"Азаттыктын" Прагадагы кеңсесинин кызматкери, журналист, саясат жана экономика тармактары боюнча адис. Кыргыз улуттук университетинин журналистика факультетин аяктаган.
Кезинде Евробиримдик Өзбекстанга каршы киргизген санкциялар жөнүндөгү маселе уюмдун тышкы иштер министрлеринин апрелдеги жыйынында дагы бир ирээт каралары күтүлүүдө. Ал санкциялардын негизгилеринин бири өлкөнүн жогорку даражалуу сегиз расмий өкүлүнө карата визалык чектөөнү карайт жана учурда алты айлык мөөнөт менен токтотулуп коюлган. Евробиримдиктин расмий өкүлдөрүнүн ушу таптагы ишараларына караганда, виза боюнча ал чектөөлөр кайра калыбына келтирилчидей эмес.
Тегерандагы Эвин түрмөсү - Ирандын атагы алыска кеткен абак жайы. Ал саясий айыпкерлерге каршы кыйноо ыкмалары колдонулганы менен белгилүү. Бирок мындай көрүнүштөн Ирандын бөлөк абак жайлары да куру эмес экен. Соңку кездери укук коргоочу активисттер абактагылар кыйноого тушуккан жана атүгүл өлүмгө кириптер болгон учурлар тууралуу көп айта башташты.
Ооганстан да аймактын калган өлкөлөрүндөй эле быйыл cоңку ондогон жылдыр ичиндеги эң оор кышты баштан кечирүүдө. Декабрдын орто ченинен берки катуу аяздан улам 750дөн ашуун киши каза тапты, калк жүз миңдеген ири мүйүздүү малынан ажырады. Калың кардан улам тоодогу жолдор жабылып, алыскы кыштактардын жашоочуларына алар өтө муктаж жардамды жеткирүү ишин огобетер кыйындатты.
Акыркы эки күндөн бери дүйнөлүк биржаларда акциялардын наркы тездик менен арзандады. Мындай жагдайдын жаралышы ириде Кошмо Штаттарда экономиканын өсүү ыргагында төмөндөө болот деген кооптонууларга байланыштырылууда. Дүйнөнүн бааалуу кагаздар базарындагы капсалаңдын Кыргызстанга жана өлкөгө капиталы келип жаткан коңшу Казакстанга тийүүчү таасири канчалык? "Азаттык" радиосунун ушул жана башка суроолоруна Европадагы өнүгүү жана реконструкция банкынын улук кеңешчиси, кыргыз өкмөтүнүн мурдагы вице премьер – министри Жоомарт Оторбаев Лондондон телефон аркылуу жооп берди. Аны менен кабарчыбыз Улан Алымкул уулу маектешкен. Жоомарт Оторбаевдин айтымында, дүйнөнүн баалуу кагаздар базарындагы төмөндөөнүн Кыргызстандын экономикасына тикелей таасири жок, бирок Казакстан аркылуу сезиши мүмкүн.
Улуттар уюмунун Коопсуздук кеңешинин туруктуу беш мүчөсү жана Германиянын тышкы иштер министрлеринин Берлиндеги бүгүнкү жолугушуусунда уран байытуу программасын токтотпогонунан улам Иранга карата санкциялардын үчүнчү айлампасын киргизүү мүмкүнчүлгү талкууланмакчы. Бирок Кытай менен Орусия жаңы санкцияларга каршы экенин эске алганда, тараптардын келишимге жетиши күмөн саноолорду жаратууда.
Пакистан президенти Первез Мушараф сегиз күндүк иш сапары менен Европада жүрөт. Бул иш сапары учурунда ал Батыштан эл аралык колдоо издеп, өзүнө карата ишенимди чыңдоону көздөөдө. Мушарафтын өлкөдө демократияны калыбына келтирүү жөнүндөгү убадалары жана алдыдагы парламенттик шайлоо сүйлөшүүлөрдө ал көп кабылуучу суроолордон болчудай.
Жаңы жылдан тарта коомдук тамактануу жайларында тамеки чегүүгө тыюу салгандардын катары жаңы өлкөлөр менен толукталды. Мындан бир нече жыл мурун Кошмо Штаттардан башталып, эски континентте көпкө чейин күлкүгө кабылган тенденция эми анын өзүндө жайылууда.
Мунай баасы жаңы жылда жүз доллардан башталды. Башкача айтканда жаңы жылдын дүйнөлүк биржаларда соода ачылган алгачкы күнү – 2-январда кара майдын бир баррели мына ушул чекти багындырды. Ал эми кечээ күнкү соода учурунда Нью-Йорктогу биржада баа 100 доллардан да ашып кетти. Бул - акыркы чейрек кылымдан ашуун мезгил ичиндеги жаңы рекорддук көрсөткүч.
