"Азаттыктын" Прагадагы кеңсесинин кызматкери, журналист, саясат жана экономика тармактары боюнча адис. Кыргыз улуттук университетинин журналистика факультетин аяктаган.
Швециянын борбору Стокгольмда бүгүн Нобель жумалыгы башталды. Башкача айтканда ушул апта ичи Нобель сыйлыгынын быйылкы лауреаттарынын ысымдары жарыяланат. Бүгүн медицина жаатындагы Нобель сыйлыгынын быйылкы жеңүүчүлөрү белгилүү болду. Алар: АКШнын эки, Британиянын бир окумуштуусу.
Түркмөн президенти Гурбангулы Бердымухаммедов ушул ишемби күнү АКШдагы алгачкы сапарын баштоодо. Ал Улуттар уюмунун Башкы ассамблеясына чакырылган жана ал жерде сөз сүйлөмөкчү. Түркмөн президенти ошондой эле америкалык ишкерлер жана Мамлекеттик катчы Кондолиза Райс менен жолугат.
Дүйнөдө азыр 7 миңдей тил бар. Бирок ушул кылымдын соңуна чейин алардын жарымы жок болуп кетиши мүмкүн. АКШда окумуштуулардын тобу жүргүзүп жаткан иликтөө мына ушундай жыйынтыкты көргөзүүдө. Иликтөөнүн айрым тыянактары ушул жакында жарыяланды. Алардын эсептөөсүнө караганда, азыр дүйнөдө ар бир эки аптада бирден тил унутулууда.
Америкалык жогорку даражалуу расмий өкүлдөр Британияны Иракта калган аскерлерин дароо алып кетпөөгө чакырды. Атап айтканда, мындай билдирүүнү Ирактагы америкалык аскерлердин командачысы, генерал Дэвид Петреус менен АКШнын Багдаддагы элчиси Раян Крокер жасашты. Алар эки күн мурда Лондондо, британ премьери Гордон Браун менен жолугушту.
18-сентябрда Орусия, АКШ, Азербайжандын аскерий эксперттеринин жолугушуусу өткөн жатат. Азербайджандагы сүйлөшүүлөрдө Габала радардык станциясын АКШнын пайдалануу мүмкүнчүлүгү талкууланат. Жолугушууну утурлай Орусия АКШдан ракетадан коргонуу системасынын жабдууларын Польша менен Чехияда жайгаштыруу планынан баш тартууну талап кыларын эскертти.
18 – сентябрь – минаны адамдарга каршы пайдаланууга тыюу салган эл аралык келишим – Оттава конвенциясы бекитилгенинин он жылдыгы. Ага азыркыга чейин 157 мамлекет, анын ичинде дүйнөнүн минадан эң көп жабыр тартып жаткан үч өлкөсүнүн бири -Ооганстан да кошулган. Өлкө аймагын минадан тазалоо боюнча узактан берки аракеттер кыйынчылыктар менен коштолууда.
Апта соңунда, атап айтканда ишемби күнү Вашингтондо Ирактан америкалык аскерлерди чыгарууну талап кылган демонстрация өттү. Анын 200дөй катышуучусу полиция тарабынан камакка алынган. Вашингтондо бул күнү Ирактагы согушту жактагандардын чакан тобу да чогулду. Президент Жорж Буш болсо апталык радиокайрылуусунда Ирактан аскерлерди дароо чыгаруу Кошмо Штаттардын улуттук коопсуздугуна коркунуч туудурарын кайрадан эскертти.
АКШда Мамлекеттик департамент дүйнөдөгү диний эркиндиктин абалы боюнча кезектеги жылдык отчетун жарыялады. Учурда согуш менен катар демократия орнотуу аракети жүрүп жаткан Ирак менен Ооганстанда, отчетто белгиленгендей, диний эркиндиктер жаатында проблемалар бар. Ошондой эле бул чөйрөдө мурда катуу камтамага салган айрым өлкөлөрдө анча-мынча жылыштар бар экени да айтылат. Мамлекеттик катчы Кондолиза Райс Вашингтондогу маалымат жыйында диний экиндиктер боюнча отчеттун ушул аптада жарыяланышын эки нерсеге: дүйнө мусулмандары ыйык Рамазан айын баштаганына, ал эми жөөт калкы өз салты боюнча жаңы жылды белгилеп жатканына байланыштырды.
Акыркы эки күндөн бери эл аралык базарда америкалык доллардын еврого карата курсу кайрадан рекорддук чекке төмөндөдү. Адистер доллардын бул жолку арзандоосун АКШ экономикасындагы жагдайга байланышкан кооптонуулардан көрүүдө.
Казакстанда апта башында өкмөт менен италиялык компания баштаган эл аралык концорциумдун ортосунда дүйнөдөгү эң ири мунай кендердин бири – Кашаганды өздөштүрүүнүн келечеги боюнча сүйлөшүүлөр өттү. Бирок азырынча натыйжа чыга элек.
