"Азаттыктын" Прагадагы кеңсесинин кызматкери, журналист, саясат жана экономика тармактары боюнча адис. Кыргыз улуттук университетинин журналистика факультетин аяктаган.
Кошмо Штаттардын чалгын кызматынын Ирандын өзөктүк программасы тууралуу жаңы отчетуна карата эл аралык коомчулук өз мамилесин билдирүүдө. Маселен, БУУнун Коопсуздук кеңешинин туруктуу беш мүчөсүнүн экөөсү-Орусия менен Кытай жаңы отчет жагдайды өзгөрттү жана мындан ары Иран менен иш кылууда ал эске алынышы керек деп эсептейт. Ал эми Батыш өлкөлөрү жаңы отчеттун твянактарына карабай, Иранга кысым көргөзүүнү улантуу керек деген көз карашта.
Ооганстан буга чейин жасалган аракеттер ийгилик менен аякташы үчүн аскер күчтөрү менен жарандык уюмдардын жакшыраак кызматташтыгына, арбыныраак сандагы аскерлерге жана эл аралык коомчулуктун көбүрөөк жардамына муктаж. Бул тууралуу ар кыл багыттагы эксперттердин өткөн аптада Лондондо болгон конференциясында айтылды.
Орусиядагы азыркы парламенттик шайлоо президент Владимир Путиндин тигил же бул жол менен бийликте калуусун камсыздоонун алгачкы кадамы катары каралууда. Учурдагы чоң суроо: эми мындан кийин эмне болушу мүмкүн? Кремлдин аракеттерине байкоо салгандар өлкө совет доорундагыдай бир партиянын башкаруусуна бара жатканын баса белгилешүүдө.
Орусияда ушул жекшембиде өтүүчү парламенттик шайлоого ЕККУнун байкоочулары катышпайт. Москва мындай чечим Кошмо Штаттардын кийлигишүүсү менен кабыл алынганын айтып чыккан эле. Мамлекеттик департамент жогорудагыдай ырастоону төгүндөгөн. ЕККУнун Орусияга байкоочуларды жөнөтпөө чечимине АКШ аралашкан жок деп эсептерин "Азаттык жана Эркин Европа" радиосуна берген интервьюсунда Хельсинки комиссиясынын төрагасы, конгрессмен Алси Гастингс да билдирди.
Испаниянын борбору Мадридде бейшембиде ЕККУнун министрлер кеңешинин эки күндүк жыйыны башталды. Анын күн тартибинде АКШ менен Орусия ортосунда талашка түшкөн бир нече маселе бар. Кошмо Штаттардын өкүлү Орусиянын бул жыйынга берген сунуштарын сынга алды. АКШнын пикиринде, берилген сунуштар ЕККУнун шайлоого байкоо жүргүзүү түйүнүн алсыратууга багытталган.
Испания борбору Мадридде 29-ноябрда Европадагы коопсуздук жана кызматташтык уюмунун министрлер кеңешинин жыйыны башталат. Уюмга кирген өлкөлөр арасындагы терең ажырым соңку жылдары тараптардын чечүүчү маселелер боюнча мунасага келүүсүн кыйындатып келген эле. Испанияда эки күнгө созулуучу жыйынды баяндамачылар ЕККУ үчүн маанилүү сынак катары баалашууда. Ал эми Казакстандын 2009-жылы уюмга төрагалык кылуу мүдөөсү бул жыйында орундалбай тургандай.
Пакистанда өлкө президенти Первез Мушараф армиянын башкы командачылык кызматынан чегинди. Муну менен анын аскерий башкаруусунун сегиз жылдык доору аяктады. Эртең Мушараф Пакистандын бейаскерий президенти катары ант берери күтүлүүдө. Бул окуянын өлкөдөгү саясий кризиске жана Ооганстан менен чектеш аймактарда талибанчыл согушкерлерге каршы күрөшкө кандай таасири болушу мүмкүн.
Британия шаршемби, 28-ноябрда өзбекстандык саясий активисттердин бирин мекенине депортациялашы мүмкүн. Буга байланыштуу укук коргоочулар тынчыздануу билдиришүүдө. Ириде алар мекенине кайтарылуучу активист кыйноого алынарына, анын өмүрүнө коркунуч бар экенине кооптонушууда.
Орусияда ушул жекшемби күнү парламенттик шайлоо өтөт. Ал эми өлкөнүн Федерация кеңеши кечээги отурумунда президенттик шайлоону келерки жылдын 2-мартына белгиледи. Бул аралыкта президент Владимир Путин 29-ноябрь күнү элге телекайрылуу менен чыгат деген маалыматтар тарады. Күтүлүп жаткан кайрылуу, кабарларга караганда, Путиндин президенттигинин кийинки, үчүнчү мөөнөтүнүн башын ачышы мүмкүн.
Орусиянын Федералдык коопсуздук кызматынын (ФСБ) мурдагы офицери, соңку жылдары Кремлдин сынчысына айланган Александр Литвиненко радиоактивдүү полоний -210 затына ууланып, Лондондо каза тапканына өткөн аптада бир жыл толду. Британ башкалаасында маркумду эскерүүгө арналган жыйында анын туугандары менен достору бул өлүмдүн артында орус өкмөтү турарын кайрадан кайталашты. Ал эми маркумдун үй-бүлөсүнүн атынан Орусияга каршы доо арыз Адам укуктары боюнча европалык сотко жолдонгону белгилүү болду.
Кошмо штаттардын президенти Жорж Буш эл аралык өнөктөштөрүнүн дагы бирин жоготту. Австралияда ушул ишемби күнү өткөн парламенттик шайлоодо азыркы премьер- министр Жон Ховарддын партиясы жеңилип калды. Шайлоодо утуп алган Лейбористтик партиянын лидери Кевин Радд өлкө саясатына олуттуу жана Вашингтон үчүн сезилерлик өзгөрүүлөрдү алып келери күтүлүүдө.
