"Азаттыктын" Прагадагы кеңсесинин кызматкери, журналист, саясат жана экономика тармактары боюнча адис. Кыргыз улуттук университетинин журналистика факультетин аяктаган.
Кошмо Штаттардын президенти Жорж Буш Израил мамлекетинин алтымыш жылдык мааракесине арналган салтанаттарга катышуу үчүн ушул өлкөдө жүрөт. Кечээ иш сапарын баштап жатып ал Израилди Жакынкы Чыгыштын нукура демократиялуу жалгыз өлкөсү деп атады. Сапары учурунда Жорж Буш Израил менен Палестина ортосунда тынчтык келишимине жетүүгө багытталган сүйлөшүүлөргө жаңы дем берүү аракетин жасары да күтүлүүдө.
Акыркы күндөрү Грузияга Еврошаркеттин эки делегациясы жана Кошмо Штаттардын Кавказ боюнча чабарманы келип кетти. Анткен менен Абхазия боюнча Орусия менен Грузия ортосунда тирешүү басаңдай элек. Расмий Тбилисиден жана Орусия колдогон Абхазиянын жикчил бийлигинен да мунасага баруунун белгиси азырынча байкалбайт.
Орусияда жаңы өкмөттүн курамы бекитилди. Бирок өткөн аптада премьер-министрликке келген мурдагы президент Владимир Путиндин --> http://rfe.azattyk.org/rubrics/politics/ky/2008/05/4439E569-7E92-4FDD-BB89-7BEDC7A36ABA.asp өкмөтүндө жаңы адамдар саналуу эле, басымдуу бөлүгү мурдагыдай эле анын жердештеринен турат. Эски өкмөттө чечүүчү кызматты аркалагандар, анын ичинде тышкы иштер, ички иштер, коргоо, экономика каржы министрлери өз кызматтарына кайрадан дайындалды.
Сербияда кечээ өлкө үчүн тагдыр чечээр жана багыт аныктар шайлоо өттү. Мөөнөтсүз болгон бул парламенттик шайлоонун жыйынтыгы өлкө Еврошаркетке интеграцияланууну көздөй кадам таштаарын же кайрадан обочодо каларын көргөзмөкчү. Коомдук пикирди сурамжылоонун шайлоо алдындагы тыянактары президент Борис Тадичтин батышчыл альянсы менен серб улутчулдарынын Радикалдык партиясынын калк арасындагы колдоочуларынын саны тең экенин ишара кылган эле. Шайлоонун баштапкы бейрасмий жыйынтыгына караганда, президент Борис Тадичтин партиясы жана анын өнөктөштөрү бул шайлоодо да радикалдарды ишенимдүү жеңе алды.
Сербияда алдыдагы жекшемби күнү кезексиз парламенттик шайлоо болот. Ал өлкөнүн келечек өнүгүү багыты жана Евробиримдик менен интергациялануусу үчүн тагдыр чечер саясий өнөктүк катары каралууда. Үч ай мурдагы президенттик шайлоодо --> http://rfe.azattyk.org/rubrics/politics/ky/2008/02/5D6AF5F8-8332-497F-BC51-7089D6E858EC.asp аз эле ажырым менен уттуруп койгон серб улутчулдары мүмкүнчүлүктү бул ирээт да колдон чыгарбоо үчүн катуу аракеттенип жатышат. Косово жана Евробиримдик менен мамиле - шайлоо өнөктүгүнүн негизги маселелери. Улам кызып бара жаткан өнөктүктөн улам Балкан чөлкөмү туруксуздуктун жаңы баскычына баш бакпайбы деген кооптонуулар да жок эмес.
Кошмо Штаттарда Демократиялык партиянын президенттикке талапкерин аныктоо боюнча баштапкы шайлоонун --> http://rfe.azattyk.org/rubrics/politics/ky/2008/04/86AFF53B-60E7-43D2-8F11-92159E7167EA.asp соңкуларынын бири кечээ Түндүк Каролина жана Индиана штаттарында өттү. Түндүк Каролинада сенатор Барак Обама атаандашы, сенатор Хиллари Клинтонду ишенимдүү жеңсе, ал эми Индианада Клинтон Обамадан бир аз гана артыкчылык менен озуп чыкты. Муну менен Ак үй үчүн жарыштын сабында кайрадан эки талапкер тең калды.
