"Азаттыктын" Прагадагы кеңсесинин кызматкери, журналист, саясат жана экономика тармактары боюнча адис. Кыргыз улуттук университетинин журналистика факультетин аяктаган.
Каспий деңизинин газ байлыктарын --> http://rfe.azattyk.org/rubrics/economics/ky/2008/04/3C3D9195-8975-40E0-965F-9F269E121EC8.asp өздөштүрүүнүн жана тышкы базарга чыгаруунун жолдору боюнча соңку он жылдан бери ар кандай деңгээлдеги талкуулар, сүйлөшүүлөр жүрүп келүүдө. Бирок энергия баасынын асмандашы кечээги натыйжасыз сүйлөшүүлөрдүн бүгүн конреттүү аракеттерге өтүүсүн шарттап, Каспийдин энергиясы үчүн айгышкан атаандаштыкты күчөтүп жатат. Мунун айрым көрүнүштөрү ушул апта ичи да байкалды.
Дүйнөдөгү жаңы мүмкүнчүлүктөр, мунай кымбатташынан улам Жакынкы Чыгыштын кара майга бай өлкөлөрүнүн кирешеге туйтунушу шарияттын жол-жобосу боюнча иштеген ислам --> /rubrics/religion/ky/2008/03/1a8fbbc8-27db-46bc-a093-e0fdfaf48fca.asp банктары да инвестициянын жаңы түрлөрүн киргизе баштоосуна жол ачууда. Адистердин айтымында, исламдык каржы институттары азыр дүйнөлүк банк индустриясынын маанилүү бөлүгүнө айлана баштаган кези. Ошол эле учурда бул чөйрөдө Куран эмнеге тыюу салып, эмнеге уруксат берери боюнча талкуулар али токтой элек.
Орусиянын жаңы президенти Дмитрий Медведев Батыштагы --> http://rfe.azattyk.org/rubrics/politics/ky/2008/05/A86332C4-000B-43B8-BAC6-EA3C7C11C8A9.asp алгачкы сапарын бүгүн, 5-июнда Германияга баруу менен баштоодо. Берлинде ал бир эле күн болот. Немис канцлери Ангела Меркел сүйлөшүүлөрдө Орусиянын жаңы президентинин сөз эркиндиги, адам укуктары, сот реформасы өңдүү маселелердеги көз караштарына кызыгары күтүлүүдө.
Бул күндөрү Чехиянын борбору Прагадагы эл аралык конференцияда Чыгыш Европа өзүнүн коммунисттик өткөнүнө кандай мамиле жасаш керек деген маселе талкууланууда. Жыйындын катышуучулары коммунисттик доордун --> http://rfe.azattyk.org/rubrics/culture/ky/2008/06/EC11C9D1-9F82-4389-8A11-9A7E78242AFB.ASP кылмыштары аны ишке ашыргандар жазаланбай калып жатышы менен тарыхтан жоголуп кетүүсүнө жол бербөө зарылдыгын белгилешти. Ага катар коммунисттик доордун кылмыштары макамы жагынан адамзатка каршы кылмыш менен теңештирилиши керек деген сунуштар айтылды.
Өткөн аптада Иранда Шахрам Жазаери аттуу мультимиллионердин түрмөдөгү жаза мөөнөтү экинчи ирээт кыскарды. Ал саясатчылар, анын ичинде Ирандын диний көсөмүнүн бир тууганы да тартылган, жогорку деңгээлдеги коррупциялык ишке аралашканы үчүн соттолгон эле. Бирок Шахрам Жазаери түрмөдөн туруп эле бизнесин башкарууга мүмкүнчүлүк алганы жана анын жаза мөөнөтүнүн улам кыскартылып жатышы иран бийлигинин коррупцияга каршы чындап күрөшүү ниетинин олуттуулугунан шек санатып турат.
Беларус президенти Александр Лукашенкодо быйыл абактагы саясий айыпкерлердин баарын бошотуп, Батыш менен мамилесин оңдоо багытында маанилүү кадам жасоосу үчүн эң сонун мүмкүнчүлүк болгон эле. Бирок мунун ордуна ал Беларус --> http://rfe.azattyk.org/rubrics/politics/ky/2008/05/732E4E3D-15DF-4575-A4A5-8588412CB41B.asp үчүн Европанын адамдар саясий ишениминен улам соттолгон жалгыз өлкөсү деген макамды сактап калууга артыкчылык берди. Эмне үчүн?
Индонезия мунай экспорттоочулардын ОПЕК уюмунан чыга турганын жарыялады. Расмий Жакарта муну өлкө азыр мунайды --> http://rfe.azattyk.org/rubrics/economics/ky/2008/05/3F5D6906-67A1-4533-917F-CDEFF0228BD8.asp сыртка саткандын ордуна өзү көбүрөөк керектеп калганы менен түшүндүрдү. Индонезия мындай чарага мунайдын, ага катар күйүүчү майдын кымбатташына байланыштуу дүйнө мамлекеттеринде нааразылыктар чыгып жаткан учурда барууда.