Грузияда келерки жылдын 5-январында мөөнөтсүз президенттик шайлоо болот. Азыркы президент Михаил Саакашвили шайлоого катышуу үчүн жакынкы күндөрү, мыйзамга ылайык, кызматынан чегинери күтүлүүдө. Саакашвили 2003-жылы роза ыңкылабынын натыйжасында бийликке келгенден бери Кошмо Штаттардын азыркы администрациясы ага бекем колдоо көргөзүп келүүдө. Жакында өлкөдө бир нече күнгө өзгөчө абал киргизилгенде Вашингтон аны демократиялык институттарды калыбына келтирүүгө чакырды, бирок сынга албады. Бул көрүнүш АКШ – Грузия алакалары эмнеге негизделгендиги боюнча талкууларды жаратпай койгон жок.
Өзбекстан пахта экспорту жагынан дүйнөдө экинчи орунда турат. Европалык өндүрштөгү кийим –кечектин ар бир төртүнчүсүндө өзбек пахтасынын үлүшү бар. Бирок өлкөдөгү ак алтын түшүмүнүн жарымы балдардын эрксиз эмгегинин натыйжасы деп эсептеген укук коргоочу активисттер эл аралык коомчулукту өзбек пахтасын бойкоттого чакырууда. Алардын ырастоосунда, балдар эмгеги азыр пахта башкаруучу элитаны гана пайдага туйтунтуп жатат.
Ирандын өзөктүк программасына байланышкан эл аралык талаш татаалдашып бара жаткандай. Бир жагынан кризисти чечүүнүн жолдору боюнча жаңы идеялар карала баштагандай. Ошол эле учурда Иран БУУнун Коопсуздук кеңешинин талаптарын аткарбаганы үчүн ага каршы катаал санкция киргизүүнү жактагандар үчүн тоскоолдуктар чыгууда.
Түркмөн президенти Гурбангулу Бердымухаммедов жакындагы жыйында өкмөттүн кыска мезгил аралыгында көңүл буруусун талап кылган тармактарды атады. Ал артыкчылык берген маселелер мурдагы президенттикинен кескин айрымаланганы менен берилген убадалар кандай аткарыларын, өлкөгө кандай өзгөрүү алып келиши мүмкүн экендигин алдыдагы убакыт көргөзмөкчү.
Азербайджан башкалаасы Бакуда түрк тилдүү өлкөлөрдүн курултайы башталды. Жыйын дүйшөмбү күнгө чейин созулат. Отуздай өлкөдөн 500дөн ашуун делегат чакырылган курултай быйыл биринчи ирээт Түркиядан тышкары жакта өтүүдө. Жыйында, маалыматтарга караганда, түрк тилдүү өлкөлөр менен жамааттардын экономика, маданий чөйрөдөгү кызматташтыгына кошумча Тоолуу-Карабах чатагы, Түндүк Кипрдин маселеси, Ирак менен Ооганстандагы түрк жамааттарынын абалы тууралуу да сөз болот.
Ичкерия чечен республикасынын сүргүндөгү парламенти бул республиканын президенти жана чечен козголоңчуларынын жол башчысы Доку Умаров жакындагы билдирүүсү аркылуу өз ыйгарым укуктарынан чегинди деп тапты. Сүргүндөгү чечен парламентинин чечимине ылайык, Ичкерия чечен республикасынын президентинин жана өкмөт башчысынын бийлиги эми парламенттин кармагына өттү. Сүргүндөгү чечен лидерлери мындай кадамы менен мыйзамдуулукту сактоо аракетин көрүп жаткандай.
Грузияда өзгөчө абал сакталууда. Грузин бийликтеринин аяктаган аптада демонстранттарга каршы көргөн чаралары оппозицияга мамиле кылуунун жакшы, жаман жолдору боюнча талкууларга жем ташбай койгон жок. Тбилисинин борбордук аянтынын оппозиция жактоочуларынан көздөн жаш агызуучу газ, желим ок колдонуу менен тазалануусу дүйнө өлкөлөрүндө сын-пикирлерди жаратты. Бирок президент Михаил Саакашвилинин эрте шайлоо жарыялоо жөнүндөгү кийинки кадамы саясий кризисти көчөдө эмес, шайлоо бекеттеринде жөнгө салуучу кадам катары кубаттоого алынды.
Грузияда өзгөчө абал сакталууда. Президент Михаил Саакашвили эрте шайлоого макул болуу менен өзүнүн саясий оппоненттеринин талабын орундаткандай болду. Бирок, анын бул чечиминин алдындагы окуялар: оппозиция митингинин катышуучуларын полиция ур-токмоко алып, таратуусу, өзгөчө абалдан улам маалымат каражаттарынын ишине киргизилген чектөөлөр Грузиянын өнөгөсүн эски совет аймагынын башка лидерлери үлгү кылып албайбы деген тынчызданууларды жаратпай койгон жок.
Ооганстанда 2005-жылдан тарта жанкечтилердин чабуулдары күчөгөнү белгилүү. Бул үчүн эки коңшу: ооган жана пакистан бийликтери бири-экинчисин айыптап келе жатат. Ал эми Улуттар уюмунун Ооганстандагы мекемеси тарабынан жүргүзүлгөн иликтөө аталган эки өлкөдө тең расмий өкүлдөр менен катар карапайым калк да жанкечтиликти өздөрүнүн табиятына тиешелүү көйгөй катары эсептебесин көргөздү.
Дагы жүктөңүз