Жаңы жылдан тарта Өзбекстанда өлүм жазасы жоюлду жана адамды камоого санкция берүү укугу прокуратурадан сотко өттү. Расмий Ташкент мындан эки жыл мурда кабыл алган чечим эми күчүнө кирип олтурат. Буга байланыштуу өзбекстандык айрым укук коргоочулар сыртынан караганда, өлүм жазасынын жоюлушу оң кадам экенин, бирок муну менен абактагылардын оор жагдайы анчалык деле өзгөрбөсүн белгилеп жатышат.
Жаңы жылдан тарта Еврошаркетте төрагалык кылуу укугу Словенияга өттү. Мурдагы Югославиянын бир республикасы катары эсептелген Словения бул мүмкүнчүлүктү Еврошаркеттин тышкы саясатын Балкан чөлкөмүнүн батышына, өзгөчө Косовонун келечегине бурдуруу үчүн пайдаланууну көздөп жатат.
Пакистанда бүгүн өлкө президенти Первез Мушараф калкка кайрылуу менен чыгары күтүлүүдө. Ал өлкөдөгү кырдаал жана алдыдагы парламенттик шайлоо жөнүндө сөз кылчудай. Шайлоонун мөөнөтү өзгөрүшү ыктымал.
Пакистанда оппозициянын таанымал лидери Беназир Бхуттонун жанкечти жасаган жардыруудан мерт болушу өлкөдө экстремизмге каршы күрөштү жандантат деген үмүт бар. "Азаттык жана Эркин Европа" радиосуна берген интервьюсунда АКШнын Улуттар уюмундагы элчиси Залмай Халилзад мына ушундай көз карашын билдирди. Залмай Халилзад Улуттар уюмуна чейин АКШнын Ооганстан менен Ирактагы элчиси болгон. Дари тилинде эркин сүйлөйт. Анын пикиринде, Бухуттонун өлтүрүлүшү Ооганстандын байистүү күчтөрү үчүн чоң сокку жана исламчыл экстремисттер менен козголоңчуларга каршы күрөшүүнүн олуттуулугун көргөзүүдө.
Аяктаган 2007–жыл Борбор Азия региону үчүн кандай болду? Чөлкөмдүн беш өлкөсү нукура кызматташтык жараянына бул жылы кирише алдыбы, аймак катары Борбор Азиянын мааниси арттыбы?
Улуттар уюмунун Коопсуздук кеңешинин Косово боюнча быйылкы жылдагы акыркы отуруму макулдашуусуз аяктады. Сербия премьер- министри менен Косово президенттинин жыйындагы сөздөрүнө караганда, тараптардын туруму келишкис бойдон калууда.
Бүгүн 21-декабрдан тартып Европада ички чек аралар жоюлду. Башкача айтканда, Шенген аймагы дагы тогуз өлкөгө кеңейди. Жыйырма төрт өлкөнү камтыган бир визалуу система Европада жашаган же ага каттаган кыргызстандыктар үчүн пайдалуу экени талашсыз. Бирок көңүл буруучу айрым жагдайлар да жок эмес.
Кыргызстан жакындан бери кызматташтыгын чыңдай баштаган Түштүк Кореяда бүгүн президенттик шайлоо өттү. Баштапкы маалыматтарга караганда, шайлоодо мурдагы ири ишкер, Hyundai компаниясынын мурдагы жетекчилеринин бири, Сеул шаарынын мурдагы мэри Ли Мён Бак жеңишке жетишти.
Дүйнөнүн христиан жамааты, Батыш өлкөлөрүнүн калкы бул күндөрү Рождествону же Иса пайгамбардын туулган күнүн белгилөөгө даярданууда. Жаңы жылды утурлай болуучу бул майрамдын да борбордук символу – балаты. Бирок эски совет өлкөлөрүнүн бири Молдовада дал ушул майрамдык балаты качан жасалгалаш керектигине байланыштуу талаш чыкты. Байкоочулар бул талаштын саясий жүйөөсү бар экенин айтышууда.
16-декабрдагы мөөнөтсүз парламенттик шайлоого ар кандай себептерден улам Европа өлкөлөрүндө жашап, иштеп жаткан кыргызстандыктардын баары болбосо да, бир бөлүгү катыша алышты.
Дүйнөнүн ири өлкөлөрүнүн Борбордук банктары азыр глобалдык мүнөзгө ээ болуп бара жаткан кредиттик кризиске каршы биргелешип чара көрүүнү макулдашты. Башкача айтканда, борбордук банктар коммерциялык банктарга алар өз кардарларын тейлөөнү үзгүлтүккө учуртпашы үчүн миллиарддаган доллар насыя берүүгө даяр болуп жатышат. Адистер муну дүйнөлүк банктар ортосунда буга чейин орун албаган макулдашуу катары баалашууда, бирок биргелешкен план иштеп кетер-кетпеси азырынча белгисиз.
12- декабрда Улуттар уюму Түркмөнстанды нейтралдуу өлкө катары тааныганына он эки жыл толууда. Бул датаны утурлай Ашхабадда Улуттар уюмунун алдын алма дипломатия борбору ачылды.
Дагы жүктөңүз