Евробиримдик келечекте араб дүйнөсүнөн да көгүлтүр от алууга үмүттөнүүдө. Евробиримдиктин пландары боюнча араб өлкөлөрүнүн газы Түркиядан Австрияны көздөй төшөлүүчү Набукко кууруна куюлушу керек. Ушул дүйшөмбү күнү Брюсселдеги кездешүүдө "Араб газ кууру" деп аталган концорциум бул үчүн келечекте жылына 2 миллиард кубометр газ бере алары айтылды. Набуккону Евробиримдик Орусиядан алынып жаткан газга альтернатива болуучу долбоор катары карайт.
Кошмо Штаттар Беларуска жооп ирээтинде көрүлүүчү чаралар боюнча бир чечимге келе элек. Бул тууралуу кечээ Мамлекеттик департаменттин өкүлү билдирди. Мунун алдында Беларус АКШнын Минскидеги элчилигинин он дипломаты өлкөдөн 72 саатта чыгып кетишин талап кылган эле. Мамдепартаменттин өкүлү Том Кейсинин айтымында, Беларуска анын чечимине жооп ирээтинде бир катар чаралар көрүлүшү мүмкүн экени эскертилди жана Вашингтон азыр өз кадамдарын караштырып жатат.
Эки күн мурда, 29-апрелде Беларуссияда президент Александр Лукашенко калкка жылдык кайрылуусун жасады. Аналитиктердин пикиринде, президенттин айткандары жана конфронтациялык мүнөздөгү соңку кадамдар расмий Минскинин Батышка жагынуу аракети аяктаганын ишара кылууда. Кечээ болсо Минск АКШнын он дипломаты өлкөдөн 72 сааттын ичинде чыгып кетүүсүн талап кылды.
«Эркин Европа/Азаттык» радиосунун интернет сайттарына ишемби күнү виртуалдык чабуул --> http://rfe.azattyk.org/rubrics/free_speech/ky/2008/04/C4CD2122-8880-4547-BA12-2A1A394179EE.asp жасалган эле. Бутага биринчи кезекте радионун беларус кызматынын сайты алынган. Бирок анын таасиринен улам башка тогуз кызматтын сайттарына да окурмандар бир кыйла убакыт кире алышкан жок. Интернетте иштеген беларусиялык журналисттердин жамааты жана демократияны колдогон активисттер мындай шартта редакцияга жардам көргөзүүгө ашыгышты жана бул Интернеттеги тилектештик үчүн өрнөк жараткандай болду.
Улуттар уюму глобалдык азык-түлүк кризисин жөнгө салуунун жолдорун талкуулоодо. Швейцарияда кечээ башталган эки күндүк жыйында уюмдун жетекчилиги бааны кантип арзандатуу жана тартыштыкты алдын алуунун үстүнөн баш катырууда. Ал эми бул аралыкта эл аралык басма сөздө дүйнөдөгү азыркы азык-түлүк --> http://rfe.azattyk.org/rubrics/economics/ky/2008/04/AF7B9416-1A12-447E-BA5A-6E15CF2B5DFD.asp кризисинен улам анын генетикалык жактан модификацияланган түрлөрүн өндүрүүгө олуттуу көңүл бура турган кез келди деген көз караштар айтылып жатат.
Иранда өткөн жума күнү парламенттик шайлоонун экинчи айлампасы болду. Натыйжада консерваторлор парламенттеги көзөмөлүн дагы бекемдей алды. Анткен менен консерваторлор да ичи ара экиге бөлүнөт. Бир тарабы президент Махмуд Ахмадинежадды колдосо, экинчилери өзгөчө анын экономикалык саясатын сынга алышат. Айрым байкоочулар президентке жаңы парламент менен иштешүү кыйынга турарын белгилешүүдө.