Кымбатчылык дүйнө өлкөлөрүндө тынчыздануу жаратуу менен Азия жана Африканын айрым мамлекеттеринде атүгүл тополоң да чыгарган эле. Бул аралыкта Эл аралык Кызыл Чырым комитети азык–түлүк баасынын --> http://rfe.azattyk.org/rubrics/economics/ky/2008/05/192A70D0-064F-4256-85C9-2044EC649551.asp асмандоосунун айынан эң чоң зыянды ириде согуш жүрүп жаткан аймактардын миллиондогон тургундары тартып жатканын эскертти. Бул тууралуу баш кеңсеси Женевада жайгашкан уюмдун кечээ жарыяланган жылдык докладында айтылат.
Грузиядагы парламенттик шайлоо оппозициянын нааразылыгы --> http://rfe.azattyk.org/rubrics/politics/ky/2008/05/9579D97B-C942-44DB-B297-DB11E75501D7.ASP менен коштолду. Алар жаңы парламенттеги орундарынан баш тартып жатышат. Оппозициянын оң миңдеген жактоочуларынын катышуусунда шайлоо жыйынтыгына нааразылык билдирилген алгачкы акция ушул дүйшөмбү күнү өттү. Анда бийликке шайлоонун жараксыз деп табуу, жаңы парламентти таратуу талаптары коюлду. 21-майдагы шайлоонун жыйынтыгында, 150 депутаттан туруучу парламенттеги 120 орунду президент Михаил Саакашвилинин партиясы алган эле. Демек грузин президенти бул шайлоодо чоң утушка ээ болду, бирок уттурганы андан көп эмеспи?
Польша менен Швеция Евробиримдикте --> http://rfe.azattyk.org/rubrics/politics/ky/2008/05/F4F2F7D7-0849-417F-BBA4-E93286002320.asp Украина, Беларус, Молдова, Грузия, Армения жана Азербайжан менен тыгыз алака орнотуу үчүн "Чыгыш өнөктөштүгү" деген жаңы программа негиздөөнү сунуш кылды. Мындай демилге биримдикке кирген өлкөлөрдүн тышкы иштер министрлеринин Брюсселдеги кечээги жыйынында көтөрүлдү жана Евробиримдик Орусия менен жаңы келишим боюнча сүйлөшүүлөрдү баштоо маселесинде ич ара мунаса тапкан учурга туура келди.
Кошмо Штаттардын космос агенттиги – НАСАнын аппараты Марстын буга чейин изилденбеген бөлүгүнөн Жерге алгачкы сүрөттөрүн жөнөтө баштады. Ал кызыл планетага Бишкек убактысы боюнча дүйшөмбүдө таңга маал конгон эле. "Феникс" деп аталган аппараты эми алдыдагы үч айдын аралыгында биз кездерде Марста жашоо үчүн ылайыктуу шарт болгон –болбогонунун далилдерин табууга аракеттенмекчи.
Кытайда мындан эки апта мурдагы зилзала курмандыктарынын саны азыр алтымыш миңден ашты жана сексен миңге чейин жетиши мүмкүн. Бул жөнүндө бүгүн өлкөнүн премьер- министри Вэнь Цзябао билдирди жана жогорудагы сан өкмөттүн жер титирөөдөн --> http://rfe.azattyk.org/rubrics/society/ky/2008/05/16B1062E-BCF8-4142-AA0B-2B68386F17C7.asp 55 миң адам мерт болгондугу тууралуу мурдагы маалыматы кыйлага көбөйгөнүн көргөзүүдө. Ишембиде Кытай премьер- министри жана Улуттар уюмунун баш катчысы Пан Ги Мун Сычуан провинциясынын жер титирөөнүн эпицентрине кабылган Инсю шаарында болушту.
Орусиянын жаңы президенти Дмитрий Медведев өзүнүн алгачкы тышкы саясий сапарын --> http://rfe.azattyk.org/rubrics/politics/ky/2008/05/A86332C4-000B-43B8-BAC6-EA3C7C11C8A9.asp Казакстандан баштап, кечээ Астанада сүйлөшүүлөрдү өткөрдү.1990-жылдардын башынан бери эле казак президенти Нурсултан Назарбаев менен бирге өзбек президенти Ислам Каримов да аймактын негизги оюнчусу болуу үчүн атаандашып келгенин эске алганда, бул окуя Астананын ошол атаандаштыкта оозуп бара жатканынын дагы бир ирээт эске салып тургандай.
Дүйнөдө азык-түлүктү --> http://rfe.azattyk.org/rubrics/economics/ky/2008/05/52696F2D-C127-42CA-BDCC-0DA85B5CA53E.asp импорттоо үчүн сарпталуучу каражаттын көлөмү быйыл бир триллион доллардан ашып өтчүдөй. Ал эми буудай жана күрүч өңдүү негизги азыктардын түшүмү былтыркыга салыштырмалуу быйыл мол болору күтүлүп жатканы менен бирок баа арзандачудай эмес. БУУнун Азык-түлүк жана айыл-чарба уюмунун (FAO) жаңы докладында мына ушундай тыянактар айтылат.
