"Азаттыктын" Прагадагы кеңсесинин кызматкери, журналист, саясат жана экономика тармактары боюнча адис. Кыргыз улуттук университетинин журналистика факультетин аяктаган.
Ушул дем алыш күндөрү АКШ менен Германия ортосунда жогорку деңгээлдеги сүйлөшүүлөр өткөн жатат. АКШ президенти Жорж Буш менен немец канцлери Ангела Меркел Буштун Техастагы үйүндө кездешмекчи. Меркел АКШга 9-ноябрда жол тартууда. Жолугушууда башка маселелер менен катар Иран проблемасы да талкууланары күтүлүүдө. Бирок дал ушул маселе боюнча тараптардын мунаса табуусу кыйын болчудай.
Орусияда парламенттин төмөнкү палатасы - Мамлекеттик дума өлкөнүн Европадагы кадимки куралдар боюнча келишимге катышуусун токтотту. Тиешелүү мыйзам долбоору 7-ноябрда бир добуштан кабыл алынды. Эми документ парламенттин жогорку палатасы – Федерация кеңешинде жактырылышы керек. Ал эми Орусия президенти Владимир Путин өлкөнүн жогорудагы келишимге катышуусуна мораторий жарыялоону караган жардыгын быйыл июль айында эле чыгарган. Мамлекеттик дума болгону президенттин сунушун колдоп олтурат.
Америкалык доллардын еврго карата курсу шаршембиде дагы бир тарыхый чекке төмөндөдү. Адистер бул жолку төмөндөөнү кытай расмий өкүлдөрүнүн билдирүүсүнө байланыштырып жатышат. Алар өлкө өзүнүн чет элдик валюта резервин жалгыз эле долларга байлабай, диверсификациялаш керектигин каңкуулашкан эле.
Грузия башкалаасы Тбилисиде бүгүн полиция өлкө парламентинин имараты алдынан оппозиция акциясынын катышуучуларын күч менен таратты. Аларга каршы көздөн жаш агызуучу газ, суу бүркүгүчтөрдү колдонду. Нааразылык акциялары башталганына бүгүн алты күнгө аяк баскан эле.
Өзбекстанда азыркы президент Ислам Каримовдун талапкерлиги Либералдык – демократиялык партиянын атынан мамлекет башчылыгына көргөзүлүп, партиялык курултайда алтынчы ноябрь күнү бекитилди. Бирок, аталган саясий уюм өз чечимин укуктук жактан кандай негиздегени белгисиз. Жашы жетимишке таяп калган Ислам Каримовдун дагы бир мөөнөткө президент болуп калуусунун мыйзамдуулугу чоң күмөн саноолорду жаратууда.
Пакистанда өзгөчө абал сакталууда. Эл аралык коомчулук өлкө президенти, генерал Первез Мушарафты мындай кадамга барганы үчүн кескин сынга алды. Кошмо штаттар Пакистан президентин демократияга тезирээк кайтууга, шайлоону өз мөөнөтүндө өткөрүүгө чакырды.
Борбор Азия экономикалык кызматташуу программасына (СAREC) кирген сегиз өлкөнүн өткөн аптада Душанбеде болгон жыйынында аймактын транспорттук инфраструктурасын жакшыртуунун стратегиясы макулдашылды. Он жылга мерчемделген ал стратегияны ишке ашыруу үчүн азыркы эсептөөлөр боюнча 19 миллиард долларга жакын каражат талап кылынат. Стратегияга ылайык, жаңы курулуучу жана оңдолуучу алты транспорттук коридордун төртөөсү Кыргызстан аймагы аркылуу өтөт. Жыйынга Азия өнүгүү банкы демөөрчү болгон эле. Банктын Борбордук жана Батыш Азия боюнча регионалдык директору Роберт Си (Robert Siy) "Азаттык жана Эркин Европа" радиосуна долбоордун маани – маңызы тууралуу айтып берди.
АКШ долларынын бирдиктүү европалык валюта - еврого карата курсу дагы төмөндөп, туңгуч ирээт бир евро бир доллар кырк беш центке бааланды. Мунун алдында эле АКШнын Улуттук банкы турак жай базарындагы кризистен улам экономикага дем берүү максатында өз үстөк пайызынын өлчөмүн кыскарткан эле. Эксперттер америкалык валюта күчтөнөөрүнүн азырыча белгиси жок экенин айтышууда.
Орусиянын Тольятти шаарында автобуста бүгүн эртең менен болгон жарылуудан кеминде сегиз адам өлүп, дагы элүүгө жакыны жаракат алды. Маалыматтарга караганда, бул жардыруу террордук акт катары иликтенүүдө. Жергиликтүү ички иштер башкармалыгынын айтымында, жардырылган заттын күчү бир килограмм тротилге жакын болгон. Жардыруучу затты автобуска жүргүнчүлөрдүн бири алып кириши ыктымал.
Транс-атлантикалык алакалар азыр да кризисте. Бирок анын жүйөөсү фундаменталдык маселелер эмес, Ирак менен Ооганстанга карата мамиледеги айрымачылыктар. Чехия борбору – Прагадагы конференциянын катышуучулары мына ушундай тыянакка келишти. Жыйын Германиядагы Конрад Аденаур фонду, Америка борбору, Европалык саясат боюнча чех институту тарабынан уюштурулган эле.
