Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
17-Сентябрь, 2025-жыл, шаршемби, Бишкек убактысы 16:21

ПАКИСТАНДЫН ТҮНДҮГҮНДӨ КООПТУУ АБАЛ ТҮЗҮЛДҮ


Пакистандын түндүгүндө кырдаал чыңалган бойдон калууда. Аталган аймакта соңку эки күндөн берки кол салуулардан алтымыштан ашуун адам каза тапты. Алардын көбү аскер кызматчылары. Бул окуялар Пакистан армиясынын Исламабаддагы Кызыл мечитти ээлеп алган экстремисттерге каршы өткөн аптадагы аскерий операциясынын соңунан болуп олтурат. Исламчыл согушкерлер анда армиядан өч алынарын эскерткен эле.

Өткөн аптада Исламабаддагы Кызыл мечитте сегиз күнгө созулган тирешүүдөн соң мерт болгондор өлкө башкалаасында шарияттын мыйзамы киргизилишин талап кылгандар эле. Кызыл мечитти ээлеп алгандардын жол башчысы Абдул Рашид Гази жана мечит алдындагы медресинин аны колдогон студенттери бийликтин багынып берүү жөнүндөгү талаптарына моюн сунбаган соң, армия күч колдонууга туура келди. Өз кезегинде мечит ичиндегилер да куралдуу каршылык көргөзүп, натыйжада расмий маалыматтар боюнча 80ден ашуун адам, анын ичинде мечитти ээлеп алгандардын жолбашчысы Абдул Рашид Гази жана өкмөттүк бир нече аскер каза тапкан эле.

Кызыл мечиттин ашынган исламчылар менен согушкерлерден күч менен тазалынышы Пакистан аймактарында миңдеген адамдардын нааразылыгын да жараткан. Ал эми "ал-Каиданын" экинчи адамы Аяман ал –Завахри Интернетте видеокайрылусун таратып, пакистандыктарды ыйык согушка көтөрүлүүгө үндөгөн. Пакистан президенти Первез Мушараф болсо өткөн аптада калкка жасаган кайрылуусунда өлкөдө террорчулуктун тамырын кыркууну убада кылган болчу:

- Мен ачык айткым келет, бул аракет менен эле Пакистан терроризм жана экстремизмден кутулган жок. Биз мунун түшүнүшүбүз керек. Бирок биздин чечим - терроризм менен экстремизмдин тамырынан Пакистандын ар бир аймагын арылтуу. Биз өлкөнүн булуң-бурчун бул балекеттен тазалайбыз деген чечимге келишимбиз керек. Кудай буюруса, биз мунун жасайбыз.

Кызыл мечиттеги аскерий операциядан соң Пакистан бийлиги кооптонгон аймак өлкөнүн Ооганстан менен чектеш түндүк-батышы эле. Бул жер ооган талибдерин колдогон исламчыл согушкерлер менен уруулар байырлаган аймак катары эсептелинет. Пакистан армиясынын өкүлү, генерал-майор Вахиид Аршиддин айтымында, аталган аймакта мурдатан турган 90 миң жоокерге дагы кошумча күчтөр жөнөтүлдү. Ал эми соңку күндөрү аскерий өкүлдөргө каршы жасалып жаткан чабуулдар армия Кызыл мечитте өткөргөн операцияга жооп болушу мүмкүн.

Маселен, кечээ Пакстандын Түндүк-Батыш провинциясында автоунаа айдаган эки жанкечтинин бир эле учурда аскерий кербенге жасаган чабуулунан жана жол четинде көмүлгөн бомбанын жарылуусунан 11 жоокер, үч жөн жай адам каза таап, дагы 40тай аскер жаракат алды.

Ушул эле күнү аталган провинциянын Дера Исмаил Хан деген шаарында полициянын кабыл алуу борборунда жанкечти өзүн жардырып, ал жерде полицияга кирүүнү каалган 26 жаш жигит каза тапты.

Мунун алдында Түндүк Вазирстан провинциясында ишемби күнү дагы бир жанкечти автоунаасы менен аскерлердин кербенин сүзүп, 24 аскердин өмүрү кыйылган эле. Бул аралыкта Түндүк Вазирстандын талибдерди колдогон согушкерлеринин кыймылы он ай мурда өкмөт менен жетишилген тынчтык келишиминен баш тартарын жарыялашты. Алар расмий Исламабадды келишимдин шарттарын бузуп, аймакта жайгаштырылган аскерлердин санын көбөйтүп жатканы үчүн айыптады.

Жергиликтүү журналист Шахиин Бонайри кечээ "Азаттык жана Эркин Европа" радиосунун ооган кызматына берген интервьюсунда аймактагы абалды төмөнкүчө мүнөздөдү:

-Биз бүгүн байкагандай, абал өтө чыңалган. Көп адамдар корконунан улам үйлөрүнөн чыкпай отурушат.

Айтор, Пакистандын түндүгүндөгү соңку окуялар бир катар байкоочулардын божомолдорунун тууралыгынан кабар бергенсийт. Алар Кызыл мечиттеги кризистен кийин бийлик менен исламчылардын тиреши курчуурун айтышкан эле.
  • 16x9 Image

    Улан Алымкул уулу Эшматов

    "Азаттыктын" Прагадагы кеңсесинин кызматкери, журналист, саясат жана экономика тармактары боюнча адис. Кыргыз улуттук университетинин журналистика факультетин аяктаган.

XS
SM
MD
LG