюнча келишим шаркетке мүчө 27 өлкөнүн баарында ратификациялангандан кийин гана күчүнө кире алат. Маалыматтарга караганда, Еврошаркеттин лидерлеринин көпчүлүгү кайра эле негизги эки принцип: улуттук суверенитет менен жалпы европалык окшоштуктун карама –каршылыгынан жаралган азыркы кризистик кырдаалдан чыгуунун жолун табууну көздөөдө.
Косовонун жаңы Конституциясы Сербиядан көз карансыздыгын --> http:// /rubrics/politics/ky/2008/03/0A6C20FF-41B5-43A5-A1CF-324542613413.asp жарыялагандан төрт айдан соң күчүнө кирип олтурат. Президент Фатмир Сейдиунун Приштинадагы салтанатта билдиргенине караганда, "жаңы Конституциянын күчүнө кичине кириши -мамлекетти куруу цикли аяктаганынын белгиси". Салтанатка Еврошаркеттин атайын өкүлү катышты. Бирок Улуттар уюмунун бул жердеги администрациясы косоволуктарга бийликтин канчасын өткөрүп берери азырынча анык белгисиз. БУУнун Коопсуздук кеңешинде Косоводогу миссиянын болочогу тууралуу карама –каршылыктар сакталууда.
Ооганстанда жергиликтүү күчтөр менен НАТОнун аскерлери Кандагар шаарындагы түрмөдөн качып кеткен жүздөгөн адамдарды, анын ичинде талиб согушкерлерин издөө операциясын башташты. Алардын качып кетишине кечээ түнкү чабуул учурунда шериктери түрмөнүн башкы дарбазасын жардыруу аркылуу жол ачышкан эле. Расмий маалыматка караганда, түрмө дарбазасында оболу жанкечти айдап келген жүк ташуучу автоунаа жарылган экен. Андан соң согушкерлер түрмө имаратын ракета менен аткылашкан. Талибдер бул операцияга эки ай бою даярданганын билдиришти.
АКШ президенти Жорж Буштун Европадагы сапары уланууда. Бүгүн ал Ватиканда Рим Папасы Бенедикт XVI менен кездешти. Бүгүн ал ошондой эле француз башкааласы Парижде Экономикалык кызматташтык жана өнүгүү уюмунда сөз сүйлөйт. АКШ президентинин Европаны азыркы кыдыруусу кызмат мөөнөтү бүтөр алдындагы коштошуу сапары катары каралууда.
Германия башкааласы Берлиндин жанындагы Месеберг сарайында бүгүн АКШ президенти Жорж Буш менен немец канцлери Ангела Меркелдин сүйлөшүүлөрү өттү. Ирандын өзөктүк программасы, климаттын өзгөрүшү жолугушууда талкууланган маселелердин көч башында болду. Мунун алдында кечээ АКШ –Еврошаркет саммитинде Иранга дагы бир эскертүү жасалып, эгер ал шектүү өзөктүк программасын токтотпосо, Улуттар уюмунун санкцияларынан тышкары да кошумча чаралар көрүлөрү айтылган эле. Жорж Буш Европада кызмат мөөнөтү бүтөр алдындагы коштошуу сапары менен жүрөт.
Беларуста кезектеги парламенттик шайлоо ушул жылдын сентябрында өтүшү мүмкүн. Ал эми президенттик шайлоого али көп бар, мыйзам боюнча ал 2011-жылы болушу керек. Буга окшогон саясий өнөктүктөр президент Александр Лукашенконун режими тарабынан аёоосуз куугунтукталып келе жаткан беларус оппозициясы үчүн саясий сахнага чыгуунун саналуу мүмкүнчүлүгү. Бирок ошол эле учурда оппозициянын азыркы абалына көз чаптыргандар, алар өзгөчө жаш муундун колдоосунан ажырап жатканын белгилешет.
"Алсыз доллар дүйнөлүк тартипке коркунуч". Америкалык "Уолл Стрит Жорнэл" гезитинин Европада чыгуучу басылмасы (WSJ IE) ушул дүйшөмбү күнү жарыяланган макалалардын бири мына ушинтип аталат. Макала автору - америкалык экономист Жуди Шелтон ( Judy Shelton). Анын көз карашында, ишенимдүү валютаны кармоо - Кошмо штаттардын моралдык парзы. Автор доллардын нарксызданышына жең учунан мамиле жасап, жетиштүү чара көрбөй жатканы үчүн АКШнын өзүн сынга алган.
Словениянын башкааласы Люблянада бүгүн АКШ – Еврошаркет саммити өтүүдө. Анткени Словения - Ерошаркеттин учурдагы төрагасы. Ирак, Иран, Ооганстан, Косово жана глобалдык соода бүгүнкү саммиттин күн тартибиндеги көп маселелердин айрымдары. Бирок талкууланган маселелерде кандайдыр бир олуттуу бурулуш болору күтүлбөйт.
Дүйнөлүк базарда мунай баасынын --> http://rfe.azattyk.org/rubrics/economics/ky/2008/06/F673C482-0A3A-45E3-9E3D-963C4E49DB79.asp барган сайын кымбаттоосунан улам нааразылык чаралары да улам бир өлкөгө жайылууда. Маселен Испанияда бүгүн оор жүк ташуучу автоунаалардын айдоочулары мөөнөтсүз иш таштоо башташты. Коңшу Франция менен Италиянын балыкчылары Евробиримдиктин жардам көргөзүүсүн талап кылып жатышса, Азияда өкмөттөр күйүүчү майдын баасын дотациялай албагыдай кырдаалга тушугууда. Кара майдын бир баррели өткөн жума соңунда жаңы рекорддук чекти багындырып, жүз кырк долларга жакындап барды.
Дагы жүктөңүз