Иракта америкалык аскерлер Кербала провинциясын көзөмөлдөөнү жергиликтүү коопсуздук күчтөрүнө келерки аптада, эң бери дегенде дүйшөмбү күнү өткөрүп берери күтүлүүдө. Бул аралыкта АКШнын бир катар ири шаарларында Ирактагы согушка каршы демонстациялар болду. Көчө жүрүштөрүнө миңдеген адамдар катышты.
Түркия жана Ирак эки өлкөнүн чек ара райондорунда аракеттенген күрд согушкерлерине каршы күрөшүү боюнча биргелешкен чараларды макулдаша алган жок. Анкара кечээги сүйлөшүүлөрдө Ирак тараптын сунуштарын четке какты. Ал эми Түркиянын аскерий жетекчилиги күрд согушкерлерине каршы Ирактын түндүгүндө жерден аскерий операция жүргүзүү боюнча кандайдыр бир чечим түрк өкмөт башчысы Режеп Тайып Эрдогандын АКШга белгиленген сапарына чейин кабыл алынбасын билдирүүдө. АКШ президенти менен түрк өкмөт башчысы Вашингтондо 5-ноябрда жолугат.
25-октябрь - Европада Жарандык Адилеттүүлүктүн күнү. Мындан беш жыл илгээри Европа кеңеши менен Еврокомиссия тарабынан бул датаны белгилөөнүн максаты адамдарга өз укуктарын коргоо жолдорун терең түшүнүүсүнө жардам берүү болгон. Андай жолдордун бири –Адам укуктары боюнча европалык сот. Соңку жылдары анын дарегине эски совет аймагынан түшкөн доо арыздардын саны өсүүдө.
Өткөн аптада дүйнөлүк базарда мунай баасы жаңы рекорддук чекти багындырып, бир баррели 90 долларга чыккан эле. Кайра ушул дүйшөмбү күнү Европаны биржаларында баа эки-үч долларга арзандады. Кыш жакындап келе жатканын жана башка бир катар факторлорду эске алганда баары бир мунай наркы көтөрүлө берет деген кооптонуулар жок эмес. Жагдайды "Азаттык жана Эркин Европа" радиосуна берген интервьюсунда Глоабалдык энергетикалык изилдөөлөр боюнча Лондондогу борбордун аналитиги Манучер Такин түшүндүрүп берди.
Казакстанда быйыл жыл башында жоголгон эки банкирдин биринин сөөгү табылган болушу мүмкүн. Бул тууралуу Алматы шаарынын ички иштер башкармалыгы билдирүүдө. Ал эми банкирлердин дайынсыз жоголгону үчүн айыпталгандардын башкысы - президент Нурсултан Назарбаевдин мурдагы күйөө баласы Рахат Алиев. Казак бийликтеринин аны Австриядан өткөрүп алуу аракети азырынча ишке аша элек.
Чет элдик мигранттар үчүн Европанын эң ыңгайлуу өлкөсү – Швеция. Бул тууралуу жыйынтыгы ушул аптада жарыяланган иликтөөдө айтылат. Иликтөө Евробиримдиктин колдоосу астында өткөрүлгөн.
Дүйнөлүк базарда мунай баасы кымбаттоодо. Эки күн мурда Нью-Йорктогу биржада кара майдын наркы соңку кездердеги дагы бир рекорддук чекти багындырып, бир баррели 88 долларга чаап барды. Адистер соңку кымбаттоонун бир себебин чайкоочулукка байланыштырышууда.
Жакында Вилньюс шаарында өткөн энергетикалык саммитте Польша, Украина, Литва, Грузия, Азербайджандын президенттери Украина аймагындагы Одесса - Броди мунай куурун узартууну караган макулдашууга кол коюшту. Европаны Орусияныкына атаандаш энергия булактары менен камсыздоого багытталган долбоордун наркы 700 миллион долларга бааланууда. Эми анын ишке ашуусу канчалык реалдуу?
21-октябрга белгиленген референдумга карата чет өлкөлөрдө жашаган кыргыз жарандары да добуш бере баштады. Кыргызстандын Австрия, Венгрия, Чехия, Словакия мамлекеттериндеги элчилиги референдумга мөөнөтүнөн мурда добуш берүүнү 14-октябрь, жекшемби күнү Чехия борбору – Прагада уюштурду.
Италиянын ЕNI компаниясы баштаган концорциум Казакстандагы Кашаган мунай кенин өздөштүрүү боюнча келишимин сактап калат. Муну ишара кылган билдирүүлөр Астанада ушул дүйшөмбү күнкү сүйлөшүүлөр учурунда жасалды. Астанда казак президенти Нурсултан Назарбаев менен Италиянын премьер- министри Романо Проди жолукту. Казак бийликтери соңку айларда ЕНИ компаниясы баштаган концорциумдун аракетин сынга алып, аны айыпка жыгышы мүмкүн экенин эскертип келишкен эле.
Дагы жүктөңүз