Кытай тышкы сооданы өткөн айда экинчи ирээт рекорддук деңгээлдеги артыкчылык менен аяктады. Мындай шартта, адистердин көз карашында, Кытайга карата эл аралык кысым күчөөрү да шексиз. Андан биринчи кезекте ички базарын башкалар үчүн ачуу жана улуттук акчасынын курсун экономикадагы азыркы жагдайга ылайыктоо талап кылынууда. Экспорт менен катар Кытайда инфляцияда өсүп жатат.
Бельгия башкааласы Брюсселде шейшемби күнү "Европанын исламдашуусуна" каршы деп багытталган, чакан, бирок уруксат берилбеген демонстрация өттү. АКШда 2001-жылдын 11-сентябрындагы теракттардын алты жылдыгына тушташ уюштурулган бул демонстрацияга болгону 200дөй адам катышты. Анткен менен бул окуя Евробиримдиктеги сөз эркиндигинин чек арасы жөнүндөгү талкууларга жем таштагандай болду.
Кыргызстандагы диний кырдаал өткөн аптада өлкөнүн Коопсуздук кеңешинде талкууланса, коңшу Тажикстандын бийликтери жакында башкаала Душанбеде эле 300дөн ашуун мечитти жабышты. Мунун алдында эле өкмөт мектептерде кыздардын хижабчан же жүзүн жашырып жүрүүсүнө тыюу салып, имамдар үчүн милдетүү сынак киргизген эле. Тажик өкмөтүнүн мындай кадамдарын колдогондор да, сынга алгандар да бар.
Улуттар уюмунун Адам укуктары боюнча Жогорку комиссары Луис Арбур ирандык укук коргоочулардын тобу менен Тегеранда жолугушту. Бирок жыйынга аны менен кездешүүнү көздөгөндөрдүн баары эле катыша алган эмес. Бул аралыкта расмий Тегеран теги боюнча ирандык эки америкалыктын өлкөдөн кетүүсүнө уруксат берди.
Өзбекстан эгемендүүлүгүнүн кезектеги жылдыгын 1-сентябрда белгиледи. Өлкөнүн өзүндө да, тышта да көпчүлүк президент Ислам Каримов бул ирээт ушул жылдын күтүлүп жаткан башкы окуясы - президенттик шайлоо жөнүндө айтат деп күткөн эле. Бирок өз сөзүндө Ислам Каримов бул маселеге түздөн-түз кайрылбады, анткен менен президенттин айткандары ал Конституция тыюу салганына карабай, бийликтен кетпесин каңкуулоодо.
Испаниянын борбору Мадридде бул күндөрү дүйнөдө чөлгө айланган аймактардын аянты көбөйүшүн токтотуунун жолдорун талкуулаган эл аралык жыйын өтүүдө. Ага дүйнөнүн 200гө жакын өлкөсүнөн 2000дей делегат чогулду. Эки аптага созулуучу жыйын – айлана-чөйрөнү коргоо жаатындагы ушул айда өтүүчү маанилүү эл аралык кеңешмелердин бири.
Өткөн аптанын соңунда Өзбекстанда Самарканд шаарынын 2750 жылдык мааракеси белгиленди. Анткен менен майрамдык салтанаттар учурунда саясий маселе да көтөрүлүп, президент Ислам Каримовду бийликте калууга үндөгөн чакырыктар айтылды.
Казак президенти Нурсултан Назарбаевдин расмий сапар менен келерки айда Тажикстанга барары белгиленүүдө. Бул тууралуу өткөн аптада Астанада эки өлкөнүн өкмөттүк делегацияларынын сүйлөшүүлөөрү учурунда маалым болду. Маалыматтарга караганда, күтүлүп жаткан сүйлөшүүлөрдө негизги көңүл суу-энергетика маселелерине бурулат.
Вашингтондо АКШ жана Польша президенттеринин сүйлөшүүлөрү өттү. Жорж Буш менен Лех Качиньскийдин Ак үйдө кечээ болгон жолугушуусунда Ирактагы согуш, Кошмо Штаттардын ракетадан коргонуу боюнча системасынын жабдууларын Польша менен Чехияда орнотуу пландары талкууланды. Ал эми АКШнын мындай пландарына катуу каршылыгын билдирип келе жаткан Орусия Европадагы Кадимки куралдуу күчтөр боюнча келишимге катышуусун мындан үч күн мурда токтоткон эле.
Пакистандын түндүгүндө кырдаал чыңалган бойдон калууда. Аталган аймакта соңку эки күндөн берки кол салуулардан алтымыштан ашуун адам каза тапты. Алардын көбү аскер кызматчылары. Бул окуялар Пакистан армиясынын Исламабаддагы Кызыл мечитти ээлеп алган экстремисттерге каршы өткөн аптадагы аскерий операциясынын соңунан болуп олтурат. Исламчыл согушкерлер анда армиядан өч алынарын эскерткен эле.
Дагы жүктөңүз