Евробиримдиктин калкы жагынан эң кичинекей өлкөлөрүнүн бири катары эсептелген Эстонияга расмий маалыматтарга караганда, былтыр 3,5 миллион турист келген. Бул өлкө калкынын жан башына бөлө келгенде бир жашоочусуна экиден ашуун турист --> http://rfe.azattyk.org/rubrics/sport/ky/2008/04/928A4F33-F3DE-4351-8C19-E188B5BE30EB.asp туура келет дегенди билдирет. Эстондор өздөрү айткандай, 1990-жылдары "эгемендиги калыбына келгенден" бери өлкөгө сырттан каттаган саякатчылардын саны өсүү үстүндө. Кабарчыбыз Улан Эшматов бул өлкөнүн туризм мүмкүнчүлүктөрү менен жакындан таанышып кайтты.
Пакистанда жаңы өкмөт Талибанды --> /rubrics/security/ky/2008/04/3093103F-D7FA-49AB-995F-322622AF8E91.asp колдогон согушкерлер менен тынчтык келишимин түзүү алдында турат. Бул азыркы өкмөттүн террорчулукка каршы күрөштү жумшартууга багытталган саясатынын бир бөлүгү. Британия расмий Исламабаддын мындай стратегиясын этияттык менен кубаттаса, АКШ козголоңчуларга каршы урушту токтотпоого үндөдү.
Ооганстанда козголоңчул аракеттерин улантып жаткан Талибан --> http://rfe.azattyk.org/rubrics/security/ky/2008/03/355245AC-19D8-4DA0-A756-954A6F3443CC.asp кыймылын азыр бирдиктүү жалгыз топ катары гана кароого болбойт. Ал акыркы жылдары бир нече түрдүү топтор менен жек адамдардын түйүнүнө айланып кетти. Талибандын соңку беш-алты жылдагы ишине байкоо салган иликтөөчүлөр мына ушинтип билдиришүүдө.
Судандын Дарфур --> /rubrics/security/ky/2007/08/dd5c7b1a-a981-440d-ae7c-8aa9b4af3913.asp провинциясында беш жылдан берки жаңжалдын жалпы курмандыктарынын саны 300 миңди түзүшү мүмкүн. Улуттар уюмунун Коопсуздук кеңешинин кечээги жыйында айтылган бул маалымат мурдагысынан кыйлага көптүк кылат.
Шейшемби күнү (22-апрелде) Кувейтте Ирак --> http://rfe.azattyk.org/rubrics/security/ky/2008/04/AB740677-32D7-4056-92CD-CFDA36B6D77E.asp боюнча эл аралык жыйын башталды. Айланадагы араб мамлекеттери, дүйнөнүн ири державалары жана Иран да катышып жаткан бул кеңешмеде Иракта стабилдүүлүк орнотуу үчүн ага кандай жардам көргөзүүнүн жолдору талкууланууда.
Бүгүн - 22-апрель дүйнөдө Жер күнү катары белгиленет. Быйыл Жер күнүнүн башкы темасы – климаттын өзгөрүшү. Табиятты коргоочулар болсо бул күндү айлана –чөйрөнүн көйгөйлөрүнө эл аралык коомчулуктун, бийликтердин көңүлүн буруунун дагы бир чоң мүмкүнчүлүгү катары карашат.
Дүйнөлүк банк эл аралык коомчулукту азык-түлүккө баанын --> http://rfe.azattyk.org/rubrics/economics/ky/2008/03/C085390A-4AA1-471B-8822-FA23785BCB15.asp асмандоосуна каршы өз аракеттерин координациялоого чакырды. Бул эл аралык каржы уюмунун көз карашында, энергия менен азык-түлүктүн баасы өсүп жатканынан улам азыр чукул чараларды көрүү зарыл. Антпесе ачарчылык менен чала тоютка кабылгандардын саны көбөйөт.
Кошмо штаттардан тутанып, таасири азыр дүйнөнүн башка аймактарында да сезиле баштаган глобалдык каржылык кризистин эң түпкү жүйөөсү эмнеге байланыштуу? Анын мындан аркы кесепеттери кандай болушу мүмкүн жана алынуучу сабактары кайсылар? "Азаттык жана Эркин Европа" радиосунун кабарчысы Жереми Бранстен ушул жана башка суроолорго жооп алуу үчүн Британияда чыгуучу "Financial Times" басылмасынын экономика боюнча улук баяндамачысы Мартин Волфко ( Martin Wolf) кайрылган.
Дагы жүктөңүз