"Азаттыктын" Прагадагы кеңсесинин кызматкери, журналист, саясат жана экономика тармактары боюнча адис. Кыргыз улуттук университетинин журналистика факультетин аяктаган.
Азыркы дүйнөнүн жети керемети кайсылар? Бул тизмедеги орунду жеңип алган тарыхый эстеликтер Португалиянын борбору Лиссабондо ишемби күнкү салтанат учурунда жарыяланды. Анын алдында бүткүл дүйнө боюнча жүргөн добуш берүүгө, уюштуруучулардын ырастоосунда, 100 миллиондой адам катышты. Анткен менен бул иш чараны сынга алгандар да болду.
Палестинада Би-Би-Синин кабарчысы Алан Жонстон бошотулду. Ал туткунда дээрлик төрт айды өткөрдү. Алан Жонстон Газа секторунда туруктуу иштеген батыштык кабарчылардан жалгызы эле. Журналисттин кесиптештери, үй-бүлөсү анын туткундан аман-эсен чыккандыгы тууралуу кабарды кубаныч менен кабыл алышты.
Арменияда кечээ өлкө парламенти чет элдик радиостанциялардын ишин олуттуу чектеген мыйзамды кабыл алалбады. Ал мыйзам өзгөчө "Азаттык жана Эркин Европа" радиосунун ишин чектемек. АКШнын Мамлекеттик департаменти, ЕККУ уюму, адам укугун коргоочу топтор аталган мыйзамдын кабыл алынышына карата тынчыздануусун билдирген эле. Бирок, документ добуш берүүгө келгенде, депутаттар тобу парламент жыйынын бойкоттогондон улам кворум жоктугуна байланыштуу өтпөдү.
Ооганстанда Өзбекстан Ислам кыймылы менен байланышы бар жети адам кармалды. Бул тууралуу расмий өкүлдөр ушул дүйшөмбү күнү жарыялашты. Ушундай эле шек менен он адам өткөн айдын соңунда Тажикстанда да кармалган, дагы он төрт кишинин үстүнөн сот жүрүүдө. Бул аралыкта расмий өкүлдөр тарабынан Борбор Азияда террорчул жана экстремистчил топтордун коркунучу күчөгөндүгү боюнча эскертүүлөр айтылып жатат. Жагдай чын эле ушундайбы же кандайдыр бир деңгээлде апыртылып жатабы? Айрым эксперттер Өзбекстан Ислам кыймылы туудурган коркунуч жөнүндөгү соңку эскертүүлөрдү Шанхай Кызматташттык уюмунун алдыдагы саммитине байланыштырууда.
Мамлекеттик башкаруунун эффективдүүлүгү жана акылга сыярлык салык - бюджет саясаты эриш-аркак жүрсө тигил же бул өлкөдөгү экономикалык өсүштү тездетиши мүмкүн. Дүйнөлүк банктын жаңы докладында мына ушундай тыянак айтылган. Ал Бюджеттик саясат жана экономикалык өсүш "Чыгыш Европа менен Борбордук Азиянын сабактары" деп аталат.
Венесуэланын президенти Уго Чавес төрт күндүк иш сапары менен Орусияда жүрөт. Москвадагы бул жолку иш сапары учурунда да ал Орусиядан курал-жарак сатып алуу боюнча жаңы келишимдерге жетишүүнү көздөп жатышы мүмкүн.
Келерки 2008-жылдагы жайкы Олимпиада Кытайда өтөт. Эл аралык турмуштун бул эң маанилүү спортук иш чарасы жакындаган сайын Кытайдын дарегине анын тышкы саясатына байланыштуу да сын көз караштар айтылып жатат. Алардын бири – Кытайдын Судан өкмөтүнө көргөзгөн колдоосуна байланыштуу.
Евробиримдикке жаңы кошулган Болгария менен Румыния уюмдун аткаруучу органы- Еврокомиссиядан сын укту. Комиссия өз докладында аталган эки өлкө асыресе коррупцияга каршы күрөшүү жаатында ийгилик жарата албаганын белгилеп, мындай көрүнүш улана берсе санкцияга кабылышы мүмкүн экенин эскертти.
Иракта мурдагы президент Саддам Хуссеиндин режиминин өкүлдөрүнө карата кезектеги сот өкүмү чыгарылды. Ага ылайык Ирактын түндүгүндө, 1980-жылдардын соңунда миңдеген күрддөрдү кырууга тикелей катышы бардыгы үчүн айыпталган үч адам өлүм жазасына кесилди.
Жакында Газа тилкесине көзөмөлдү Палестин коопсуздук күчтөрүнөн Хамастын согушкерлеринин тартып алышында Иран чоң роль ойноду. Мындай билдирүүнү автономиянын чалгын кызматынын башчысы жасады. Ал эми Хамас өз тарабынан жакындагы кризисти Палестин президенти Махмуд Аббастын Фатх кыймылы чет элдик күчтөрдүн көрсөтмөсү менен уюштурганын белгилеп, сырткы күчтөр катары Израил менен Кошмо Штаттарды ишара кылды.