Быйыл адеп түзүлгөнүнө он эки жылга аяк баскан Шанхай Кызматташтык Уюму - тарыхый чен өлчөмдөн алганда жаш бирикме. Башында чек араларда ишеним орнотууну көздөгөн уюмдун кийинки мүдөө-максаттары, ишинин натыйжалуулугу, Кытай жана Орусиянын гана кызыкчылыгы үстөмдүк кылып калганы же Борбор Азия өлкөлөрү үчүн да пайдалуулугу боюнча түрдүү көз караштар айтылып, талкуулар жүрүп келүүдө. ШКУ --> http://rfe.azattyk.org/rubrics/politics/ky/2008/05/8B61829F-563A-462F-B086-A7EE6760C530.asp боюнча ушул аптада Астанада да конференция өттү.
Пакистандын Ооганстандагы элчиси --> http://rfe.azattyk.org/rubrics/politics/ky/2008/05/C1DECA6C-6827-4C9F-ABC0-06100DACA480.asp талибдердин колунда үч айдай убакыт турган соң өткөн аптада бошотулган эле. Маалыматтарга караганда, элчинин эркиндиги үчүн Пакистан өкмөтүнө да абактан талиб согушкерлерин чыгарууга туура келген. Расмий Исламабад жогорудагыдай кабарларды төгүндөгөнү менен дал ушундай алмашуу болгонун жергиликтүү эксперттер да айтып жатышат. Бул аралыкта АКШ Пакистанга согушкерлер менен макулдашууга барбоону эскертүүдө.
Кошмо Штаттар былтыртан бери ипотекалык кредиттер --> http://rfe.azattyk.org/rubrics/economics/ky/2008/03/43CDC05D-15AB-4A08-810E-0B560A12AFDA.asp боюнча келип чыккан кризистин кесепеттерин жоюуга багытталган чараларды көрүп жатат. Ал үчүн Конгрессте жаңы мыйзамдар кабыл алынган жана алдыда да кабыл алынышы керек. Президент Жорж Буш апта башында Ак үйдө өлкөнүн каржы министри Генри Полсон менен жолугушуу учурунда Конгресстин чаралары өлкөнүн турак–жай рыногундагы кырдаалды оңдоого жардам берерине ишеним билдирди.
Ирландияда кластердик же чачырама бомбага тыюу салуу боюнча эл аралык конференция өтүп жатат. Жыйын өлкө башкалаасы Дублинде кечээ ачылды. Дүйнөнүн 100дөн ашуун өлкөсүнүн ага чогулган өкүлдөрү бомбанын --> http://rfe.azattyk.org/rubrics/security/ky/2008/05/62D0DB9F-6CB0-4DE8-8314-CAE6E7820C03.asp жогорудагыдай түрүн колдонууга тыюу салуу боюнча эл аралык келишимдин долбоорун талкуулашууда. Эгер конференцияда келишимдин соңку долбоору иштелип чыкса, дүйнө өкмөттөрү ага жыл аягында кол коёт деген үмүт бар.
Түркмөнстандын президенти Гурбангулу Бердымухаммедов бүгүн Азербайжандагы иш сапарын баштоодо. Бул түркмөн мамлекет башчысынын Бакуга акыркы 12 жылдан бери алгачкы ирээт келиши жана саналуу жыл мурда эле ортосунда эч мамиле болбогон эки өлкөнүн алакасы алга жыла баштаганын көргөзүүдө. Сүйлөшүүлөрдө талкууланары күтүлүп жаткан башкы маселе –Каспийдин газ байлыктарын тышка экспорттоонун жолдору. Алар газ корлорун кандай иштетерине кызыгып жаткан тараптар аз эмес. Учурдагы шарт –жагдай эки өлкө мына ушул багыттагы өнөктөштүгүн чыңдоосуна өбөлгө берип тургандай.
Палестина кечээ "накба" же арабчадан которгондо "катастрофа" деп аталган окуялардын алтымыш жылдыгын белгиледи. Палестиналыктар 1948-жылдын май айында Израил мамлекетинин --> http://rfe.azattyk.org/rubrics/politics/ky/2008/05/A914356D-708C-4FC6-A8FF-FA1F430D7C7D.ASP түптөлүшүн жана анын соңунан жүз миңдеген арабдардын жер которуусун мына ушинтип мүнөздөшөт. Ал эми Израилге өлкөнүн алтымыш жылдык мааракесине арналган салтанаттарга катышуу үчүн келген АКШ президенти Жорж Буш кечээ Кнессетте сөз сүйлөп, палестиндер да демократиялуу мамлекетке ээ болорун айтты.
Дагы жүктөңүз