Дүйнөдө мунай кору канчага чейин жетиши мүмкүн? Бир эле учурда күйүүчү майга баа өсүп, ал эми мунай компаниялар чөлдүү аймактарда жаңы кендерди кызыгуу менен издеп жаткан шартта, бул суроо дүйнө боюнча көпчүлүктүн бүйүрүн кызыткан маселе бойдон калууда. Жакында дүйнөнүн мунай корунун өлчөмү боюнча жаңы отчет жарыяланды.
АКШ жана Израил палестин президенти Махмуд Аббаска жана анын жаңы өкмөтүнө колдоо билдиришти. Бул тууралуу кечээ Вашингтондо Кошмо Штаттардын президенти Жорж Буш менен Израилдин премьер- министри Эхуд Ольмерттин сүйлөшүүлөрү алдында айтылды. Эки лидер тең палестин мамлекетин куруу багытындагы ишти Махмуд Аббас менен жүргүзөөрүн ырасташты.
Европадагы кадимки куралдар жөнүндөгү келишим боюнча өткөрүлгөн чукул жыйын кандайдыр бир макулдашуусуз аяктады. Төрт күнгө созулган жыйын Орусиянын талабы менен өткөн аптада Венада болгон эле.
Кытай акчасы – юандын наркы боюнча Вашингтон менен Пекиндин ортосунда узактан бери талаш-тартыштар жүрүп, маселе ар кандай деңгээлдеги жыйындарда талкууланып келет. Жакында АКШнын Сенатына Кытай менен соодадагы эбейгесиз тартыштыкты кыскартууга багытталган мыйзам киргизилди. Кытай тарап буга байланыштуу жасаган билдирүүсүндө соода маселесин саясатташтыргандын ордуна, Кошмо Штаттар конкуренцияга туруштук берүү багытында көбүрөөк иш жүргүзүш керектигин белгиледи.
Иран эгер өзөктүк программасы боюнча сүйлөшүүлөргө кайтпаса, алдыдагы апталарда жаңы жана катаал санкцияларга кабылышы мүмкүн. Мындай эскертүүнү Кошмо Штаттар жасады. Вашингтон ага катар Иранды дүйнөнүн каржы систамасынан обочолонтуу багытында жүргүзүлүп жаткан иштердин айрым өңүттөрүн да ачыктады.
Кошмо Штаттардын Чехияда радарын жайгаштыруу планына байланыштуу бул жерде жергиликтүү референдумдар да өтүп жатат. Буга чейин мына ушундай референдумдар болгон 5 кыштактын жашоочуларынын 95 %ы америкалык радардын турушуна каршылыгын билдиршти. Анткен менен жергиликтүү референдумдардын жыйынтыгы мыйзамдык күчкө ээ эмес. Бул окуялар АКШ президентинин Чехияда 4-июнда башталып жаткан иш сапары алдында орун алууда.
Кошмо Штаттарда жакында өткөрүлгөн иликтөөлөрдүн бири бул өлкөгө иммигрант ирээтинде көчүп барган мусулмандар коомго жеңил эле жуурулушуп кетип жатканын көргөздү. Алардын көбү азыр АКШнын атуулдугун алышкан жана алууну көздөшөт. "Азаттык жана Эркин Европа" радиосунун кабарчысы Эндрю Талли мына ошол иликтөөнүн авторлорунун бири- Вашингтондогу Пью изилдөө борборунун өкүлү Льюис Лугого кайрылган.
Cоттордогу коррупция жазаланбоочулукка шыкак берип, укуктук эрежелерди бузууда. Мына ушундай тыянак дүйнө өлкөлөрүндөгү коррупцияга каршы иш жүргүзүп келе жаткан эл аралык уюм – Transparency International 24-майда жарыяланган жылдык докладда белгиленет. Быйылкы отчетте негизги көңүл сот системасындагы коррупцияны иликтөөгө бурулган. Аталган уюмдун айтымында, иликтөө мурдагы коммунисттик өлкөлөрдүн сот тармагындагы коррупция дүйнөнүн башка бөлүктөрүнө салыштырмалуу кыйла жогору экенин көргөздү.
Кошмо Штаттар Иран америкалык-ирандык окумуштуу аялга таккан айыптарды четке кагып, аларды болбогон кеп катары мүнөздөдү. Вашингтондогу Вудро Вильсон институтунун кызматкери Халех Эсфандиари ушул айдын башында Тегеранда камакка алынган эле. Ирандын бийликтери аны өкмөткө каршы аракеттерге катышы бар деп айыптоодо.
Казак президенти өлкө Конституциясына киргизилген өзгөртүүлөргө кол койду. Парламенттин кош палатасы өткөн жума күнү жактырган мыйзам 22-майда расмий басма сөздө жарыяланды. Конституцияга киргизилген соңку өзгөртүүлөргө ылайык Нурсултан Назарбаев эми президенттикке өмүр бою шайлана алат. Айрым байкоочулар бул көрүнүш Казакстандын эл аралык коомчулуктагы беделине таасири тийгизиши мүмкүн экенин, бирок мунайга жана башка табыгый байлыктарга байланышкан кызыкчылыктардын көлөкөсүндө каларын айтышууда.
Дагы жүктөңүз